Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү социалдык- экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу боюнча методикалык окуу китеби

2018-08-20 / Окуганга кызыктуу экен
Жергиликтүү социалдык- экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу боюнча методикалык окуу китеби

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы “2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы №194 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясы аймактарды өнүктүрүүнү башкарууда жаңы мамилени колдонуу зарылчылыгын аныктады.

Республикадагы айылдык аймактардын, шаарлардын жана райондордун социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын (СЭӨП) даярдоо жана ишке ашыруу аймактарды өнүктүрүүнүн регионалдык саясатынын негизги аспаптарынын бири болуп
эсептелинет. Заманбап шарттарда мындай программаларды даярдоо башкаруунун бардык субъекттеринин макулдашылган ишин камсыздаган документти түзүүгө багытталышы керек. Бул документ коомдук кызыкчылыктарды жана жергиликтүү
жамааттын муктаждыктарын канааттандырып, калктын турмуш сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө тийиш.
 
Бул жагынан алып караганда “Жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын даярдоо” аттуу методикалык окуу китеби өз убагында чыкты десек болот. Китеп буга чейин Кыргызстанда чыккан ушул өңдүү эмгектерден бир канча көрсөткүчтөр боюнча айырмаланат.
 
Биринчиден, китеп региондорду өнүктүрүү боюнча саясаттын жаңы документтеринде, СЭӨПны иштеп чыгууда коюлган төмөнкүдөй тапшырмаларга шайкеш келет:
 
  • аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн баалуулуктары, максаттары, ресурстары, милдеттери жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жергиликтүү жамаат үчүн так элести калыптандыруу;
  • аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн максаттарын жана милдеттерин мамлекеттин стратегиялык максаттарына жана милдеттерине шайкеш келтирүү;
  • аймактарды өнүктүрүүнүн потенциалын эффективдүү пайдалануу;
  • аймактагы экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу менен рыноктук механизмдерди оптималдуу түрдө айкалыштыруу;
  • мамлекеттик/тармактык программаларды, аймактарды өнүктүрүү программаларын жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди өнүктүрүү программаларын макулдашуу;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калктын, мамлекеттик бийлик органдары, жеке бизнес жана жарандык коом
    уюмдары ортосунда өнөктөш мамилелерди орнотуу.
Экинчиден, бул тапшырмаларды эсепке алуу менен, Методикалык окуу китеби жергиликтүү СЭӨПны даярдоону жаңы принципиалдуу жоболорго багыттайт:
 
Ал биринчи кезекте жергиликтүү бийлик органдарынын (мамрайадминистрациянын, аймактык мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын) социалдык жана экономикалык өнүгүүнүн жалпы көрсөткүчтөрүнө жетүү жаатындагы милдет-
терин жана жоопкерчилигин чагылдырышы керек. Аймактардын өнүгүүсүн пландоо долбоордук-максаттык мамилеге өтүшү керек. Бул болсо биринчи кезекте жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө “күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүгө” багытталган тапшырмалардан “өсүш түйүнүн” же “өнүгүү түйүнүн” түзүү милдеттерине өтүү дегенди билдирет
 
Жергиликтүү бийлик органдары СЭӨПны ишке ашырууда координатор жана дем берүүчү, ошондой эле аймактарды өнүктүрүүдө соңку жыйынтыктардын буйрутмачысы болушу керек. Алардын алдына коюлган тапшырмалардын бири – жергиликтүү өнүгүүгө чындап көмөктөшкөн өнүгүү субъекттеринин пайда болуусу үчүн шарттарды түзүү. Бул үчүн
алар жергиликтүү өнүгүүгө жана жарандардын турмуш шартын жакшыртууга өз ресурстарын салышы керек.
 
Колдо болгон табигый, чийки зат, адамдык жана башка факторлорду эсепке алуу менен, экономиканы өнүктүрүүдөгү келечеги кең багыттарды аныктоонун негизинде аймактын экономикасынын багытын түзүү зарыл. Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын даярдоодо аймактык пландоо усулун колдонуу зарыл. Мамлекеттик/тармактык программалардагы, регионалдык (облустук жана райондук) өнүгүү программаларындагы максаттуу индикаторлор менен ЖӨБ деңгээлиндеги өнүгүү программаларындагы көрсөткүчтөр ортосундагы тыгыз байланышты камсыз кылуу абзел.
 
Жергиликтүү деңгээлде пландоо системасы бюджеттик процесс, КР Бюджеттик кодексинин жоболору, бюджеттик процессти жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылар менен өз ара байланышта болушу керек. СЭӨП аны ишке ашыруунун финансылык моделин, б.а., СЭӨПнын ресурстук камсыздалгандыгы камтышы керек. Финансылык модель өнүгүү субъекттеринин каражаттарын мобилдештирүү, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, чыгашаларды
кыскартуу, ошондой эле инвестициялык саясатты иштеп чыгуу боюнча чараларды камтышы керек. Ошондуктан СЭӨП өзүнө конкреттүү бизнес долбоорлордун тизмегин камтууга тийиш. Бул бизнес долбоорлорун каржылоо үчүн потенциалдуу инвесторлорго, анын ичинде мамлекеттик/муниципалдык – жеке өнөктөштүк принциптердин негизинде
каржылоону сунуштаса болот. СЭӨП өнүгүү боюнча өнөктөштөр жана субъекттер өз ресурстарын СЭӨПны ишке ашырууга багыттай ала турган шарттарды, стимулдарды түзүү боюнча чараларды камтууга тийиш.
 
Аймактын деңгээлинде СЭӨПнын жыйынтыктарына мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы түзүлүшү керек. Анын жыйынтыктары боюнча жыл сайын СЭӨПга өзгөртүүлөр киргизилип турмакчы. Бул окуу китеби райондун Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын даярдоо боюнча Методиканын жана Шаардын/айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча методикалык колдонмонун жоболорун эсепке алуу менен даярдалды. Аталган Колдонмо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы №63-А
жана ЖӨБЭММАнын 2018-жылдын 16-майындагы № 01-18/56 биргелешкен Буйругу менен бекитилген. Бул документтерде СЭӨПны иштеп чыгуунун бирдиктүү тартиптери көрсөтүлгөн.
 
Методикалык окуу китеби жогоруда аталган документтердин өзөктүк жоболорунун мазмунун ачып берет, райондун жана шаардын/айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын өзгөчөлүктөрүн жана айырмачылыктарын сүрөттөйт, айрым негизги түшүнүктөрдүн аныктамасын, мисалдарды, сунуштамаларды жана башка
көмөкчү материалдарды камтыйт. Окуу китеби жергиликтүү өнүгүүнү пландоо менен алектенгендерге, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын даярдоого жана ишке ашыруу процессин башкарууга түздөн түз тартылган адамдарга – райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлерине, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнө, шаардык/айылдык аймактардын ЖӨБ органдарына даректелет.
 
Окуу китеби Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин буйрутмасы менен, “SBDC Consult” коомдук бирикме-
синин эксперттери тарабынан даярдалды. Китеп “Жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнүн негизинде айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү” долбоорун (2-фаза) ишке ашыруунун алкагында даярдалды. Аталган долбоорду Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коому (GIZ) каржылайт.
 
Китептин авторлору: Б.К. Дыйканов, С.К. Мурзаев, З.Б. Сыдыкова, А.В. Третьяков, А.А., Чекиров, Ч.С. Биялиева, К.К. Сыдыкова. Методикалык окуу китеби 1000 нуска менен кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыкты. Китептин электрондук вариантын ЖӨБЭММАнын сайтынан таба аласыз. Дареги: www.gamsumo.gov.kg.