Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жаӊы лидерлер
Игорь ГОЛОВНЕВ, Ак-Башат АА: «Мен үчүн маанилүүсү – айылдагы жаратман күч катары жаштарга дем берип, аларды ордунан козгоо»
Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты тажрыйба боюнча адиси, Татьяна ПОПОВА, журналист, "Муниципалитет" журналынын буюртмасы менен
Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылдык аймагындагы мектептердин биринде иштеген мугалим Игорь ГОЛОВНЕВдун жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөр болду. Дене тарбия мугалими иш-чараларга жигердүү катышып жүрүп, жергиликтүү жамааттын лидерине айланды. Игордун жөндөмдүүлүгүн жана жарандык жигердүүлүгүн баалап, жердештери шайлоодо ага добуш беришкен эле. Азыр Игорь айылдык кеңештин депутаты болуп иштейт.
Өткөн кылымдын жыйырманынчы жылдары биздин каарманыбыздын чоң ата-чоң энеси Сибирден Кыргызстанга келишкен. Игордун ата-энеси ушул жерде төрөлгөн. Мектептен кийин университетти бүтүрүп, юристтин диплому менен Игорь ишке орношо албай койгон. Бул – мамлекетибиз эми гана эгемендикке жетип, рынок экономикасына өтүп жаткан мезгил эле. Ошол оошкыйыш жылдары көптөгөн жаш адистер жумушсуз отуруп калган. Ошондо Игорь Ново-Николаевка айылындагы мектепке убактылуу иштеп турайын деп чечип, дене тарбия мугалими болуп орношкон. Бирок балдар менен машыгып, аларда спортко болгон кызыгууну жаратуу, сергек жашоо образына көндүрүү аракети жигитти ушунчалык шыктандырган экен, айтор педагогика негизги кесибине айланат. Бирок турмушта күтүүсүз окуялар көп болот эмеспи. Юристтин кесиби да өзүн унуттурган жок.
Ал эми баары 2015-жылдын июнь айында башталды. Ал маалда Игорь башка жердештериндей эле ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттын өзгөчө маанилүү көйгөйлөрүн аныктап, аларды чечүү жолдорун издөөгө катышып калат. Ал үчүн башка элеттиктердей эле чогулуп алып, айылдагы кайсы бир маселени эмоционалдуу, ачык, эч нерсени жашырбай талкуулоо чоң ачылыш болот. Бул талкуулар маалында жамааттын жашоосун жакшы түшүнгөндөн тышкары, айылдын өнүгүүсүнө жолтоо болгон тоскоолдуктарды жеңүү жолдору изделет. Ал эми карапайым калк жакшы жашагысы келет да. Буга чейин мындай иш-чаралар болгон эмес, ашып кетсе айыл өкмөт башчы жылдык “отчету” менен чыгып койчу. Чынын айтканда ал отчетту деле эч ким кунт коюп укчу эмес, маңызын түшүнүүгө деле аракет байкалбачу.
Бирок бул жолу дээрлик бардык тренингдерге катышып чыккан Игорь бюджет боюнча коомдук угуулар, жамааттагы көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн айылдыктардын чогулушу канчалык зарыл жана пайдалуу болгонуна көзү жетти. Ушундай иш-чарага даярданып жаткан маалда да ага жигердүү катышкан Игорь пайдасы мол экенин түшүндү. Көрсө, бул оңой-олтоң иш эмес экен. Чогулуштун алдында өтө чоң даярдык иштерин жасаш керек эле: колдо болгон байланыш каражаттары аркылуу элге жарыя таратып, кулактандыруу, чакыруу барактарын, таратып берме материалдарды, баяндамаларды даярдоо менен алектенген атайын жумушчу топ түзүш керек эле. Адатта мындай иш-чаралардын алдында чыгармачыл жамааттын концерти өтөт. Аларды ишке тартуу да жумушчу топтордун компетенциясына кирет. Мунун баары менен алек болуп жүрүп, Игорь бара-бара өздөштүрүп кетти. Ал эми табиятынан ачык мүнөз жигит жаш курагына жана ишине карабай жаш-карысы дебей, баары менен тил табыша алды. Бирок өзү мойнуна алгандай, эң негизгиси – ал бюджеттин өзгөчөлүктөрүн түшүнө баштады. Эгерде мурда бул сөздөрдү угуп эле жүрсө, көп деле кызыкпай, маңызын түшүнбөй жүрсө, эми бюджет кантип түзүлөрүн, анын киреше, чыгаша бөлүктөрү эмнеден кураларын так билип калды.
Мындан тышкары Игорь аймактын ар бир тургуну коомдук угуулар жана айылдык кеңештин ачык сессиялары аркылуу бюджетти түзүүгө жана бөлүштүрүүгө укуктуу болгонун түшүндү. Карапайым адамдар да биргелешкен аракеттер планын даярдоого катыша аларын, ар бир жашоочу маселе тууралуу көз карашын билдирүүгө, аны чечүү жолдорун сунуш кылууга укуктуу болгону да маанилүү.
Долбоорго чейин Игордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иши тууралуу так элес болгон эмес. Ал айыл өкмөтү эмне кыларын, башчы кандай чечимдерди кабыл алууга укуктуу болгонун, айылдык кеңештин депутаттарынын кандай функциялары бар болгонун элес алчу эмес. Азыр болсо Игорь жергиликтүү маанидеги маселелер, өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар тууралуу кенен маалыматка ээ, аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы айырманы билет.
Жигердүү жашоочу катары Игорь айылдын инфраструктурасына – жолдордун абалына, жарыктандырууга, таштандыны чыгарып, жок кылууга байланышкан көйгөйдү чечүү боюнча демилгелүү топтун курамына кирет. Көп өтпөй Игорду ушул объекттердин ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзгөн топтун төрагасы кылып шайлашат. Бул иш инфраструктура объекттерин пландоо, алардын абалын текшерүү, функцияларын жакшыртуу чөйрөсүндө Игорго өтө чоң тажрыйба жана практикалык билим берет. Игорь элди ынандырып, жүйө келтирип сүйлөгөндү, презентациялык материалдарды өз алдынча даярдаганды, маалыматтык бюллетендерди басып чыгарууну бул иш процессиндеги жеке жетишкендигим деп билет.
БМжБ тобунда иштеген учурда Игорь кесиптештери менен биринчи кезекте чечилиши керек болгон төмөнкүдөй көйгөйлөрдү аныктап чыгышты: мектеп ашканасын ремонттоо, бала бакчанын чатырын алмаштыруу, №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын оңдоо, мүрзөнүн тегерегин тосуп чыгуу, жолдорго асфальт төшөө, көчөлөрдү жарыктандыруу, эки скважинаны бургулап, суу түтүк тарамын өткөрүү ж.б. Мындан тышкары көп объекттерде айрым бир кемчиликтер аныкталып, топтун эскертүүсүнөн кийин алардын баары өз убагында оңдолду.
Игордун айтымында, жергиликтүү кеңештин депутаты болуу жолунда да, элеттиктердин шайлоодо ага добуш берүүсүндө да Долбоор чоң ролду ойноду. Элдин ишеними, Долбоордон алган тажрыйбасы жана билими Головневго депутаттык ишмердигинде жардам берүүдө. Билген-көргөнүн Игорь жердештеринин бакубат жана жакшы жашоосу үчүн багыттап жатат. Игорь буларды белгиледи: “Долбоорго чейин айылдык кеңештин депутаты болуу ниетим жок эле. Иш-чараларга катышып жүрүп, бул процесске тартылып өзүм үчүн көп нерсени ачтым, кандайдыр бир бурулуш болду, менимче бул мыйзам ченемдүү көрүнүш”.
Айылдык кеңеште Игорь социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы. Чү дегенде эле ал кесиптештерине сунуш берди – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин мындан дагы ачык-айкын жана динамикалуу кылалы деди. Ошондон бери жыл сайын бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча коомдук угуулар өткөрүлүп келатат. Бул угууларда жашоочулардын кайрылуулары кылдат иликтенип, ачык талданат, муниципалитеттин кызматкерлери жасаган иштер тууралуу отчеттор айылдагы бардык маалымат такталарына жарыяланып турат, биринчи кезекте чечилиши керек болгон көйгөйлөрдү аныктоо боюнча ЖМБА-сессиялары өткөрүлөт, көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешкен аракеттер планы даярдалат. Игорго юридикалык факультетте алган билими да жардамга келди. Депутаттык ишинде Игорь адамдардын бош убакытты пайдалуу өткөрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө, аймактын тегерегин жашылдандырууга негизги басым жасап келет. Айталы, айылдык кеңештин чечими менен жер бөлүнүп берилип, 2020-2021-жылдары жаштар үчүн спорт залдын курулушу башталмакчы; бул максатта жергиликтүү бюджеттен 14 млн сом бөлүп берүү пландалган. Жылдын бюджетине сейил бакты калыбына келтирип, көрктөндүрүү – отургучтарды, урналарды орнотуу, жарыктандыруу, таманташ жаткыруу, тегерек-четти тосуу өңдүү иштер кирди. Саламаттык сактоо маселесине да олуттуу көңүл бурула баштады – №8 ҮДТ имараты капиталдык ремонттон өттү.
Биргелешкен аракеттер планын даярдоо жана аны ишке ашыруу процессинде Игорь өзү үчүн бир маанилүү тыянак жасады: жергиликтүү бюджетке үмүт артып, “алма быш – оозума түш” деп отура бербеш керек экен. Мындай иштерде мамлекеттин жана донордук эл аралык уюмдардын конкурстук, гранттык программаларына катышып, инвестицияларды тартып келүү зарыл. Ошондой эле айылдын көйгөйлөрүн чечүүгө жергиликтүү демөөрчүлөрдү – ишкерлерди да тартыш керек.
Мурдагы чакырылыштагы депутаттардын каталары тууралуу сөз болгондо, Игорь биринчи кезекте алардын пассивдүүлүгүн, жашоочулар менен байланыш түзө албаганын, электораттын алдында отчет бергиси келбегенин, түркөйлүгүн белгилейт. Анысы го мейли, бирок алар атүгүл өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жана милдеттерин да билчү эмес, эч бир долбоорду ишке ашыра алган эмес.
“Азыркы чакырылыштын ишинде бул каталар кайталанган жок. Себеби өз убагында жергиликтүү жамааттын лидерлери катары биз депутаттардан ушул нерселерди талап кылып келгенбиз. Ошондуктан элибизге эмне керек экенин жон терибиз менен сезип турабыз. Анын үстүнө жаңы чакырылышта ишкер, сабаттуу, оокаты тың, 30-45 жаштагы адамдар көп. Аларда аймакты өнүктүрүү боюнча дымагы да күч, идеялары да көп. Мисалы, Долбоордун алкагында тажрыйба алган мага да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ачык-айкындуулугу жана отчеттуулугу боюнча жол-жоболорду өткөрүү жеңил – коомдук чогулуштарды уюштуруу, көйгөйлүү маселелерди издеп, аныктап чыгуу, аларды чечүү жолдорун табуу, маалыматтык бюллетенди чыгаруу өңдүү иштерди Долбоордон үйрөнгөнмүн. Депутаттык корпустун бул жолку чакырылышы калыптанып калган эски стереотиптерди бузуп, ишти туура нукка бурду деп ишенимдүү айта алам”, – деп белгиледи депутат И.ГОЛОВНЕВ.
Пландар тууралуу айта турган болсо, аймактын тургундарын коомдук жашоого катышууга шыктандыруу үчүн Игорь “айылдык аймактын ардактуу тургуну” деген статусту калыбына келтирүүнү кыялданып жүрөт. Бирок ал азыркыдай формалдуу болбошу керек. Игордун оюнча, бардык басылмалар, коомдук иш-чаралар, маалымат такталары аркылуу ар бир тургун каармандарды жүзүнөн тааный тургандай, анын айылдык аймактын өнүгүүсүнө кошкон салымын биле жүргөндөй болушу керек. Ошондой эле калктын чыгармачыл демилгесин да өнүктүрүү маанилүү деп эсептейт. Бул үчүн Игорь көркөм чыгармачылык ийримдерин уюштуруп, клубда кинотеатр ачууну пландап жүрөт.
Игорь депутаттардын алдында турган маанилүү тапшырмалардын бири – жерлерге инвентаризация жүргүзүү деп эсептейт. Айылдык аймакта жай гашкан муниципалдык, мамлекеттик жана жеке жерлерди тактап чыгуу зарыл. Бүгүнкү күндө бул маселе өтө олуттуу, себеби эсепке алынбай калган, кароосуз калган жерлер көп, мунун айынан түрдүү жаңжалдар да орун алууда.
Игорго Долбоор өткөргөн “Жергиликтүү демилге” конкурсу абдан жаккан экен. Бул конкурс элдин активдүүлүгүн өнүктүрөт деп эсептейт. Ошол себептен өз аймагынын алкагында ушундай конкурсту өткөрүүнү көздөп жүрөт. Анткени айылдын көйгөйлөрүн чечүү боюнча элеттиктерден өтө көп демилгелер түшүп, ишке ашырылып жатпайбы. Мындан тышкары ал мониторинг жана баалоо тобунун ишин жандандырууну каалайт. Себеби Долбоорду ишке ашыргандан кийин бул топтун мүчөлөрүндө кызыгуу жоголуп, өзүнөн өзү токтоп калган. Игорь өз тажрыйбасынын негизинде акы албастан, жеке убактыңды коротуп, үй-бүлөңө көп көңүл бурбай, бул топтун ишин илгерилетип кетүү канчалык оор болгонун билет. Мына ушундай кыйынчылыктар адамдарды айнытып коюуда.
“Мен айылдык кеңештин депутаты катары биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун ийгиликтүү иштеп кетишине абдан кызыкдармын. Себеби алар канчалык жакшы иштесе, бул жалпы айыл өкмөтү жана кеңеш үчүн жакшы көрсөткүч болмок. Ошондуктан депутаттар биринчи кезекте ушул топту шыктандыруу маселесин чечиши керек. Демилгелүү топтордун жана БМжБ тобунун активисттерине материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлүүгө тийиш. Ошондо гана алардын ишин жандандырсак болот”, – деп эсептейт ГОЛОВНЕВ.
Бирок дагы бир көйгөй Игордун тынчын алып келүүдө – элеттик жаштарда дымак жок, көздөрү күйүп турбайт, аларда айылын жакшы, кызыктуу кылууга умтулуусу байкалбайт. Ал эми жаштар болбосо, айылдын келечеги да болбойт. Ошондуктан жаш депутат жердештерин “козгоп”, аларды кыймылдаткыч күчкө айландыруунун жолдорун издеп жүргөн убагы. Кам санабаңыз, Игорь бул жолду сөзсүз табат.
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында чоң тажрыйбага ээ болгон Игорь мындай деп терең ыраазычылыгын билдирди: “Долбоор мага аймактагы көйгөйлөргө жаңыча караганды үйрөттү. Мен социалдык жашоого сүңгүп кирдим. Бул жерде керектүү адамга айланып, пайдам да тийди. Бул жерде жергиликтүү бийликтин болгон түзүмүн так түшүнүп, эл менен иштегенди, жамааттын ичинде мамиле түзгөндү үйрөндүм. Элдин көйгөйү ЖӨБ органдарына жетип, алар калктын муктаждыктарын канааттандыруу багытында иштеп калганы абдан жакты. Жеке өзүм үчүн бир тыянак жасадым: айлана-тегерегиңдеги жашоону өзгөрткүң келсе, муну сен үчүн башка бирөө жасап берет деп күтүп отурбастан, демилгени колго алып, жаңы жашоо башташ керек экен!”.
Окшош материалы:
-
№1 (99) / 2020-03-03 Кесипкөй айыл өкмөт башчы өзүнүн муниципалитетинде гана эмес, башкасында да ишти жолго сала алат: Талгат Мукалаев
-
№1 (99) / 2020-03-03 Кесипкөй айыл өкмөт башчы өзүнүн муниципалитетинде гана эмес, башкасында да ишти жолго сала алат: Максат Дорбаев
-
№11-12 (97-98) / 2020-01-13 Анжелика КУЧ, Юрьевка АА: «Өзүбүздөн кийин жакшы элес жана конкреттүү иштердин көзгө урунаарлык жыйынтыктарын калтырышыбыз керек»
-
№11-12 (97-98) / 2020-01-13 Максатбек ИБРАИМОВ, Жазы АА: «Жетекчи жаңы ыкмалардан коркпошу керек»
-
№11-12 (97-98) / 2020-01-13 Лира СҮЙҮНТБЕКОВА, Кочкорбаев АА: «Ийгиликке карай жол – бул чоң жардан секирип өтүү менен барабар»
-
№11-12 (97-98) / 2020-01-13 Мария ТУРГУНБАЕВА, Ленин АА: «Жергиликтүү депутаттарда добушун ишенип берген шайлоочулардын алдында моралдык жоопкерчилик бар»
-
№11-12 (97-98) / 2020-01-13 Лариса КУСОВА, Боролдой АА: «Пенсия – бул жигердүүлүктү азайтууга себеп эмес»
-
№11-12 (97-98) / 2020-01-13 Саттарали МИҢБАЕВ, Көк-Жар АА: «Мен стратегиялык көз караш менен ой жүгүрткөндү, көргөндү жана келечекке так пландарды койгонду үйрөндүм»