Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мейкиндиктик пландоо
Регионалдык | мейкиндиктик пландоонун Европа хартиясы (1983-жылдагы Торремолинос Хартиясы)
Сөз башы1 1983-жылдын май айында Торремолиносто өткөн Регионалдык пландоо үчүн жооптуу болгон Европа министрлеринин 6-Конференциясы Европа деңгээлинде регионалдык/мейкиндиктик пландоонун тарыхында өтө маанилүү учур болуп эсептелинет.
Регионалдык/мейкиндиктик пландоонун Европа хартиясын кабыл алуу Конференциянын өзөктүк учуру болуп калды. Бул Хартия – Европалык мейкиндиктик пландоо жаатындагы эң алгачкы кадам. Хартия Европа кеңешинин Министрлер кабинети тарабынан ЕБга мүчө мамлекеттер үчүн Сунуштамаларга толук түрүндө кошулган. Европа Кеңеши жакында эле кабыл алган Архитектуралык мурас тууралуу Европа Хартиясынын (European Architectural Heritage Charter), Жер кыртышы Хартиясынын (Soil Charter) жана Суу Хартиясынын (Water Charter) артынан эле Регионалдык пландоонун Европа хартиясында биринчи жолу негизги жалпы европалык максаттар аныкталган. Бул максаттар мейкиндиктик пландоо, Европада жашоо сапатын өркүндөтүү, адамдык жигердүүлүктү уюштуруу саясатынын өзөгүн түзүшү керек. Хартия Европа Кеңешинин жалпы алкактык тексттерине карайт. Хартия улуттук жана жалпы европалык саясаттардын жетектөөчү принциптерин түзүүгө багытталат. Бул саясаттар тең салмактуу аймактык өнүгүүгө жана европалыктар үчүн жогорку сапаттагы айлана-чөйрөнү камсыз кылууга багыт алган. Хартия Европа коомуна оң таасирин тийгизип, европалык кызматташтыкка жаңы дем берип, жалпы иденттүүлүктү баамдоого түртүп, муну менен европалык биригүү боюнча биздин аракеттерге кошумча кубат берээринен шек жок.
Франц КАРАСЕК, Европа Кеңешинин Башкы катчысы.
Преамбула
1. Европа Кеңеши уюштурган СЕМАТ 6-сессиясынын жыйынына катышкан регионалдык пландоо үчүн жооптуу Европа министрлеринин баамында: 1) регионалдык\мейкиндиктик пландоо – европалык коомчулуктун өнүгүүсүндө маанилүү аспап жана бул жааттагы эл аралык кызматташтыктын интенсификациясы европалык иденттүүлүктү күчөтүүгө олуттуу салым кошот; 2) бул чөйрөдөгү кызматташтык жалпы принциптерди иштеп чыгуу үчүн улуттук, регионалдык жана жергиликтүү өнүгүү концепцияларына дыкат талдоо жасоону талап кылат. Бул принциптер регионалдык айырмачылыктарды азайтуу, мейкиндикти дагы да терең колдонуп, уюштурууга жетүү, иш-аракеттерди бөлүштүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана турмуш сапатын жакшыртуу үчүн иштелип чыккан; 3) Европа мамлекеттеринин экономикалык жана социалдык системаларындагы терең өзгөрүүлөр жана башка өлкөлөр менен мамилелердеги өзгөрүүлөр мейкиндикти уюштурууну башкаруу принциптерин сынчыл көз менен кароого, социалдык, маданий жана экологиялык өңүттөрдү эсепке албастан, кыска мөөнөттүү экономикалык максаттарга жетүүдөн алыс болууга мажбурлап жатат; 4) регионалдык/мейкиндиктик пландоонун максаттары экономикалык жана социалдык коркунучтарга жооп бере ала тургандай техникалык прогрессти координациялоо жана ага шайкеш келүү үчүн жаңы критерийлерге муктаж; 5) Европанын бардык жарандарында регионалдык/мейкиндиктик пландоо чараларын белгиленген тартипте түзүп, колдонууга катышуу мүмкүнчүлүгү болушу керек; 6) Ушул Хартияны кабыл алышат 7) жана аны калкка, ошондой эле жергиликтүү, регионалдык, улуттук жана эл аралык деңгээлдерде саясий чечим кабыл алган адамдарга беришет.
Регионалдык | мейкиндиктик пландоонун Концепциясы
8. Регионалдык/мейкиндиктик пландоо коомдун экономикалык, социалдык, маданий жана экологиялык саясатынын географиялык туюнтмасын берет. 9. Ошол эле маалда бул – илимий дисциплина, административдик башкаруунун усулу жана дисциплина аралык, көп тараптуу мамиленин алкагында өнүккөн саясат. Ал тең салмактуу регионалдык өнүгүүгө жана мейкиндикти жалпы стратегияга ылайык уюштурууга багытталган.
Анын европалык ченеми
10. Регионалдык/мейкиндиктик пландоо Европаны мейкиндиктик жактан уюштурууну жакшыртууга салым кошуп, улуттук системанын чегинен чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүп, муну менен жалпы иденттүүлүк (common identity – өзүнчөлүк) сезимдерин пайда кылууга багыттайт, мында “түндүк-түштүк” жана “батыш-чыгыш” байланыштарына басым жасалат.
Анын мүнөздөмөлөрү
11. Адам жана анын байгерлиги, ошондой эле анын айлана-чөйрө менен мамилеси – регионалдык/ мейкиндиктик пландоонун өзөктүк маселеси; анын максаты – ар бир индивидуум үчүн адамдык ишмердиктин масштабына шайкеш келген контекстте анын индивидуалдуулугун өнүктүрүүгө көмөктөшө турган айлана-чөйрөнү жана жашоо сапатын камсыз кылуу. 12. Регионалдык/мейкиндиктик пландоо демократиялык, көп тараптуу, функционалдуу жана узак мөөнөттүү болууга тийиш.
Демократиялык – кызыкдар адамдардын жана алардын саясий өкүлдөрүнүн катышуусун кепилдей ала тургандай жүзөгө ашууга тийиш.
Көп тараптуу – түрдүү тармактык саясаттардын координациясын кепилдеп, аларды бириктирүүгө тийиш.
Функционалдуу – регионалдык сезим (regional consciousness) бар болгонун көңүлдөн чыгарбай, ал салттуу баалуулуктарга, маданиятка жана кээде административдик, аймактык чек аралардан чыккан кызыкчылыктарга негизделүүгө тийиш. Ошол эле маалда түрдүү өлкөлөрдүн институционалдык өзгөчөлүктөрүн да көңүл сыртында калтырбашы керек. Узак мөөнөткө багыт алган – узак мөөнөттүү тенденцияларды, экономикалык, маданий, экологиялык жана чөйрөлүк көрүнүштөрдүн жана таасирлердин өнүгүүсүн талдап, эсепке алышы керек.
Анын аракеттери
13. Регионалдык/мейкиндиктик пландоо чечим кабыл алган, мейкиндикти уюштурууга таасирин тийгизген көптөгөн өз алдынча жана институционалдык субъекттердин бар болгонун эсепке алышы керек. Регионалдык/мейкиндиктик пландоо бардык болжолдонгон изилдөөлөрдү, рыноктук таасирлерди, административдик системалардын өзгөчөлүктөрүн жана ар кандай социалдык-экономикалык жана чөйрөлүк шарттарды көңүлгө алууга тийиш. Буга карабастан бул таасирлерди эң эле ыңгайлуу ыкма менен жөнгө салууга умтулуу зарыл.
Фундаменталдык максаттар
Регионалдык/мейкиндиктик пландоо бир эле маалда төмөнкүлөргө жетүүгө умтулат: 14. Региондордун тең салмактуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү. Европага жалпысынан таасирин тийгизип жаткан экономикалык процесстерди, өзгөчөлүү регионалдык мүнөздөмөлөрдү жана өнүгүү өзөгүнүн маанилүү ролун, коммуникациялык тармактарды көңүлгө алуу менен, калк өтө жыш жайгашкан жана интенсивдүү өнүгүп келаткан региондордун өсүшүн контролдош керек, артта калып жаткан аймактардын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп, экономикалык өсүшкө дем берүү үчүн зарыл болгон инфраструктураны колдоп же ыңгайлаштырып, же европалык деңгээлде эмгек ресурстарынын агымына байланышкан жумуштуулук көйгөйлөрүнүн коркунучу алдында турган тармактарды колдош керек. 15. Жашоо сапатын жакшыртуу. Турак жайга, жумушка, маданиятка, бош убакытты өткөрүүгө жана жамааттардын байланыштарына карата күнүмдүк жашоонун сапатын жакшыртууга колдоо көрсөтүү, жумушчу орундарды түзүп, калктын түрдүү катмарларынын талаптарына шайкеш келген экономикалык, социалдык жана маданий муктаждыктарды канааттандыруу жолу менен ар бир адамдын байгерлигин жогорулатуу, ыңгайлуу жерлерге жайгаштыруу. 16. Жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликтүү пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо. Жаратылыш ресурстарынын айынан болгон тирештерди жөнгө салган жана ресурстарды сактоого багытталган стратегияларды киргизүү, айлана-чөйрөнү, жер, топурак, суу, энергия ресурстарын, фаунаны жана флораны жоопкерчиликтүү башкарууну кепилдөө, табияттын кайра кайталангыс бөлүктөрүнө, маданий жана архитектуралык мураска өзгөчө көңүл буруу. 17. Жерди үнөмдүү пайдалануу. Жогоруда белгиленген максаттарга жетүү процессинде ири шаардык жана индустриалдык комплекстердин, алдыңкы инфраструктуралардын жайгашкан жери, аларды уюштуруу жана өнүктүрүү маселелери, айыл чарба жана токой жерлерин коргоо маселелери да козголот. Регионалдык/мейкиндиктик пландоонун ар бир саясаты коомдун кызыкчылыктарын көздөгөн максаттарга жетүү үчүн жерди пайдалануу саясаты менен коштолууга тийиш.
Регионалдык | мейкиндиктик пландоо максаттарына жетүү
18. Регионалдык/мейкиндиктик пландоо максаттарына жетүү – бул маңызы жагынан алып караганда саясий маселе. 19. Көптөгөн жеке жана коомдук субъекттер өзүнүн иш-аракеттери менен мейкиндикти уюштуруу ишин өзгөртүп жана өнүктүрүүгө салым кошот. Регионалдык/мейкиндиктик пландоо дисциплина аралык интеграциянын талаптарын, бул процесске тартылган бийликтер ортосундагы координацияны жана кызматташтыкты чагылдырат. 20. Түрдүү тармактар ортосундагы координацияга умтулуу. Координация боюнча аракеттер негизинен калкты жана экономикалык активдүүлүктү, жашоо чөйрөсүн, коомдук тейлөө каражаттарын бөлүштүрүү, энергия, транспорт, суу менен камсыздоо, тазалоо, таштандыны жок кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш, тарых, маданий активдерди (cultural assets) жана ресурстарды коргоо маселелерине тиешелүү болот. 21. Чечим кабыл алууда жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү теңдештирүүдө түрдүү деңгээлдер ортосундагы координацияга жана кызматташтыкка көмөк көрсөтүү. Регионалдык/мейкиндиктик пландоо саясатына тартылган ар кандай бийликтер чечимдерди кабыл алууга жана аткарууга мүмкүнчүлүгү болушу керек, ошондой эле бул үчүн финансы каражаттарына ээ болушу абзел. Жергиликтүү, регионалдык, улуттук жана европалык деңгээлдердин ортосундагы оптималдуу координацияны камсыз кылуу, чек аралар аралык кызматташтыкты камсыздоо максатында алардын иш-аракеттери дайыма ар түрдүү чараларды эсепке алууга тийиш. Бул чаралар өзүнөн жогору же төмөн турган деңгээлде пландалып, алар бири бирине туруктуу негизде маалымат берип турушу керек.
Жергиликтүү деңгээлде: жергиликтүү бийликтин өнүгүү пландарын координациялоо, мында регионалдык жана улуттук пландоонун олуттуу кызыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурулат.
Регионалдык деңгээлде: регионалдык/мейкиндиктик пландоо саясатын аткаруу үчүн эң эле ыңгайлуу деңгээл, ал регионалдык жана жергиликтүү жана улуттук бийлик ортосундагы, ошондой эле кошуна өлкөлөр ортосундагы түздөн-түз координациялоо дегенди билдирет.
Улуттук деңгээлде: регионалдык/мейкиндиктик пландоо саясатынын түрдүү багыттарын жана регионалдык жардамдын чараларын координациялоо, ошондой эле улуттук жана регионалдык максаттарды бири-бирине үндөштүрүү.
Европалык деңгээлде: европалык маанидеги максаттарга жана жалпы тең салмактуу өнүгүүгө жетүү үчүн регионалдык/мейкиндиктик пландоо саясатын координациялоо.
22. Коомдук катышуу. Регионалдык/мейкиндиктик пландоонун ар бир саясаты ар кандай деңгээлдерде жарандардын жигердүү катышуусуна таянышы керек. Жарандар пландоо процессинин бардык баскычтарында так жана толук маалыматка ээ болуп, бул белгиленген тартиптерге жана жол-жоболорго шайкеш келүүгө тийиш.
Европалык кызматташтыкты бекемдөө
23. Регионалдык пландоо үчүн жооптуу министрлердин Европа конференциясы (СЕМАТ) европалык деңгээлде кызматташтык жана демилгелер үчүн идеалдуу саясий аспапты түздү. Хартия Европа Кеңешинин органдары жана Европа Жамааттары ортосундагы, ошондой эле тиешелүү өкмөт аралык уюмдар ортосундагы байланышты күчөтөт. Конференцияда Парламенттик жыйналышка жана Европанын жергиликтүү жана регионалдык бийликтеринин туруктуу Конференциясына бул чөйрөдөгү европалык кызматташтык боюнча жетишилген жыйынтыктар тууралуу туруктуу баяндамалар жасалат. Мамлекеттер ортосундагы саясий кызматташтык уюштуруп, күчөтүүдөн тышкары Хартия узак мөөнөттүү иш-аракеттерди болжолдоо, регионалдык статистика, картография жана терминология өңдүү техникалык пландоонун негизги тармактарындагы кызматташтыкка көмөк көрсөтөт. Максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон илимий, административдик, техникалык жана финансылык аспаптарды иштеп чыгуу зарыл. Бул максаттар регионалдык пландоонун европалык концепциясын түзөт (European regional planning concept). 24. Министрлер регионалдык пландоодо көйгөйлөргө туш болгон бардык мекемелерди, администрацияларды жана уюмдарды өз ишин Хартиянын мазмунуна шайкеш келтирүүнү өтүнүшөт. 25. Хартия европалык коомдун муктаждыктарына шайкеш келтирүү максатында кайра каралып чыкса болот. 26. Министрлер тиешелүү өкмөттөргө Хартиядагы принциптерди жана максаттарды эсепке алып, реалдуу европалык пландоого жетүү максатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунушташат.
Тиркеме. Атайын максаттар
Ушул Хартияда белгиленген бардык принциптер регионалдык пландоо үчүн жооптуу министрлердин Европа конференциясынын ишинде, элеттик, шаардык, тоолуу, суу жээгиндеги жана аралдагы аймактарды өнүктүрүүнүн өңүтүнөн алып караганда иштеп кетти. 1. Айыл чарбага тиешелүү функцияны аткарган элеттик райондор маанилүү ролду аткарышат. Элет жергесинде экономикалык, социалдык, маданий жана экологиялык өңүттөрүнө тиешелүү болгон алгылыктуу жашоо шарттарын түзүү зарыл. Ошондой эле чабал өнүгүп жаткан, алыскы аймактардагы райондор жана ири шаарларга жакын жайгашкан райондор ортосундагы айырмаларды эсепке алып, инфраструктураларды жана байгерликти өнүктүрүш керек. Мындай аймактарда шаардык системалардын, социалдык, экономикалык жана траспорттук структуралардын өнүгүүсү, алардын атайын функциялары сакталып, табигый ландшафттарды сактоо жана башкаруу көңүл сыртында калбашы керек. 2. Шаардык облустар Европанын өнүгүүсүнө чоң салым кошууда жана урбанизациянын өсүшүн башкарууда көйгөйлөрү көп. Тең салмактуу шаардык структура жерди пайдалануу пландарын системалуу түрдө аткарууну, шаардыктардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн экономикалык активдүүлүктү өнүктүрүүнүн жетектөөчү принциптерин колдонууну талап кылат. Жашоо шарттарын жакшыртууга, коомдук транспортту өнүктүрүүгө жана калктын шаар борборлорунан чет жакка ашыкча жер которуусун азайткан бардык чараларга өзгөчө көңүл бурулушу керек. Архитектуралык мурасты, эстеликтерди жана ажайып жерлерди калыбына келтирүү бардык шаарлардын жана мамлекеттин пландоо саясатынын милдеттүү тапшырмасы болушу керек.
3. Чек арага жакын облустар мамлекеттер ортосундагы макулдашуу саясатына башкаларга караганда көбүрөөк муктаж. Мындай саясаттын максаты – чек араларды ачуу жана чек аралар аралык консультацияларды көбөйтүү, кызматташуу жана инфраструктуралардын мүмкүнчүлүктөрүн чогуу колдонуу. Мамлекеттер аймактык бийликтер ортосундагы чек аралар аралык кызматташтык боюнча Европалык алкактык конвенциянын (European Outline Convention on transfrontier co-operation between territorial authorities) чегинде кызыкдар болгон региондор жана аймактар ортосундагы түз байланыштарды жеңилдетиши керек, кызыкдар конуштар ортосунда тыгыз байланыштарды түзүшү абзел. Чек арадагы райондордо кошуна өлкөлөрдүн айлана-чөйрөсү үчүн терс таасирин тийгизиши ыктымал болгон бардык долбоорлор ошол өлкөлөр ортосунда алдын ала консультациялардан кийин гана ишке ашырылууга тийиш. 4. Тоолуу райондор: бул облустар экологиялык, экономикалык, социалдык, маданий жана айыл чарба жаатындагы маанилүү функцияларды аткарганы үчүн, табигый ресурстардын запасы жагынан баалуулугу жогору болгондуктан, ошондой эле мындай райондор үчүн чектөөлөр көп болгондуктан мейкиндикти башкаруу саясаты тоолуу райондорду сактоо жана өнүктүрүү боюнча ылайыктуу болгон атайын сунуштар даярдалышы керек. 5. Жашоо жана иштөө жагынан алып караганда структуралык жактан чабал, тарыхый себептерден улам же экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында өнүкпөй калган облустар өзгөчө жардамга муктаж. Мындай жардам ар кайсы өлкөлөрдөгү жашоо жана иштөө шарттары менен аныкталган өзгөчөлүктөргө жараша берилиши керек. 6. Экономикалык жактан начарлаган облустар: өнөр жайды кайра түзүүнүн натыйжасында, инфраструктуралар жана өнөр жай жабдуулары эскиргенине байланыштуу экономикалык ишмердүүлүк басаңдаган облустарда атайын саясат жүргүзүлөт. Бул кырдаалды эмгекти бөлүштүрүүдөгү жаңы эл аралык талаптарга байланышкан дүйнөлүк атаандаштык да күчөтүүдө. 7. Суу жээгиндеги облустар жана аралдар: Европада массалык туризмди жана транспортту өнүктүрүү, суу боюндагы облустарды, аралдарды жана деңиздерди индустриалдаштыруу мындай аймактар үчүн арналган өзүнчө саясатты талап кылат. Мындай саясат алардын тең салмактуу өнүгүүсүн жана урбанизацияны башкарууну камсыздайт. Ошону менен бирге айлана-чөйрөнү сактоо жана аймактык мүнөздөмөлөрдү эсепке алуу талаптары көңүл сыртында калбайт. Деңиз байланыштарында жана деңиз транспортун өнүктүрүүдө суу боюндагы облустардын өзгөчө ролун жана функцияларын эсепке алышы керек.
Документтин тексти Маданий мурасты сактоо жөнүндө Европа Кеңешинин укуктук актылар жыйнагы (2-бөлүк, Екатеринбург, 2003-жыл) боюнча текшерилди.
Окшош материалы:
-
№ (2) 88 / 2019-03-13 “МАСТЕР-ПЛАН” деген эмне?
-
№ (2) 88 / 2019-03-13 Регионалдык | мейкиндиктик пландоонун Европа хартиясы тууралуу