Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары мамлекеттик сатып алууларды башкаруу көндүмдөрүн өркүндөтүүдө. Кадыресе каталарды кантип болтурбай койсо болот?

2019-01-27 / ЖӨБ каржысы
ЖӨБ органдары мамлекеттик сатып алууларды башкаруу көндүмдөрүн өркүндөтүүдө. Кадыресе каталарды кантип болтурбай койсо болот?

2018-жылдагы Чакан гранттар программасын (ЧГП-2018) ишке ашыруунун алкагында конкурстук комиссия 38 000 000 сомго 38 долбоордук өтүнмөнү каржылоону жактырды. Программаны Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги аркылуу Швейцария өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ) Долбоору ишке ашырып келатат. Жалпысынан Конкурска 121 өтүнмө түштү. Алардын ичинен Нарын облусунун муниципалитеттеринен 59 өтүнмө, Ош облусунун муниципалитеттеринен 62 өтүнмө түштү. Гранттарды Нарын жана Ош облустарынын 23 муниципалитети алды. Алардын ичинен Нарын облусунун муниципалитеттери 14 гранттык долбоорду, Ош облусунун муниципалитеттери 24 гранттык долбоорду утуп алышты.

Чакан гранттар программасынын Жобосуна ылайык, гранттык каражаттар ЖӨБ органдарынын – конкурстун жеңүүчүлөрүнүн жергиликтүү бюджеттерине түшөт. Буга жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары сатып алуулардын жол-жоболорун “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына ылайык аткарышат. ЧГП-2018 конкурсунун жеңүүчүлөрү үчүн Долбоор беш күндүк курсту уюштурду. “Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” деген темадагы курстар Кыргыз Республкасынын Финансы министрлигинин окуу борборунда өттү. Окууга айыл өкмөтүнүн 23 кызматкери катышып, аларды тогузу Нарын облусунан, 14ү Ош облусунан келишти. Жеңүүчү муниципалитеттер сатып алуулар жолжоболорун сапаттуу өткөрүшсүн деген максатта долбоор жумуштарды жана товарларды сатып алуунун квалификациялык талаптарына сунуштамаларды иштеп чыкты. Алар “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамына жана СКДга (Стандарттык конкурстук документтерге) ылайык даярдалган. Жумуштарды сатып алууларга коюлган квалификациялык талаптарга карата сунуштамалар 16 пункттан (талаптан) жана товарларды сатып алууларга коюлган квалификациялык талаптарга карата сунуштамалар 15 пункттан (талаптан) турат. Сатып алуулардын жол-жоболорун өткөрүүгө коюлган квалификациялык талаптарга карата бул сунуштамаларды сактоо муниципалитеттердин сатып алуулар боюнча адистеринин көндүмдөрүн, тажрыйбасын жана билимин бир кыйла жакшыртты. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды жана товарларды жеткирүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатууга жардам берди. Сатып алууларды жүргүзүү практикасы көрсөткөндөй, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун өткөрүүгө даярданып жатканда сметаларды иштеп чыгууга өтө дыкат көңүл буруу зарыл. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору техникалык жактан жардам берди – жумуштардын көлөмүнө жана долбоордун сметаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча техникалык эксперттерге жана смета түзүүчүлөргө консультацияларды берди. Ошондой эле жаңы капиталдык курулуш болгон учурда бардык уруксат берүүчү документтер менен кошо АДТны (архитектуралык-долбоордук тапшырманы) жана ДСДны (долбоордук-сметалык документтерди) даярдоого көп убакыт кетет.

1-диаграмма. Бир сатып алууга конкурстарды жокко чыгаруунун жыштыгы

Бир сатып алууга он конкурс

2018-жылдын июль айынан тартып муниципалитеттер Мамлекеттик сатып алуулар порталына өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн товарларды жана жумуштарды сатып алуу жөнүндө кулактандырууну бере башташты. Сатып алууларды жүргүзүүдө ЖӨБ органдары 38 долбоордун ичинен он долбоор боюнча конкурсту биринчи жолкусунда эле ийгиликтүү өткөрө алышты. Башкача айтканда, конкурстар кулактандырууну Порталга биринчи жолу жайгаштырганда эле өткөн. Бирок кулактандырууну кайра-кайра берип, конкурстук тандап алууну он жолудан өткөргөн муниципалитеттер да болду! Статистика боюнча, Нарын жана Ош облустарында 38 гранттык долбоор боюнча келишимдерди түзүү үчүн жалпысынан 114 конкурс өткөрүштү, электрондук Мамлекеттик сатып алуулар порталында баары болуп 114 кулактандыруу берилген. 1-диаграммадан көрүнүп тургандай, долбоорлор боюнча 10 сатып алуу гана (же 38 долбоордун 26%) бир конкурстун алкагында өткөн. Натыйжада ЖӨБ органдары товарларды же жумуштарды жеткирүүгө келишимдерди өз убагында түзө алган эмес. Тогуз долбоор боюнча сатып алуулар экинчи же үчүнчү жолу ишке ашкан (ылайыгына жараша 23,7 пайыздан). Долбоорлордун бири боюнча конкурс он жолу өткөн. Конкурстарды бир нече жолу өткөрүүнүн негизги себеби – алар конкурстун катышуучулары берген документтер квалификациялык талаптарга жооп бербегени үчүн жокко чыгарылган. Бул жерде конкурстун катышуучулары катары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн ролун да белгилей кетиш керек. Сатып алуучу уюмдун бардык талаптары 100 пайызга аткарылганда, жеткирүүчү талап кылынган бардык документтерди толук көлөмдө бергенде гана конкурс өттү деп эсептелинет. Бул үчүн сатып алуулар боюнча адистер өз ишин мыкты билип, окуудан өтүп, сертификаттары болушу керек. Көпчүлүк учурда Конкурстардын катышуучулары сатып алуучу уюмдун төмөнкүдөй талаптарына жооп бере алышкан эмес (1-таблицаны караңыз).

Кадыресе каталар жана аларды кантип болтурбай койсо болот?

Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору туруктуу билим алып турууну, сатып алуулар боюнча адистердин квалификациясын жогорулатууну, ошондой эле юридикалык коштоону жана консультацияларды талап кылган татаал процесс болгонун белгилей кетүү зарыл. Программанын тажрыйбасы Долбоорго көп кезиккен каталарды аныктоого мүмкүнчүлүк берип, практиктерге бул каталарды четтетүү боюнча сунуштарды берип турат. Ошол эле маалда КР Финансы министрлигине караштуу Окуу борбору мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистерди беш күн гана окута турганын айтпай коюуга болбойт. Борбордогу окуунун төрт жарым күнү теорияга жана болгон жарым күнү электрондук Мамлекеттик сатып алуулардын порталында практикалык ишке бөлүнгөн. Практика көрсөткөндөй, бул өтө аз убакыт, катышуучулар көп нерсени өздөштүрө албай калышууда. Натыйжада төмөн жакта сүрөттөлгөн көйгөйлүү маселелер келип чыгат. СУРОО. Порталга кулактандырууну берип жатканда Жумуштардын көлөмүнүн жана сатып алынып жаткан товарлардын тизмегинин Ведомостунун ордуна долбоордун локалдык сметасын же товарлардын баа таблицасын тиркесе болобу? ЖООП. Порталга кулактандыруу берип жатканда долбоордун локалдык сметасын же товарлардын баа таблицасын тиркегенге такыр уруксат берилбейт, себеби бааны сизге жеткирүүчү сунушташы керек. СУРОО. Товарларга жана жумуштарга кепилдикти жана кепилдик мезгилин сөзсүз эле талап кылыш керекпи? ЖООП. Конкурстун шарттарын киргизип жатканда товарларга жана жумуштарга кепилдикти жана кепилдик мезгилин дайыма талап кылыш керек. Себеби товарларды жеткиргенден кийин же жумуштарды аткарган соң, товарларды жана жумуштарды кабыл алуу боюнча тийиштүү акты ларды түзүп жатканда талаштуу кырдаал пайда болгондо кыйынчылыктар келип чыгат.

1-таблица. Сатып алуучу уюмдун талаптарына шайкеш келбеген учурлар

СУРОО. Эмне үчүн Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну (мындан ары – КАКК) талап кылыш керек? ЖООП. Ар бир конкурста Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну (мындан ары – КАКК) талап кылыш керек. КАКК түзүлгөн келишимге ылайык жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруу боюнча белгилүү бир кепилдик болуп берет. Себеби жеткирүүчү же подрядчы келишимдин шарттарын аткарбаганда сатып алуучу уюм жеңүүчү буга чейин берген КАККты кармап калып, кайтарбай коюуга укуктуу болот. СУРОО. Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу (мындан ары – КТКК) Банк кепилдигинен эмнеси менен айырмаланат? ЖООП. Эч айырмаланбайт. Банк кепилдиги – бул Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуунун (КТКК) бир формасы. Ал конкурстун катышуучусуна кайсы бир банктан берилет жана сатып алуучу уюмга даректелүүгө тийиш. Ошол эле маалда текст Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуунун формаларына, көлөмүнө жана мөөнөттөрүнө шайкеш келүүгө тийиш. СУРОО. Конкурстук табыштамаларды баалоо үчүн кандай мөөнөттөр белгиленген? ЖООП. Конкурстук табыштамаларды баалоодо конкурстук комиссиялар “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрдү жана келишимди түзүү мөөнөттөрүн дайыма эле сактай беришпейт. Конкурстук комиссия конкурстук табыштамаларды кароо мөөнөтү табыштаманын күчүндө болгон мөөнөттүн үчтөн экисинен ашпашы керек. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштамалар күчүндө болгон мөөнөтү аяктаганга чейин баалоону жыйынтыктап, келишим түзүүгө жетишип калышы керек.

СУРОО. Көз карандысыз ведомство аралык комиссияга даттануу берүүгө эмне себеп болушу мүмкүн? ЖООП. Конкурстук табыштамаларды четке кагууда конкурстук комиссия буга эмне себеп болгонун так жана айкын түшүндүрбөгөн, бул үчүн жүйө келтирбеген учурлар кездешет. Мындан улам Көз карандысыз ведомство аралык комиссияга даттанууга уруксат берилет. СУРОО. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынан тышкары, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда дагы кандай ченемдик укуктук актыларды колдонмого алууга болот? ЖООП. Практиктер өз ишинде негизинен “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын ченемдерин жетекчиликке алышат. Анткени бул мыйзамда сатып алууларды жүзөгө ашыруу процессиндеги эң негизги жана маанилүү аныктамалар, терминдер жана иш-аракеттер чагылдырылган. Ошол эле маалда сатып алууларды жүзөгө ашыруунун жол-жоболоруна карата дагы да деталдуу, терең жана ачык көрсөтмөлөрдү берген башка да ченемдик документтер бар. Мисалы, төмөнкүдөй документтерди айтса болот:

  •  Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б Буйругу менен бекитилген Кызмат көрсөтүүлөрдү бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн усулдары жана бааны төмөндөтүү усулу аркылуу сатып алууга Стандарттуу конкурстук документтер.
  •  Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б Буйругу менен бекитилген Жумуштарды бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн усулдары аркылуу сатып алууга Стандарттуу конкурстук документтер.
  •  КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы №10 “Товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлөрдү сатып алуудагы босоголук суммаларды бекитүү жөнүндө” Токтому;
  •  КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы №150 “Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтому;
  •  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы N 175-б Буйругу менен бекитилген Электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү эрежелери жөнүндө жобо;
  •  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы N 175-б Буйругу менен бекитилген Конкурстук табыштамаларды баалоо боюнча методикалык нускама;
  •  Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин 2017-жылдын 23-январындагы №7/П “Мамлекеттик сатып алуулар системасындагы нускамалардын жана Техникалык регламенттердин тизмегин бекитүү жөнүндө” Буйругу;
  •  Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин 2017-жылдын 30-июнундагы №47/П “Мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө” Буйругу.

Жеткирүүчүлөр алган пайда

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун чакан гранттар программасы 2018-жылы мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун өткөрүү бөлүгүндө сатып алуулар боюнча муниципалдык адистердин потенциалын гана жогорулатпастан, ошону менен бирге кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды жана жумуштарды жеткирүүчүлөрдүн да билимин жогорулатты. Практика көрсөткөндөй, конкурстарга ошол эле жеткирүүчүлөр катышат жана конкурс жокко чыгарылган учурда өз каталарын көрүп, экинчи жолкусунда болбосо да, үчүнчү жолу сөзсүз каталарын оңдошот. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору электрондук Мамлекеттик сатып алуулар порталында катталган жеткирүүчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө да таасирин тийгизген. Айталы, Нарын облусунун Кочкор районундагы жеке ишкер айыл өкмөтү жарыялаган Конкурстарга катышуу үчүн Порталга жеткирүүчү катары катталган. Бул жеке ишкер айыл өкмөтүнүн конкурсунда жеңе албаса да, ал кийин башка сатып алууларга катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Гранттар машыктыргыч катары

Жогоруда айтылгандай, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары арасында мамлекеттик сатып алуулар жаатында бир топ суроолор бар. Бирок алга жылыштар бар экенин, электрондук Мамлекеттик сатып алуулар порталы улам жаңыланып, сатып алуулар боюнча адистердин көндүмдөрү жана тажрыйбасы да барган сайын көбөйүп жатканын да белгилей кетүү абзел. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасы ЖӨБ органдары үчүн инвестициялык машыктыргыч катары пландалган. Бул жагынан алып караганда программа өз максатына жетти. Программанын жеңүүчүлөрү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган, жергиликтүү бюджеттен алынган инвестицияларды жоопкерчиликтүү жана эффективдүү башкарууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар эффективдүү менеджменттин принциптерин колдонууда: артыкчылыктуу муктаждыктарды аныктап, мыйзамдарга шайкеш келтирип, ачыкайкын кылып, келечектеги жыйынтык үчүн жоопкерчилик алышууда.

Султан МАЙРАМБЕКОВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттар боюнча адиси Жылдыз ЖУМАКОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча консультанты

Окшош материалы: