Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таштанды төгүлчү жердин ордуна эс алуу паркы

2018-09-07 / Көрктөндүрүү

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Көйгөйлөр өтө көп болгонуна карабастан, элеттиктер дайыма эле активдүүлүгүн көрсөтө беришпейт, өз айылынын турмушуна көп жакшы катышпайт жана адатта “бул жергиликтүү бийликтин гана баш оорусу” деген турумду карманып келишет. Буга байланыштуу Миң-Булак айылынын кайдыгер эмес тургундары биригип, айыл көйгөйлөрүн чечүү үчүн чогуу иш алып барууну макулдашты. Ошентип 2016-жылы “Жарандар аракетте” деп аталган демилгелүү топ түзүлдү. Анын курамына 19 адам кирип, алардын басымдуу бөлүгүн – 68% – аялдар, 32% эркектер түздү. Топтун мүчөлөрүнүн жаш курагы 19дан 50гө чейин.

Айылдардын саны  3   
Калктын саны 5 693 
Жылдык бюджети 10400,0 миң сом

Демилгелүү топ өз ишин айыл тургундары арасында сурамжылоо жүргүзүүдөн баштады. Сурамжылоого 347 адам, анын ичинде 201 аял катышты. Респонденттердин жаш курагы 17-91 жаш болду. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, айылдыктарды төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөрдүн жоктугу жана төмөнкү көйгөйлөр тынчсыздандырары белгилүү болду: ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр (малды кыркуу, купкага салуу, эмдөө); коомдук мончонун жоктугу; эс алуу паркынын, балдар аянтчасынын жоктугу; ирригациялык каналдарды, суу бөлүштүрүүчү курулмаларды тазалоо; трансформаторлор үчүн тосмолорду куруу (электр тогуна урунуп, мал өлүүдө); көчөлөрдү жарыктандыруу; билим берүүчү борборду ачуу; машыгуулар үчүн зал ачуу. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн демилгелүү топ интенсивдүү түрдө жумушчу жолугушууларды өткөрүп жатты. Ошондой эле мүмкүңчүлүктөргө жана ресурстарга туруктуу анализ жасалып турду. Ошол эле маалда башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын дарегине бир нече кат жиберилди. 2017-жылдын январь айында топтун мүчөлөрү айылдык аймактын бюджети боюнча коомдук угууларга жигердүү катышып, айылдын айрым көйгөйлөрүн чечүү үчүн акча бөлдүртүүгө жетишти. Бул окуя чындап тарыхый болуп калды. Себеби буга чейин жарандар мындай иш-чараларга катышчу эмес, бул кантип жана качан жасаларын билчү эмес.

Эмнелер жасалды?

Жогоруда саналган маселелердин дээрлик жарымы чечилип калды. Муну тургундардын айыл көйгөйлөрүнө кайдыгер карабаганынын жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташуусунун жыйынтыгы десек болот. Чечилген маселелердин бирине – мурда таштанды төгүлчү жерде эс алуу паркынын ачылышына кененирээк токтолсо болчудай. Башка көптөгөн айылдардай эле Миң-Булак айылында да коомдук эс алуу парктар жана балдардын аянтчалары жок болчу. Ошондуктан 2017- жылы жергиликтүү эл арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жүрүшүндө көптөр бул маселени көтөрүп чыгышкан. “Жарандар аракетте” демилгелүү тобунун лидерлеринин бири Кымбат ЖУНУСОВА айыл четинде мурда таштанды төгүлчү 20 сотик жерди эс алуу паркына айландырууну сунуштады. Көп жылдар бою бул жерге таштанды чогулуп, целлофан баштыктар жана желим бөтөлкөлөр өрттөлгөндө жагымсыз жыт айылды аралап кетчү. Биринчи кезекте ресурстарды аныктап, жергиликтүү бийлик органдарына кайрылуу жолдонуп, алардын өкүлдөрүн өз планы менен тааныштырып чыгышты. Натыйжада бул маселе жергиликтүү  кеңештин сессиясында каралып, зарыл болгон техника бөлүнүп берилди. Ошондой эле аймакты тосмолоого 110 миң сом бөлүндү. Андан кийин өз салымы катары демилгелүү топтун жана кайдыгер карабаган тургундардын күчү менен тосмону куруу боюнча жумуштар аткарылды. Долбоорду ишке ашыруу үчүн бир топ аракеттер жасалды. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында демилгелүү топ эл арасында колдоо тапты – 32 адам жардамга келди. Иштер толугу менен бүткөндө 534 адамдын эс алуусу үчүн шарттар түзүлмөкчү.

Жыйынтыгы кандай болду?

Долбоордун башкы жыйынтыгы – жергиликтүү тургундар жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга таасир этүүгө жөндөмдүү болгонуна ынанышты. ЖӨБ органдарынын калк алдындагы жоопкерчилик жана ачык-айкындуулук деңгээли бир кыйла жогорулады. Жолугушуулар өткөрүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкарууга кайрылуу каттар жолдонуп, бюджеттик угуулар уюштурулду. Жарандардын активдүүлүгү өсүп, демилгелүү топ өз ишине колдоо тапкандан кийин мурдагыдан да ишенимдүү иштей баштады. Себеби алардын аракеттери текке кетпей, ийгиликтүү жыйынтыкталбадыбы! Жарандарда демилгелүү топтун мүчөлөрүнө болгон сый-урмат жана ишеним артты. Ушундай эле иштерди тийиштүү план менен башка айылдарда да жасап чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды. ЖӨБ органдарынын ролу ресурстар – техника, көчөттөр жана акча менен камсыздоо болду. Моюнга алыш керек, башында ЖӨБ органдары бул демилгеге көп ишенген эмес, алар кайрылуу каттарга жооп беришкен эмес эле. Демилгелүү топ – бул оппозиция эмес, элеттиктердин турмуш шартын жакшыртууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жардамчысы экенин түшүндүрүп бергенден кийин баары ордуна келди. Иштин жыйынтыгына элеттиктер гана эмес, кошуна айылдын жашоочулары да абдан ыраазы болуп жатышат. Алар жасалган иштерди “мыкты” деп баалашты. “Азаматтар, таштандыны гүл бакчага айландыра алдыңар!” деп мактап жатышат кошуналар.

Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айылдык аймагы Кымбат ЖУНУСОВА

Окшош материалы: