2018-08-20 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
1999-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылдык аймагынын Каранай айылында жашаган аялдар дүрбөлөңгө түшкөн эле. Ар бир аял өз ишин бала багуу жана алардын коопсуздугун ойлоо менен айкалыштыруунун жолун издеп жатышты. Аялдар башка иштер менен алектенүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтпаганда да, үй тиричилигинен, ишинен да аларды болуп жатышты. 1-класстын окуучусу кабылган кырсык кооптонууга себеп болгон: айылдык мектептин аймагына өгүз
кирип барып, баланы жарадар кылган эле. Бул кырсыктын натыйжасында баланын оң колу, сол буту жабыркап, башына доо кеткен.
Бул окуядан кийин окуучулардын жана бала бакчадагы наристелердин энелери, мугалимдер, мектеп директору жана
бала бакчанын башчысы, элет тургундары мектептин тегерек-четин тосуп чыгууну чечишти. Бул үчүн ар кайсы жактарга, түрдүү инстанцияларга кайрылуулар жолдонду, ЖӨБ органдарына кайрылууга да аракет жасашты. ЖӨБО менен диалогду кантип туура түзүш керектигин билбесе да, алар өз күчүн жумшап, маселени чечүүгө аракет жасашты. Мисалы, мектепти 10 жана 20 жыл мурда бүтүргөндөр окуу жайдын аймагындагы 50 метр жерди тосмолоп беришти. Бирок толук коопсуздук үчүн бул жетишсиз эле. Мектеп директору Жумабаева Айсулуу жана бала бакчанын башчысы Абдисатар кызы Наргиза көзөмөлдү күчөтүп, балдарга мурдагыдан да катуу көз сала башташты. Ошол кырсыктан бери 20 жыл өтсө да, мектептин аймагын толугу менен тосмолоп чыгуу айылдын негизги көйгөйү бойдон калып келди.
“Биздин айылда 2 243 адам жашайт, алардын ичинен 1 122си аялдар (50%). 1991-жылы орто мектеп ачылган. Бул мектептин имараты алгач кыш мезгилинде чабандардын балдарын окутууга арналган эле. СССР кулагандан кийин элеттиктердин өтүнүчү менен имаратты айылдык орто мектепке өткөрүп беришкен. Кийинчерээк мектептин экинчи
корпусунда балдарды мектепке даярдоо үчүн бала бакча ачылган. Бул бакчага бүгүнкү күндө 60 бала барат жана 19 кызматкер иштейт. Мектептин аймагы тосмолонгон эмес, адамдар мектептин короосун кесип ары-бери өтүп турушат, бул болсо окуу процессине да тоскоол болууда. Адамдарды айтпай эле коелучу, атүгүл мал да мектептин короосуна кирип, тегерек четин булгап кетет, короодогу гүлдөргө, бакдарактарга зыян келтирет. Бирок эң маанилүү жана негизги көйгөй –балдардын коопсуздугу коркунучта турат. Бирок бул маселени ким чечип бере алаарын, кимдин компетенциясында болгонун билбейбиз. БИЗДИ тынчсыздандырган маселеге каражат бөлүп берүүнү бийликтен талап кыла алабызбы же жокпу – муну да билбейбиз”, - деп айтып берди бала бакчанын башчысы АБДИСАТАР кызы Наргиза.
2017-жылдын жазында Көк-Жар айылдык аймагынын ЖӨБ органдары швейцариялык долбоорду ишке ашырууга ка-тышуу үчүн конкурска өтүнмө жиберишти. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Көк-Жар муниципалитети Швейцария Өкмөтү Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ) 10
максаттуу муниципалитетинин бири болуп калды. Дээрлик ошол заматта бул аймакта жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо боюнча иш-чаралар башталды. Анын жүрүшүндө аялдар мектепте жана мектепке чейинки билим берүүгө шарт түзүү, таза сууга жеткиликтүүлүк, таштанды чыгаруу өңдүү социалдык маселелерди көтөрүп чыгышты. Дал ушундай жол менен балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча көйгөйлөр аныкталып, көп өтпөй аймактын Биргелешкен аракеттер планында артыкчылыктуу катары көрсөтүлдү. Бул маселени чечүү үчүн айылдын лидерлеринен жана активисттеринен турган 15 адам (7 аял жана 4 эркек), ошондой эле АӨ кызматкерлери Демилгелүү топко бирикти (анын ичинде 5 аял). Демилгелүү топ “Балдардын коопсуздугу - өз колубузда” деп аталган долбоорду иштеп чыгышты. Долбоордун жетекчиси болуп АӨ кызматкери МАМАТОВА Гүлчынар дайындалды.
2018-жылдын 23-январында Көк-Жар айылдык аймагынын ЖӨБ органдары ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар
программасынын конкурсуна жиберүү үчүн артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча чогулуш өткөрүштү. Чогулуштун катышуучуларынын жарымынан көбүн аялдар түздү. Бул чогулушта эл сынына коюлган беш долбоордун ичинен “Балдардын коопсуздугу - өз колубузда” долбоору эң көп добуш алды. Балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча долбоор Чакан гранттар программасынын Конкурстук комиссиясынын мүчөлөрүнүн да колдоосуна ээ болду. Ко-
миссиянын чечими боюнча муниципалитетке Швейцария өкмөтүнүн атынан атайын аземде 1 миллион сомдук сер-
тификат тапшырылды. “Конкурста утуп алган долбоордун жалпы баасы 1 110 000 сомду түздү. Анын 110 000 сому жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. 303 айыл тургуну, анын ичинде 160 аял – бакчага барган балдардын энелери долбоордун пайдасын көрүшөт. Айыл өкмөтүнүн профилдик адиси ЭҮЖӨБОЖ Долбоору уюштурган мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча тренингден өтүп, сертификатка ээ болду. Бул адис мектептин тегерек-четине тосмо
орнотуу боюнча жумуштарды мамлекеттик сатып алууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы талаптарга ылайык өткөрө алды. Көк-Жар айыл өкмөтү өткөргөн бир катар конкурстардын жыйынтыгы боюнча “Олимп Групп” компаниясы жеңүүчү деп табылды”, - деп айтты долбоордун жетекчиси МАМАТОВА Гүлчынар.
Бирок подрядчыны конкурстун негизинде тандап алуу дайыма эле сапатты кошо кепилдей бербейт экен. Сапатты алуу үчүн подрядчынын ишине көз салып туруу өтө маанилүү. Муну дайыма аялдар жасай алчу, бирок буга чейин аялдар сын айтууга батынбай келишкен. Аялдар ким менен, кантип келишим түзүлгөнүнөн, жумуштар кантип жүрүп жатканынан, дегеле көзөмөл жасалып-жасалбаганынан кабарсыз болушчу. Ал эми бул келишимдер салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланып жатпайбы. Келишимдик мамилелер, ремонт жана курулуш маселелери салттуу түрдө “эркектин иши” катары бааланып келчү. Бирок Көк-Жарда Долбоор менен кызматташтыктын алкагында жана көпчүлүк маселелерге карата жаңыча мамиле жасоо менен, аялдарга билим гана эмес, ошону менен бирге көзөмөлдү уюштуруу боюнча маселелерди чечүүгө ж.б. ыйгарым укуктар берилди. Аялдардын кадыресе иши – балдарга байланышкан объекттерге дыкат көз салуу – эми өтө зарыл ишке айланды. Аялдарда кырдаалга, начар ишке, жамааттагы чечилбей келаткан көйгөйлөргө таасир этүү механизми пайда болду. Эми муну биргелешкен мониторинг жана баалоо топторуна катышуу менен жасай алышат. Айталы, БМжБ тобунун мүчөсү жана мектеп директору ЖУМАБАЕВА Айсулуу күн сайын курулуш иштеринин жүрүшүнө дыкат көз салып турду. Жумуштар ойдогудай жасалбаганын байкап, тагыраак айтканда чуңкур казылбаганын, пайдубалда чоң жарака пайда болгонун көрөөр замат директор БМжБТ лидери Т.ПИРМАТОВГО кабар берди. Топ мүчөлөрү чогулуп, расмий текшерүү жүргүзүлүп, коюлган тапшырма тийиштүү сапатта аткарылбагындыгы
аныкталды. Ошондон кийин БМжБ тобу Дефекттик акт түздү. Металл тосмонун бетондон тургузулган пайдубалынын түзүлүшүн текшере келгенде долбоордо көрсөтүлгөн планга шайкеш келбегени, курулуш ченемдери бузулганы, тагыраак айтканда, бетон эритмеси траншеяны казбастан куюлуп жатканы Актта көрсөтүлдү. Бетон эритмеси гравийден
даярдалып, ага ылай жана топурак кошкондуктан, пайдубалда жарака пайда болгон.
Чукул арада комиссия түзүлүп, анын курамына төм. кирди: ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун техникалык эксперти КАМИЛОВ А., АК депутаты, мектеп директору жана бала бакча башчысы, АӨ башчысы жана БМжБ тобунун мүчөлөрү. Комиссия под-
рядчыны сапатсыз пайдубалды үч күндүн ичинде бузууга милдеттендирди. Бардык аныкталган кемчиликтер четтетилген соң БМжБ тобунун мүчөлөрү Долбоордун техэксперти менен тыгыз кызматташтыкта подрядчы аткарган жумуштарды кабыл алышты. Учурда болсо гранттык долбоорду ишке ашыруу процессине мониторинг жүргүзүү иштерин улантышууда.
Көк-Жар аймагынын негизинен аялдардан турган БМжБ тобунун иши топтун мүчөлөрүнүн активдүүлүгүнүн жана долбоорду ишке ашыруу процессинин бардык катышуучуларынын кызматташтыгынын натыйжасында, талап кылынган сапатта аткарылбай жаткан иштер өз убагында аныкталып, белгиленип, андан соң подрядчы тарабынан бардык аныкталган кемчиликтер өз убагында жоюлду.
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ишинин алкагында БМжБТнын бардык мүчөлөрү окуудан өтүштү. Алардын айрымдары өз максаттарын жана милдеттерин көп жакшы түшүнбөсө да, ар бири потенциалды жогорулатуу боюнча тренингде алган билимин иш жүзүндө колдонууга умтулуп жатышты. БМжБТ мүчөлөрү өз билимин жеринде жасалган бир катар мониторингдер маалында, биргелешкен мониторинг жүргүзгөн учурда жана практикалык консультацияларда колдонушту. Ар бир мониторингден кийин БМжБТ мүчөлөрү маселенин өзөгүн түшүнүп, өзүнүн миссиясын баамдап, алдына коюлган милдеттерге жооптуу мамиле жасап жатышты. Белгилей кетели, БМжБ тобунда аялдарды ролуна жамаат өзгөчө баа берди.