Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Коомдук иликтөө:ураандан - технологияга

2012-04-30 / Элдин үнү

“Коомдук иликтөө – бул биргелешкен аракет менен чындыкка жетүүнүн таасирдүү ыкмасы”.

Юрий Тригубович,

«Новая газета в Сибири» гезитинин серепчиси, Новосибирск мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучусу*

“Коомдук иликтөө – бул биргелешкен аракет менен чындыкка жетүүнүн таасирдүү ыкмасы”. “Так-Так-Так” сайтынын “тумшугунда” мына ушундай ураан жазылган. Мындагы ар бир сөз өзөктүү. Бирок бул жердеги “эң эле өзөктүү” технология – жарандардын жана журналисттердин “биргелешкен аракеттери”. Бул кантип ойлонуштурулган жана ал кантип жасалат? Орусиялык ММК көптөн бери эле жарандык коомчулук өз идеяларын ишке ашыралган жана аны тынчсыздандырган көйгөй тууралуу айта ала турган аянтча болбой калды. Интернет бул үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат. Прессаны өнүктүрүү институту – Сибирдин “Жарандык коммуникациялардын мектеби” долбоорунун алкагында ойлонуштурулган “Так-Так-Так” аттуу Социалдык укук коргоочу түйүн журналисттик иликтөө жүргүзүп жатканда бүгүнкү күндө ММК тушуккан бир катар кардиналдык методологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багыт алган.

Бул кантип башталган?

Коомдук иликтөө идеясынын пайда болушу интернет менен байланыштуу. Жарандык активдүүлүктү көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө, биринчи кезекте атуулдардын өз ой-пикирлерин эркин билдирүү укугу Прессаны өнүктүрүү институту-Сибирди адам өз алдынча жалгыз чече албай турган көйгөйлөрдү коомчулук биргелешип чече турган интернет сайтты түзүү идеясына түрттү. Идеянын өзөгү – көп сандагы адамдарды тынчсыздандырган бир көйгөйдүн “чатыры” алдында сайттын колдонуучуларынын ыктыярдуу биригиши. Мына ушинтип Коомдук иликтөө идеясы жаралды. Сайттын түзүүчүлөрү укук коргоочу уюмдардын Коомдук (альтернативалык) иликтөөлөрүнөн айырмаланып, муну көбүрөөк “элдик иликтөөгө” жакын деп да эсептешет.

Жаңы форматта иш алып баруунун алгачкы аракеттеринин бири – темир тордун ары жагындагы медициналык тейлөөнүн көйгөйлөрүнө арналган Коомдук иликтөө болду. 30дан ашуун адам катышкан Коомдук иликтөө “Тартип коргоо органдарынын зомбулугунан сактап калгыла” деп аталды. 2010-жылдын март айында “Так-Так-Так” сайты на Новосибирсктин тургуну Юлия Ветрова кайрылды.

Анын күйөөсүн тартип коргоо органдары шылуунчулук жасаган деген шек менен камакка алышкан. Николай Ветровго карата кылмыш ишин Новосибирск облусу боюнча Орусия Федерациясынын Прокуратурасына караштуу Тергөө комитетинин Тергөө башкармалыгынын Искитим райондор аралык бөлүмү тергеген. Ишти ушул бөлүмдүн тергөөчүсү Виталий Шошин жүргүзгөн. Юлия Ветрованын кайрылуусу эки көйгөй менен байланыштуу болчу. Юлиянын айтымында, биринчиси, анын күйөөсүнө каршы кылмыш иши мыйзамсыз козголгон. Экинчиси, Юлия Ветрованын бул сайтка кайрылган учурга карата ырасташынча, Николай Ветровго медициналык жардам толук өлчөмдө көрсөтүлгөн эмес.

Эки тема тең кылдаат көңүл бурууну талап кылды. Кеңешип көрүп, козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугу темасы ал иликтенип бүтүп, анын жыйынтыгы боюнча сот процесси башталганда гана көтөрүлөт деп чечтик. Экинчи тема – медициналык тейлөө – бизге көбүрөөк коомдук мааниге ээдей көрүндү. Анткени ал жалгыз гана Николай Ветровдун тагдырына гана эмес, ошондой эле эркинен ажыратылган ар бир адамга да тиешелүү эмеспи. Анын үстүнө “Так-Так-Так” сайтынын уюштуруучулары 2009-жылдын күз айларында Новосибирск шаарындагы №1 СИЗОдо каза тапкан

Наталья Воронцованын тагдыры тууралуу кабардар эле. Расмий маалыматтар боюнча, Наталья Воронцова өзүнө өзү зыян келтиргендин кесепетинен каза тапкан. Анткен менен бул версия ушул проблеманын актуалдуулугун эч эле азайтпайт. Көп өтпөй Коомдук иликтөөнүн команда мүчөлөрү буга ынанышты.

Команда кайсы принциптер менен түзүлгөн?

“Так-Так-Так” түйүндөгү Коомдук иликтөө – бул Коомдук кызыгууну жараткан, бирок объективдүү эмес себептерден улам кеңири коомчулук үчүн жеткиликсиз болгон жана кандайдыр бир аз иликтенген маселени ар тараптуу жана кенен иликтөө. Коомдук кызыгуу дегенде биз коомчулуктун жарандардын укугунун жана эркиндигинин (жашоого укук, эмгекке жана эс алууга укук, билим алууга укук ж.б.) бузулуш себептерин табуу жана аныктоо керектөөсүн аңдай башташын түшүнөбүз. Коомдук кызыгуу – мамлекеттик жана башка органдардын, уюмдардын, же болбосо алардын кызматтык жактарынын аракетте ринин (же аракетсиздигинин) натыйжасында пайда болчу кандайдыр бир терс аракеттерди алдын алуу боюнча жарандардын керектөөсү.

Иликтөөнүн темасын катышуучулар өздөрү тандайт. Муну кызыгуусу жана мүмкүнчүлүгү бар каалаган катталган колдонуучу (түйүндүн катышуучусу)жасай алат. Иликтөө башталганы тууралуу системада фиксация болгондон кийин Катышуучу Иликтөөнүн модератору деген макам алат. Коомдук иликтөөгө кантип аралашса болот? Каалаган катталган катышуучу жарыяланган

Иликтөөгө катышуу ниетин билдирип, арыз бере алат жана андан соң Иликтөө командасынын мүчөсү болот. Муну Иликтөө баракчасында “Катышуу” аттуу тиешелүү функциянын жардамы менен жасаса болот. Иликтөөнүн модератору бардык жаңы арыздар тууралуу билдирүүлөрдү алып, андан соң аларды же жактырат, же четке кагат. Катышуучунун арызы жактырылса, ал Иликтөөнүн Катышуучусу деген макамга ээ болуп, анын бардык материалдарын ача алат. Иликтөө аяктаган учурга карата анын командасында 31 катышуучу бар болчу: алардын ичинен12си журналист, бешөө юрист, калгандары “жарандык активисттер”, ошондой эле 1 милиционер жана 1 жеке детектив.

Коомдук иликтөөнүн материалдарын ким ала алат? Өтө маанилүү эскертүү: сайттагы бардык иликтөөлөр жабык режимде өтөт. Бул болсо Иликтөөнүн алкагында бардык суроолор, версиялар, талкуулар жана башка материалдар анын катышуучуларына, команданын мүчөлөрүнө гана жеткиликтүү дегенди түшүндүрөт. Бул тастыкталбаган факттардын жана материалдардын жарыяланып кетишин алдын алуу үчүн зарыл. Иликтөө аяктагандан кийин анын катышуучулары Коомдук Бүтүм түзөт жана мындагы кайсы материалдарды ачыкташ керектигин, ал эми кайсыларын иликтөөнүн жабык архивинде калтырыш керектигин чечет.

Иш кантип жүрдү?

Коомдук иликтөө жарыяланганда (2010-жылдын 9-марты) алгачкы команда иликтөөнүн планын талкуулоого киришти. Бул баскычта катышуучулар иликтөөнү Орусиядагы абак системасындагы медициналык жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдык база жана медициналык жардам же көрсөтүлбөгөн, же өз убагында көрсөтүлбөй калган учурлар тууралуу маалыматты чогултуудан баштоо керек деген пикирге келди. Канча бир убакыт өткөндөн кийин бул маалымат сайтта пайда болду. Маалыматтын мүнөзү Орусия Федерациясынын Жаза аткаруу Федералдык кызматынын Башкы башкармалыгынын бөлүмчөлөрүнүн аракеттерин регламенттештирген мыйзамдык базада туруктуу мыйзам бузуулар болуп келатканын тастыктады. Мында Коомдук иликтөөнүн катышуучулары белгилегендей, темир тордун ары жагында медициналык жардамга байланыштуу нормативдик база абактагыларга жана иши тергелип жаткандарга каалаган медициналык жардамды көрсөтүүгө жол ачат.

Бирок адамдардын ден соолукка жана медициналык жардамга укугунун бузулуш масштабы таң калтырды. Коомдук иликтөөнүн жүрүшүндө биз аныктагандай, Орусиянын абак системасында адамдын саламаттыгын сактоо укугу же тергөөнүн кызыкчылыгында, же түрмөдө кармалгандарга медициналык жардамды көрсөтүүгө милдеттүү структуралардын иши начар уюштурулганы жана башкарылганы үчүн бардык жерде бузулуп келет.

Муну менен катар биз Николай Ветровдун тегерегиндеги кырдаалды иликтедик. Адегенде Ветровго байланыштуу окуянын хронологиясын ар бир күнүнө чейин түзүп чыктык. Ошондой эле ага кандай кырдаалда жана кандай медициналык жардам көрсөтүлгөнүн аныктадык. Бул бизге тергөөчү Виталий Шошин Ветровдун оор абалын тергөөнүн кызыкчылыгында колдонууга аракет жасаган деген алдын ала тыянак чыгарууга жол ачты. Николай Ветров башынан өткөргөн окуялардын хронологиясы бир катар суроолорду так түзүүгө жана кайрылууларды кайсы дарекке жиберүү керектигин аныктоого жардам берди. Айрым суроолорго биздин катышуучулар-эксперттер жооп берди: алар нормативдик акттарды табууга, аларга шилтеме жана комментарий жасоого жардам беришти. Негизинен тергөөчү шектелүүчүгө карата кандай мамиле жасаш керек эле, андан тышкары Ветровдун ишин карап жаткан тергөөчү кандай мыйзам бузууларды кетирген деген маселелерге карата шилтемелер берилди. Андан тышкары биз бир катар оозеки жана жазуу түрүндө кайрылууларды уюштурдук жана аларга жооп алдык. Алардын бири – Новосибирск облусу боюнча ОФ ЖАФК ББ – тергөөчү шектелүүчүнүн саламаттыгынын абалын өз кызыкчылыгында колдонууга аракет жасаган деген алдын ала тыянакты тастыктады.

Эмесе, бүтүм!

Орусиядагы пенитенциардык системадагы бузуулардын далилдерин алып, Иликтөөнүн катышуучулары Коомдук Бүтүмдү түзүү баскычына келишти. Прессаны өнүктүрүү институту-Сибирь уюштурган семинарлардын биринде катышуучуларга Коомдук Бүтүмдүн типтүү түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана талкуулоо тапшырмасы коюлду. Максат – Коомдук Бүтүмдүн негизги, анын ичинде формалдуу принциптерин түзүү. Сунуштар ар түрдүү болду: ар кандай даректер үчүн Коомдук Бүтүм вариантынан тарта (мамлекеттик структуралар, коомдук уюмдар, ММК), каалаган даректер үчүн Коомдук Бүтүмдүн жалпы текстине чейин. Натыйжада бардык катышуучулар Коомдук Бүтүмдүн тексти бир нече маанилүү милдеттүү элементтерден туруш керек деген пикирге келишти.

Биз Коомдук Бүтүмдүн текстине Коомдук иликтөөнүн темасына байланыштуу көйгөйдүн сүрөттөлүшүн коштук,анда адамдын фундаменталдык укуктарынын бузулушуна көрсөтүү милдеттүү түрдө камтылган. “Тартип коргоо органдарынын зомбулугунан сактап калгыла” Коомдук иликтөөсүндө бул – бардык эл аралык жана орусиялык мыйзамдарда бекитилген адамдын жашоого жана саламаттыкка болгон укуктарынын бузулушу.

Коодук Бүтүмдүн текстине биз Коомдук иликтөөнүн жүрүшүнө байланыштуу иш жүзүндөгү базанын сүрөттөлүшүн, Коомдук иликтөөнүн темасы боюнча буга окшош окуяларга (прецеденттер) шилтемелерди коштук. Мында окшош окуялар терс да, оң да (мисалы, Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимдерине же өлкө ичинде соттук прецеденттерге шилтемелер) мүнөздө боло алат.

Коомдук Бүтүмдүн негизги элементтеринин бири – Резолюция болду. Мында Коомдук иликтөөнүн темасына байланыштуу иш жүзүндөгү бузуулар жана мамлекеттик түзүмдөргө, мыйзам чыгаруу бийлигине жана коомдук угууларга түрмөлөрдө оорулуулардын абалын нормалдаштыруу үчүн мүмкүн болгон чараларды көрүү керектиги тууралуу сунуштар камтылган. Мындан тышкары Коомдук Бүтүмдүн соңунда Коомдук иликтөөнүн бардык катышуучулары жана алардын профессионалдык ишмердүүлүгү жазылышы керек деп чечтик. Катышуучулардын баамында, бул Коомдук Бүтүмгө дагы да чоң салмак кошот.

Мындан ары эмне болот?

Мунун артынан эле “эми эмне болот?” деген суроо жаралды. Коомдук Бүтүмдүн долбоорун талкуулоонун катышуучулары Коомдук Бүтүмдү түрдүү даректерге таратуу баскычында Коомдук иликтөө тобу өз ишин токтотпошу керек деген пикирге келди. Бул баскычта Коомдук Бүтүм жиберилген түзүмдөрдөн жооп алуу зарыл жана “Так-Так-Так” сайтынын катышуучуларын ошол түзүмдөрдүн реакциясынан кабардар кылуу керек. Мындан тышкары Коомдук иликтөө тобу эгерде ММКда Коомдук иликтөөнүн темасы тууралуу макалалар жазылса, анда аларга мониторинг жүргүзүп, сайтка жайгаштырыш керек.

Менин баамымда, социалдык түйүндөрдө иликтөө журналисттик иликтөөдөн бир гана нерсеси менен айырмаланат – ал Коомдук деп аталат, ал эми анын катышуучуларынын арасында профессионалдар да, жарандык коомдук өкүлдөрү да бар. Бирок бул жалгыз айырмачылык иликтөөнүн бардык форматын алмаштырып, аны убакыт жана мейкиндикте бөлүштүрүлгөн кылат.

Жаңы мезгилдин чакырыктары актуалдуу социалдык проблемаларды чечүүдө жаңы ыкмаларды талап кылат. “Так-Так-Так” социалдык түйүнүндөгү Коомдук иликтөөлөр мына ошондой чакырыктарга жооптордун бири болуп калат деп үмүт артабыз.