Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мейкиндиктик пландоо
“МАСТЕР-ПЛАН” деген эмне?
“Мастер-план” термини түрдүү мааниде колдонулуп келет.
Англис тилдүү кесипкөй адабиятта бул термин адатта “аймактарды пландоо долбоору” же “архитектуралык-шаар куруу концепциясы” деп аталат. Бул жерде сөз ар кандай имараттардын жана комплекстердин долбоорлору түшүрүлгөн райондун, кварталдын же участоктун шаар куруу чечими жөнүндө болуп жатат. Мындай долбоорлор адатта үч өлчөмдүү түрлөр менен коштолуп, анда объекттерди жайгаштыруу үчүн мейкиндиктик алкактар аныкталган чечимдер же “конверттер” болот. Ошондой эле комплекстүү да, тармактык да мүнөзгө ээ болгон мейкиндиктик өнүгүү боюнча стратегиялык документтер “мастер-план” деп аталат. Биринчи тибине мисалы, Дубай же Осло шаарларынын мастерпландары кирет (Dubai 2020 Urban Masterplan жана Master Plan Oslo Towards 2025). Экинчи тибине Хельсинки шаарынын жер алдындагы инфраструктурасын өнүктүрүүнүн мастер-планы кирет (Underground Master Plan for Helsinki). Байкасаңыз, бул сөз Masterplan жана Master Plan деп ар башкача жазылган. Эреже боюнча, орус тилинде да азыр “мастерплан” деп дефис менен жазылууда. Буга белгилүү голландиялык урбанист Кейс КРИСТИАНСЕ себепчи болду. Анын KCAP Architects & Planners компаниясы 2010-жылы Пермь шаарынын мейкиндикти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыккан. Бул стратегия – шаарды башкаруунун атамекендик практикасында мындай түрдөгү алгачкы документ болуп калды. КРИСТИАНСЕ бул документти “Стратегиялык мастер-план” деп атап койгон. Орусиялык урбанисттердин жана шаар башкаруучулардын чөйрөсүндө термин КСАР киргизген маанисинде тез эле сиңип кетти. Муну Орусия борборунун бийлиги айткан сөздөр да тастыктап турат. Москвага мастер-план керек экенин бир нече жолу Марат ХУСНУЛЛИН айткан.
Мэрдин орун басары бул терминди маңызы боюнча мейкиндикти өнүктүрүү стратегиясына жакын болгон мааниде колдонгон. 2012-жылдын 4-декабрында МУФ алкагында өткөн “Мастер-план – жаңы мейкиндиктик саясат” сессиясында жасаган баяндамада ХУСНУЛЛИН башкы план комплекстүү мүнөзгө ээ болгонун белгилеп, борбор калаага социалдык-экономикалык чындыкты эсепке алган документ керек экенин айткан. ХУСНУЛЛИНдин баамында, мындай документ Москванын аймактарын сактоо жана өнүктүрүү принциптерин камтымак1 . Сессияга Москва шаарынын башкы архитектору Сергей КУЗНЕЦОВ жана Башкы план боюнча институттун директорунун милдетин аткаруучу Карима НИГМАТУЛЛИНА да катышкан. Алар да “мастер-план” терминин ушул эле мааниде колдонушкан. Ушул эле сөз эксперттик жамаатта да кеңири жайылып кетти. Мисалы, 2013-жылдын июнь айында өткөн “Заманбап шарттарда шаардын өнүгүүсү: коом, бийлик, кесипкөйлөр” аттуу конференцияда “Мастерплан – стратегиялык көз караш” деген темада талкуу болду. Иш-чараны Улуттук изилдөө университетинин Жогорку экономика мектеби “План түзүүчүлөрдүн бирикмеси” менен чогуу уюштурган. Бул изилдөөнүн авторлорунун бири модератор болгон талкууга Урбанистика жогорку мектебинин деканы Александр ВЫСОКОВСКИЙ, “Яузапроект” бюросунун жетекчиси Илья ЗАЛИВУХИН, шаардын өнүгүүсү боюнча белгилүү адистер Андрей ГОЛОВИН (Пермь) жана Юрий КОРЯКИН (Самара) катышты. Алардын баары “мастер-план” сөзүн мейкиндикти пландоо стратегиясына жакын маанисинде колдонушту. Бул терминге биз мындай аныктама беребиз:
Мастер-план – мейкиндикти өнүктүрүү стратегиясы, ал түрдүү топтордун катышуусу менен коомдук бийлик иштеп чыккан шаар куруу компонентин камтыйт. Бул стратегия биринчиден, комплекстүү көз карашты билдирүү үчүн – келечекте жер кандай болушу керектигин көрсөтүү үчүн колдонулат. Экинчиден, өнүгүү максаттарына, күн тартибине жана багыттарына карата коомдук консенсусту түзүүдө пайдаланылат. Үчүнчүдөн, алдыга коюлган максаттарга жетүү ресурстарын жана механизмдерин аныктоодо колдонулат. Төртүнчүдөн, ыкчам пландоо боюнча орто мөөнөттүү документтерди даярдоодо колдонулат. Мастер-план социалдык-экономикалык стратегия менен чогуу иштелип чыгат же аны менен кошо бир документке интеграцияланат.
Бул контекстинен алып караганда “мастер-план” сөзүн “стратегиялык” деген аныктама менен жуурулуштуруу туура болчудай. Бирок мастер-план – бул негизи эле мейкиндикти өнүктүрүү стратегиясы эмес, ал анын бир түрү. Документтин өзгөчөлүгү – өнүккөн шаар куруу компоненти. Ал курулуштун ар кандай чөйрөлөрүнүн, зоналарынын жана түрлөрүнүн морфологиясын жана типологиясын караштырат. Бул болсо аны мамлекетти өнүктүрүүнүн мейкиндиктик стратегиясынан айырмалап турат. Анткен менен, мындай түрдөгү чектөөлөргө астейдил мамиле жасаш керек. Шаар курууга жана негизи эле долбоор түзүү ишине байланышкан түшүнүктөр акыркы жылдары өтө ыкчам өзгөрүп, ар кандай өңүттөрдү камтып, баштапкы мааниси өзгөрүлүп жатат. “Дизайн” сөзү бара-бара кантип өзгөргөнү муну тастыктап турат. Стратегиялык пландоодо мастер-план стратегиялык мейкиндиктик пландоонун продуктусу болуп саналат. Мындай пландоо узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ жана чектелүү сандагы максаттар менен тапшырмаларга багыт алган. Стратегиялык пландоо процессинде сөз дайыма тандоо же чектөө тууралуу болот. Биз каалап жаткан жыйынтыкка жетүү үчүн ресурстар тартыш болгон учурда мындан буйтап кетүү мүмкүн эмес. Биринчи орунда турганды экинчи сапта тургандан жана милдеттүү эмес нерседен чыгарып алуу үчүн бир жагынан ички жана тышкы чөйрөлөргө анализ жасап, бар болгон тобокелдиктерди жана потенциалдарды баалаш керек. Экинчи жагынан соңунда сиз каалап жаткан жалпы элес калыптанууга тийиш. Бул болсо айрым бир принциптерге жана баалуулуктарга таянган максаттарды аныктап алыш керек дегенди билдирет – ансыз стратегия иштебейт. Артыкчылыктарды аныктап алуу үчүн так туюндурулган идеология болууга тийиш. Стратегия комплекстүү же жеке, тармактык болушу мүмкүн. Анализдин жүрүшүндө козголчу маселелердин саны мына ушуга жараша болот. Документти даярдоо өнүгүүнүн ар кандай сценарийлерин же стратегиялык альтернативаларды карап чыгуу дегенди билдирген учурлар сейрек эмес. Баса, бул Москва шаарынын Шаар куруу кодексинде борбор калаанын башкы планына тиешелүү бөлүгүндө да каралган (25-берененин 3.2.-пункту). Эгерде стратегия башкаруунун реалдуу аспабы болсо, көрүлгөн чаралар иштеп кетээрин көрсөткөн баалоо системасы зарыл. Мындай система эрежеге ылайык, эффективдүүлүктүн өзөктүк көрсөткүчтөрүнүн (ЭӨК) негизинде түзүлөт. Бул баалоонун жыйынтыктары боюнча стратегия кайра каралып чыгат же актуалдаштырылат. Бул алгоритм ар кандай варианттарда стратегиялык пландоо боюнча адабияттарда кеңири сүрөттөлгөн. Алгоритмди ушул өңдүү документтерди даярдагандардын басымдуу бөлүгү карманышат.
Стратегия пландоочу документтердин иерархиясында эң жогорку тепкичте турат. Бизнесте пландоонун иерархиясынын үч деңгээли бар: стратегия түзүү, программалоо, бюджет түзүү. Мейкиндикти пландоо системасында да стратегия үч кабаттан турат. Экинчи кабатында орто мөөнөттүү документтер орун алган – шаардын бүтүндөй аймагы, агломерациясы же региону үчүн жер пайдалануу пландары (land-use plans) (анын ичинде башкы пландар). Ал эми эң төмөнкү кабатында күнүмдүк шаар куруу ишиндеги аспаптар. Алар: айрым зоналардын жана участоктордун планировкасы, ошондой эле нормативдер, стандарттар, регламенттер ж.б. Бизнес өкүлдөрү жана коомдук бийлик мейкиндикти пландоо процессинде колдонгон механизмдер окшош болгону менен, олуттуу бир айырма бар. Бизнес өкүлдөрүнө салыштырмалуу коомдук бийлик түрдүү чөйрөдөгү топтор жана адамдар менен, мисалы, жашоочулар, эксперттик жамаат, ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, коммерциялык эмес уюмдар ж.б. менен иштешет. Анын атынан иштелип чыккан жана сунушталган бардык стратегиялар коомду бириктирүүчү аспап болууга тийиш. Аны кандайдыр бир деңгээлде жаңы типтеги коомдук мейкиндик катары кароого болот – жарандарды тартуу үчүн түрдүү техникаларды жана каражаттарды колдонуп, кеңири диалог түзгөн платформа катары караса да болот. Ошентип, стратегиялык мейкиндиктик пландоо коммуникативдик пландоого айланат. Абройлуу авторлордун2 пикири менен таанышып чыгып, бул терминдин маңызын мындай деп чечмелесе болот:
Стратегиялык мейкиндиктик пландоо – бул комплекстүү процесс, аны түрдүү топторду жигердүү тартуу менен, коомдук бийлик демилгелейт жана уюштурат. Стратегиялык пландоонун жүрүшүндө так жана чектелүү максаттар жана тапшырмалар келечекте ушул жер кандай болот деген образды жаратат. Ошондой эле тандалып алынган перспективага жараша бул жердин узак мөөнөттүү өнүгүүсүн камсыз кылган принциптер жана механизмдер иштелип чыгат. Бир жагынан стратегиялык пландоо кеңири консенсуска жеткирет. Башка жагынан алып караганда, мындай консенсуска максаттардын жана тапшырмалардын чектелүү топтомунун негизинде жетүүгө болот. Түрдүү оюнчулардан түшкөн көптөгөн идеяларды таштап, стратегиялык тандоону ким жасай алат? Бир нече негизги суроолорго ким токтолот? Адатта мындай ролду өзүнө коомдук бийликтин биринчи адамы алып, муну менен өзүнүн коомдук лидер болгонун тастыктайт. Мындай көрүнүш геосаясий салмагы боюнча да, чөйрөнүн сапаты жагынан да эл аралык рейтингдерде алдыңкы саптарда турган мегаполистерде болот. “Чоң Париж” боюнча консультацияларды Франциянын президенти Николя САРКОЗИ жетектесе, Лондондун, Нью-Йорктун жана Сеулдун мейкиндиктик стратегияларын Борис ДЖОНСОН, Майкл БЛУМБЕРГ жана Ли МЕН БАК өңдүү белгилүү мэрлер түзгөн. Стратегияларды дал ушулар демилгелеп, бул документтерди өз атынан жазылган баш сөз менен чыгарышкан. Ошентип, мастер-план абройлуу адамдын сөзү менен бекемделген саясий макулдашууга айланат.
Стратегиялык мастер-пландын мүнөздөмөлөрү
Жогоруда баяндалгандардан улам мастер-пландын төмөнкүдөй негизги мүнөздөмөлөрүн бөлүп көрсөтсө болот.
1. Ар бир стратегиядай эле, мастер-план да кандайдыр бир максатка таянып, чектелүү сандагы артыкчылыктуу маселелерге басым жасайт. Мындай артыкчылыктуу маселелердин саны адатта төрттөн кем эмес, алтыдан көп эмес болот.
2. Эки негизги башаты болот. Биринчиден, жалпы образга кирген баалуулуктар жана принциптер. Экинчиден, социалдык-экономикалык, геосаясий, технологиялык жана башка контексттерди талдоо. Мындай анализ өнүгүүгө бут тосчу коркунучтарды жана көмөк болчу потенциалды аныктоого жардам берет.
3. Комплекстүү мүнөзгө ээ. Социалдык, экономикалык, экологиялык, маданий жана башка чөйрөлөрдү кошкондо, шаарды турмуш-тиричилигинин түрдүү өңүттөрүн эсепке алат.
4. Шаардын өнүгүүсүндө көптөгөн стейкхолдерлер (пайда алуучулар) менен жигердүү жана көп түрдүү диалогду караштырат. Ушундан улам документ ачык, жеткиликтүү жана кеңири аудитория үчүн түшүнүктүү болот.
5. Техникалык эмес, саясий документ болуп саналат, шаардын мейкиндиктик өнүгүүсүнө карата коомдук бийликтин көз карашын жана пландарын көрсөтүп турат.
6. Узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ. 15 жана андан көп жылга өзгөрүүлөрдү көздөйт. Ошол эле маалда биринчи кезекте көрүлчү чаралардын же “ыкчам жеңиштердин” жыйындысы камтып, жакын арада болчу оң маанайдагы өзгөрүүлөрдөн да кабар берип турат.
7. Алкактык документ болуп эсептелинет. Башка документтерде конкреттештирилген өнүгүү багыттарын аныктайт. Эрежеге ылайык, буйрукчул мүнөзгө ээ эмес жана мыйзам статусу болбойт.
8. Долбоорлоо маселелерин да, башкаруу маселелерин да козгойт. Ошол эле маалда өнүгүү механизмдеринин аныктамасы мейкиндиктик стратегияларда барган сайын олуттуу ролду ойной баштады.
9. Негизинен колдо болгон ресурстарды оптималдаштырууга, ошондой эле жаңы инвестицияларды тартууга багыт алган. Жапжаңы чөйрөнү түзгөнгө караганда, түптөлүп калган чөйрөдө иштөөгө ыңгайлашкан.
10. Эрежеге ылайык, жыйынтыктарды баалоо механизмдерине ээ. Мониторинг жүргүзүп, маал-маалы менен жаңылап туруш керек. Эффективдүүлүктүн максаттуу көрсөтмөлөрүн жана негизги көрсөткүчтөрүн камтыйт.
Стратегиялык мастер-пландын бир кыйла эркин форматы документ биринчи кезекте долбоорлорго эмес, процесстерге багыт алганын тастыктап турат. Аны менен кошо стратегияларды даярдоого оюнчулардын мүмкүн болушунча кеңири чөйрөсүн тартуу жана кайра карап чыгып, оңой эле жаңылоого болот. Заманбап мейкиндиктик пландоо – бул чыгармачыл процесс. Луис АЛЬБРЕХТС жана Алессандро БАЛЬДУЧЧИ белгилешкендей, бул процесс стандарттуу эмес жана шаблонго салынбайт: “Жок, бул алдыга коюлган максаттарга жараша ар бир конкреттүү учур үчүн дыкат тандалып алынчу түшүнүктөрдүн, механизмдердин жана аспаптардын топтому”.
Мастер-план башкы пландан эмнеси менен айырмаланат?
Мастер-пландарды аймакты пландоо боюнча башка документтер, анын ичинде башкы пландар менен чаташтырып алган учурлар сейрек эмес. Бул документтер шаарлардын түрдүү зоналарынын негизги параметрлерин жана мүнөздөмөлөрүн белгилейт, ошондой эле линиялык инфраструктуранын объекттерин чагылдырат. Анткен менен мастер-план менен башкы пландын ортосунда маанилүү айырма бар. Бул айырма барган сайын азайбастан, тескерисинче көбөйүүдө. Мындай көрүнүш аймактардын өнүгүүсүн башкаруу үчүн ушул эки документ тең бар болушу керектигин тастыктап турат. Негизги айырмачылыктар документтердин багыттарына, алардын деталдарынын даражасына жана юридикалык күчүнө тиешелүү болот. Башкы план биринчи кезекте жер пайдалануу маселелерин жөнгө салган документ болуп саналат. Анын негизинде жерди пайдалануу пландары, аймактарды пландоо долбоорлору, айрым участоктордун шаар куруу пландары ж.б. иштелип чыгат. Ал конуштун бүтүндөй аймагын баштан аяк зоналоо менен камтып, мыйзам статусуна ээ. Стратегиялык мастер-план болсо биринчи кезекте мейкиндикти өнүктүрүүнүн күн тартибин жана аспаптарын аныктайт. Ал узак мөөнөткө, эркин пландалат, салыштырмалуу деталдаштырылбаган форматка ээ, ошондой эле буйрукчул мүнөздөгү документке караганда, макулдашылчу механизмдерге ээ.
Мастер-план башкы планда жетпегендин баарын толуктоого аракет кылат. Жогоруда айтылгандай, бул эки документ бири-биринен айырмаланып, ошол эле маалда толуктап да турушат.
1. Башкы пландар чектегенди билет, бирок дем бергенди үйрөнө албай жатышат. Мастер-план болсо позитивдүү өзгөрүүлөрдү баштоо үчүн импульс катары каралат.
2. Башкы планга комплекстүүлүк жетишпейт. Стратегиялык мастер-пландар зарыл болгон деңгээлде социалдык-экономикалык, геосаясий жана экологиялык көйгөйлөрдү эсепке алат.
3. Башкы пландардын мыйзамдар менен белгиленген форматтары, ошондой эле аларды макулдашуу жана бекитүү жол-жоболору бул документти көп деле ийкемдүү жана ыңгайлуу кылбайт. Стратегиялык мастер-пландоо – бул динамикалуу жана чыгармачыл маанайдагы процесс.
4. Башкы план концептуалдык эмес, оперативдүү документ. Анын башкы тапшырмасы – тигил же бул объекттерди жайгаштырууну жөнгө салуу, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн база катары кызмат кылуу. Стратегиялык пландоо биринчи кезекте образдарга, принциптерге жана идеяларга таянат. Анын максаты – шаар кандай боло алат жана кандай болушу керек дегенди баамдоого мүмкүнчүлүк берип, сиз каалаган жыйынтыкка жетүүнүн жолдорун көрсөтүп берүү.
5. Башкы пландар кууш кесиптик мүнөзгө ээ. Алардын тили карапайым адамдар үчүн түшүнүксүз. Алар башкы пландарды иштеп чыгууга формалдуу түрдө гана тартылган – документ даяр болгон учурда коомдук угууларды өткөрүү менен чектелип калат. Стратегиялык мастер-план стейкхолдерлердин кеңири чөйрөсүн тартууга багытталган: өнүгүүнүн күн тартибин талкуулоо мезгилинде да, документти караган маалда да пайда көрүүчүлөр катышат.
Ушул эки документтин ортосундагы айырма кеңири аудитория өздөштүргөн баяндоо форматтарындагы орун жылышууларды көрсөтүүдө. Бул жылыш адегенде живописте жана кинодо чагылдырылып, андан соң телевидениеде жана интернет-коммуникацияларда да жигердүү түрдө көрсөтүлө баштады. Сөз заманбап адамдын кабыл алуусун бөлүп, чачыратып, дүйнөнүн мозаикалык же пикселдик картинасынын панорамалык образына алмаштыруу тенденциясы тууралуу болуп жатат. Кинематографияда ушундай көрүнүш 1920-жылдары болгон: камеранын ырааттуу жүрүшү кадрларды монтаждап жабыштыруу техникасынын ордуна келген1 . Башкы пландын карталарынын баарын камтыган мүнөзү өз-өзүнчө “ракурстагы” стратегияларга өтүүдө – стратегияны иштеп чыккандар ушуга басым жасашууда. Алар баары тууралуу айтып берүү максатын көздөшкөн жок. Стратегиялык мастер-план – бул маанилүү нерсе тууралуу документ. Анын прожекторлорунун жарыгына иргелген темалар жана суроолор гана кирет. Мындай ылгап алуу заманбап мегаполистин мүнөзүнө да үндөшөт. Мегаполистин көлөмү чоң болгондуктан аны толук кабыл алуу оор. Бирок ар кайсы мезгилдерде түптөлгөн райондор ортосунда өтө көп айырмачылыктар бар болгондуктан, транспорттук магистралдын линиялары бөлүк-бөлүккө чачырагандыктан, жашыл зоналар менен өндүрүш аймактары чиелешип калгандыктан мегаполисти бир бүтүн катары кабыл алуу өтө оор.
Стратегиялык мастер-план аспап катары Стратегиялык мастер-пландын аспап катары кандай жөндөмдүүлүгү бар? Шаарды башкаруу чөйрөсүндө кандай тапшырмаларды чечүү максатын көздөйт?
Бул документ бери дегенде беш аспаптын ролун аткара алат деп эсептейбиз:
• координациялоо аспабы;
• болжолдоо аспабы;
• тартуу аспабы;
• маркетинг аспабы;
• саясат аспабы.
Мына ушул топтомдун негизинде учурда дүйнөдөгү шаарлардын стратегиялык мастер-пландарынын эффективдүүлүгүнө, ошондой эле Москванын шаар курууну долбоорлоо системасында документтин ыктымал ордуна баа берилип келатат. Мындай аспаптар менен эмнени айткыбыз келет?
Координациялоо аспабы болуу.
Багыты: шаарды өнүктүрүү чөйрөсүндө айрым бир максаттарды жана тапшырмаларды чечүү боюнча түрдүү бийлик органдарынын узак мөөнөттүү макулдашылган иш-аракеттерине көмөк көрсөтүү. Мастер-план координациялоо аспабы катары төмөнкүдөй негизги мүнөздөмөлөргө ээ:
• алдыга коюлган максаттар жана тапшырмалар так жана алдын ала ойлонуштурулушу керек;
• башкаруунун айрым механизмдерине багыт алышы керек;
• колдонмолордогу максаттар жана тапшырмалар иш-аракеттерге – шаар куруу программаларына, шаар куруу документтерине ж.б. жеңил өтүп кетиши керек;
• максаттуу көрсөткүчтөр болуп, анын негизинде контролдоо системасын түзүп чыкса болот
Болжолдоо аспабы болуу.
Багыты: убакыт жана мейкиндик жагынан реалдуу жана ыктымалдуу ресурстарды натыйжалуу башкарууга көмөктөшүү. Мындай аспап катары мастер-пландын негизги сапаттары:
• колдо болгон жана келечекте болчу ресурстук база тууралуу бирдиктүү элес бар;
• артыкчылыктардын так системасы түзүлгөн;
• комплекстүүлүк: социалдык-экономикалык жана мейкиндиктик көрсөткүчтөр бири-бири менен байланышта. Мунун натыйжасында моделдерди, анын ичинде параметрдик моделдерди түзүү мүмкүнчүлүгү бар.
Жарандарды тартуу аспабы болуу.
Багыты: кеңири коомдук мунасага жетүү платформасы катары кызмат кылуу. Бул маңызынан алганда мастерпландын негизги сапаттары мындай болушу керек:
• түрдүү стейкхолдерлердин принциптери жана баалуулуктары камтылган, алар өнүгүүнүн өзөгү катары кызмат кылат;
• медиа форматтарына өтүп кетүүгө жөндөмдүүлүк: Интернет, басма медиа, көргөзмөлөр жана башкалар;
• кеңири аудитория үчүн так, жеткиликтүү жана көрсөтмөлүү болот;
• шаар куруу ишинде мониторинг жүргүзүүнүн ачык системасы аркылуу стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүнө коомдук көзөмөлдү орнотот.
Маркетинг аспабы болуу.
Багыты: шаарга тышкы ресурстарды тартууга жөндөмдүүлүк. Негизги сапаттар:
• учурдагы геосаясий жана экономикалык контекстте шаардын ачык позициясын көрсөтөт;
• ресурстар үчүн эл аралык, регионалдык же улуттук атаандаштыкта күчтүү жактарына, артыкчылыктарга жана өзгөчөлүктөргө басым жасалат;
• чектөөлөрдүн алдында стимулдарга артыкчылык берилет;
• маалыматтык ачык-айкындуулук;
• эл аралык аудиториянын көз карашынан алганда “таңгагы” жагымдуу жана түшүнүктүү болот
Саясат аспабы болуу.
Багыты: бийликтин аброюн бекемдөөгө жана легитимдүүлүгүнө көмөк көрсөтүү.
Сапаттары: • стратегиялардын негизги жоболорун кызмат адамы даярдайт;
• социалдык артыкчылыктарга басым жасалат;
• жүргүзүлүп жаткан саясат так жана ачык-айкын болот;
• ыкчам жана сезилээрлик жыйынтыктарга жетүүгө жол ачкан чаралар болот.
Бул беш аспапты кошкондо стратегиялык мастерплан башкаруу жагынан да, коммуникация жагынан да мүмкүн болушунча натыйжалуу болот. Мастерпландын мүнөзүн шарттаган тигил же бул өңүтүнө басым жасоо коомдук бийликтин багытына көз каранды. “Оң” жана “сол” деп бөлүнгөнүнө карабастан, биринчиси башкаруу маселелерине, экинчиси жарандардын мындан дагы кеңири чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын эсеп алууга көңүл бурат. Ошол эле маалда жашоочулардын шаардын өнүгүүсүнө катышуусуна дем берүү каалоосунун түшүнүктүү болгон прагматикалык жагы бар. Биринчиден, интерактивдүү коммуникация каражаттарынын өнүгүүсү менен, ар бир адам медиамейкиндикке өзүнүн байкоолорун жана ойлорун оңой эле өткөрө алат. Идеяларды да, жеринде эмнелер болуп жатканы тууралуу маалыматты да топтоо үчүн бул ресурсту колдон чыгарып алуу туура эмес. Экинчиден, жашоочулар төлөп жаткан салык шаардык бюджетте барган сайын чоң салмакка ээ болууда1 . Шаарды башкарууга кеткен чыгымдарды бөлүштүрүү иш жүзүндө шаар чарбасынын кош-инвесторлору катары жашоочулардын муктаждыктарына көбүрөөк көңүл буруу дегенди билдирет.
Экстенсивдүү өнүгүүдөн интенсивдүү өнүгүүгө өттү.
Башкы пландын форматы буга чейин урбанизациялана элек аймактарга көлөмдүү курулуштар менен бекемделген шаарлардын жигердүү өсүшү маалын да пайда болгон. Ушул күнгө чейин “нөлдөн” баштап куруу тууралуу сөз болгондо бул документти колдонуу туура ыкма бойдон кала берүүдө. Башкы пландын мындай “генетикалык коду” бекем долбоордук документ катары анын күчтүү жактарын да аныктап турат. Ал транспорттук жана инженердик инфраструктуранын өнүгүүсүн функционалдык жана сандык көрсөткүчтөр менен байлап турат (негизинен курулуштардын көлөмүнө тиешелүү көрсөткүчтөр менен). Бир маалда ушундай көрүнүштүн пайда болуусуна башкы пландагы кемчиликтер себепчи: комплекстүүлүк жок, айтылган чаралар бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү менен айкалышпай калган. Инфраструктураны түзүү боюнча кенен пландар көп учурда жаңы турак жайдын курулуш долбоорлорун калкалоо аракетине айланат: ээн талаада кварталдар чукул арада пайда болгону менен, мектептердин, бала бакчалардын курулушу, башка шаарлар менен байланыштырчу ыңгайлуу транспорттук тутумдар узак мөөнөткө, кээде белгисиз мөөнөткө кала берет.
Стратегиялык мастер-план – бул биринчи кезекте оптималдаштыруу каражаты. Ал бар болгон контекстте иштин багытын көрсөтүп турат. Муну ар түрдүү өлкөлөрдүн мейкиндикти өнүктүрүү стратегияларына киргизилген принциптер тастыктап турат. Амстердам, Берлин, Ванкувер, Мельбурн жыйнактуу шаардын принциптерин карманат. Бул болсо курулуштар туурасына жайылбастан, урбанизациялаштырылган аймактарды жыш кылуу дегенди билдирет. Мындай учурда регламенттерде участоктордун максималдуу эмес, минималдуу уруксат берилген жыштыгы аныкталат (Чоң Париж). Же болбосо “экинчилик девелопментке” дем берүү чараларын (Нью-Йорк, Чикаго), же аралаш курулушка жана коомдук транспортту өнүктүрүүгө багыт алган (Нью-Йорк) принцип. Мында жаңы объекттер аялдамаларга бир радиус аралыкта курулушу керек (Берлин, Ванкувер, Копенгаген ж.б.). Бул принципти башкача да түшүндүрсө болот: адегенде инфраструктура, андан соң девелопмент. Дагы бир принцип – Сингапурдагыдай шаардык өзүнчөлүктү сактап калуу. Мында шаардык жамааттар да, мурастар да чогуу сакталып, тыгыз байланышта турат. Буга Нью-Йорктон Шанхайга чейин ар кайсы шаарларда өзгөчө көңүл бурулат.
Стратегиялык мастер-план – бир заматта өсүштүн эмес, эволюциялык өнүгүү доорунун документи. Документтин өзгөчөлүгү да мына ушунда. Жашоочулар менен диалогго багыт алуунун бирден бир себеби, курулуштар бар болгон аймактарда өз укуктары жана кызыкчылыктары бар адамдар сөзсүз болот. Башкаруу механизмдери долбоордун механизмдерине салыштырмалуу артыкчылыктуу болгонун да мына ушуну менен түшүндүрсө болот. Эгерде шаар түптөлүп калса, аны долбоорлоо зарылчылыгы болбойт. Бирок өнүгүүсүн тескеп туруш керек. Шаарды тыгыздоо – ал эми дал ушуга көптөгөн стратегиялык мастер-пландар багыт алган – ресурстар, биринчи кезекте финансылык жана энергетикалык ресурстар тартыш болгон шарттарда – бул рационалдуу процесс. Ал бардык жерден үнөмдөп калууга жол ачат. Тагыраак айтканда, мээни жана убакытты кошпогондо, дээрлик бардык жерден үнөмдөөгө шарт түзөт.
Алексей МУРАТОВ “Стратегиялык мастер-план: келечекти башкаруу аспабы” китебинен үзүндү. Укук ээси – “Стрелка” КБ уруксаты менен жарыяланды, Москва, 2014
Окшош материалы:
-
№ (2) 88 / 2019-03-13 Регионалдык | мейкиндиктик пландоонун Европа хартиясы тууралуу
-
№ (2) 88 / 2019-03-13 Регионалдык | мейкиндиктик пландоонун Европа хартиясы (1983-жылдагы Торремолинос Хартиясы)