Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Гранттык долбоорлордун туруктуулугун камсыз кылуу процессинде мониторинг жана баалоонун ролу

2020-03-03 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Гранттык долбоорлордун туруктуулугун камсыз кылуу процессинде мониторинг жана баалоонун ролу

2019-жылдын 8-декабрынан 18-декабрга чейинки мезгил аралыгында Ош, Нарын жана Чүй облустарынын аймагында “Жергиликтүү деңгээлде мониторинг жана баалоо системасынын механизмдери аркылуу долбоорлордун туруктуулугу” темасына тренинг өттү.

Тренингге ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитеттеринен 60ка жакын өкүл келди, алардын ичинен 27си аялдар болду.

“Тренингдер мониторинг жана баалоо (МжБ) механизмдерин колдонуу менен долбоорлордун туруктуулугун пландоодо катышуучулардын потенциалын жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Тренингдин жүрүшүндө анын катышуучулары – айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрү долбоордун туруктуулугун пландоо боюнча жаңы билимге ээ болуп, буга чейин үйрөнгөн көндүмдөрүн жакшырта алышты. Ошондой эле долбоордун туруктуулугу үчүн план жана аспаптарды даярдашты, өз план дарын ишке ашыруу процессинде тараптардын ролун жана жоопкерчилигин аныкташты. Тренингдердин процессинде өзгөчө басым долбоорлорду баалоо критерийлерине жасалды. Бул болсо долбоордун туруктуулугун аныктоонун жана камсыз кылуунун аспаптарынын бири. Ал эми тренингдин практикалык бөлүгүндө катышуучулар долбоордун туруктуулугун баалоочу аспаптарды колдонуу менен жергиликтүү калктын арасында сурамжылоо жүргүзгөндү үйрөнүштү”, - деп айтып берди Долбоордун грант боюнча адиси, тренер Султан МАЙРАМБЕКОВ.

Өткөрүлгөн тренингдердин жыйынтыктоочу продуктусу – ар бир муниципалитет үчүн долбоорлордун туруктуулугу боюнча жеке планы жана анкета (сурамжылоо үчүн) болуп калды. Мындан тышкары өз муниципалитеттерине кайтып келгенден кийин тренингдин катышуучулары жергиликтүү элдин арасында сурамжылоо жүргүзүп, ишке ашырылган гранттык долбоор боюнча кызмат көрсөтүүгө канааттануу деңгээли тууралуу маалымат алышты.

 

 

Окшош материалы: