Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Инвестор менен кантип “достошуп”, жергиликтүү бюджетти эки эсе көбөйтсө болот?

2019-03-13 / ЖӨБ каржысы
Инвестор менен кантип “достошуп”, жергиликтүү бюджетти эки эсе көбөйтсө болот?

Чоң-Алай АА тоо-кен казуучу компания менен мамилесин бир калыпка сала алды.

Мунун натыйжасында экологиялык көйгөйлөрдүн алдын алуу мүмкүн болду, ошондой эле айылдарда жашоо деңгээли да бир кыйла оңолду – бюджет 17 миллион сомдон 39 миллион сомго көбөйдү. Инвестор менен иштешүү тажрыйбасы тууралуу окуу сапары маалында кенен сөз болду. Тажрыйба алмашуу сапары “Жарандарды бюджеттик процесске тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди биргелешип чечүү практикасы” деген темада өттү. Бул окуу сапары ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен 2018-жылы күзүндө Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылдык аймагында өттү.

И н в е с т и ц и я л а р жана инвесторлор менен иштешүү темасы ЖӨБ органдары арасында өзгөчө кызыгуу жаратты. Себеби муниципалитеттер арасында тажрыйба алмашуу сапарына катышкандардын ичинен Чоң-Алай АА дотацияда турса да, акыркы төрт жылдын ичинде өз бюджетин 2,5 эсе көбөйтүп, жергиликтүү жамааттын көйгөйлүү маселелерин масштабдуу чечип жаткан жалгыз муниципалитет болду. Бул – ЖӨБ органы кыйынчылыктарды жеңип, тоо-кен компаниясы менен иштешүүнүн натыйжалуу жолун таап, жергиликтүү маанидеги маселелерди эффективдүү чечүү аркылуу жалпы жамаат үчүн чоң пайда алып келгенин даана көрсөтүп турган ийгиликтүү үлгү. Бул окуя 2008-жылы башталган эле. Бул жылы Геология комитетинин лицензиясынын негизинде ЖӨБ органы “ТИК Кайди” комбинатына (мындан ары – Комбинат) адегенде үч жылга, андан соң алты жылга 179 гектар жайыт жерин (ЖӨБдүн колдонуусунда турган мамлекеттик жерди) берген. Ошондо кеткен ката – Комбинат жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү жамаат менен макулдашпай туруп, бардык экологиялык талаптарды бузуу менен, ошол эле заматта кен чыккан жерди иштете баштаган. Мунун натыйжасында талаалар жараксыз абалга келип, дарыялар булганып, оор жүк ташуучу техника аймактын айылдарындагы ички жолдорун талкалаган. Жергиликтүү жамаат бул көрүнүшкө ошол заматта реакция жасап, ЖӨБ органы менен биргелешип, Комбинаттын алдына экологиялык көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан. Бул үчүн айыл өкмөтү Комбинаттын жетекчилиги катышкан коомдук угууларды уюштурду. Угууларда Комбинаттын алдына экологиялык талаптарды сактоо, калдык сактагычтарды куруу, жерлердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүү (жерлерди экологиялык жана экономикалык жактан калыбына келтирүү боюнча комплекстүү чараларды көрүү) талаптары коюлган. Жергиликтүү жамааттын мындай талаптарын Комбинат көңүл сыртында калтырган. Мына ошондон кийин жергиликтүү коомчулук ишкананы кенди иштетүү боюнча бардык жумуштарын токтотууга мажбур кылган эле. Комбинат бардык талаптарды аткарган жана 2012-жылдан 2015-жылга чейинки мезгил аралыгында калдык сактагычты, айланма жолдорду куруп, жерлердин күрдүүлүгүн калыбына келтирип, суу үчүн куурларды өткөрүп, 2015-жылы гана өз ишин жандандырган.

Чогуу иштешүүнү уюштуруу үчүн ЖӨБ органы, районду Өнүктүрүү фонду жана Комбинат ортосунда үч тараптуу келишим түзүлүп, анда компания экологиялык талаптарды аткарары, өз убагында бардык төлөмдөрдү жасап турары ж.б. көрсөтүлгөн. Эми райондук Өнүктүрүү фонддун эсебине Комбинаттан 2% көлөмүндө бардык салыктык чегерүүлөр түшүүдө, алардын ичинен 20% автоматтык түрдө Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн эсебине которулат. Мындан тышкары жергиликтүү жамаат Комбинатка социалдык пакетти (ыктыярдуу төлөмдөрдү) бөлүп турууну сунуш кылды. Мунун эсебинен беш айылда элеттик өнүктүрүү фонддору түзүлдү. Ар бир Фонд менен өз-өзүнчө келишим түзүлүп, анда негизги пункт төм. болду: Комбинат соцпакет катары өндүрүштүн көлөмүнө жараша 5 пайыз төлөп берет (ошол эле маалда комбинатка жакын жайгашкан айылдар андан алысыраак орун алган айылдарга салыштырмалуу көбүрөөк алышат). Бул фонддор калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн натыйжалуу механизм болуп берди. Себеби элеттиктер айыл өкмөтүнүн жардамы менен айылдык өнүктүрүү фонддоруна ар кандай долбоорлорду жазып, конкурс өткөрүү жолу менен артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө гранттарды утуп алышууда (2018-жылы фонддун жалпы бюджети 50 млн. сомду түздү).

Мына ушул учурдан баштап чоңалайлыктардын жашоосу жакшы жагына өзгөрө баштады: аймактагы турмуш жанданып, адамдарда алдыга умтулуу сезими пайда болуп, инфраструктура жакшырып, жаңы имараттар жана курулмалар пайда болуп, көчөлөргө жарык келип, жолдор курула баштады. Комбинат жергиликтүү тургундарды ишке алганы жалпы айылдык аймак үчүн оң маанайдагы фактор болуп калды: квоталар калктын санына жараша ар бир айылдан 10дон 30га чейин адамды жумушка ала тургандай бөлүштүрүлдү. 2018-жылдагы маалыматка ылайык, Комбинатта 18 жаштан 50 жашка чейинки курактагы 200дөн ашык адам иштейт. Жергиликтүү тургундар айдоочу, тракторчу, жумушчу, котормочу, ашпозчу өңдүү жумуштарга алынган. Комбинаттын ишиндеги ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында айыл өкмөтү ай сайын чогулуш өткөрүп турат. Бул чогулуштарда Комбинат кандай көлөмдөгү жумуштарды аткарганы, канча чегерүүлөр жана төлөмдөр жасалганы, канча адам жумушка алынганы тууралуу маалыматтарды берип турат. Жергиликтүүлөр айылдык аймакта биринчи кезекте чечилиши керек болгон көйгөйлөр тууралуу ачык айта алышат.

\

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Тайирбек ЖАЙЧИБЕКОВ буларды белгиледи: “Мен АӨ башчысы болуп 2017-жылдан бери иштейм, бирок 2012-жылдан бери айылдык кеңештин депутаты болчумун. Ошондуктан бардык көйгөйлөрдү жакшы билем, Комбинат менен чогуу иш жүргүзө баштаган оңой эмес мезгилге туш келдим, төмөндөөгө да, ийгиликтерге да күбө болдум. Башында өтө оор болду, көптөгөн түшүнбөстүктөр, өз ара дооматттар, таарынычтар болуп жатты, адамдар Комбинаттын ишине тоскоолдук кылышты. Бирок, натыйжада, ЖӨБ органы менен Комбинаттын ичинде ачык-айкындуулук канчалык көп болгон сайын, ошончолук көп адам биздин ишибизди так түшүнө баштады. Жергиликтүүлөр айылдык аймактагы тигил же бул артыкчылыктуу маселелер кайсы каражаттын эсебинен чечиле турганын, акча кайда жана эмне үчүн жумшалаарын баамдай башташты. Бүгүн мен бир нерсени даана түшүнө баштадым: АӨ башчысынын негизги милдеттеринин бири – бул түрдүү инвестицияларды тартуу, ААнын инфраструктурасын жакшыртуу, калкты иш менен камсыз кылуу жолу менен жергиликтүү бюджетти көбөйтүш керек. Бул иштердин баары биздин негизги инвесторубуздун жардамы менен жасалып жатат. Жер казынасы – биздин байлыгыбыз. Бул байлык биринчи кезекте жергиликтүү жамаатка пайда алып келүүгө тийиш. Ошондуктан мыйзамдарды, экологиянын талаптарын сактап, калктын муктаждыктарын чечип бериш керек. Бул баары үчүн пайдалуу болот. Комбинат которуп жаткан акчанын эсебинен биз айылдык аймактагы негизги көйгөйлөрдү чечип алдык. Мисалы, элди ичүүчү суу менен камсыз кылып, ички жолдорду, бала бакчаларды, спорт залдарын оңдоп алдык. Алдыда дагы чоң пландарыбыз бар, элеттик өнүктүрүү фонддору бетон заводун курууну пландап жатат. Бул завод бизге жол маселесин чечүүгө жардам бермекчи. Биз ички жолдордун баарына асфальт төшөп, жаңы мектеп кура алабыз”

Чоң-Алай АА жергиликтүү жамаат менен биргелешип, артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн инвестицияларды кантип колдоно алды? 2017-2018-жылдары чоңалайлыктар жалпысынан 95 030 700 сомго артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечишкен. Бул пландарды ишке ашыруу үчүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаттары 2017-жылы СЭӨПны, ал эми декабрда жамаат менен биргелешкен аракеттер планын (БАП) бекитишкен. Бул пландардын алкагында төмөнкүдөй маселелер чечилген:

• жаңы объекттер курулду: 1) 26 000 000 сомго 350 адам машыга турган спорт комплекси; бир айылда 8 700 000 сомго, башка айылда 10500000 сомго спорт зал; 3) 2000000 сомго ФАП имараты; 4) 12792300 сомго жаңы көпүрө; 5) 14738400 сомго стадион; 6) бир айылда 14700000 сомго, экинчи айылда 8700000 сомго бала бакчалар; 7) 4000000 сомго тигүүчү цехтин имараты, 30 тигүүчү машине сатып алынды (“Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун көмөгү менен);

• бир айылга 9700000 сомго, экинчи айылга 19672000 сомго ичүүчү суу жеткирилди;

• мектептерге жана бала бакчаларга 1300000 сомго жабдуулар жана кеңсе буюмдары сатып алынды (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунан 1 000 000 сом);

• көчөлөргө 2800000 сомго жарык орнотулду (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунан 1 000 000 сом).

СУРОО. Чоң-Алай ААда жер салыгынын суммасы канча? Жергиликтүү кеңештин депутаттары АЖМФ жерлери үчүн ижара акысын көбөйтүү сунушуна кандай карашат?

ЖООП. 2017-жыл үчүн жана 2018-жылдын 9 айы үчүн салыктын суммасы 12 млн. сомду түздү. Мурда 1 гектар үчүн салыктын суммасы 80 сом болчу, ал эми азыр 1 гектар жер үчүн 188 сом болуп калды. Мындан тышкары бизде АЖМФтин 500 гектар жери бар. Мурда 1 гектар жерди 20 сомго ижарага берчүбүз. Бүгүнкү күндө айылдык кеңештин токтому менен биз бааны 1000 сомго чейин көтөрдүк. Себеби адамдар 1 гектар жерди 200 сомдон ижарага алып, субижарага 1500 сомго берген фактылар аныкталды. Айылдык кеңештин депутаттары менен тыгыз иш алып барып, алар менен ишенимге негизделген мамиле түзүп, алар кабыл алган чечимдердин кесепети кандай болоорун түшүндүрүш керек. Депутаттар өз элине чоң пайда алып келип жатканына ишенгидей болуш керек. Айыл өкмөтү жакшы жасалган иштин авторлугун өзүнө “ыйгарып” албастан, айылдык кеңештин депутаттарынын эмгеги менен тигил же бул маселе чечилгенин ачык айтууга тийиш. Ар ким “жуурканды өзүнө тарта берсе”, иш такыр эле жүрбөй калат. Ал эми мунун азабын айылдык аймактын эли гана тартат.

СУРОО. Өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда өз салымды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлөсүңөрбү? Муну алдын ала пландайсыңарбы? Финансы министрлигинин аймактык бөлүмү бюджетке бул максаттар үчүн каражатты алдын ала караштырууга болбой турганын айтты.

ЖООП. Биз алдын ала, жылдын башында эле бюджетти пландап жатканда өз салымыбызды каржылоо үчүн 2 млн. сом бөлүп коебуз. Андан кийин гана долбоорлорду ишке ашырганыбызга жараша бөлүштүрө баштайбыз. Райондук финансы бөлүмүнүн бул маселеге эч тиешеси жок. Себеби жергиликтүү бюджет – бул жергиликтүү жамааттын акчасы жана аны айылдык кеңештин депутаттары аркылуу калк өзү тескейт. Депутаттар өзүнүн Токтому менен жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү боюнча бардык чечимдерди өздөрү кабыл алышат. Кийинки жылга бюджетти пландап жатканда долбоорлор болобу же жокпу – буга карабастан айылдык кеңеш жергиликтүү бюджетте зарыл болгон көлөмдө акча каражаттарын караштырууга укуктуу. Эгерде ЖӨБ органдары бул каражатты багыты боюнча колдоно алышпаса, ал каражатты башка беренеге өткөрүп койсо болот. Бул үчүн мыйзамдарда каралган тартипте бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизиш керек.

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

Окшош материалы: