Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кеңеш жана Бешик-Жон айылдык аймактары: таштанды жыйноо боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүү

2019-11-22 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Кеңеш жана Бешик-Жон айылдык аймактары: таштанды жыйноо боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүү

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну жакшыртуунун кийинки мисалдарын “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору (ЖДККЖ Долбоору) берди. Бул Долбоорду Швейцариянын Өкмөтү каржылайт жана ХЕЛВЕТАС Интеркооперейшн менен Өнүктүрүү саясат институтунун консорциуму аткарат.

Кошуна турган Кеңеш жана Бешик-Жон айылдык аймактары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда орун алган. Таштанды жыйноочу полигон болбогондуктан муниципалитеттер Базар-Коргон ААга алардын полигонуна таштанды чыгарууга уруксат берүүнү өтүнүп, кайрылып турууга мажбур болчу. Бул болсо ортодогу аралык айырмасынан улам бир кыйла ыңгайсыздыктарды жаратчу. Мындан тышкары таштандыны арыкка жана каналга таштаган айрым жашоочулар да кырдаалды курчутуп жиберишкен. Санитардык-эпидемиологиялык абал начарлап, элеттиктер ЖӨБ органдарынын ишине нааразылыгын билдирип жатышты.

Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу Планынын алкагында «Кеңеш-Тазалык» муниципалдык ишканасы түзүлдү. Ишканада туруктуу негизде 8 адам эмгектенет. Алар график боюнча иштешет: аптасына бир жолу таштанды жыйнап, борбордук көчөлөрдөгү, социалдык жана коммерциялык объекттердин контейнерлерин тазалап турушат. Ал эми эки аптада бир жолу эки муниципалитеттин калган көчөлөрүн кыдырып чыгышат.

«Кеңеш-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Батыр МОЛДОКУЛОВдун иш күнү эртең мененки саат 8де башталат. Ишкананы башкарууга байланышкан иштерден тышкары, ал башка маселелердида чечип келет. Мисалы, МОЛДОКУЛОВ адамдар курулуш таштандысын КТК үчүн бөлүнгөн контейнерге таштабашы керектигин айтып, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат. «Кеңеш-Тазалык» муниципалдык ишканасы ишин жаңыдан гана баштаганда жашоочулар көп ишеним артпай турушту. Элеттиктер кызмат көрсөтүүнүн сапатынан шектенип жатышкан.

Убакыт өтүп ишкана ишинин эффективдүүлүгүн далилдей алды: айылдар таза болуп калды. Батыр МОЛДОКУЛОВ техникалык жактан жабдып, кызмат көрсөтүүнү уюштургандан тышкары ЖДККЖ Долбоору муниципалдык ишканага электтиктердин жүрүм-турумун өзгөртүүгө да жардам берди деген ишенимде. Себеби айылдын тургундары эми «Кеңеш-Тазалыктын» иш графигин билип, көчөгө таштанды ыргытпай калышты. «Кошуна айылдардын жашоочулары биздин ишибиздин жыйынтыгын көрүп, башкалардан угуп, алардын да айылдарын тазалап туруу өтүнүчү менен кайрыла башташты», - дейт Б. МОЛДОКУЛОВ.

Инвестициялар

ЖДККЖ Долбоору муниципалитеттерге 249 080 сомго техникалык грант бөлүп берди. Бул гранттын жардамы менен айыл өкмөттүн адистеринин жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн потенциалы өстү; тийиштүү документтер даярдалды; зарыл болгон эксперттер жалданды; муниципалдык ишкананын ишине көз салып туруу үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлдү. Кеңеш айылдык аймагынын эли үчүн КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча иш-аракеттер Планын ишке ашыруу максатында 478 230 сом бөлүндү. Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында Кеңеш жана Бешик-Жон айылдарынын эли үчүн КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча иш-аракеттер Планын ишке ашыруу максатында 5777644 сом бөлүндү.

Жыйынтыктар

Кеңеш ААнын аймагында таштанды полигону курулуп, трубалардан жана арматурадан темир төшөм жасалды; кароолкана курулуп, электр линиясы өткөрүлүп, трансформатор орнотулду.

Контейнерлерди орнотуу үчүн атайын жерлер жана аянтчалар бөлүндү.

«Кеңеш-Тазалык» муниципалдык ишканасы зарыл болгон материалдык-техникалык база менен жабдылды. Таштанды жыйноо үчүн 12 аянтчанын тегерегинде тосмолор орнотулду, сегиз жумушчу орун түзүлдү, таштанды чогултуу үчүн 78 контейнер орнотулду, таштанды чыгаруучу жана жүктөп кетүүчү машине сатып алынды.

Кеңеш жана Бешик-Жон айылдарындагы ар бир социалдык объект таштанды контейнери жана КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү менен камсыз болду. Кеңеш жана Бешик-Жон айыл өкмөттөрү «Кеңеш-Тазалык» ишканасы менен чогуу экономикалык жактан жүйөлүү тарифти эсептеп чыгып, 14,5 сом көлөмүндө белиглешти. Эсептелинген тариф коомдук угууда элдин талкуусуна коюлуп, эки муниципалитеттин жергиликтүү жамааттары тарифти жактырышты.

Кеңеш айылындагы борбордук көчөдө жашаган пенсионер Турсунбай АТТОКУРОВдун айтымында, мурда айыл таштандынын алдында эле калып бараткандай болчу. Контейнерлер болбогондуктан жашоочулар таштандыны көрүнгөн жерге, адатта борбордук жолго таштап кете берчү. Ушундан улам жаңжал да көп чыкчу, себеби Экотехинспекция бул үчүн ЖӨБгө эскертүү берчү. Турсунбай аксакалдын үй-бүлөсү башка жашоочулардай эле таштандыны уруксат берилген жерге ыргытуу үчүн 3 километр аралыкты басып өтүүгө мажбур эле. Ушундан улам жашоочулар таштандыны анда-санда чыгаргандыктан ал чогулуп отуруп, бир маалда буруксуган жагымсыз жыт пайда болчу. Эми болсо кырдаал өзгөрдү, «Тазалык-Кеңеш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери график боюнча иштеп, өз жумушун ак ниети менен аткарууда. Мындан улам жашоочулар да ыраазы болуп, кызмат көрсөтүүнү белгиленген тариф боюнча төлөй башташты.

Бенефициарлар: 9243 үй кожолук; 39 социалдык объект; 43757 адам; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жана калктын аярлуу катмарынан 547 адам.

Кеңеш жана Бешик-Жондо кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер Планын ишке ашыруу уланууда. «Кеңеш-Тазалык» муниципалдык ишканасы көчөлөрдү таштандыдан арылтып, жашоочуларга сапаттуу кызмат көрсөтүүнү өз убагында жеткирүүдө. Келечекке карата жаңы чоңпландар бар. Мисалы, ишкана таштандыны кайра иштетүүчү жабдууну сатып алып, орнотууну пландоодо. Бирок бул – башка ийгиликтүү окуя болот.

 

 

Окшош материалы: