Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чакан гранттар программасы жергиликтүү жамааттардын жашоосун өзгөрттү

2019-11-19 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Чакан гранттар программасы жергиликтүү жамааттардын жашоосун өзгөрттү

Султан МАЙРАМБЕКОВ, Долбоорунун гранттар боюнча адиси

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында 2015-жылдан 2019-жылга чейинки аралыкта Чакан гранттар программасы боюнча 70 гранттык долбоор ишке ашырылды. Анын ичинде 32 долбоор Чүй облусунда, 14 долбоор Нарын облусунда жана 24 долбоор Ош облусунда ишке ашырылды. 70 долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 96 115 921 сомду түздү. Анын ичинде 69 700 000 сомго гранттык каражат жана жергиликтүү бюджеттен 26 415 921 сом же жалпы суммадан 28% кош каржылоого бөлүндү.

Чүй, Нарын жана Ош облустарында 70 гранттык долбоордун ишке ашырылышы 628 450 элеттик тургунга, анын ичинде 39% аялга пайда алып келип, жашоосун өзгөрттү. Долбоордун жардамы менен чечилчү маселелердин арасында сап башында мектептеги шарттарды жакшыртуу (долбоордун 30%) жана мектепке чейинки билим берүү (долбоорлордун 20%) маселелери турду.

21 мектепте төмөнкүдөй жумуштар жасалды: жылытуу системасы оңдолду; ашканада ремонт жасалды; жыгач терезелер пластикке алмаштырылды; эмеректер (парталар, такталар) сатып алынды, мектеп ашканасы үчүн жабдуулар, компьютердик жабдуулар, интерактивдүү такталар ж.б. алынды. Натыйжада элеттик мектептерде билим алган балдар үчүн шарттар жакшыртылды. Балдар мурдагыга салыштырмалуу көп оорубай калышты, кыш мезгилинде сабактан калгандардын саны азайды, билим берүүнүн көрсөткүчтөрдү жогорулады.

14 бала бакчада төмөнкүдөй жумуштар жасалды: имараттар оңолду; имаратка улай салынган жайлар, отургучтар жана дааратканалар курулду; эмерек, төшөк-жууркандар, компьютердик жабдуулар, идиштер жана ашкана жабдуулары сатып алынды. Натыйжада мектепке чейинки билим берүү боюнча кызмат көрсөтүү жакшыртылды, кошумча тайпалар ачылды, бала бакчага барган балдардын саны көбөйдү, шарттар оңолгондуктан балдар мектепке даяр болуп бара башташты.

Он муниципалитетте ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк боюнча шарттар жакшыртылды, суу түтүк колонкалары орнотулду, насос станциялары оңдолду, эски суу түтүктөрү алмаштырылды. Натыйжада жашоо шарттары оңолду, ичүүчү суу үйгө да бериле баштады.

Алты муниципалитет үчүн катуу тиричилик калдыктарын (мындан ары – КТК) чыгаруу үчүн атайын техника сатып алынды. Эми бул муниципалитеттердин алдында КТК чыгаруу боюнча калкка кызмат көрсөткөн муниципалдык ишкананы ачуу, тарифтерди эсептеп чыгуу өңдүү бир катар тапшырмалар турат. Айылда таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапаты бир кыйла оңолду.

Беш муниципалитетте маданият үйлөрүн оңдоп чыгышып, музыкалык аспаптарды сатып алып, бий жана аспаптарды ойногонду үйрөткөн ийримдер ачылды. Мунун натыйжасында маданий эс алуу үчүн шарттар түзүлдү.

Беш муниципалитетте спорт залдар оңдолуп, жаңы чакан футбол аянтчалары курулду. Мунун натыйжасында элеттиктерге сергек жашоо үчүн шарттар түзүлдү.

Төрт муниципалитетте көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн прожекторлор орнотулду. Ошентип айылдардагы жашоо да өзгөрө баштады. Үч муниципалитетте инфраструктура жакшыртылып, айыл өкмөтүнүн имаратында ремонт жасалды. Мунун натыйжасында айыл өкмөттүн имаратында калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты оңолуп, муниципалдык кызматчылар үчүн дашарттар жакшыртылды. Бир муниципалитетте ички жолдор оңдолду. Дагы бир муниципалитетте болсо маалыматтык борборду ачуу менен калк үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгү жакшыртылды.

 

Окшош материалы: