2018-08-20 / Окуганга кызыктуу экен
ОКУУ ҮЧҮН ЖЫЙНАК: www.gsdrc.org
Окуу үчүн жыйнактар Улуу Британия Өкмөтүнүн Эл аралык өнүктүрүү боюнча департаментинин (DFID) буйрутмасы менен чыкты. Жыйнак өз алдынча окуп, кесипкөй колдонуу үчүн багытталган. Жыйнак тематикалык тармактардын алкагында пайда болгон суроолор жана талкуулар тууралуу ой жүгүртүүгө түртөт. Айтылган пикирлер авторго тиешелүү жана сөзсүз эле GSDRC, өнөктөш мекемелердин же DFID’дин пикирин чагылдырбайт.
© DFID Crown Copyright 2015.Лицензия Ачык өкмоттүн лицензия алдында катталган: www.nationalarchives.gov.uk/doc/open-government-licence
Цитатанын сунушталган формасы: Smoke, P. (2015) Public Financial Management in Decentralised and Decentralising Environments. GSDRC Professional Development Reading Pack no. 20. Birmingham, UK: University of Birmingham.
Мамлекеттик финансыны башкаруу деген эмне жана ал децентралдаштырылган системада, децентралдаштырууга өтүү
шарттарында кантип колдонулат?
Мамлекеттик финансыны башкаруу (МФБ) – бул бюджетти, чыгашаларды түзүү жана мамлекеттик каражаттарды эсепке алуу тууралуу илим жана искусствосу. Бул болсо мамлекеттик секторду реформалоонун эң негизги элементтеринин бири
болуп эсептелинет1. МФБ мамлекеттик ресурстарды башкаруу эрежелерин жана процесстерин так аныктоону жана туура колдонууну камсыздоого, коррупция үчүн жылчыктарды бүтөөгө гана жардам бербестен, ошону менен бирге жарандарга кирешелерди баалоо үчүн колдоно ала турган маалыматты да берет. Мындан тышкары мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн натыйжалуулугун баалоого да жардам берет.
Узак убакыт бою МФБ техникалык тармак катары эсептелинип келген. Бирок саясий жана институционалдык шарттар жер-жерлерде МФБнын динамикалуу реформаларынын мүмкүнчүлүктөрүнө (ыргагы жана ырааттуулугу кандай болгонуна)
күчтүү таасир тийгизе алат деген түшүнүк тамыржая баштады. Практикада туш болгон көйгөйлөр ой жүгүртүүдөгү эволюцияга да алып келди: МФБ тармагындагы реформаларды даярдоого жана ишке ашырууга мурдагыдан дагы дисциплиналар аралык жана прагматикалык мамилени калыптандыра баштады. Cangiano, Curristine жана Lazare (2013)
мамлекеттик финансыны башкаруу системасында соңку өзгөрүүлөрдү (өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн спецификалуу болбогон) байкап, келечектеги ыктымал мамилелерди белгилешет.
Децентралдаштыруунун айрым формалары өнүгүп келаткан өлкөлөрдө мамлекеттик секторду реформалоо жаатындагы универсалдуу практикага айланды. Децентралдаштыруу дегенде адатта структуралар, системалар жана ресурстар менен
коштолгон мамлекеттик функцияларды башкаруунун субулуттук органдарына өткөрүп берүүнү түшүнүшөт2. Бийликтин субулуттук органдары борбордук өкмөт сыяктуу эле мамлекеттик финансыны башкаруунун жакшы структурага салынган системасын талап кылат. Бул болсо өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүүдө мамлекеттик ресурстарды талаптагыдай жана жоопкерчиликтүү колдонууну камсыз кылуу үчүн керек. Shah (2007) мамлекеттик финансыны башкаруунун субулуттук системасынын элементтерин деталдуу карап чыгууну сунуштайт. Бул болсо өзүнө базалык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту, акча каражаттарын башкарууну, сатып алууларды, карызды башкарууну, ички контролду жана аудитти, ошондой эле тышкы аудитти жана эффективдүүлүктү баалоону камтыйт.
-
1-окуу: Cangiano, M., Curristine, T., and Lazare, M. eds. (2013). Мамлекеттик финансыны башкаруу жана пайда болуучу архитектура. Вашингтон, Колумбия округу: Эл аралык Валюта фонду, 1-17-беттер. http://www.imf.org/external/np/exr/bforums/2013/pfm/pdf/excerpt.pdf (кириш сөздү жогорудагы шилтеме боюнча жүктөп алууга болот)
-
2-окуу: Shah, A. ed. (2007). Мамлекеттик финансыны жергиликтүү башкаруу. Вашингтон, Колумбия округу: Дүйнөлүк банк, 1-5-беттер. http://www- wds.worldbank.org/external/default/WDSContentServer/WDSP/IB/2007/06/15/000020439_200706 15110511/ Rendered/PDF/399950PAPER0Lo100821369 37701PUBLIC1.pdf (кириш сөз жана башка бөлүмдөр менен таанышуу үчүн жогору-
дагы шилтеме боюнча толук текстти жүктөп алса болот).
МФБ менен децентралдаштыруу реформалары ортосунда кандай өз ара байланыш бар?
МФБ реформалары децентралдаштыруунун күтүлгөн пайдасынан улам зарыл деп эсептелинет. Буга себеп – мамлекеттик башкаруунун субулуттук органдарын башкарууда эффективдүүлүктү, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатууда мамлекеттик башкаруунун жогорку деңгээлдеринин жана жергиликтүү бийлик органдарынын борбордук ролу. МФБ реформалары стандартка салынган эрежелерди жана борбордук контролду талап кылганы менен, эффективдүү децентралдаштырууда кандайдыр бир деңгээлде субулуттук автономия да чоң мааниге ээ. Субулуттук өкмөттөр децентралдашкан же децентралдашууга өтүү шарттарында турган өлкөлөрдө мамлекеттик финансыны башкарууда улуттук реформаларды ийгиликтүү ашырууда негизги катышуучулар боло алышат. МФБ реформасынын айрым олуттуу эмес тобокелдиктери бар. Мисалы, мамлекеттик финансыны жергиликтүү деңгээлде башкарууда жоопкерчиликсиз мамиле пайда болушу ыктымал. Бирок өтө эле чектөөчү контексттен алганда ал децентралдаштырууга зыянын тийгизип, жергиликтүү бийлик органдарынын эркиндигин чектеп коюшу да ыктымал
Субулуттук МФБда өзгөчө маанилүү маселелердин бири – борбордук көзөмөл менен жергиликтүү автономия ортосунда талаптагыдай баланс табуу. Муну Ter-Minassian (2012) баяндап берген.
-
3-окуу: Ter-Minassian, T. (2012). Эффективдүү жана макроэкономикалык фискалдык децентралдаштырууну жайылтуу: борбордук финансылык мекемелердин ролу. В: Децентралдаштыруу жана борбордук финансылык мекемелердин улам өзгөрүп турган ролу. Манила: Азия жана Тынч Океан регионунда өнүгүү жыйынтыктарына жетүү максатында практикалоочу жамаат, Азия өнүктүрүү банкы, 25-36-беттер. https://wpqr4.adb.org/LotusQuickr/copmfdr/PageLibrary482571AE005630C2.nsf/$defaultview/8BF45408225FA55048257B6
B0013CA29/$Fi le/Decentralization and the Changing Role of Central Finance Agencies. pdf?OpenElement
-
4-окуу: Fedelino, A. and Smoke, P. (2013) Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө мамлекеттик финансыны башкаруу менен фискалдык де-централдаштыруу реформалары ортосундагы ажырымды жоюу. In M. Cangiano et al. (eds.) http://www.elibrary.imf.org/page/226
-
5-окуу: Klingebiel, S. and Mahn, T. (2013). Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отчеттуулугун күчөтүү: децентралдаштыруу менен мамлекеттик финансыны башкаруу ортосундагы ажырымды кантип жок кылса болот. Немис Өнүктүрүү Институту аткарган ишке кыскача сереп, Басылма:The Broker Online. http://thebrokeronline.eu/Articles/Strenghtening-the-accountability-oflocal-governance
МФБ менен децентралдаштыруу жаатындагы реформалардын кесилишинде кандай жаңы тенденциялар бар?
1. Жергиликтүү мамлекеттик сектордун чыгашалары жана кирешелери кантип өлчөнөт жана алар канчалык деңгээлде отчеттуу?
Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө фискалдык децентралдаштыруу маселелери боюнча саясаттын жана изилдөөлөрдүн басымдуу бөлүгү децентралдаштыруунун формасы болгон ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү эсептелинет. Буга олуттуу
автономиясы бар мамлекеттик башкаруунун тандалып алынган субулуттук органдарына ыйгарым укуктарды жана функцияларды өткөрүп берүү кирет. Бирок көпчүлүк өлкөлөрдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр децентралдаштыруунун башка формалары аркылуу жеткирилет. Мисалы, деконцентрация (жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруунун жогорку деңгээлдеги мекемелери жеткиргенде) жана делегация (жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү өкмөттүк же бейөкмөт уюмдар өкмөт менен түзүлгөн келишимге ылайык жеткиргенде).
Мындай ыкмалар бюджетти түзүүнү, ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүдөн айырмаланган каржылоо жана башкаруу механизмдерин караштырат. Мисалы, деконцентрацияланган чыгашалар эрежеге ылайык, жергиликтүү бюджеттерге
эмес, борбордук өкмөттүн бюджетине кошулат. Бул өтө маанилүү болушу ыктымал. Кызмат көрсөтүүлөрдү мындай жол менен каржылоонун жана жеткирүүнүн бул формалары МФБнын бекем системасын түзүүгө көмөктөшүшү ыктымал. Натыйжада конкреттүү жергиликтүү юрисдикциядагы өнүктүрүү жаатында жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн иштеп кетиши керек. Boex (2012) дагы да кеңири жергиликтүү сектордун мүнөзүнө жана маанисине, жергиликтүү мамлекеттик функцияларды аткаруу үчүн колдонулган механизмдерди айкалыштырууну туура эмес түшүнүп алуунун кесепеттерине көңүлдү бурат.
-
6-окуу: Boex, J. (2012). Жергиликтүү мамлекеттик секторду өлчөөнү жана эффективдүүлүгүн үйрөнүү: жергиликтүү мамлекеттик финансыны классификациялоо жана берилген-деконцентрацияланган финансыны салыштыруу. Вашингтон, Колумбия округу: Урбан Институту. http://www.urban.org/sites/default/files/alfresco/publication-pdfs/412474-Exploring-the-Measurement- and-Effectiveness-of-the-Local-Public-Sector.PDF
2. Жергиликтүү бийлик органдарынын финансылык жоопкерчилигине кантип көмөктөшсө болот?
МФБ системасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансысын башкарууда өтө чоң мааниге ээ. Бирок жоопкерчиликтин ишенимдүү фискалдык чектерин иштеп чыгуу зарыл экенин түшүнө башташты. Мындай чектердин ролу 1990-жылдары Латын Америкасындагы субулуттук карыз кризиси болгон мезгилде колдоого алынган. Көпчүлүк өнүгүп келаткан өлкөлөрдө жергиликтүү (шаардык) бийлик органдары өзүнө мурдагыдан көбүрөөк фискалдык ролду алып, инфраструктура өңдүү зарыл капиталдык салымдар үчүн каражатты зайымга алууга умтулгандыктан фискалдык
жоопкерчиликти жакшыртууга кызыгуу барган сайын артып жатат.
Мындай чектер конкреттүү өлкөлөрдүн контекстине адаптацияланышы керек жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жоопкерчиликтүү финансылык жүрүм-туруму үчүн ишенимдүү чөйрө түзүүгө жетишсиз. Бирок алар өкмөт аралык күчтүү фискалдык системанын маанилүү элементи боло алат. Liu жана Webb (2011) финансылык жоопкер-чиликтин чектери боюнча эл аралык тажрыйбага сереп жүргүзүп, түрдүү ыкмалардын артыкчылыктары менен кемчиликтерин карап чыгышты.
-
7-окуу: Liu, L. and Webb, S. (2011). Субулуттук дисциплина үчүн финансылык жоопкерчиликтин мыйзамдары. Policy Research Working Paper 5587. Вашингтон, Колумбия округу: Дүйнөлүк банк. https://openknowledge.worldbank.org/ bitstream/handle/10986/3354/WPS5587.pdf?sequence=1
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик айкындуулугун жана отчеттуулугун кантип баалап, күчөтсө болот?
Децентралдаштыруу жана демократия орнотуу тенденциясы кеңири жайылып, субулуттук мамлекеттик иштерде жарандардын катышууга кызыгуусу күчөп, жарандык активдүүлүк жогорулаган сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу
жана бюджет айкындуулугу тууралуу маалыматка ачык жеткиликтүүлүктү жайылтуу үчүн импульс да күчтүү болуп жатат. Бул темага бурулган көңүлдүн басымдуу бөлүгү улуттук деңгээлде болду (мисалы, маалыматка жеткиликтүүлүк
жана маалымат алууга укук жөнүндө мыйзамдар). Бирок субулуттук бийликтин жоопкерчилигин күчөткөн децентралдаштыруу саясаты жакын арадан бери жергиликтүү деңгээлдеги айкындуулукка көбүрөөк көңүлдү бура баштады. Буга жергиликтүү бийлик өз ресурстарын кантип түзүп, чыгымдап жатканы тууралуу маалымат гана эмес, ошондой эле бийликтин жогорку тепкичтеринен алынган каражат кантип сарпталып жатканы тууралуу маалымат да кирет.
Мындай маалымат жарандарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишке ашырган өнүгүү пландары жана жылдык отчеттору кандай деңгээлде жарыяланганын аныктоого жардам берет. Ошондой эле жоопкерчиликти жакшыртуу үчүн дарамети да бар. Schaeffer жана Yilmaz (2008) жергиликтүү бийлик органдарынын иши тууралуу маалыматка коомчулуктун жетүү жолдорун көбөйткөн укуктук жана бюджеттик инструменттер менен процесстерди талдап чыгышты. Kroth (2012) субулуттук бюджеттин айкындуулугуна байланышкан негизги түшүнүктөр менен практиканы талдап, Бюджет боюнча Эл аралык өнөктөштүктүн буйрутмасы менен ондогон өнүгүп келаткан өлкөлөрдө соңку тематикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын чыгарды.
-
8-окуу: Schaeffer, M. and Yilmaz, S. (2008) Бюджеттик процесстерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отчеттуулугун күчөтүү. Вашингтон, Колумбия округу: Дүйнөлүк банк. http://papers.ssrn.com/sol3/papers.cfm?abstract_id=1297806
-
9-окуу: Kroth, V. (2012). Субулуттук бюджеттик айкындуулук: пилоттук изилдөөлөргө анализ. Вашингтон, Колумбия округу: Бюджет боюнча Эл аралык өнөктөштүк. http://internationalbudget.org/wp-content/uploads/Subnational-Synthesis-Paper_final.pdf
Талкуу үчүн суроолор
-
Сиздин өлкөдө МФБнын жана децентралдаштыруу реформаларынын абалы кандай? Реформалардын бири башкаларга караганда илгерилеген десек болобу?
-
Субулуттук деңгээлде МФБ реформаларына же жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик финансыны башкарууну децентралдаштыруу жаатындагы реформаларга карата формалдуу фокус барбы? Күч-аракеттер кандайдыр бир деңгээлде координацияланганбы? Алар негизги саясатка жана практикага олуттуу даражада шайкеш келеби же кыйыр түрдө карама- каршылыктар барбы?
-
Саясий-экономикалык чөйрө МФБ менен децентралдаштыруу боюнча реформалар ортосундагы прогресске жана мамилеге, анын мүнөзүнө кандай таасирин тийгизди? Кандай улуттук жана жергиликтүү саясий жана бюрократиялык динамикалар (акторлор/фактор-
лор) бул реформалардын маңызына таасирин тийгизди? Алар улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде кантип ишке ашырылды?
-
МФБ саясаты жана ири жергиликтүү сектордун структурасын децентралдаштыруу ыйгарым укуктарды, деконцентрациялоону жана өткөрүп берүүнү эсепке алабы? Бул суроого жооптордун кесепеттери кандай болот деп ойлойсуз?
-
Жоопкерчиликтин фискалдык чектерине көмөктөшүү боюнча чаралар көрүлгөнбү? Эгерде көрүлсө, анда алар канчалык жакшы иштелип чыккан деп ойлойсуз (борбордук көзөмөл менен жергиликтүү автономия ортосундагы тийиштүү баланс менен)? Бул иш жүзүндө колдонулуп келеби?
-
Субулуттук бюджеттин айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздоо үчүн кандай чаралар көрүлгөн? Бул чараларды негизинен борбордук бийлик органдары кабыл алдыбы же жергиликтүү бийлик органдарыбы? Алар эффективдүү колдонулуп келатабы?