Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Дени сак жаштар – дени сак калк!

2020-03-03 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Дени сак жаштар – дени сак калк!

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору тарабынан даярдалды. Бул макала АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка эли көрсөткөн жардамдын натыйжасында чыкты. Басылманын мазмуну үчүн DAI Global LLC жоопкерчилик алат. Бул басылманын мазмуну USAIDдин же АКШ Өкмөтүнүн позициясын сөзсүз эле чагылдырбайт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын турмуш-тиричилик системасынын ишин уюштурууга жана өнүктүрүүгө, социалдык-экономикалык пландоого жана калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүгө багытталган тапшырмалардын кеңири өңүтүн аткарышат. Ошону менен бирге балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштурууга, дене тарбиясы жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттар менен камсыз кылууга байланышкан тапшырмалар эл үчүн өзгөчө актуалдуу жана маанилүү болуп саналат.

Ушул макалада спорт кызматын көрсөтүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз. Бул иш-чараны Ош облусунун Ноокат районундагы Насирдин Исанов айтындагы айылдык аймактын жергиликтүү бийлиги ишке ашырган. Алар муну эркин күрөш менен машыгуу жана фитнес үчүн спорт зал ачуу менен жасашты. ЖӨБ органдарынын бул иш-аракеттери жергиликтүү элдин ден соолугун чыңдоого багытталган.

Көйгөйдүн өзөгү эмнеде эле?

Насирдин Исанов атындагы айылдык аймактагы Жаңы-Базар айылындагы спорт залы дем берүүчү гранттын жана Жогорку Кеңештин депутатынын демөөрчүлүк жардамынын эсебинен курулуп, муниципалдык менчикке 2012-жылы өткөрүлүп берилген. Беш жылдын ичинде бул спорт зал айылдын тургундарына, анын ичинде 20-30 балага акысыз негизде кызмат көрсөтүп келген. Бирок 2017-жылы спорт зал иштебей калган.

Спорт залдын туруктуу жана чыныгы кожоюну болбогону, акысыз негизде кызмат көрсөтүүнү башаламан уюштуруу, муниципалдык мүлктү башкаруунун жол-жоболору боюнча ЖӨБ органдарында билимдин жоктугу имаратты кайтарууга, тазалоого, талаптагыдай күтүп алууга байланышкан кыйынчылыктарды жаратты. Спорт залдын кызматкерлерине да, имаратты кайтаргандарга да, машыктыруучуларга да эмгек акысы төлөнгөн эмес. Имараттын күнүмдүк ремонтуна каражат өтө оорчулук менен бөлүнүп, ал да толук берилчү эмес. Мындай шарттарда спорт залдын имараты бузула баштады – кышында жылытуучу трубалар жарылды, терезелери сынды, имараттын ички жана тышкы дубалдарынын штукатуркасы түшө баштады. Спорт үчүн зарыл жабдуулар жана шаймандар менен камсыз кылууда да кыйынчылыктар жаралды – залда эркин күрөш үчүн төшөнчү гана бар болчу. Мына ушундан улам спорттук кызмат көрсөтүүлөр начар деңгээлде уюштурулган деп тыянак чыгарууга болот. Мунун натыйжасында машыктыруучуларда балдарды жана өспүрүмдөрдү окутууга кызыгуусу да болбой калды, ал эми балдарда спорт менен алектенүүгө каалоо жоголду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын алдында кандай тапшырмалар турду?

Бул маселени чечүү үчүн муниципалитеттин бийлиги 12 кадамдан турган иш-аракеттерди аныктап алды. Бул иштер кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясын даярдоочу жумушчу топту түзүүдөн башталып, кызмат көрсөтүүгө коомдук мониторинг жүргүзүү менен аяктайт (схеманы караңыз).

Эмнелер жасалды?

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун техникалык жардамы менен Насирдин ИСАНОВ атындагы айылдык аймактын бийлиги төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрүштү.

  • Фокус-топтор өткөрүлүп, анын жүрүшүндө жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусу тандалып алынды. Натыйжада спорт кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу эң артыкчылыктуу маселе деп табылды.
  • Кызмат көрсөтүүнүу юштуруу Стратегиясын даярдап, эл менен макулдашып, ишке ашыруу үчүн жооптууЖумушчу топ түзүлдү.
  • Жумушчу комиссия кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын жана графигин даярдады, кызмат көрсөтүүнүн усулдары жана формасы тандалып алынды, ошондой эле Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясынын долбооруна кирген иш аракеттер планы даярдалды.
  • Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясынын долбоору коомдук угууда талкууланып, жергиликтүү жамаат аны колдоп берди. Ошондон кийин Стратегия жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сессиясында каралып, бекитилди.
  • Кызмат көрсөтүүнү сатып алууга ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобонун долбоору даярдалып, ал кийин жергиликтүү кеңештин депутаттарынын токтому менен бекитилди.
  • Спорт кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин долбоору даярдалып, ал коомдук иш-чараларда жергиликтүү жамаат менен макулдашылып, жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилди.
  • Спорт залдын ишин уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууга ачык-айкын конкурс өткөрүү үчүн конкурстук документтердин пакети даярдалды.
  • Келишимдердин долбоорлору иштелип чыкты: кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ортосунда түзүлгөн тейлеме келишими; жана жеткирүүчү менен кызмат көрсөтүүнү алуучу ортосунда түзүлгөн абоненттик келишим.
  • Кызмат көрсөтүүнү сатып алууга ачык жана айкын конкурс өткөрүлүп, конкурстук комиссиянын чечими менен “Барс-Мурас” спорт клубу жеңүүчү деп табылды. Бул клуб менен спорт кызматын көрсөтүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү ортосунда түзүлгөн келишимдин кызыктуу өзгөчөлүгү – келишимде жеткирүүчүгө кошумча талаптар коюлган. Мисалы, жеткирүүчү жогорку кесипкөй деңгээлде кызмат көрсөтүшү керек жана бир жылдын ичинде райондук деңгээлдеги таймаштарга бери деген 10 жеңүүчүнү, облустук таймашка 5 жеңүүчүнү жана республикалык деңгээлдеги таймашка бери дегенде бир жеңүүчүнү даярдашы керек.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун колдоосу

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун техникалык колдоосу ИСАНОВ муниципалитетинин өкүлдөрү үчүн потенциалды жогорулатуу боюнча өткөрүлгөн иш-чара түрүндө болду. Бул иш-чарага Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү, айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Н.ИСАНОВ атындагы муниципалитеттин өкүлдөрү үчүн USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун алкагында өткөн окуу иш-чаралары көп темаларга арналды. Анын ичинде ушул демилгени ийгиликтүү ишке ашырууга көмөкчү болгон маселелер боюнча да өттү:

  • жергиликтүү деңгээлде Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын даярдоо;
  • кызмат көрсөтүүгө тарифтерди иштеп чыгуу;
  • муниципалдык менчикти эффективдүү башкаруу;
  • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана реестрин иштеп чыгуу.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору иштин ар бир баскычында жергиликтүү администрацияга практикалык консультация өткөрүп турганын белгилей кетиш керек. Мисалы, кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуу механизмин киргизүү процессинде, кызмат көрсөтүүгө тарифтерди даярдап, макулдашып, беекитүү учурунда, кызмат көрсөтүүнү сатып алууга ачык конкурс өткөрүү маалында кеп-кеңештер берилди.

Ошондой эле USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бул кызмат көрсөтүүнү уюштурууга байланышкан ченемдик укуктук актыларын даярдоо процессинде да муниципалитеттин өкүлдөрүнө юридикалык жардам көрсөттү жана бул ишти улантууда. Айталы, кызмат көрсөтүүнү сатып алууга конкурсту өткөрүү боюнча жобону, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобону, тендердик документтерди даярдоодо, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөр менен аткаруу органы, жеткирүүчү менен абоненттер ортосунда келишимдерди түзүүдө жардам көрсөтүлдү.

Спорт кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кандай ченемдик актыларды кабыл алды?

Спорт кызматын көрсөтүүнү уюштуруу боюнчаиш-чараларды өткөрүү максатында жергиликтүү бийлик төмөнкүдөй зарыл болгон документтерди даярдап, кабыл алды:

  • “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга ачык конкурс өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону” бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому;
  • ачык конкурсту өткөрүү үчүн жооптуу конкурстук комиссияны түзүү тууралуу айыл өкмөт башчынын буйругу;
  • “Биргелешкен мониторинг жана баалоо өткөрүү боюнча жобону” бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому;
  • Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү тууралуу айыл өкмөт башчынын буйругу;
  • Жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому.

Бул документтердин баары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдарга, ошондой эле Бюджеттик жана Салык кодекстерине ылайык даярдалган.

Спорт кызмат көрсөтүүсүн уюштурууга кеткен чыгымдар

Бул кызмат көрсөтүүнү киргизүүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири – конкурстун жеңүүчүсү элге кызмат көрсөтүү үчүн муниципалдык менчиктеги объектти ижарага алып тим болбостон, ошону менен бирге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн өз каражатын инвестициялайт жана муну уланта берет.

Кызмат көрсөтүү ишке аша баштагандан бери ачык конкурстун жеңүүчүсү – “Барс-Мурас” спорт клубу 558 000 сом салды. Бул каражат спорттук жабдууларды жана шаймандарды – машыктыргычтарды, спорттук маттарды жана кийим-кечени сатып алууга багытталды.

Бул өнөктөштүктүн алкагында жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы залды ижарага акысыз берип, жергиликтүү бюджеттин эсебинен электр энергиясына кеткен чыгымды төлөп берүү каралган. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызмат көрсөтүүнү алуучуларга – 16 жашка толо элек балдарга жана өспүрүмдөргө жергиликтүү бюджеттен субсидия түрүндө жардам берет. Бул акча спорт менен алектенүүгө кеткен акыны кошо каржылоого багытталган.

Спорт кызмат көрсөтүүсүн ишке ашыруудан ким пайда табат?

Ушул тапта балдардын жана өспүрүмдөрдүн – муниципалитетте эркин күрөш өнөрүн өздөштүрүпжаткан, 18 жашка толо элек балдар жана кыздардын саны 230га жетти. Анын ичинде:

  • Жаңы-Базар айылындагы эркин күрөш залында (башкы залда) – 150 бала;
  • Чеч-Дөбө айылындагы эркин күрөш залында (клубдун филиалында) – 80 бала.

Насирдин ИСАНОВ атындагы айылдык аймакта жайгашкан бул спорт залдарда эркин күрөш менен алектенген балдардан тышкары, улуулар да ден соолугун ойлой башташты. Спорт менен алектенгендердин саны 40 кишиге жетти (21 эркек жана 19 аял).

Спорт кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуунун натыйжасында жамаатта кандай оң өзгөрүүлөр болду?

2019-жылы Н.ИСАНОВ атындагы муниципалитеттин курамына кирген Чеч-Дөбө айылында клубдун филиалы катары экинчи зал ачылган. Бул залга 18 жашка толо элек 80 кыз-бала келет. Ушул тапта “Барс-Мурас” спорт клубу эки залда кызмат көрсөтөт: Жаңы-Базар айылындагы башкы залда жана Чеч-Дөбө айылындагы клубдун филиалында.

Мындан тышкары USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун техникалык колдоосу менен Н.ИСАНОВ атындагы муниципалитет Кожоке айылында “Барс-Мурас” клубунун дагы бир филиалын ачууну пландап жатат. Бул залда 80 бала эркин күрөштү өздөштүрмөкчү.

Спорт кызмат көрсөтүүсүнүн жергиликтүү бюджет кандай пайда табат?

Спорт кызмат көрсөтүүсү социалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүү болуп саналат жана муну чыгымы көп, пайда алып келбейт деп эсептешет. Буга карабастан “Барс-Мурас” спорт клубу менен Мамлекеттик салык кызматынын райондук бөлүмү макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, кызматкөрсөткөн жана пайда тапкан юридикалык жак катары спорт клубу жыл сайын 20 миң сомдун тегерегинде салык төлөйт. Ошондой эле спорт клубун иштетүү аркылуу кызмат көрсөтүүнүн натыйжасында айыл өкмөтү башка бир маанилүү маселени чече алды – муниципалдык менчиктеги объект болуп саналган спорт залдын имаратын оңдоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлө алат. Спорт кызматын көрсөтүп, пайда алуу менен, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү имаратты талаптагыдай түрүндө күтүүгө, анын ремонтуна акча бөлүүгө жоопкерчилик алган.

Ошентип, бул муниципалдык-жеке өнөктөштүктүн натыйжасында жергиликтүү бюджеттеги каражатты үнөмдөө, муниципалдык менчиктеги объекттерди эффективдүү башкаруу жана жергиликтүү тургундарга ден соолугун чыңдоо мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү.

 

Окшош материалы: