Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Беш облустун ЖӨБ органдарынын башчылары жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистер билимин тереңдетишти

2019-11-12 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Беш облустун ЖӨБ органдарынын башчылары жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистер билимин тереңдетишти

2019-жылдын июнь жана июль айларында Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын аймагында айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистер үчүн семинарлар өттү. Бул семинарлар «ЖӨБ органдарынын ишиндеги актуалдуу маселелер. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну башкаруу» деген темада өттү.

Семинарлардын уюштуруучулары: КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, КР Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы жана Швейцария Өкмөтү Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржылап, Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоору (мындан ары – Долбоор).

Баары болуп 16 семинар өттү, аларга 613 адам, анын ичинде 162 аял катышты:

  • Ысык-Көл облусу: 117 адам, алардын ичинен 39 аял;
  • Нарын облусу: 106 адам, алардын ичинен 34 аял;
  • Жалал-Абад облусу: 110 адам, алардын ичинен 22 аял;
  • Ош облусу: 152 адам, алардын ичинен 10 аял;
  • Чүй облусу: 128 адам, алардын ичинен 57 аял.

Бектурган ОРОЗБАЕВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун улуттук деңгээлде иштөө боюнча программалык менеджери: «Семинарлар ЖӨБ органдарынын башчыларына жана сатып алуулар боюнча адистерге ар тараптуу билим берүү максатында уюштурулду. Семинарлар теориялык өңүттөрдү, мыйзамдардагы талаптарды, заманбап ыкмаларды жана тенденцияларды, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыкты практикаларды камтыды. Семинарларда ЖӨБ чөйрөсүндө, ошондой эле ЖӨБОнун ишинде пайда болуп турган актуалдуу маселелерди чогуу талкуулоо үчүн ЖӨБЭММАнын өкүлдөрү менен сессиялар өткөрүлдү. Иш-чараларга ШИИБ, РИИБ өкүлдөрү жана Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү тартылды. Ал эми КР Финансы министрлигинин эксперттери катышуучулардын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү билимин тереңдетишти. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамынын ченемдерин түшүндүрүүгө, мамлекеттик сатып алууларды пландоого, сатып алууларды жүзөгө ашырууда конкурс өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду».

Семинарлардын практикалык бөлүгүн КР Финансы министрлигинин эксперттери өткөрүштү. Мында сатып алуулар боюнча адистер үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча расмий порталында иштөөгө убакыт бөлүндү. Семинардын бул бөлүгүндө 2019-жылдын 11-январындагы №4 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамы, 2019-жылдын 26-июнундагы №76 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамы менен киргизилген жаңы өзгөрүүлөр чечмеленип берилди. Ошондой эле семинарлар теориялык өңүттөрдү, мыйзамдардагы талаптарды, заманбап ыкмаларды жана тенденцияларды, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыкты практикаларды камтыды. Мамлекеттик сатып алууларды пландоого жана мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашырууда конкурстарды өткөрүүгө өзгөчө басым жасалды. Бул сессиянын жыйынтыгында катышуучулар электрондук порталда конкурстук өтүнмөлөрдү каттоо, жайгаштыруу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

 

Окшош материалы: