Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Бюджеттин айкындуулугу
Мектеп бюджети боюнча коомдук угуулар – талаштардын, жаңжалдардын
“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту жарандарды бюджеттик процесске тартуу боюнча чоң иштерди алып барууда.
Гуляим Шамшидинова,
“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун ЖӨБ органдары менен иш алып баруу боюнча кеңешчиси
Мектеп - окуу процессинин маанилүү катышуучусу
“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту жарандарды бюджеттик процесске тартуу боюнча чоң иштерди алып барууда. Анткен менен бюджеттик процесстин өзү мында бюджет боюнча мыйзамдарда аныкталгандан да кеңири алкакта каралат. Бюджеттик каражаттар дегенде жалпы элдик,коомдук каражаттарды түшүнүү менен Институттун эксперттери жергиликтүү жамааттар үчүн көйгөйлүү болгон орто билим берүүнү кошо каржылоо өңдүү теманы көңүл сыртында калтырып коё алган жок. “Муниципалитет” журналынын январь айындагы санында биз Кыргызстандагы орто мектептер жарым-жартылай ата-энелердин каражаты менен кармаларын, ал эми мамлекет орто мектепти каржылоого карата өз милдеттемелерин толук аткарбарын далилдеген кырдаалдын анализин жарыялаганбыз. Бул көйгөйдүн эки жагы бар. Биринчиси, мамлекеттин ролу жана бул тууралуу биз ошол макалада сөз кылганбыз. Экинчиси, ата-энелердин капчыгынан мектептерге түшүп жаткан аз эмес өлчөмдөгү финансы каржаттарын иш жүзүндө башкарылып жатышы. Ата-энелер менен сүйлөшө келгенде дооматтардын негизги бөлүгү төлөө фактысына эмес, алар бул каражаттар кантип башкарылып, кандай максаттарга сарпталып жатканын билбегенге карата багытталарын түшүнөбүз. Анткени мында коррупция тууралуу шектенүүлөр пайда болууда. Мамлекетти мектепти талап кылынгандай деңгээлде каржылоого мажбурлаганга караганда, коррупция менен күрөшүү жеңил. Андыктан “Элдин үнү жана жоопкерчилиги” долбоору өзүнүн пилоттук айылдык аймактарындагы мектептерге коомдук угуулар аркылуу мектептердин бюджеттерин бир аз айкындуураак кылууга жардам берди. Мунун баары окуу сапарынан кийин башталды.
Коомдо мектептерге түшүп жаткан ата-энелердин каражаттарынын тегерегиндеги талкуулар, талаштар токтобой келет. Биринчилери бул каражатарды “пара” деп атаса, экинчилери “аргасыз чара” катары бааласа, үчүнчүлөрү “демөөрчүлүк ыктыярдуу жардам” катары сыпаттайт. Анткен менен бүгүнкү күндө мамлекет мектептерди толугу менен камсыздай албай турганын баары эле түшүнүп турат. Анткени мугалимдерге айлык акы жана социалдык чегерүүлөрдөн тышкары өтө чоң финансы каражаттары материалдык-техникалык камсыздоого (жабдуулар, чарбалык керектөөлөр, кызматтар жана дагы башкалар) сарпталат. Мына ушул жерде мектептердин жетекчилигинин айтымында, ата-энелердин жардамы болбосо, мектептин жашоосу жана андан ары өнүгүүсү токтойт.
Өлкөдө көңүл бурууну талап кылган оң мүнөздөгү тажрыйба топтолуп калды. “Элдин үнү жана ЖӨБ жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун үч пилоттук аймактын ЖӨБ органдары менен кызматташтыгынын алкагында жана бул темага карата жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгын эске алуу менен ӨСИ ушул аймактардын АӨ жана мектептери үчүн билим берүү мекемелеринде ата-энелердин каражаттарын түзүүдө жана чыгымдоодо ачыктык жана айкындуулук маселеси боюнча ушул тажрыйба менен бөлүшүү ишин уюштурду.
Сапарга долбоордун үч пилоттук айылдык аймагынын 29 өкүлү катышты. Алар: Ивановка (Чүй облусу,Ысык-Ата району), Ленин (Сузак району, Жалал-Абад облусу), Төрт-Күл (Тоң району, Ысык-Көл облусу) айылдык аймактарынын өкүлдөрү: АӨ кызматкерлери,мектеп директорлору жана окуу бөлүм башчылары,ата-энелер комитетинин төрагалары. Алмашуу ишчарасынын катышуучулары эки күндүн ичинде коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жаатында теориялык билим гана албастан, ошону менен бирге эки шаардык жана бир элеттик мектептердин бюджетин башкарууда ачыктык жана айкындуулук жаатындагы практикалык тажрыйбага да күбө болушту.
Бишкектин №1 мектеби: “Өз жетишкендиктери менен мектеп ата-энелерге милдеттүү”
Атайын жабдылган бөлмөдө директор Валентина Васильевна Кириченко катышуучуларга мектеп тууралуу, анын жетишкендиктерин баяндаган тасманы көрсөттү. Директордун айтымында, 2004-жылы ата-энелер Колдоо жана өнүктүрүү боюнча коомдук уюмду (КЖӨБКУ) түзгөндөн тарта мектеп жеңиштерге жете баштады. Ата-энелер ай сайын ар бир окуучуга 200 сом өлчөмүндө акы төлөйт жана ушул каражаттардын эсебинен мектеп өнүгүү жолунда. КЖӨБКУда расмий түрдө бухгалтер жана кассир иштейт, алар маяна алат (ушул өңдүү көпчүлүк уюмдарда алар ыктыярдуу негизде, маяна албастан иштешет). Алар бардык социалдык чегерүүлөрдү, төлөмдөрдү банк аркылуу ишке ашырышат. Директор ата-энелер көпчүлүк мектептердеги фонддорго караганда коомдук уюмдарга көбүрөөк ишенишерин белгиледи.
Андан соң директор мектептин бюджети боюнча коомдук угууга даярдык кантип жүргөнүн жана ишке ашырылганын айтып берди. Угууну өткөрүү тууралуу чечим бир заматта жана оңой-олтоң эле кабыл алынган жок. Эки жылдын аралыгында мектеп “Айкын бюджет үчүн альянсы” КЮЛ жана Өнүктүрүү саясат институту менен иштешип, акча каражаттарын, анын ичинде ата-энелердин төлөмдөрүн колдонууда айкындуулук боюнча семинарларга, тренингдерге жана “тегерек үстөлдөргө” катышты. Андан соң мектептин, ата-энелердин жана окуучулардын бир добуштан колдоосу менен бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуу өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды. Коомдук угуу 2011-жылдын апрель айында өттү. Угууга даярдык бир айга жакын убакытты алды жана төмөнкү тапшырмаларды чечүүнү караштырган:
• мектептин педагогдору, ата-энелер жана окуучулар бюджеттик процессти канчалык билерин аныктоо жана мектептин артыкчылыктарын аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзүү;
• мектептин бюджети тууралуу каржылык отчеттун бет ачарын, иш-чаранын планын, угуулардын катышуучулары үчүн эрежелерди иштеп чыгуу;
• буклеттер, баракчалар жана плакаттар түрүндө маалыматтык материалдарды даярдоо жана аларды окуучулар аркылуу ата-энелерге таратуу.
Жооптуу адамдар жана качан аткарылары көрсөтүлгөн текшерүүчү барактын негизинде, биргелешкен аракеттерге жана эптүү ишке жараша алдыга коюлган тапшырмалардын баары өз убагында ийгиликтүү ишке ашты.
Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү – угууларга даярдык көрүү жана өткөрүү процессине педагогдор, ата-энелер жана окуучулар активдүү тартылды. Мисалы,экономика сабагы учурунда 4-11-класстардын окуучуларынын алдында өз мектебинин чыгашаларынын сметасын иштеп чыгуу жана түзүү тапшырмасы берилген. Натыйжада угуулар жогорку деңгээлде өттү. Мында агрессивдүү маанайдагы ата-энелер болгон жок (мындай көрүнүш буга чейинки отчеттук жыйындарда орун алчу), конструктивдүү сынчыл пикирлер гана жаңырып турду. Жалпысынан угууларга 160ка жакын киши катышты, алардын арасында шаардык кеңештин депутаты да болду.
КУ жыйынтыгы деп мектептин бюджетинин айкындуулугун гана эмес, ошону менен катар ачык иш-чараны окуучулар жана ата-энелер менен биргеликте уюштуруу жана өткөрүү боюнча алынган натыйжалуу тажрыйбаны да эсептесе болот. Дал ошолордун сунушунун негизинде мектептин негизги артыкчылыктары аныкталды – ата-энелердин төлөмдөрүн биринчи кезекте кайда сарптоо зарыл жана максаттуу болмок. Мектептеги угуулардан кийин дааратканада оңдоо иштери жүрүп, мектептин аймагы жарыктандырылып, мугалимдердин айлык акысына кошумча каражат бөлүнүп, мугалимдерге жана техникалык кызматкерлерге күнүнө 16 сом өлчөмүндө транспорттук чыгаша үчүн акча берилип, коридорго чоң күзгү сатылып алынды. 2011-жыл үчүн мектептин бюджети боюнча кийинки угуулар 2012-жылдын май айында өтөт.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, №1 мектептин директору Валентина Кириченко кесиптештерине – алмашуунун катышуучуларына өз сунуштарын берди:
Мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды сөзсүз өткөрүп туруу керек – бул ушак-айыңдарды, талаштарды жана жаңжалдарды алдын алуу үчүн зарыл. Өзгөчө көңүлдү ачыктыкка, маалыматтык билдирүүгө буруу керек. Анткени туура, жеткиликтүү,тең салмактуу жана өз убагында алынган маалымат –бул туура жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Угууларга коомчулукту, ЖӨБнун аймактык органдарынын өкүлдөрүн, кеңештин депутаттарын, бейөкмөт уюмдарды чакырыш керек. Биз шаардык кеңештин депутатын чакырган элек, кийин ал мектептин ремонтуна шаардын бюджетинен 150 миң сом бөлдүртүп берүүгө көмөктөшкөн. Ата-энелер менен тыгыз иштешип, окуучуларды иш-чарага даярдык жана өткөрүү процессине тартыш керек. Бүгүн биз коомдук бирикмелерсиз жана алар ата-энелерден чогулткан каражатсыз жашап кете албайбыз. Бирок эгерде сиздин айыл өкмөт мектептин иштешиндеги көйгөйлөрдү толук кандуу чечип келатса, анда коомдук уюмдарды түзүүнүн кажети жок. Албетте бирикмени түзүү – бул аргасыз чара, айла жоктун иши,аны мектепти жоготуп албаш үчүн, балдарга жакшы шарттарда сапаттуу билим берүү үчүн жасалууда. Бирок жалпысынан бул мамлекеттин тапшырмасы”.
Н.Баранов атындагы №2 мектеп-лицейи (Логвиненко АА, Новопокровка айылы): “Ата-энелер мектептин эмгегин баалашты, мектепке ишенишип, анын идеяларын колдошууда”
Сапардын катышуучуларынын мектеп-лицей менен таанышуусу кенен, жакшы жабдылган жыйындар залында мектеп тууралуу слайд-шоу көрсөтүү менен башталды. Андан соң мектептин директору Фарида Ахметовна Низамудинова мектептин өзгөчөлүктөрү,анын ичинде кошумча профессионалдык окутуу жана бюджет боюнча коомдук угуулар тууралуу кенен айтып берди. Мектептин негизги өзгөчөлүгү – мында окуучулар негизги аттестаттан тышкары, кошумча профессионалдык даярдык: жыгач уста, чач тарач, тигүүчү-дизайнер, кичүү медициналык персонал тууралуу сертификат алышат.
Буга чейин мектеп ата-энелерге отчетту жыйындарда берип келген. Мында айыл өкмөтүндө өткөн бюджет боюнча угууларда элеттин тургундары жалпысынан билим берүү жөнүндө маалыматты угуп, анын ичинде мектеп жергиликтүү бюджеттин көлөмдүү бөлүгүнүн “илип кетерин” угуп келишчү. Ушундан улам ата-энелер “ага ансыз да бардык бюджеттик каражаттар сарпталып жатса, анда эмне үчүн биз мектепке акча төлөйбүз?” деген суроо узатышчу. 2011-жылы апрелде мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөргөндөн кийин көпчүлүк суроолор өзүнөн-өзү жоголду.
Коомдук угууларга даярдык бир топ эле убакытты алды. Ага мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер көмөктөштү. Угууларга болжол менен 300гө жакын адам катышты, анын ичинде жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн жетекчилиги бар. Мындай масштабдагы иш-чара мектепте алгачкы ирет өткөрүлгөн жана директордун айтымында, ал жакшы өттү. Анткени коомчулукка мектептин бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттары кантип сарпталары тууралуу толук маалыматты жеткирүү максаты ишке ашты.
