Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттын жигердүүлүгүн кантип камсыздайбыз?

2019-11-19 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттын жигердүүлүгүн кантип камсыздайбыз?

Нарын жана Ош облустарынын элеттик муниципалитеттеринен 170тен ашык адам «Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жана бюджеттик процесске катышууда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жигердүүлүгү жана жоопкерчилиги» деген темадагы бир катар тренингдерге катыша алышты. Иш-чаралар 2019-жылдын июнь айында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Тренингдерге ЖӨБ органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, Долбоордун максаттуу[1] жана максаттуу болбогон муниципалитеттериндеги жергиликтүү жамааттардын лидерлери жана жигердүү өкүлдөрү катышты.

Анара МУСАЕВА, тренер, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жарандардын катышуусу боюнча адиси: «Тренинг жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана бюджеттик процесске катышуу боюнча дараметин жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана бюджеттик процесске катышуусунун мыйзамдык базасы, жарандардын ЖӨБго жана бюджеттик процесске катышуу укуктарын ишке ашыруу механизмдери тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле тренингдин катышуучулары жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана бюджеттик процесске эффективдүү катышуусу боюнча көндүмдөрдү үйрөнүштү. Көбүрөөк натыйжага жетүү үчүн программада «Жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсү» деп аталган чакан топтордо иштөө үчүн сессия да каралган. Чакан топтордогу иштин жыйынтыгы боюнча ЖӨБ органдары бир маанилүү көрүнүштү баса белгилешти: идеалдуу образ менен чыныгы кырдаалдын ортосунда чоң айырма бар. Мындан улам идеалдуу ЖӨБ органын түзүү үчүн жалпы процессти пландап, уюштурганды үйрөнүш керек. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттенүүгө жана жарандардын ЖӨБго катышуусуна өзгөчө көңүл бурушту. Көнүгүүлөрдү аткарып жатканда тренингдин катышуучулары, өзгөчө ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруудан чындап эмнелерди күтүп жатканын көрө алышты. Мындан тышкары ЖӨБ органдары өздөрү да адистер менен депутаттардын билим деңгээли жана даярдыгы ойдогудай деңгээлде болбогонун, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө каражат тартыш экенин, бул болсо алардын ишинин жыйынтыгына таасирин тийгизип жатканын белгилешти. Ал эми ЖӨБдүн идеалдуу образын түзүүдө АӨ башчысы чоң ролду ойнойт эмеспи. Башчынын кесипкөй даярдыгынан жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу көндүмдөрүнөн жергиликтүү жамааттагы жашоо көз каранды. Айыл өкмөтү менен айылдык кеңештин кызматташтыгы да маанилүү ролду ойнойт».

Өткөрүлгөн тренингдердин натыйжасында катышуучулар 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга катышуу үчүн маалыматтарды өз алдынча чогулта алышты (веб-сайтка кирип, маалымат менен таанышуу үчүн маршрутту чийип чыгышты), жарандык бюджет менен таанышышты, коомдук угууга эффективдүү катышуу үчүн жарандык бюджетке суроолорду даярдашты. Тренингдин катышуучулары ошондой эле ЖӨБ органдарынын ишине оң баасын берип, идеалдуу образ менен чыныгы кырдаал ортосундагы айырмага анализ жүргүзүү зарыл экенин белгилешти. Ошондой эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан маалда идеалдуу образ менен чыныгы кырдаалдын ортосундагы айырманы азайтуу үчүн жергиликтүү жамааттагы кадыр-барктуу адамдарды тартуу сунуш кылынды. Ошондой эле тренингдин катышуучулары маданий иш-чараларды өткөрүп жатканда жарандардын маданий тарбиясына көңүл бөлүүнү да сунуш кылышты.

Катышуучулардын айтымында, ушул өңдүү тренингдер демилгелерди таап чыгууга, аларды ишке ашыруу үчүн ресурстарды табууга жардам берет. Мисалы, Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин САТАРОВ буларды айтты: «Бардык тараптар бир маселенин үстүнөн чогуу иш алып барган учурда көп нерсеге жетсе болот. Бизде ишке ашкан демилгелер абдан көп жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча пландар да бар. Идеалдуу ЖӨБ органынын жана идеалдуу жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн портретин түзүп жаткан маалда анализ учурунда өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана кемчиликтерибизди көрө алдык».

Мындан тышкары катышуучулар күнүмдүк турмуш менен алек болуп жүрүп, идеалдуу жана реалдуу кырдаал ортосундагы ажырымды ошол заматта эле көрө албай жатканын белгилешти: «Жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн жана ЖӨБ органдарынын имиджин калыптандырууда жергиликтүү жамааттын мүчөсү катары мен көп нерсени жасашым керек. ЖӨБ органдары ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылууга тийиш. Ал эми жашоочулар айыл өкмөтүнүн сунуштарына ачык болушу керек», - деп айтты Үгүт айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү Г. АБДЫКАЛЫКОВА Г.

Анализ жүргүзүп жатканда катышуучулар муниципалитеттин башчысын туура тандоо менен жергиликтүү ресурстарды колдонуп, же инвесторлорду тартып, көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүн болоорун белгилешти. Айталы, Ак-Кыя айылдык аймагында жаңы айыл өкмөт башчы жаштардын башын бириктирип, эки футбол аянтчасынын курулушу боюнча маселени чечип берген. Бул маселе бир жарым жылдан бери чечилбей келаткан эле. Ошондой эле жашоочулар бош убактысын өткөрө ала турган сейил бак ирээтке келтирилген. Мындан тышкары тренингде кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү кетирген кемчиликтер БМжБ тобунун ишинин натыйжасында оңдолгону айтылды. Дагы бир мисал айтылды: жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү бюджетти башкаруу боюнча алган билимин колдонуп, максатсыз пайдаланылган акчаны бюджетке кайтара алышкан. Ошондой эле ийгиликтүү жана сабаттуу өткөрүлгөн маалыматтык өнөктүктүн натыйжасында жергиликтүү жамаат коомдук иш-чарага жигердүү катышкан окуя тууралуу да сөз болду. Ал эми бир аймакта артыкчылыктуу көйгөйдү чогуу аныкташып, атайын техника сатып алышкан. Мунун натыйжасында муниципалдык ишкана түзүлүп, таштанды жыйноо жана чыгаруу маселеси йигиликтүү чечилген.

 

Окшош материалы: