Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылда балдардын паркы

2018-09-07 / Көрктөндүрүү

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Чоң шаарларда өскөн балдарга салыштырмалуу элеттик балдарда көңүл ачуу жана өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр көп эмес. Бирок ар бир атаэне чүрпөсүнүн бала чагы бактылуу жана кызыктуу өтүшүн каалайт эмеспи. Жаңы-Талап айылынын тургундарынан түзүлгөн демилгелүү топ балдарга бош убактысын өткөрүү үчүн шарттарды жакшыртууну чечти. “Көп бириксе көл, көл толкуса сел болот” деген ураан алдында өткөн иш-чарага көптөгөн элеттиктер катышты. Демилгелүү топтун мүчөлөрү аксакалдардын, көп балалуу энелердин башын бириктирип, балдары кандай чаң, кир жерде, начар оюнчуктар менен ойноп жатышканын көрсөтүп беришти. Активисттер айылдагы ар бир үйгө баш багып, “бул демилгени эмне үчүн колдош керек?” деген суроого өз жүйөлөрүн келтирип, балдар үчүн эс алуу паркын уюштуруу зарыл экенине тургундарды ынандыра алышты. Парк ачылса балдарга активдүү эс алып, өнүгүү үчүн жакшы шарттар түзүлмөк. Жашоочулар балдар паркын ачуу идеясын колдоого алып, уюштуруучуларга кошулуп, парк үчүн каражат бөлүп берүү маселесин чечүүгө даярдыгын билдиришти.

Айылдардын саны 1
Калктын саны 2 458
Жылдык бюджети 5 490,0 миң сом

Эмнелер жасалды?

Албетте баары эле бул демилгени бир добуштан колдоп кеткен жери жок, балдар паркына каршы чыккандар да болду. Бирок көпчүлүк элеттиктер макулдугун берип, айылдагы бакубаттуу жашаган, акча бере ала турган адамдардын тизмеси түзүлүп, алардын ар бири менен сүйлөшүп чыгышты. Ошону менен бирге Бишкекте жашап, иштеп жүргөн айылдыктар да унутта калган жок. Алар менен борбор калаада жолугушуп, анын соңунда марафон уюштуруу тууралуу чечим кабыл алынды. 1966-жылдан 1996-жылга чейин айылда төрөлгөндөр топ-топторго бөлүштүрүлүп, чакыруу барактары даярдалып, активисттер тандалып алынды. Марафонго айылдын дээрлик бардык тургундары катышып, колдон келген салымын кошушту. Айрымдары акча берсе, башкалары мал беришти. Натыйжада марафондо накталай 300 миң сом жана нак эмес түрүндө 280 миң сом чогулду. Эл чогулткан акчаны көзөмөлдөө үчүн эсеп комиссиясы түзүлдү. Мындан тышкары парктын курулушу толугу менен аягына чыкмайынча, акча каражаттары чогултула берээри, марафонго катыша албай калгандар мындан кийин деле бул ишке катыша алаары айтылды. Айылдын кулуну, учурда КТРКда журналист болуп иштеп жаткан Айжан ОМОЛДОШЕВА паркты жарыктандыруу боюнча бардык иштерди каржылоону өз мойнуна алды. Дагы бир кайдыгер эмес жашоочу Рахат НИЯЗАЛИЕВ паркта отургучтарды орнотуу милдетин алды.

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ 1000 доллар салым кошо турганын айтты. Натыйжада паркты уюштурууга элеттиктердин салымы 600-700 миң сомдун тегерегинде болду. Парктын курулушуна акчалай же башка жол менен жардам бере албай калган элеттиктер эмгек салымын кошууга даярдыгын билдиришти. Марафонго катышкан аялдар парктын курулушчуларына кезектешип ысык тамак жасап бермей болушту. Демилгелүү топ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайрылып, балдар паркы кайсы жерде жайгашса болоорун сурады. Жергиликтүү бийлик жашоочулардын демилгесине түшүнүү менен мамиле жасап, айылдын борбордук бөлүгүндө 0,15 гектар муниципалдык жер бөлүп берди жана бул объектти документтештирүү жоопкерчилигин өзүнө алды. Мына ошол учурдан баштап жергиликтүү элдин арасынан түрдүү объекттерди куруу тажрыйбасы бар курулушчулар тобу чогула баштады. Анын башында демилгелүү топтун мүчөсү Эрнис ӨМҮРГАЗИЕВ турду. Ошентип элеттиктердин колдоосу менен курулуш иштери башталды. 2018-жылдын күз мезгилинде курулуш иштери жарым-жартылай жыйынтыкталып калды. Элдин ишеними, аны менен кошо реалдуу жардам бергендердин саны да өсүүдө. Марафонго катышпай калган 1974-жылкы жигиттер паркты тосмолоо боюнча иштерди толугу менен өз мойнуна алышып, бардык материалдар сатып алынып, ширетүү иштери соңуна чыгып калды. Ушул жылдын октябрь айында парк колдонууга берилет деп күтүлүүдө. Марафон учурунда берген убадасына туруп, аялдар курулушчуларга кезектешип ысык тамак жасап жатышат. Бул демилгенин ийгиликтүү ишке ашырылышы келечекте жаңы демилгеге – Жаштардын спорт комплексин курууга жол ачып жатат.

Жыйынтыгы кандай болду?

Парктын курулушу бүтө элек болсо да, айыл жашоочулары биринчи кезекте моралдык таасир алышты. Айталы, ЖӨБ органдары менен жергиликтүү элдин ортосунда ачык-айкын мамилелер түзүлүп, бул болсо өз ара пайдалуу жана жемиштүү иштерге өбөлгө болуп жатат. Бул – жергиликтүү бийлик менен элдин ортосундагы ишенимдүү жана ачык иштин үлгүсү. Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө калк чогулуштарга жигердүү катышып келатат, маселелер элдин колдоосу менен чечилүүдө. Ошентип жашоочулардын да коомдук иштерге катышуу деңгээли өстү.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылдык аймагы Кенжебай БЕЙШЕНКУЛОВ

Окшош материалы: