Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мария ТУРГУНБАЕВА, Ленин АА: «Жергиликтүү депутаттарда добушун ишенип берген шайлоочулардын алдында моралдык жоопкерчилик бар»

2020-01-13 / Жаӊы лидерлер
Мария ТУРГУНБАЕВА, Ленин АА: «Жергиликтүү депутаттарда добушун ишенип берген шайлоочулардын алдында моралдык жоопкерчилик бар»

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты тажрыйба боюнча адиси, Татьяна ПОПОВА, журналист, "Муниципалитет" журналынын буюртмасы менен

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин айылдык аймагынын депутаты, ден соолук маселелери боюнча элеттик комитеттин жетекчиси Мария ТУРГУНБАЕВА өзүнүн карьерасында негизги жетишкендик катары эки долбоорду ишке ашыруу процессинде Өнүктүрүү саясат институту менен тыгыз, жемиштүү кызматташтыкты эсептейт. Алар: “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” жана “АДК үнү”. Бул долбоорлордун жыйынтыгы 2015-жылы пенсионер аялды жергиликтүү кеңешке шайлоого катышууга түрткү болуп, натыйжада ал депутат болуп шайланган.

Көптөгөн адамдар ал бул дүйнөдө эч нерсени өзгөртө албайт, жеке салымы деңиздеги бир тамчы болуп, эч ким байкабай калат деп ойлошот. Бирок эгерде бир тамчыдан жакшы иштерди жасай берсе, кийин ал океанга айланат. Айылда аны Мария эже деп сый-урмат менен мамиле жасашат. Мария эже жакшы иштеринин “тамчысын” такыр эсептеген эмес. Бул аялдын жасаган иштери урмат жана сыйга татыктуу. Бул карапайым адамдар дүйнөнү жакшы, кооз жана бакубат кыла аларын тастыктаган үлгү.

Мария ТУРГУНБАЕВА 1955-жылы Сузак районунун Ак-Тоо айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин 1975-жылы педагогикалык окуу жайына тапшырып, ал жерде мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы адистигине ээ болот. Окуусун бүткөндөн кийин адистиги менен иштеп, бала бакчага кирет. Андан соң дээрлик 13 жыл Сузак совхозундагы бала бакчаны жетектеп жүрдү. 1976-жылы Мария эже үй-бүлө күтүп, беш балалуу болду, бүгүнкү күндө 14 небереси бар. 1996-жылы кенже класстардын мугалими болуп, пенсия курагына карабастан ушул күнгө чейин мугалимдик кесипти аркалап келатат.

Анын туугандары, көпчүлүк элеттиктер өмүр бою айыл чарбасы менен алектенип келатышат. Алар мал багышат, жер айдашат. Эң кызыгы, Ленин айылдык аймагында тогуз улуттун өкүлдөрү ынтымактуу жашайт жана бардык көйгөйлөрдү чогуу чечишет.

Мектептеги негизги ишинен тышкары Мария эже аймактын социалдык турмушуна да жигердүү катышат. 2010-жылы жергиликтүү жамааттын лидери катары аны Орто-Сай айылынын элеттик ден соолук комитетинин жетекчиси кылып шайлашат. Мындан тышкары 2011-жылы Мария эжени райондук ден соолук комитинин бөлүмдөрүнүн бирине төрайым кылып тандап алышат. Бул бөлүмгө Сузак районунун 32 айылы кирет. Таң калычтуу болсо да, кесиби боюнча мугалим, тыпыйган, энергиясы буркан-шаркан түшүп турган, өтө боорукер аял медицина иштери менен ийгиликтүү алектенип жатат. Муну анын жердештеринин көбү белгилешүүдө.

2011-жылдан тарта Ленин айылдык аймагы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун пилоттук муниципалитети болушунда Мария эже жигердүү катышып, жергиликтүү жамааттын лидери болгон. Иш процессинде ал “АДК үнү” Долбоору тууралуу да билип калып, ошол замат өтүнмө берген. Ошентип, Мария Тургунбаеванын жеке демилгеси боюнча Орто-Сай АДК Өнүктүрүү саясат институтунун дагы бир долбоорунун өнөктөшү болуп калат. Бул долбоорду ишке ашырууга Мария эже өтө жигердүү катышты.

Биринчи кезекте көңүл жамааттын муктаждыктарын, анын керектөөлөрүн жана көйгөйлөрүн дыкат изилдеп чыгууга бурулган. Мария эженин айтымында, ЖМБА иш-чаралары жердештери менен иштөөдө өтө кызыктуу жана эффективдүү тажрыйбага айланды. Анын жыйынтыктары иштеги көптөгөн ыкмаларды өзгөртүүдө бурулуш учур болуп калды. Муктаждыктарды аныктоо процессинде аныкталган эң көйгөйлүү маселелердин арасында жаңы конуштарды көйгөйлөрү өзгөчө бөлүнүп турду. Бул конуштарда ичүүчү суу, көчөлөрдө жарык такыр болгон эмес. Ички жолдордун абалы мышык ыйлаарлык деңгээлде болчу. Бул кемчиликтерди четтетүү көп каражатты талап кылган. Ден соолук комитетинин төрайымы катары Мария эже айыл өкмөтүнүн адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жамааттардын лидерлери менен каржылоо булактарын жигердүү издей башташты. Бул ишке айыл өкмөт башчысы да кошулду. Бул адамдар биргелешкен аракеттер планын даярдоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү болуп калышты. Көп өтпөй бул план жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилип, расмий документ болуп калды. Бул документте ушул багытта жасалчу иштер кадам-кадамы менен жазылып, конкреттүү мөөнөттөрү көрсөтүлгөн. Анын ичинде электр линиясын өткөрүп, орнотуу, электрдин кубаттуулугун жогорулатуу үчүн трансформатор сатып алуу, ичүүчү сууну берүү үчүн скважиналык насосту ремонттоо, А.АСАНОВ атындагы борбор дук көчөдө электр жарыгын орнотуу, жолдорду оңдоо бар.

Көп өтпөй жергиликтүү бюджетте жолдорду оңдоого 250 миң сом табылды. Электр зымдарын өткөрүүгө, трансформатор сатып алууга, АДК насосун оңдоого айыл өкмөтү менен чогуу ЭҮЖӨБОЖ долбоорунан 800 миң сом көлөмүндө грант алууга өтүнмө берип, бул конкурстан утуп алышкан. Ошондой эле “АДК үнү” долбоору уюштурган конкурста да жеңүүчү деп табылып, Мария эже 100 миң сом утуп алды. Бул акчага Орто-Сай айылы үчүн суу түтүк куурлары сатып алынды.

Мындан тышкары жергиликтүү кеңештин депутаттары өз чечими менен бюджеттен дагы 150 миң сомду күнүмдүк муктаждыктарга деп бөлүп беришти. Жергиликтүү тургундар да четте карап турбастан, бул пландарды ишке ашырууга рекорддук суммада акча чогултушту – 1 202 460 сом чогулду. Ошентип, Орто-Сай айылындагы аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн чогулган жалпы сумма 2 502 460 сом болду. Бул акча белгиленген мөөнөттө сарпталды. Мына ошентип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жамааттын так иш-аракети чыныгы жемишин берип, мындан кийинки аракеттерге мыкты колдонмо болуп калды. Мария эже бул ийгиликтин өзөгүндө Өнүктүрүү саясат институту ортосайлык АДК өкүлдөрү үчүн өнөктөштүктүн башында өткөргөн тренингдер жатат деп эсептейт. Дал ушул тренингдерде алган билимин ал жаңы конуштардагы маселелерди чечүү боюнча биргелешкен аракеттер планын аткарууда ийгиликтүү колдонгон.

“Мындан тышкары тренингдер бизге өз алдынча башкаруу системасындагы өтө көп нерсеге көзүбүздү ачты. Анткени, биз чынында эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын милдеттерин, алар кантип жана эмне менен алектениши керектигин, муниципалитет менен жергиликтүү жамааттын ортосундагы өз ара мамилелерин түзүшү керектигин билчү эмеспиз. Мунун баарын биз билип, эң негизгиси депутаттарда өз добушун ишенип берген шайлоочулардын алдында моралдык жоопкерчилиги бар болгонун жакшы түшүндүк. Тилекке каршы бул азырынча реалдуу турмушта болбой жатат, бизде гана эмес, өлкө боюнча да абал ушундай. Ошондуктан көптөгөн чечимдер эч жүйөсүз кабыл алынып, бардык деңгээлдердеги башкаруу системасындагы көйгөйлөрдү күчөтүүдө. Бул албетте аймактардын өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизип жатат. Дал ушул тренингдерде мен ушуларды түшүндүм. Менин кесиптештерим жана айылдаштарым бул оюмду колдоп, мага көмөк көрсөтүп, жергиликтүү кеңешке шайлоого талапкерлигимди коююуга шыктандырышты”.

Ошол эле 2015-жылы шайлоодо жеңишке жетип, айылдык кеңеште элеттиктердин өкүлү болуп калды. Депутаттык кызматта Мария эже көп нерсе ге жеткени турган иш: шайлоочулардын өтүнүчүн аткарып, айылын таза суу менен камсыз кылды; жергиликтүү бюджетти бюджеттик угуулар аркылуу гана түзүп, бөлүштүрүүгө жетишти; кесиптештери менен чогуу аймактын жашоосун, анын ичинде жайытты натыйжалуу пайдалануу жана жайыт жерлерин ижарага берүү маселелерин регламенттештирген бир нече ченемдик укуктук актыларды даярдап, кабыл алышты.

Депутат М.ТУРГУНБАЕВАнын ишине Ленин аймагынын айыл өкмөт башчысы Бакытбек Токтосунов мындай баасын берди: “Мария эже биздин аймактагы эң жигердүү аялдардын бири. Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп калганы да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул жерде ал өз ордун тапты. 21 депутаттын үчөө гана аял болсо да, эркек кесиптештери үчүн анын сөзү өтүмдүү, ал абройго ээ. Мындан тышкары ал мыкты эне жана чоң эне, мыкты педагог. Адамдарга анын чынчылдыгы, принципиалдуулугу, салабаттуулугу абдан жагат. Ал чын дилинен жана бир нерсе күтпөстөн эле жердештеринин жашоосун жакшыртууга умтулуп келет. Эгерде жергиликтүү кеңештердин бардык эле депутаттары Мария эжеге окшош болсо, биздин өлкө экономикалык жактан өнүгүп, үлгү көрсөтө алмак. Мен үчүн мындай аял менен, чыныгы элдик депутат менен иштөө – өзгөчө сыймык”.

Келечекке карата пландары менен бөлүшүп жатып, Мария эже жумушчу блокнотун ачты. Ал жерде тыгыз почерк менен биринчи кезекте чечилиши керек болгон тапшырмалар белгилениптир: ички жолдорду оңдоо, китепкана, жаңы ФАП жана футбол талаасын куруу, бардык көчөлөргө жарык жеткирүү...

Эң негизгиси көйгөйдү чечүүгө баары киришүүгө тийиш деп эсептейт. Эгерде ар бир тургун жашоону жакшы жагына өзгөртүүгө умтулса, бул процесске жигердүү катышса, анда көптөгөн пайдалуу иштерди жасаса болот.

 

Окшош материалы: