Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн милдеттүү квота 30% БОЛСУН!

2019-11-19 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн милдеттүү квота 30% БОЛСУН!

Нарын, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү жамааттары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өнөктөштөрү жергиликтүү кеңештерде аялдарга «ООБА» дешти.

2019-жылдын 11-июнь күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети түзөтүүлөрдү камтыган мыйзам долбоорун жактырды. Бул мыйзам долбоору жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мандаттардын бери дегенде 30% аялдарга берүүнү сунуш кылат. 27-июнда мыйзам долбоорун өлкөнүн Парламенти үчүнчү окууда кабыл алды. Ал эми 2019-жылдын 11-июль күнү мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жиберилди. Августта КР Президенти мыйзамга кол койду.

Мыйзам долбоорунун негиздеме катында шайлоого жүргүзүлгөн байкоонун жүрүшүндө аялдар шайлоого талапкер катары көп катышпай турганы аныкталганы белгиленет. Айталы, акыркы он жылда жергиликтүү кеңештерде аялдардын үлүшү 24 пайыздан 11 пайызга чейин азайып кеткен. Аны менен катар аялдардын айылдык кеңештердеги санын көбөйтүүнү камсыз кылган механизмдер жок. Соңку үч жылда өлкө боюнча аял депутаттардын саны 11 пайыздан ашпай келет. Ушул тапта өлкө боюнча 8700 депутаттын миңге жетпегени гана аялдар. Жергиликтүү кеңештерде аялдардын санын көбөйтүү максатында мыйзам долбоору айылдык кеңештин депутаттарынын мандатынын 30 пайыздык резервин аялдар үчүн кармоо жана резерв болгон мандаттарды бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө жобону сунуш кылат (59, 62-беренелер). Бул маселеде өз пикирин билдирип, демилгени колдоо максатында Өнүктүрүү Саясат Институту (ӨСИ, www.dpi.kg) жарандарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн #жергиликтүүкеңештеаялдарболсун аттуу флэш-мобго кошулууга үндөйт.

Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы 35 айылдык аймакта өткөн тренингдердин, тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралардын, жергиликтүү бюджеттерди түзүү боюнча коомдук угуулардын катышуучулары чечкиндүү түрдө ООБА деп жооп беришти! Үч жүздөн ашуун эркек жана аял жергиликтүү кеңештерде аялдар БОЛСУН, 30% квота БОЛСУН дейт!

 

 

Окшош материалы: