Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодекстин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу топ түзүлдү

2019-11-19 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу топту түздү. Тийиштүү буйрукка премьер-министр М. Абылгазиев кол койду.

Жумушчу топко 2019-жылдын 31-декабрына чейин Кодекстин долбоорун даярдап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берүү тапшырылды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик 2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кодекстин долбоорун өкмөттүн кароосуна жибериши керек.

Ведомство аралык жумушчу топтун курамына ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси БЕКИЕВ Бекболот Жапарович да кошулду (макулдашуу боюнча). Бекболот Бекиев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодекстин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу топ кандай максатта түзүлгөнүн мындайча айтып берди: «Кодекс жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүн тикелей жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын тутумун бириктирип, үндөштүрө алат. Себеби иерархиясы жана юридикалык күчүнүн даражасы боюнча тармактык мыйзамдарга салыштырмалуу артыкчылыктарга ээ. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун конституциялык маңызын терең түшүнбөгөндүк, аны мамлекеттик органдын төмөн турган, тармактык мыйзамдардагы бардык маселелерди аткарчу ыйгарым укуктуу аткаруу органы катары кабылдоонун кесепеттери билинип жатат. Көп учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарына карама-каршы келген, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү тармактык мыйзамдар да, атайын мыйзамдар да кабыл алынып, аларга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Мындан улам ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары финансылык жана административдик ресурстарсыз эле, эч жүйөсүз кеңейтилип жатат.

Ошондой эле тармактык мыйзамдар КР Конституциясынын ченемдери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү атайын мыйзамдар менен макулдашылбай кабыл алынууда.

Бүгүнкү күндө республикадагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу ар кайсы мезгилдерде иштелип чыккан жана кабыл алынган бытыранды ченемдик укуктук актылардын жалпы бир тутумунун негизинде иштеп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодекс булардын баарын бирдиктүү ченемдик комплекске бириктирип,

системага салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп турат. Мындан тышкары Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодекстин долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топ жергиликтүү маанидеги маселелерди ирээттештирип, системага сала алат. Бул үчүн эксперттик топ жергиликтүү маанидеги маселелердин толук тизмесин түзүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кошумча ыйгарым укуктарын, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын ажыратуунун негизинде ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды белгилеп берет.

Ошентип, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Кодексин иштеп чыгып, кабыл алуу төмөнкүдөй тапшырмаларды аткарууга жол берет:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мындан кийинки өнүгүүсү үчүн укуктук негизди түзүүгө;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын стабилдүүлүгүн камсыз кылууга;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдерди бирдиктүү ченемдик комплекске бириктирүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен тармактык мыйзамдар ортосундагы укуктук коллизияларды жана карама-каршылыктарды четтетүүгө;
  • жергиликтүү маанидеги маселелерди ирээттештирип, системага салууга, алардын толук тизмесин түзүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын тактоого, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүп берүүгө, ошондой эле ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тактоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктоого;
  • жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана милдеттерин, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү тартибин өркүндөтүүгө жол берет.

 

Окшош материалы: