Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2020-2025-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү Стратегиясынын долбоору талкууланды

2019-11-19 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
2020-2025-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү Стратегиясынын долбоору талкууланды

2019-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында 2020-2025-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү стратегиясынын долбоору талкууланды.

Тегерек стол талкуусуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аалы КАРАШЕВ, Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын, Жогорку Кеңештин аппаратынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жетекчилиги жана өкүлдөрү, мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү боюнча Консультациялык-эксперттик кеңештин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилиги жана өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын статс-катчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун (Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун, Өнүктүрүү саясат институтунун) өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары катышты.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек САГЫНБАЕВ Стратегиянын структурасы тууралуу айтып берди: «Жумушчу топтун сунушу боюнча, Стратегия эки бөлүктөн турат: 1) юридикалык документ катары Стратегиянын өзү, 2) Стратегияны ишке ашыруу боюнча толук, кеңейтилген план, анда мөөнөттөр, иш-чаралар жана механизмдер көрсөтүлгөн».

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Аалы КАРАШЕВ катышуучуларга кайрылып, Стратегиянын долбоорун талкуулоого жигердүү катышып берүүнү өтүндү: «Эгемендик алган жылдардан бери биздин өлкө башкаруу системасын түптөп, өнүктүрүүнүн бир топ этаптарынан өттү. Бүгүнкү күндө ушул этаптардын жана биргелешкен күчаракеттердин натыйжасында бизде «бирдиктүү мамлекеттик кызмат» деген түшүнүк бар. Ал өзүнө мамлекеттик жарандык, дипломатиялык, аскердик жана укук коргоо кызматтарын камтыйт. Азыр ойдогудай боло албай жатса да, маянаны баалоонун жыйынтыктары боюнча чегерүүгө жетише алдык. Мамлекеттик кызматкерлердин, мамкызматчылардын кесипкөйлүк деңгээли да баалоого жараша болот. Биз «бармак басты, көз кысты» принциптеринен алыстап, системадагы бардык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уланта беришибиз керек. Биздин башкаруу системабыз компетенттүү болбогон жетекчилердин азабын тартып жатат. Алар ондогон жылдар боюнча орто звенодо иштеген тажрыйбалуу кызматкерлердин башын аттап, тааныш-билиштик боюнча кызматка келип алышууда. Мына ушундай жаңы дайындалган жетекчилерге алардын ишин үйрөтүүгө мажбур болуп жатабыз. Мындай болбошу керек! Мамлекеттик кызмат абройлуу, кадыр-барктуу болуп, анын кызматкерлери элдин ишенимине татыктуу боло тургандай деңгээлге жетишибиз керек».

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек АКМАТАЛИЕВ: «Кээде «стратегияларды иштеп чыгуу – убакытты, күчтү жана акчаны текке кетирүү, мунун ордуна айлык акыны көбөйтүш керек» деген пикирлерди угуп калам. Бирок бизде концептуалдык элес болушу керек, бул үчүн бизге Стратегия зарыл».

Андан соң катышуучулар кесипкөй кызматтын бирдиктүү системасын түзүү; кызматты кесипкөйлөштүрүү тууралуу; кызматчылардын мотивациясын жогорулатуу тууралуу; кызматчылардын потенциалын жогорулатуу тууралуу; кызматчылардын этикасы тууралуу; жаңы технологияларды киргизүү тууралуу маселелерди талкуулашты.

Тегерек стол талкуусунун жыйынтыгында элүүгө жакын сунуш, ой-пикир түштү. Уюштуруучулар бул сунуштар менен таанышып чыгып, Стратегиянын долбоорунун экинчи талкуусун даярдап жатканда колдоно турганын айтышты.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоору уюштурду.

 

Окшош материалы: