Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары мыкты практикалар порталынан эмнелерди күтөт?

2019-06-17 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЖӨБ органдары мыкты практикалар порталынан эмнелерди күтөт?

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн Мыкты практикалар порталынын мазмунуна, функцияларына жана кызмат көрсөтүүсүнө карата сунуштарын алып, бул багыттагы муктаждыктарын жана артыкчылыктарын аныктоо максатында 2019-жылдын жазында фокус-топтор өткөрүлдү. Бул фокус-топторго Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын ЖӨБ органдарынын башчылары, жооптуу катчылары, финансыэкономикалык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлер катышты.

“Катышуучуларга олуттуу тапшырма берилди – алар Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Мыкты практикалар порталында жайгаштырыла турган маалыматтардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнө муктаждыкты аныкташы керек. ЖӨБ органдары Мыкты практикалар порталынан кандай кызмат көрсөтүүлөрдү күтөөрүн, башка ЖӨБ органдарынын иш практикасы тууралуу кандай маалыматтарды алгысы келээрин, өз чөйрөсүндө Порталда кандай мыкты практикаларды каалай турганын, кайсы маморгандар жана уюмдар менен көп иштешээрин (мисалы, Финансы министрлигинен, Мамлекеттик кадр кызматынан, прокуратурадан, Эсеп палатасынан, ЖӨБЭММАдан, ЖӨБ Союзунан, Өнүктүрүү саясат институтунан ж.б.) жана алардан кандай жаңылыктар, маалыматтар же түшүндүрүүлөр керек экенин сүрөттөп бериши керек эле”, - деп айтып берди ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси Гуляим ШАМШИДИНОВА. Фокус-топтордун катышуучулары өз сунуштарын берип гана тим болбостон, атүгүл башка облустардагы кесиптештери менен бөлүшкүсү келген мыкты практикалардын мисалдарын да келтиришти.

Айталы, Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн инклюзивдик билим берген Реабилитациялык борбор тууралуу айтып берди. Ал облустун аймагын да мындай эки гана борбор бар экенин белгиледи. Бул демилгени ишке ашыруунун натыйжасында буга чейин үйүнөн чыкпай билим алууга мажбур болгон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 12 бала аныкталган. Ысык-Көл облусунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Максат ДОРБАЕВ да өз муниципалитетинин жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Учурда бул муниципалитет өздөрү кызматташкан өнөктөш донордук уюмдар үчүн демо-объекттердин бирине айланган. Бардык катышуучулар эгерде алардын тажрыйбалары Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну жаңы деңгээлге чыгарып, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын бекемдей алса, анда мыкты практика менен бөлүшүүгө даяр экенин белгилешти. Сунуштар, пикирлер жана суроолор Кыргыз Республикасындагы ЖӨБдүн мыкты практикалар порталынын дизайнын даярдап жатканда сөзсүз эске алынат. Бул порталды түзүү демилгесин ЖӨБ иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА) көтөргөн.

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

Окшош материалы: