Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көк-Жар ААда жарандарды бюджеттик процесске тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди биргелешип чечүү практикасы боюнча тажрыйба алмашуу

2019-01-27 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Көк-Жар ААда жарандарды бюджеттик процесске тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди биргелешип чечүү практикасы боюнча тажрыйба алмашуу

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында 2018-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү “Көк-Жар ААда жарандарды бюджеттик процесске тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди биргелешип чечүү практикасы” деген темада республикалык деңгээлде тажрыйба алмашуу сапары өттү. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн айыл өкмөтүнүн ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасын киргизүү көндүмдөрүнө практикада үйрөтүү сапардын негизги максаты болду. Жергиликтүү маанидеги маселелерди биргелешип чечүүдө ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын биргелешкен ишинин ийгиликтүү практикасын жайылтуу үчүн мына ушундай көндүмдөр зарыл болчу. Иш-чара Көк-Жар айылдык аймагынын (Ош облусунун Ноокат району) аянтчасында уюштурулду. Көкжардыктардын тажрыйбасын өздөштүрүү үчүн Ош жана Нарын облустарынын 26 максаттуу жана максаттуу эмес муниципалитеттеринин өкүлдөрү келишти. Катышуучулардын арасында АӨ башчылары, айыл өкмөттүн атынан долбоордун координаторлору, мониторинг жана баалоо топторунун (БМжБТ) төрагалары болушту. Иш-чарага жалпысынан 84 адам катышты, алардын ичинен 26сы – аялдар. Коноктор катары маморгандардын атынан ЖӨБЭММАнын Ош облусу боюнча аймактык өкүлү, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары, ошондой эле жалпы маалымдоо каражаттарынын облустук жана райондук өкүлдөрү катышты. Долбоордун кызматкерлери жана кабыл алуучу тарап – Көк-Жар айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айылдык кеңештин депутаттары иш-чаранын уюштуруучулары катары катышты.

Көк-Жар ААнын ЖӨБ органы менен жергиликтүү жамаатынын ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташтыктын алкагындагы биргелешкен жыйынтык иши өтө кызыктуу жана мазмундуу көрсөтүлдү. АӨ башчысы Саттарали МИНБАЕВ, АӨ башчысынын орун басары Гүлчынар МАМАТОВА, АӨнүн Долбоордогу координаторлору Тойчубай ПИРМАТОВ жана Махабат МАМЫРОВА иш-чарага карата атайын даярдаган материалдарды кесипкөйлүк менен сунушташты. Катышуучуларга көрсөтүлгөн слайддарда өткөн бардык иш-чаралар боюнча маалыматтар камтылган. Мисалы, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюу, артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо боюнча ЖМБА-иш-чараларын өткөрүү, коомдук бюджеттик угууларды жана чогулуштарды өткөрүү, чакан гранттар программасына катышуу, демилгелүү топторду (ДТ), мониторинг жана баалоо боюнча топторду (БМжБТ) түзүү, биргелешкен аракеттер планын (БАП) ишке ашыруу өңдүү ишчаралар тууралуу маалымат берилди. БМжБТнын ишмердигинин жыйынтыгы чоң көңүлдү бурду. Бул топ кыска мөөнөттүн ичинде АӨнүн ишмердигине МжБ жүргүзүү процессинде чоң жыйынтыктарга жете алган. Муну менен топ эффективдүүлүгүн жана пайдалуулугун далилдей алды, БАПты аткарууда катализатор болуп берди.

Көк-Жар ААда ЭҮЖӨБОЖ Долбоорун ишке ашыруудагы кыскача жыйынтыктар:

  •  2017-жылдын июнь айында ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган;
  •  жергиликтүү жамаатты бюджеттик процесске жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу максатында 30 иш-чара өткөрүлгөн (8 ЖМБА-иш-чарасы, бир коомдук бюджеттик угуу, беш чогулуш, 8 окуу тренинги, беш жумушчу жолугушуу, бир БМжБ тобу жана бир ДТ түзүлдү). Бул иш-чараларга 2438 адам катышып, анын 1176сы (38,2%) аялдар болду;
  • ЖМБА-иш-чарасында айылдык аймак боюнча сегиз артыкчылыктуу көйгөй аныкталды;
  •  артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча үч ДТ түзүлүп, БАП иштелип чыкты;
  •  эки долбоор гранттык программага катышып, 2 млн. сом утуп алды;
  •  2019-жылга бюджет долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу өткөрүлүп, ага 350 адам (201 аял) катышты. Угууларда 113 сунуш түшүп, алардын ичинен 13 сунуш бюджетке киргизилди;
  •  муниципалдык сайт ачылып, айылдык аймакта беш маалыматтык такта орнотулду.

Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун ишке ашыруунун жыйынтыктары 2017-жылдын октябрь айында БАПты иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ (ЖТ) түзүлгөн.

ЖТга айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, мекемелердин жетекчилери жана жамааттын лидерлери – жалпысынан 13 киши кирген. Аныкталган сегиз артыкчылыктуу көйгөйдүн негизинде жумушчу топ 2018-2019-жылдарга БАПты иштеп чыгып, анын жыйынтыктарын көкжардыктар тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларына тартуулашты. Төмөнкүдөй артыкчылыктуу көйгөйлөр чечилген: 870 000 сомго ичүүчү суу менен камсыздоо, 2 599 400 сомго мектепте билим берүү шарттарын, 463 000 сомго мектепке чейинки билим берүү шарттарын жакшыртуу, ички жолдор – 755 000 сомго, электр жарыгы үчүн – 6 306 454 сомго, ЖӨБОнун ишинин ачыктыгы жана айкындуулугу (маалымат такталары, муниципалдык сайт, КБУ) – 1 239 000 сомго. БАПты ишке ашырууга кеткен чыгашалардын жалпы суммасы 8 614 900 сомду түздү. Бул акчанын ичинен жергиликтүү жамааттын акчалай салымы 866 300 сом, эмгек салымы 322 654 сом, демөөрчүлөрдүн жардамы – 310 000 сом, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун салымы – 2 108 000 сом, АРИС долбоорунун салымы – 11 000 сом болду.

Катышуучулар Көк-Жар ААнын ЖӨБ органынын жалпы ишинин жыйынтыгы тууралуу мүмкүн болушунча көбүрөөк суроолорду узатып, толук жооп алганы тажрыйба алмашуу сапарынын маанилүү бөлүгү болуп калды. Ошондой эле ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристинин эксперттик юридикалык корутундулары да ЖӨБ органдарынын ишиндеги өтө актуалдуу маселелер боюнча абдан пайдалуу болду.

СУРОО. ЖӨБ органдарынын калк менен тыгыз иш алып баруусунун натыйжасында бүгүнкү күндө элдин ар кандай көйгөйлөр боюнча даттанууларынын жана кайрылууларынын саны азайган экен. Бул кантип мүмкүн болду?

ЖООП. Мурда күн сайын эртең менен кабылдамада 10-20 киши чогулуп калчу, учурда бул сан бир кыйла азайды. Мунун себептеринин бири – биз элдин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чындап чече алдык. Бул көйгөйлөрдү болсо ЖМБА-ишчараларынын алкагында тандап алганбыз. Алар: ичүүчү суу, жолдор, билим берүү мекемелери, көчөлөрдү жарыктандыруу. Ошондой эле жаңы конуштарда чоң көлөмдөгү жумуштар аткарылды. Буга кошумча, эл өзү да ушул көйгөйлөрдү чечүүгө жигердүү катышты. Мындан тышкары биз чогулуштарда жана коомдук угууларда эл алдында көбүрөөк отчет бере баштадык. Ар бир алты айылда маалымат такталары орнотулган, анда жасалган иштер тууралуу толук маалыматтар жайгаштырылган. Ошондуктан жыйынтыгы да мына ушундай болду. Мурда биз кайрылууларды пачкалап алып турсак, азыр бирин-серин эле даттануу түшөт.

СУРОО. БАПты ишке ашыруу боюнча өтө масштабдуу иштер аткарылган экен. Бирок көйгөйлөр азайбайт эмеспи, дайыма эле айылдын улам бир муктаждыгы чыга келет. Болгондо да ар бир коомдук ишчарада адамдар улам жаңы бир көйгөйлүү маселени көтөрүп чыгат. Жаңы артыкчылыктуу маселени кантип БАПка киргизгени жатасыңар жана алар СЭӨПда кантип чагылдырылат?

ЖООП. Жыл соңунда айылдар боюнча өз-өзүнчө чогулуш өткөрүп, айылдык аймак боюнча бир жалпы жыйын өткөрөбүз. Бул чогулуштарда АӨ БАПты ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча элге отчет тапшырат. Ушул чогулуштарда элдин жаңы артыкчылыктуу көйгөйлөрү айтылат деп күтүлүп жатат. Мындан тышкары бир жергиликтүү жамааттын жаңы артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо боюнча ЖМБА-иш-чараларын өткөрүүнү пландап жатабыз. Ошол эле схема боюнча жумушчу топ аркылуу элдин артыкчылыктарына жараша БАПты жаңылайбыз. БАП социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын бир бөлүгү болуп саналгандыктан, бардык артыкчылыктуу маселелер кандай болгон күндө да эсепке алынат.

СУРОО. Электрдин жана көчөлөрдө жарыктын жетишсиздиги өңдүү көйгөйлөрдүн чечилиши жөнүндө баяндамада жергиликтүү бюджеттен тышкары элдин акчалай салымы 167 800 сом болгону айтылды. Мындай сумманы кантип чогулта алдыңар? ЖӨБ органы элди милдеттендирдиби же бул ыктыярдуу салымбы?

ЖООП. Чогулуштарда, жыйындарда биз жашоочуларга ЖӨБ органдарынын бардык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу, акча кайда жана кантип сарпталып жатканы, акча жетишсиз экени тууралуу кенен маалымат берип турдук. Жашоочулар өздөрү түрдүү варианттарды сунуштап, акчалай жана эмгек салым кошуу демилгелерин көтөрүп, акча чогултуу үчүн жооптууларды дайындашты. Биз өзүбүз да кайсы бир маселени чечип жатканда элден жардам сурайбыз. Албетте көйгөйлөрдү жергиликтүү бюджеттин эсебинен да чечип келатабыз. Мисалы, жергиликтүү бюджеттин эсебинен устундарды орнотуп, зымдарды өткөрдүк. Ал эми көчө чырактарын орнотуу жана электрге кошуу иштерин жашоочулар өздөрү жасашты. Чындап эле, мындай иштер адамдарды муниципалдык объекттерге олуттуу жана аяр мамиле жасоого милдеттендирет экен.

СУРОО. Ичүүчү суу көйгөйүн чечүү боюнча пландарды айтып жатканда, сиз көлөмү 3000 м3 болгон көлмө куруу планына токтолдуңуз. Ушул тапта анын көлөмү канчалык жана суу кайдан келүүдө? Насостун жардамы менен чыгабы же булактардан өзү агып келеби? Эсептегичтерди орнотуу планыңызда барбы?

ЖООП. Бизде көлөмү 300 м3 жана 1000 м3 болгон резервуарлар бар. Бирок бул көйгөйдү толук чечпейт экен. Себеби элдин саны өсүп жатат, жаңы конуштар пайда болууда. Ошондуктан элди таза суу менен 100 пайыз камсыздоо максатында биз көлмөнү 3000 м3 чейин көбөйтүүнү максат кылып, бул багытта иш жүргүзүп жатабыз. Насосторубуз жок, ошондуктан суу Абшыр-Ата дарыясынан өзү агып келет. Эсептегичтер тууралуу айта турган болсом, азырынча бир айылда гана орнотууну пландап жатабыз, ал да жашоочулардын эсебинен орнотулат. Себеби жергиликтүү бюджетте бул үчүн акча каралган эмес.

СУРОО. Силер ААнын алты айылында трансформаторлорду орноткон экенсиңер, болгондо да жергиликтүү бюджеттен өтө чоң сумма – дээрлик 6 млн. сом бөлүнүптүр. Мындан улам бир суроо пайда болот: трансформаторлор кимдин балансында турат? Себеби акча жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн соң сатып алынган жабдуулардын баары муниципалитеттин менчиги болуп калабы? ЖООП. Ооба, чындап эле Ноокат районунда көпчүлүк жашоочуларда боло жүргөндөй эле бизде да уруксат берүүчү документтерге байланыштуу, электрге кошулууда көйгөйлөр жаралды. Ош шаарында электрге кошулуу үчүн РЭСтин балансына өткөрүп беришибиз керектигин бизге түшүндүрүштү. Атүгүл авария болсо да, эгерде алардын балансына өткөрүп бербесек, трансформаторлорду оңдоого укуктары болбойт экен. Ошондуктан биз бүгүнкү күндө бул маселени чечүүнүн жолдорун издеп жатабыз. Себеби бул – элдин талабы. Эң көйгөйлүү маселени чечүү менен, биз айылдык аймактын басымдуу бөлүгүнүн талаптарын да канааттандыруудабыз. Биздин, ЖӨБ органдарынын милдети ушул эмеспи.

ЮРИСТТИН КОММЕНТАРИЙИ. Бул бардык муниципалитеттер үчүн өтө көйгөйлүү жана актуалдуу маселе. ЭҮЖОБОЖ Долбооруна ушул өңдүү өтө көп суроолор түшүп турат. Долбоордун адистери мыйзамдарды талдап чыгып, өлкөдө жаңы электр линияларынын курулушу үчүн жооп берген башкаруу органы же кандайдыр бир башка түзүм болбогонун аныктады. Ошону менен бирге Өкмөт бул чөйрөдөгү саясатты иштеп чыгуу менен, Энергетика министрлиги бул саясатты ишке ашыруу менен, Кыргыз Улуттук электр тармагы электр энергиясын өндүрүү менен, ал эми бөлүштүрүүчү компаниялар энергияны сатуу менен алектенип жатышат. Ошондуктан 2-3 жыл мурда Долбоордун адистери депутаттарга Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жардам беришкен. Бул Мыйзам долбоорунда КР Өкмөтүнүн/Энергетика министрлигинин ушул функцияны аткаруу үчүн жоопкерчилиги каралган эле.

Тегерек стол талкуусу өтүп, анда энергетика министри бул маселе Энергетика министрлигинин жоопкерчилиги болушу керектигин тааныган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп, ошол кездеги президент А.Атамбаевге кол коюуга жиберилген. Бирок ал вето койгон эле. Мыйзам долбоорунда жаңы электр линияларынын курулушун каржылоонун төрт варианты сунушталган: 1) негизги варианты – республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо; 2) бөлүштүрүүчү компаниялардын эсебинен; 3) жергиликтүү бюджеттин эсебинен, бирок андан ары ошол каражаттардын ордун бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан толуктоо; 4) эгерде республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде акча болбосо, анда жарандардын эсебинен, бирок келечекте берилчү товардын (электр энергиясынын) жардамы менен бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан ордун толуктоо. Бул туура чечим болмок. Мисалы, жолдор боюнча айтсак, Транспорт министрлиги бар, жолдор жана электр энергиясы менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн ортосунда эч кандай айырма жок. Себеби бул ошондой эле инфраструктура болуп саналат, жаңы конуштарга, ар бир үйгө жолдорду кургандай эле, аларга устундарды орнотуп, электр линияларын да өткөрүп бериш керек. Андан соң электр энергиясын устундан үйдүн ичине чейин жеткирүү процесси ошол үйдүн ээсинин милдети болуп саналат. Эгерде жаңы линияларды курбасак, анда өнүгүү да болбойт. Ушул тапта биз бул маселени кайрадан көтөрүп жатабыз. Ошону менен бирге аны кайрадан Жогорку Кеңештин кароосуна жиберебиз жана жаңылык болсо эле сөзсүз түрдө кабар беребиз. Ал эми азырынча ЖӨБ органдарынын жетекчилеринен бул маселеге олуттуу мамиле жасоону өтүнөбүз. “Жети өлчөп бир кескиле” деп эскерткибиз келет, анткени эртең эле текшерүүчү органдар “Эмне үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттары максаттуу пайдаланылган эмес?” деп доомат коюушу ыктымал.

Көк-Жар ААнын БМжБ тобунун ишинин жыйынтыктары

Катышуучулар АӨнүн ишмердигине мониторинг жана баалоо (МжБ) жүргүзүү системасын киргизүү көндүмдөрүнө өзгөчө кызыгышты. БМжБ тобунун төрагасы жана мүчөлөрү максаттуу муниципалитеттердин өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти. 2017-жылдын декабрында Көк-Жар ААнын айылдык кеңешинин депутаттары БМжБ тобунун 11 кишиден турган тизмесин бекитишкен. Топко АӨ кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, мекемелердин (мектептердин жана бала бакчалардын) башчылары жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү киришкен. БАПтын негизинде БМжБТ мониторинг жана баалоо боюнча өз планын даярдаган. 2018-жылдын январь айынан тартып БМжБ тобу бекитилген планга ылайык өз ишин жигердүү баштаган. 2018-жылдын ноябрына чейин БМжБТ төмөнкүдөй иштерди аткарган: 1) мектептин жана бала бакчанын тегерегинде металлдан тосмону орнотуу процессине МжБ; 2) эки айылда суу өткөрүү системасын орнотуу процессине МжБ; 3) маалымат алмашуу борборунун капиталдык ремонтуна МжБ; 4) инновациялык мектепгимназиясынын капиталдык ремонтуна МжБ; 5) коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү процессине МжБ. Ошондой эле БМжБ тобу эл арасында сурамжылоо жүргүзүү жолу менен кызмат көрсөтүүлөрдү баалаган. Мониторингдин жыйынтыктары боюнча жалпысынан 9 акт түзүлүп, аткарылган жумуштардын сапатын жакшыртуу боюнча үч сунуштама даярдалып, ЖӨБ органдары чара көрсүн деп үчөө тең кабыл алынган. Мындан тышкары БМжБТнын ишинин жыйынтыгы менен тааныштырган топтун төрагасы Махабат МАМЫРОВА өз тыянактары жана сунуштары, көйгөйлөрү жана келечекке пландары менен бөлүштү. Ал ЖӨБ органдары менен тыгыз кызматташтыкка, БМжБ тобунун мүчөлөрү айылдык кеңештин сессияларына жана БМжБ ишин так пландоого милдеттүү түрдө катышуусу керектигине өзгөчө басым жасады. БМжБ тобунун ишиндеги көйгөйлөр менен бөлүшүп жатып, МАМЫРОВА топтун мүчөлөрүнүн убактысы аз болгонун, интернет байланышы жоктугун, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр БМжБТнын мүчөсүнөн тек жайын тастыктаган документти талап кылып жатканын айтты. 2019-жылга карата пландар тууралуу айтсак, БМжБТ өз ишин планга жараша улантат жана топтун ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат өнөктүгүнө көбүрөөк басым жасайт.

Суроо-жооптордо мониторинг жана баалоо тобу СУРОО. Жылына канча жолу МжБ өткөрүп турасыңар? Б.а., объекттерди канча жолу кыдырасыңар? Мисалы, кээде ичүүчү суу үчүн трубаларды өткөрүү процессине мониторинг жүргүзгөндөн кийин БМжБТ аны кайрадан текшере албай калган учурлар болот. Ошондо силер эмне кыласыңар?

ЖООП. БМжБТ өз ишин БАПтын негизинде даядалган пландын алкагында, б.а., долбоордун ишке ашырылышына жараша гана жасайт. Кээде гана зарылчылыкка жараша мониторинг жүргүзөт. Бирок негизинен МжБ процесси долбоорду ишке ашыра баштаганда, ортосунда жана аягына чыкканда жасалат. Бизде бардык протоколдор бар жана мониторинг жүргүзө албай калган учурлар болгон эмес. Тескерисинче, биздин топтун бардык мүчөлөрү объекттин жанынан өтүп баратып эле эмне болуп жатканына кызыгып баш багышат. Эгерде олуттуу маселе чыкса, анда биздин топ чукул чогула калып, расмий түрдө мониторинг жана баалоо жүргүзөт.

СУРОО. МжБ өткөргөндөн кийин сиздин топ тосмонун пайдубалынын курулушун токтоткон экен. Андан соң подрядчы пайдубалдын 30 метрин кайрадан оңдоп чыгууга мажбур болуптур. Ушул тууралуу айтып берсеңиз.

ЖООП. Жок, бизде бир ишти токтотууга жана “кайрадан жаса” деп мажбурлоого укугубуз жок. МжБ процессинде биз пайдубал сапатсыз курулуп жатканын аныктадык (курулуш нормалары бузулган, бетон эритмеси траншеяны казбастан куюлуп жаткан, бетон эритмеси майда кумдан даярдалып, ага ылай жана топ кошулган экен, мунун айынан пайдубалда жарака пайда болгон). Биз мунун баарын Актка киргизип, АӨгө жана айылдык кеңешке өткөрүп бердик. Чукул арада комиссия түзүлүп, ага ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун техникалык эксперти, АК депутаты, мектеп директору жана бала бакчанын башчысы, АӨ башчысы жана БМжБ тобунун мүчөлөрү кирди. Бул комиссия подрядчыны сапатсыз пайдубалды үч жумушчу күндүн ичинде бузууга милдеттендирди. Бардык кемчиликтер жоюлган соң БМжБ тобунун мүчөлөрү Долбоордун техэксперти менен кызматташтыкта подрядчы жасаган ишти кабыл алышты. Биздин аймактагы бир мектептин аянтчасында кире бериште таманташ (брусчатка) төшөп чыгышкан. Подрядчылар документтерге кол койгону келгенде мен “техникалык көзөмөл жүргүзүлүп, БМжБ тобу МжБнын жыйынтыктарын чыгарганда гана  кол коем” дедим. Курулуштун аягында гана кемчиликтерди көрө калгыдай кесипкөй эмеспиз да. Ошондуктан объекттердин курулушу жүрүп жаткан учурда БМжБ тобунун иши өтө маанилүү. Антпесе, эртең эле адамдар “АӨ башчысы курулушту сапатсыз жүргүзүп, акчанын бир бөлүгүн кымырып алгандыктан кызматынан бошотулган экен” деп айтышы ыктымал. Ошол себептен подрядчы сапаттуу кызмат көрсөтүшү үчүн БМжБТнын мониторинг иштери канчалык зарыл жана маанилүү болгонун Көк-Жар ААнын тосмого байланышкан мисалы тастыктап турат.

СУРОО. Эмне үчүн силердин БМжБ тобуңарга АӨ кызматкерлери жана АК депутаттары, билим берүү мекемелеринин (мектептердин жана бала бакчалардын) жетекчилери гана кирип калган? Карапайым тургундар кайда? Жок дегенде үчтөн бири жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болушу керек эле. Айылдык кеңештин депутаттары карапайым элдин өкүлдөрү деп айтып келебиз. Бирок чындыгында депутаттар бийликтин таламын талашат да. Мисалы, биздин айылдык аймакта БМжБ тобунун үчтөн бирин карапайым элеттиктер түзөт. ЖООП. Практикада жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүн БМжБ тобунда туруктуу иштөөгө ынандыруу оор экени белгилүү болду. Башында БМжБТнын курамында 11 киши бар болчу. Бирок төрт киши андан ары иштегиси келбей койду, ошондуктан топтун курамы жети адамга чейин азайды. Бүгүнкү күндө алар абдан жигердүү жана жакшы иштеп жатышат. Менимче мекемелердин жетекчилери да жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү болуп саналат.

ПИКИР. Бизде да ушундай эле көрүнүш: БМжБ тобунун курамында мамлекеттик мекемеде же ЖӨБОдо иштеген адамдар болуп калат, алар ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Ал эми жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү каалаган учурда келип-кете берет же такыр эле көрмөксөнгө салып коет. Аларды ишке тартып, кызыктыруунун кандайдыр бир механизми барбы? СУРОО. Эгерде МжБнын бардык жыйынтыктарын АӨгө жана АКка өткөрүп берген күндө алар эч кандай чара көрбөсөчү? Мисалы, айылга асфальт төшөлдү, бирок сапаты өтө начар болуп калды дейли. ЖӨБ органдарынан эч кандай реакция жок. Мындай учурда силер эмне кыласыңар жана башка жогору турган маморгандарга кайрыла аласыңарбы?

ЮРИСТТИН ЖООБУ. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчү тараптан бузуулар аныкталган учурда БМжБТ мүчөлөрү КРнын ар бир жаранындай эле каалаган маморганга, анын ичинде тартип коргоо органдарына да кайрыла алышат. Бул – бузууларды четтетүү максатында ар бир жарандын конституциялык укугу. СУРОО. Силердин БМжБ тобу өтө чоң иштерди жасаган экен. Ал эми топтун иши тууралуу маалыматты элге кантип жеткирип жатасыңар?

ЖООП. Чогулуш жана жыйындарды өткөрүп жатканда биз бул иш-чараларга катышып, элге маалымат жеткирүүгө аракет кылабыз. Мындан тышкары алты айылдын ар биринде маалымат такталары илинген жана биз МжБнын жыйынтыктарын жарыялап турабыз. СУРОО. Көптөрдү БМжБ тобу кандай расмий документтердин негизинде мониторинг жана баалоо жүргүзө турганы кызыктырат. “Силер кимсиңер жана ишибизди текшергенге кандай укугуңар бар?” деп сурашат. БМжБ тобунун мүчөлөрүндө юридикалык ыйгарым укуктар жетишсиз болгон үчүн ушундай болуп жатабы? Мисалы, бизге текшерүүчүлөр келгенде биз да документтерди, анын ичинде күбөлүктү сурайбыз да. Балким, бизге да ушул өңдүү күбөлүк керектир?

ЮРИСТТИН ЖООБУ: БМжБ тобунун курамын жана алардын иш планын силердин айылдык кеңештин депутаттары бекитиши керек. Мына ушул документтер БМжБ тобунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү болот. БМжБ топтору пландалган ишмердиктин чегинен чыкпоого тийиш. Башкача айтканда, пландалбаган объектке мониторинг жүргүзө албайт. Күбөлүк тууралуу айта турган болсок, мыйзамдар ЖӨБ органдарына БМжБ тобунун мүчөлөрүнө мониторинг жүргүзүүгө укук берген документти берүүгө тыюу салбайт. ПИКИР. Көк-Жар ААнын БМжБ тобунун мүчөлөрүнө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алар иштин сапатын жакшыртуу үчүн айыл өкмөтүнө чындап жигердүү жардам беришүүдө. Биздин БМжБ тобу да АӨ жана АК менен активдүү жана тыгыз иш алып барса деп каалайт элем. Бирок бүгүн көп нерсе депутаттык корпустан көз каранды болгонуна ынандым. Бул жакта АК депутаттары да, төраганын өзү да активдүү болгону жакшы. Бирок биздин депутаттар андай эмес, алар ыйгарым укуктары АӨ башчысын шайлап, бюджетти бекитүү менен эле чектелген деп ойлошот. Чынында бул жерде иш абдан көп, муниципалитет үчүн зарыл ченемдик укуктук актыларды даярдап, шайлоочулар менен тыгыз иш алып барып, аткаруу органынын ишине чыныгы көзөмөл жүргүзүп, бюджеттк процесске жана ЧУАны шайлоочулар менен талкуулоого жигердүү катышып, муниципалдык менчикти башкаруу, СЭӨП жана башка пландарды кабыл алуу жана ишке ашыруу жол-жоболоруна катышуу, б.а., айылдын күрөө тамырын кармап, бүтүндөй аймак үчүн мотор болуш керек.

Коопсуз жана инновациялык мектеп Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары үчүн эки объект менен жеринде таанышып чыгуу да кызык болду. Бул жерде БАПты ишке ашыруунун алкагында артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча иштер жасалып, оң жыйынтыктар алынган. Объекттерди көргөн катышуучулар кыска мөөнөттүн ичинде жумуштардын сапаттуу аткарылышына таасирин тийгизген БМжБТнын ишине да күбө болушту. Көкжардыктар конокторго биринчи кезекте айылдагы мектептин жана бала бакчанын аймагында орнотулган жаңы тосмону көрсөтүштү. Көкжардыктар үчүн бул маселенин чечилиши чоң жетишкендик эле. Себеби буга чейин ал жергиликтүү элдин көйгөйлүү маселесине айланган эле. Ошондуктан ЖМБА-иш-чараларынын алкагында тосмо орнотуу – артыкчылыктуу маселе деп аныкталган. 20 жылдан бери балдардын коопсуздугу наристелердин ата-энелерин, мугалимдерди, бала бакчанын тарбиячыларын тынчсыздандырып келген. Айылдык мектептин аймагына өгүз кирип барып, баланы жарадар кылган эле. Ошондуктан 2018-жылы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасына катышуу үчүн артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча чогулуш өткөн. Бул чогулушта эл сынына коюлган долбоорлордун ичинен “Балдардын коопсуздугу өз колубузда” долбоору эң көп добуш алган. Швейцария өкмөтүнөн 1 миллион сом гранттык каражат утуп алып, ага жергиликтүү бюджеттен 100 000 сом, демөөрчүлөрдөн 10 000 сом кошкон соң мектептин жана бала бакчанын тегерегинде металлдан 330 м. тосмо орнотулган. Мектептин директору Айсулуу ЖУМАБАЕВА буларды айтты: “Бүгүнкү күндө балдардын коопсуздугу маселеси ойго салбай калды, ушул жерде жашагандардын ар биринин жүрөгүн өйкөп келген кооптонуу жок болду”.

Коноктор көргөн экинчи объект – Көк-Жар айылындагы гимназиялык класстары бар инновациялык мектеп болду. Мектептин директору Каныке КОЖОЕВА конокторду имараттын алдынан тосуп алып, билим берүүчү мекеменин тарыхы тууралуу кыскача айтып берди. Бул имарат 1976- жылы курулган жана бул жерде 1157 окуучу билим алат, 75 педагог эмгектенет жана 19 техникалык кызматкер иштейт. Мектептин педагогдору жана окуучулары үчүн негизги жетишкендик – билим алуу үчүн мүмкүн болушунча мыкты шарттарды түзүү. Мындай аракеттин натыйжасында бүтүрүүчүлөр чоң ийгиликтерге жетип жатышат. Түзүлгөн шарттардын натыйжасында, биринчиден, 2017-жылы республикалык бюджеттен 9 миллион сомго капиталдык ремонт жасалган, терезелер толугу менен алмаштырылып, имараттын үч кабатында тең жаңы жылытуучу система орнотулган. Экинчиден, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 130 000 сомго жана демөөрчүлөр берген 80 000 сомго видеокөзөмөл аркылуу коммуникациялык байланыш түзүлгөн: имараттын ичинде да, тышында да, класстарда жана коридорлордо 20 камера орнотулган. Мектепте болуп жаткандардын баары директордун кабинетиндеги экранда түз көрсөтүлүп турат. Директор сабак кантип өтүп жатканын, коридордо эмнелер болуп жатканын көрө алат жана зарыл болсо микрофон аркылуу билдирүү жасайт же тентектик кылган балдарды тыйып, алардын үнүн уга алат.

Мындан тышкары конокторго 7-класстарда орнотулган интерактивдүү такталарды жана проекторлорду көрсөтүштү. Бул жабдуулар үчүн Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 650 000 сом, Кытайдын Ош шаарындагы Консулдугу 127 000 сом бөлүп берген. АӨБдүн эсебинен 2 050 000 сомго эки жаңы компьютердик класс (кошумча оргтехника жана электрондук такталар кирген 33 комплект) ачылган. Бул инвестициялар конкурстарга катышкандан кийин келген: 100 мектептин ичинен отузу гана жабдуулар жана оргтехника түрүндө грант утуп алган эле. Жергиликтүү бюджеттен кошкаржылоо катары 130 000 сом бөлүнгөн. Катышуучулар коридорлордун жана класстардын жасалгаланганына көңүл бурушту. “Көрсөтмөлүү окуу китептерин жана маалымат такталарын алууга ким жардам берди эле?” деген суроого директор мунун баары демөөрчүлүк жардамдын эсебинен жасалганын, балдардын жакындары, тааныштары, достору жана ата-энелери жалпысынан 100 000 сомго эмгек салымын кошконун айтып берди. Такталар, көрсөтмө окуу китептери, картиналар жана сүрөттөр колго жасалган. Жетишкендиктер тууралуу айта турган болсок, 2018-жылы “Алтын Тамга” сынагында мектептин эки бүтүрүүчүсү 190 балл алып, Ош облусу боюнча биринчи орунду ээлешкен. Бул бүтүрүүчүлөр өлкөнүн каалаган жогорку окуу жайында акысыз билим алууга укук берген атайын аттестатка ээ болушкан.

Тажрыйба алмашуу сапарынын көпчүлүк катышуучулары үчүн бул күнү көргөндөрү сенсация болду. Элеттик мектептин жетишкендиктери биздин айылдын чыныгы эмгекчил каармандары үчүн чоң сыймык болуп эсептелинет. Бул каармандар – мектептин техникалык кызматкерлери, мугалимдери, директорлорунан баштап, АӨнүн жетекчилиги жана кызматкерлери, АК депутаттарына чейин өзүнүн кичи Мекенинин келечеги үчүн саат сайын жана күн сайын чоң жана чакан жеңиштерге жетүүдө. Даанышман адамдардын бири “Эгерде келечегиңди билгиң келсе, адегенде мектебиңди көргүн” деген экен. Анысы кандай, көкжардыктардын мектебин көргөн адам айылдык аймактын гана эмес, жалпы Кыргызстандын да келечеги бар болгонуна ынанчудай. Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучусу ТОКТОНАЛИЕВА Айгүл (АӨ башчысынын милдетин аткаруучу, Нарын облусунун Чаек АА) мындай пикири менен бөлүштү: “Айылда ушунчалык заманбап жабдылган социалдык объекттер бар болгону таң калычтуу. Видеобайкоо системасы инновациялык мектепте, бала бакчада орнотулган, класстарда электрондук такта колдонулат экен. АӨ башчысы социалдык объекттердин (мектептердин жана бала бакчалардын) жетекчилерине түрдүү долбоорлор менен жигердүү кызматташып, инвестиция тартуу тапшырмасын койгону, кош-каржылоо катары жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнгөнү өтө сонун! Көк-Жар ААнын ЖӨБ органынын жетекчилиги айылдагы билим берүүгө чоң көңүл бурганы абдан кубандырат. Ушундан улам айылдык аймактагы окуучулар райондук, облустук, республикалык деңгээлдердеги олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлешүүдө. Бүгүнкү күндө жалпысынан өлкө боюнча билим берүү системасы көпчүлүк учурда чеке жылытпайт”.

Мектептер тууралуу сурайбыз

СУРОО. Силерде ушул мектепте гана инновациялык техника орнотулганбы? ЖООП. Жок, башка үч мектепте тең 1-2 электрондук такта бар. СУРОО. Жакында биздин мектепте да ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында электрондук такталарды орнотобуз. Силер бизге телефондон ошол такталарды колдонгонду үйрөтө аласыңарбы? ЖООП. Чынында, бул анчалык деле оор эмес, алардын өзүнүн диски болот, ошол дискти көрүп, тактаны кантип колдонуш керектигин үйрөнүп алса болот. Бул уникалдуу такта, ага электрондук калем менен гана эмес, кадимки ручка же сотка менен деле жазса болот, тактанын архивине өткөн сабакты сактап, окуу программаларын жүктөп, интернетке да кирсе болот. Электрондук тактанын ичинде проектор, процессор, монитор, клавиатура, видеокамера, азык сапсалгы, колонка жана бир принтер болот. СУРОО. Бул такталарды кайсы жылы алдыңар эле жана балдардын билим деңгээли боюнча кандайдыр бир прогресс байкалып жатабы? ЖООП. Биринчи такталар бизде 2015-жылы пайда болгон жана бүгүн олуттуу жетишкендиктер бар деп айтсак болот. Себеби балдарыбыз облустук жана республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлей башташты, алардын ичинен экөө жалпы республикалык тесттен эң жогорку балл алышты. Инновациялар окуучулардын билимин өнүктүрүүдө абдан жардам берет деп ишенимдүү айта алабыз. СУРОО. Силер аккредитациядан өттүңөр беле? ЖООП. Ооба, биздин райондо 114 мектеп бар, алардын ичинен 31 мектеп гана аккредитациядан өткөн. Булардын катарында биздин да мектеп бар. Мектептердин рейтинги жалпы республикалык тесттин негизинде бааланат. Эгерде үч жыл мурда бизде орточо балл 106 болсо, бул жылы 130 балл болду. Мындай жетишкендиктерге инновациялык технологиялар таасирин тийгизди деп ишенимдүү айтам.

СУРОО. Жалпы республикалык тесттин негизинде ЖОЖго өткөндөрдүн деңгээли боюнча өлкөдө эң төмөнкү көрсөткүчтү Ош облусу көрсөттү деп чогулуштарда угуп калабыз. Силердин көрсөткүчүңөр кандай болду экен? ЖООП. Бул жылы 56 бүтүрүүчүнүн ичинен алтоо гана 110 балл алып, жогорку окуу жайларына өтпөй калды. Мисалы, ОшМУ Ош облусу боюнча рейтинг жүргүзөт – кайсы мектептердин бүтүрүүчүлөрү көбүрөөк тапшырганын эсептеп турат. Бул рейтингде биздин мектеп экинчи орунда турат.

Сапардын катышуучулары кандай тажрыйба алышты? САТАРОВ Эркин, Ак-Тал АӨ башчысы (Нарын облусу): “Бүгүнкү тажрыйба алмашуу сапары мен үчүн бурулуш окуя болуп калды. Себеби Көк-Жар айылдык аймагынын ЖӨБ органынын ишинин масштабы таң калтырды, үйрөнчү көп нерсеси бар экен. Бул аймакта билим берүү системасы жогорку деңгээлде турганын, гимназиялык класстары бар орто мектепте иш масштабдуу жана сабаттуу уюштурулганын, инновациялык технологиялардан баштап, мектептин ичиндеги коопсуздукка өтө чоң көңүл бурганга чейин окуучулар үчүн мүмкүн болушунча мыкты шарттар түзүлгөнүн белгилегим келет. БАПтын алкагында көп иштер жасалып, көпчүлүк артыкчылыктуу көйгөйлөр чечилген экен. Ал эми БМжБТнын иши “машина от алды” дегендей деңгээлге көтөрүлүптүр. Азыр эле БМжБ тобунун иши жемишин бере баштаганын көрүүгө болот. Өз айылыма баргандан кийин командамды жана мекемелердин жетекчилерин чогултуп, ушул сапар маалында көргөндөрүмдүн баарын өз ишимде кантип колдонсо болорун ойлонобуз”.

МОЛОДОГАЗИЕВ Максат, АӨ башчысы, Кара-Суу АА: “Мага Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ынтымактуу командасы абдан жакты. Жамаатта бириккендикти, АӨ аппараты ичинде жагымдуу маанайды түзүп турган, АӨнүн ар бир кызматкерине дем берген жетекчинин салымын сезүүгө болот. Көк-Жар АӨ башчысы эмгек жолун жөнөкөй адис катары баштап, карьералык тепкичтен улам көтөрүлүп отуруп, жетекчилик кызматка чейинки жолду басып өткөн экен. Мындай жетекчи ЖӨБ органынын ички “ашканасын” түшүнөт, биринчи кезекте кайсы маселелерди кантип чечиш керектигин жакшы билет. Ошондой эле АӨ башчысы мектепте жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө көп күч-аракет жумшап, мекемелердин жетекчилигине инвестиция издөө тапшырмасын бергени, жергиликтүү бюджеттен да ушул үчүн акча бөлгөнү таасир калтырды. Бул мен үчүн жаңылык, муну өз ишимде сөзсүз колдоном”

КОНУРБАЕВ Бердалы, айыл өкмөтүнүн долбоордогу координатору, Ылай-Тал АА: “Мен өтө чоң тажрыйба алдым, аны жетекчилигим жана кесиптештерим менен бөлүшөм. Бул сапарда көргөндөрүмдүн көбүн биздин иште да колдонсо болот деп ишенип турам. БМжБТнын иши кантип жолго коюлганы жакты, алдына койгон тапшырмаларды натыйжалуу аткарган ынтымактуу жамаат болгону сезилип турат. Ошондуктан мына ушундай оң жыйынтыктарга жетип отурушат. Жергиликтүү бийлик менен жергиликтүү жамаат ортосундагы өз ара мамиле жолго салынганы көрүнүп турат. Дээрлик ар бир мисалда акчалай же эмгек салымы түрүндө элдин катышуусу байкалат. Ушундан улам БАПтын алкагында артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн басымдуу бөлүгү чечилсе керек деп ойлойм”.

Корутунду АӨ башчылары жана БМжБ топторунун төрагалары кесиптештеринин тажрыйбасы менен иш жүзүндө терең таанышып, өз ишин башкача баалай баштаганы тажрыйба алмашуу сапарынын эң чоң жетишкендиги болуп калды. Ишчарадан кийин дээрлик баары ишке карата мамилени өзгөртүп, айылдык кеңештин депутаттарын жигердүү кошуп, инвестицияларды тартып, башка ЖӨБ органдары менен көбүрөөк маалымат алмашып, баарлашып туруу үчүн платформаларды түзүш керектигин айтышты. Түндүктөгү максаттуу муниципалитеттердин түштүктөгү муниципалитеттерге окуу сапарын уюштуруу чечими өтө пайдалуу жана натыйжалуу болду. Бул сапар көптөгөн катышуучулардын ЖӨБ органдарынын ишине жасаган мамилесине гана эмес, негизинен эле жашоо тартибине, турмуштук позициясына карата көз карашын, түрдүү аймактык маселелер боюнча элесин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берди. Негизгиси – бирдей эле маселелерди чечүүдө ар кандай ыкмаларды пайдалануу боюнча диалог түзүлүп, пикири алмашуу болду.

Тажрыйба алмашуу сапарынын көпчүлүк катышуучулары үчүн бул иш-чара эффективдүү таасир калтырды. Мисалы, үйүнө баргандан кийин нарындык катышуучулар – беш максаттуу муниципалитеттин өкүлдөрү тыгыз кызматташтык тууралуу макулдашып алышты. Алар кызматташтыкты муниципалитеттер ортосунда тажрыйба алмашууну уюштуруу жана ишке ашыруу аркылуу жасамай болушту. Бул үчүн кезек-кезеги менен бири-бирине барып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба менен бөлүшүп турушат. Нарындыктардын айтымында, Көк-Жар айылдык аймагына болгон сапар ушунчалык катуу таасир калтыргандыктан, алар өз аймактарында олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү, өз ишин кайра карап чыгуу жана ЖӨБ органдарынын ичинде да, АӨ менен АК ортосунда да бекем байланыш түзүү тууралуу ойлоно башташты.

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси Абдилбоки ТОЛИПОВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Ош облусу боюнча аймактык координатору

Окшош материалы: