Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Элдин үнү
Төрт-Күл айыл аймагы:калк менен диалог жаңы деңгээлге чыкты.
Пилоттук Төрт-Күл айылдык аймагына (Тоң району, Ысык-Көл облусу) карата ЭҮЖӨБОЖ долбоорун ишке ашыруунун биринчи баскычын жыйынтыктап жатып, Долбоор да, ЖӨБ органы да максатына жетти деп ишенимдүү айтса болот.
Пилоттук Төрт-Күл айылдык аймагына (Тоң району, Ысык-Көл облусу) карата ЭҮЖӨБОЖ долбоорун ишке ашыруунун биринчи баскычын жыйынтыктап жатып, Долбоор да, ЖӨБ органы да максатына жетти деп ишенимдүү айтса болот. Чындыгында максат бир болчу – бул ЖӨБО ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана айкындуулугун күчөтүү жана жергиликтүү маанидеги иштерге элет тургундарын тартуу. 2012-жылдын 27-мартында “Тазалык – жашоонун булагы!” аттуу ураан менен Төрт-Күл айылындагы орто мектептин жыйындар залында Төрт-Күл айылдык аймагында “Катуу-тиричилик калдыктар (КТК) боюнча кызмат көрсөтүү” аттуу темада коомдук угуунун өтүшү буга далил болуп берет. Бул ушуну менен КРда кызматташтык боюнча Швейцария Өкмөтү тарабынан Улуу Британиянын Эл аралык Өнүктүрүү Министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) колдоосу менен аймак өткөрүп жаткан экинчи коомдук угуу болуп калды. Буга чейин, 2012-жылдын январь айында бул айыл өкмөтү аймактын тарыхында алгачкы жолу “2011-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы” аттуу темада коомдук угуу өткөргөн (“Муниципалитет” журналынын мурдагы сандарын караңыз).
Катуу-тиричилик калдыктар (КТК) боюнча кызмат көрсөтүү маселесин АӨ жергиликтүү калк менен биргелешип талкуулаган экинчи угуулар жалпы жамаат үчүн бурулуш окуя болуп калды. Биринчиден, угуулар айылдын актуалдуу көйгөйү боюнча тагдыр чечээрлик чечимди биринчи жолу биргелешип кабыл алуунун үлгүсү болуп калды. Экинчиден, айыл өкмөтү жамаат менен диалогду уюштурууда жана жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартууда өз жөндөмүнүн артканын көрсөтө алды. Үчүнчүдөн, угуулар ЭҮЖӨБОЖ Долбоору сунуш кылган Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандык катышуунун Моделинин натыйжалуулугунун дагы бир далили болуп калды.
Угууларга даярдык жана аны өткөрүү процесси
Төрт-Күл АА “Катуу-тиричилик калдыктар (КТК) боюнча кызмат көрсөтүү” деген темада коомдук угууга айылдык аймактагы үч айылдан 148 адам (97 эркек жана 51 аял) катышты: дыйкандар, мугалимдер, ишкерлер, пенсионерлер, жумушсуздар, үй кожойкелери ж.б., анын ичинде АӨ кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана облустук жана райондук ММК өкүлдөрү бар. Коомдук угууга АӨ кызматкерлеринин гана эмес, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрага баш болгон депутаттарынын жана демилгелүү топтун өкүлдөрүнүн активдүү катышка ны бул иш-чаранын уникалдуулугун тастыктап турат.
Демилгелүү топтун өкүлдөрү мунун алдында КТК боюнча кызмат көрсөтүүнү баалап, туш келди чачылып жаткан таштандыларды сүрөткө тартып, коомдук угуулар үчүн аларды басып чыгарып, бет ачар материалдарды даярдап, КУ катышуучулары үчүн тартуулашты. Эмесе, күн тартибине төмөнкү маселелер кирди:
• КТК боюнча кызмат көрсөтүүнү баалоонун жыйынтыктарынын бет ачары;
• КТК кызматын көрсөтүү жана уюштуруу структурасынын долбоору тууралуу маалымдоо;
• кызматты керектөөчүлөр менен мамилелерди бекитүү тартибин талкуулоо;
• таштанды аянтчаларынын курулушу үчүн жерди тандоо;
• КТК чыгаруунун графиги тууралуу талкуу;
• таштанды чогултуунун эсеби тууралуу маалымдоо; КТК боюнча кызмат көрсөтүү боюнча 2012-жылга бюджет долбоору тууралуу.
Угуунун катышуучуларынын арасында КТК боюнча кызматтын тарифи тууралуу маселе өзгөчө кызыгууну жаратты. Адегенде айыл өкмөтү 2009-жылы кеңештин сессиясында бекитилген тарифти эле калтырып коюуну пландаштырган. Ал тариф боюнча жылына бир үй-чарбачылыгынан 50 сом өлчөмүндө чогултуу каралган жана бул сумманы 12 айга бөлсө, бир короодон 4 сомдон болот. Мында айыл өкмөтү боюнча чогултуулар 18% гана түзүп, 2011-жылы 14000 сом гана болгон. Бул каражат кызматты толук көлөмдө көрсөтүү үчүн жетишсиз болчу. Бул кырда- ал дээрлик ар бир көчөдө туш келди таштандынын үйүлүп калышын шарттады. Бул маселенин тегерегинде түзүлгөн көйгөйдүн актуалдуулугун жана курчтугун эсепке алуу менен угуулардын катышуучулары тарифти жылына ар бир үй чарбачылыгы үчүн 50 сомдон 100 сомго чейин көтөрүү сунушун беришти. Мындан тышкары жергиликтүү калк социалдык макамына карабастан таштанды чыгаруу үчүн акы төлөөдө 427 үй чарбачылыгына берилген жеңилдиктерди алып таштоону сунуш кылды. Ошондой эле бизнес субъекттерине жана башка объекттерге таштанды чыгаруу үчүн өзүнчө тариф орнотууну, жылына 200-300 сомго чейин көтөрүүнү сунуш кылды. Добуш берүү жолу менен КУ катышуучулары бул маселени кеңештин сессиясында кароону сунуш кылышты.
Коомдук угуунун көпчүлүк катышуучулары таштанды чогултуу үчүн аянтчалардын болбогонуна даттанышты. Ошондой эле үч айылга тең пландалып жаткан кум блоктон 16 стационардык аянтча көчөлөрдүн жалпы санын, атүгүл ар бир көчөдө туш келди таштанды үйүлүп жатканын эске алганда жетишсиз болоорун айтышты. Катышуучулардын айтымында, көчөнүн узундугун, же таштанды аянтчаларынын кошуна көчөдө жайгашканын эсепке алганда, таштанды салынган баштыктар контейнерлерге чейин жетпей калышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Катышуучулар 16 контейнерге болжолдонуп жаткан чыгым маселесин да көтөрүштү: алардын баамында, бүгүнкү күнд114 816 сом деген жалпы сумма жетишсиз, бул каражатка кум блоктон сапаттуу таштанды аянтчаларын куруу мүмкүн эмес, анын үстүнө таштанды аянтчаларынын көлөмдөрү да абдан эле чакан экен. Ушундан улам таштанды тез эле үйүлүп калат. АӨ жер уюштуруучусу катышуучуларга Беловодск жана Гавриловка АА практикасынан алынган мисалды келтирип, тажрыйба алмашуунун алкагында бул 2 айылдык аймактагы ушуга окшогон таштанды үчүн стационардык аянтчалардын ар кандай түрлөрү тууралуу айтып берди. Жергиликтүү кеңештин төрагасы тарифти жогорулатуу жолу менен гана таштанды контейнерлеринин курулушунун санын зарыл болгон деңгээлге чейин арттыруу мүмкүн болгонун белгиледи.
Таштанды чогултуу, тагыраак айтканда стационардык контейнерлердин саны жана жайгашкан жери боюнча маселе кызуу талкууга түштү. Бул көрүнүш таштанды көйгөйү чындап көкөйгө жеткенин жана актуалдуу, курч маселелердин бири экенин тастыктап турат. Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги айылдагы таштанды аянтчаларынын курулушу үчүн жерлер буга чейин үч айылдын старосталары менен макулдашып, аныкталганын билдирди. Натыйжада стационардык контейнерлердин курулушу үчүн жерди элет тургундарынын катышуусу менен дагы бир жолу кошумча талкуулоо керектиги макулдашылды.
Айыл өкмөтү менен калктын мамилелеринде эмне өзгөрдү?
ЖӨБ органдары үчүн иш-чарага даярдык жана аны өткөрүү процесси чоң жетишкендик болду –ушул өңдүү иш-чаралар зарыл болгон бардык процедуралар жана эрежелер илдеттүү түрдө сакталды, ал эми коомдук угуунун алып баруучусу – жергиликтүү кеңештин төрагасы – өзүнүн оңой эмес тапшырмасын уюшкандык, сабаттуулук менен так аткарды.
Көпчүлүк билгендей эле, ушул өңдүү иш-чараларды уюштурууда көп сандагы адамдарды башкаруу өтө оор, бул олуттуу даярдыкты талап кылат. Бет ачардын беш катышуучусу тең (АӨ башчысы, демилгелүү топтун өкүлү, каржы-экономикалык бөлүмдүн жетекчиси, АӨ жер уюштуруучусу), анын ичинде алып баруучу да күн мурда сахнага чыгып даярданды. Бул нерсе алардын угууда мыкты сөз сүйлөөсүнө өбөлгө түздү.
Төрт-Күл аймагынын калкы үчүн алдын ала маалыматтык өнөктүк жүргүзүлдү: бюллетендер, чакыруу баракчалары, угууларды өткөрүү тартиби таратылып берилди. Угууларда айылдын ар бир тургуну тартипти сактап, жердештеринин ар бир сөздөрүнө сый мамиле жасап, сүйлөгөндөрдү кунт коюп угуп, талкууларга активдүү катышты.
Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн калк менен конструктивдүү диалог жүргүзүү жөндөмү күн сайын артууда. Иш-чараларга даярдык көрүүнүн сапатына анализ жасай келгенде, айыл өкмөтүнүн ЭҮЖӨБОБП Долбоору менен кызматташтыгынын алкагында кадам сайын, калк үчүн ар бир жаңы иш-чара менен аны уюштуруу жана өткөрүү сапаты жакшырып жатканын байкабай коюу мүмкүн эмес. Мисалы, 2011-жылдын 28-декабрында “Жергиликтүү маанидеги иштерге калкты тартуу деңгээли жана бюджеттик процесс, жергиликтүү маанидеги иштерде ЖӨБО дарамети” аттуу тема боюнча өткөн, 170тен ашуун адам катышкан айылдын биринчи жыйыны адамдар көбүрөөк “кыйкырып калуу” үчүн келгендей стихиялык чогулушка окшошкон. Катышуучулар бет ачарда сунушталган материалдарды өтө деле кунт коюп укпастан, жыйындын темасын четтеп, бири-биринин сөзүн бузуп жатышты, ал эми алып баруучу талаш-тартышка аралашып, кырдаалды көп жакшы көзөмөлдөй алган эмес. Экинчи иш-чара – 2012-жылдын 27-январында өткөн “2011-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы” аттуу темада коомдук угууга 150дөн ашуун адам катышып, айыл өкмөтү тарабынан иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү тартибине карата олуттуу жылыш байкалды.
Катышуучулар ушуга окшош иш-чаралардын бардык процедураларын сактоого аракет жасаса, маңыздуу суроолорго жана конструктивдүү сунуштарга караганда калк да ыкыластуу болгону байкалып турду. Бирок диалогду уюштуруу маселесинде кульминациялык жылыш “КТК боюнча кызмат көрсөтүү” деген темада өткөн коомдук уюштуруу болду: иш-чараны даярдоо, уюштуруу жана өткөрүү үлгү болчу сапаттык деңгээлге чейин жеткени байкалды.
Угуулардан кийин эмне жасалат жана эмне жасалды?
Эми Төрт-Күл АА соңку тарифти эсептөө боюнча иш жүргүзүп, жергиликтүү бардык өзгөчөлүктөрдүн негизинде жеңилдик системасын аныкташы керек жана КТК боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу структурасын жана кызматты керектөөчүлөр менен мамилени түзүү тартибин бекитип, таштанды аянтчалардын соңку санын аныктап, айылдар боюнча КТК чыгаруунун графигин бекитиш керек. Бирок алгачкы негизги кадам жасалды – таштанды маселеси угууда көтөрүлүп, иш бир орундан жылды. 2012-жылдын 29-мартында жергиликтүү кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маанилүү чечимдер кабыл алынды:
• төрт-Күл АА боюнча таштанды чыгаруу үчүн чогултууну ар бир үй чарбалыгы үчүн 70 сом өлчөмүндө орнотуу
• таштанды чыгаруу үчүн чогултуулар боюнча тарифтерди аныктоо үчүн бизнес объекттерин жана башка субъекттерди текшерүү боюнча комиссия түзүү;
• кийинки сессияда комиссиянын ишинин жыйынтыгын кароо;
• таштанды чыгаруу үчүн акы боюнча жеңилдиктерди алып таштоо.
Баса, коомдук угуулардын натыйжасында жана кеңештин сессиясынан кийин айылдык аймак алгачкы жыйынтыктарын айта алат – март айы үчүн калктан таштанды үчүн 10 000 сом чогултулду. Бул болсо 2012-жылдын толук 1-кварталы үчүн таштанды чыгаруу боюнча акы чогултуу планына шайкеш келет. 2011-жылдын биринчи кварталында 14 000 сом чогултулган.
Бир жагынан угуулар таштанды менен күрөштүн белгилүү бир баскычынын жыйынтыгын чыгарды. Көйгөй аныкталып, аны чечүүнүн актуалдуулугун жана зарылчылыгын жергиликтүү жамаат жана ЖӨБ органдары таанып, чечүү жолдору иштелип чыгып, алгачкы кадамдар жасалды. Бирок булар алгачкы гана кадамдар. Эми жергиликтүү жамаат ЖӨБ органдары менен биргеликте айыл аймагын таштандылардан түбөлүккө арылтуу, өзүн жана өз балдарын коркунучтардан сактоо жана айылдарда жашоо үчүн дагы да ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн көп иш жасашы керек.
Окшош материалы:
-
№4(5) / 2012-04-30 Коомдук иликтөө:ураандан - технологияга