Угуулардын жыйынтыгы болуп төмөнкү көрсөткүчтөрдү айтса болот:
• ата-энелер төмөнкү кесиптер боюнча кошумча профессионалдык билим берүү пайдалуу болгонун мойнуна алышты: корпустук эмеректи чогултуу жана жасоо (мындан ары мектеп өзүн-өзү эмерек менен камсыздайт), чач тарач искусствосу/маникюр/педикюр, кичүү медициналык персонал, компьютерлерди оңдоо, бычуу жана тигүү курстары. Маанилүүсү, 2011-жылдын декабрь айында мектеп ушул кызматтарды көрсөтүүгө лицензия алды, ал эми ата-энелер аны саатына 27сом өлчөмүндө каржылоого макул болушту;
• ата-энелер мектептин лицей макамын алганын колдошту;
• маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн ата-энелердин ичинен демөөрчүлөр чыкты;
• ата-энелер мугалимдердин эмгегин шыктандыруу идеясына колдоо көрсөтүштү;
• окуучулар райондук олимпиадаларда, чыгармачыл жана спорттук сынактарда байгелүү орундарды ала башташында мектептин салымын мойнуна алышты;
• эң негизгиси ата-энелер мектептин жетекчилигине ишеништи жана маселелерди чечүүгө көбүрөөк аралашып, муну менен окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүүдө.
Мектептин алдында камкорчулар кеңеши түзүлгөн, бирок ал кандайдыр бир финансы каражаттарын чогултпай турган болду. Бул мектептин шаардык окуу жайлардан айырмасы мына ушунда. Себеби элеттик тургундар нак акча каражаттары жагынан көбүрөөк чектелүү жана мектептин чарбалык көйгөйлөрүн чечүү үчүн ай сайын акча төлөөгө даяр эмес. Анткен менен балдарына кошумча профессионалдык билим берүү аларды кызыктырып турат жана ушундай кызматтар үчүн алар акча төлөөгө даяр.
Мектеп мындай абалга макул жана керектелген кызматты берүү менен кошумча каржылоону тартуу зарылдыгын ийгиликтүү айкаштырууда. Мектеп ай сайын кошумча профессионалдык билим берүү үчүн 200миң сом алат, бул каражаттардын үчтөн бир бөлүгү Мектепти өнүктүрүү фондуна жумшалат. Ошол жерден өнүктүрүүгө кеткен чыгымдар жана материалдык-техникалык базаны камсыздоо, анын ичинде ремонт, жабдууларды жана инвентарды сатып алуу каржыланат. Мында аярлуу үй-бүлөлөрдүн окуучулары акы төлөөдөн бошотулган.
Мындай жол балка менен дөшүнүн ортосунда калган – бир жагынан мамлекет аларды зарыл болгон өлчөмдө каржылабайт, экинчи жагынан ата-энелер каржылоого катышкысы келбейт – көпчүлүк мектептер үчүн жакшы альтернатива болуп бере алат.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, Новопокровка айылындагы №2 мектеп лицейинин директору Фарида Низамудинова кесиптештерине – алмашуунун катышуучуларына өз сунуштарын айтты: “Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү ишине өтө олуттуу мамиле жасаш керек. Биз, мисалы, эки айдай даярдандык. Үч негизги топ – мектеп, ата-энелер, окуучулар – ортосундагы ажыратылгыс байланышты так белгилеп алуу керек. Үч топтун сунуштарын жана пикирлерин эске алып, андан соң аларды анализдеп жана маселени чечүү жолун сунуштап, жыйынтыгын туура көрсөтүү керек. Мектепке кайдыгер карабаган,жардам берүүгө даяр болгон активдүү ата-энелерди тартуу пайдалуу болот. Кимдир бирөө даяр чечимдерди алып келет деп күтпөш керек. Ата-энелер жана окуучулар менен биргеликте бийликке ишеним артып отура бербестен, өз жолуңарды табышыңар керек. Мектептин көйгөйлөрүн жакшы билген жана тигил, же бул маселени биргелешип чечүүгө даяр болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышты туруктуу кармап туруу маанилүү.
Бишкек шаарындагы №4 мектеп: “Ата-энелер мектепке экинчи өмүр берди, бирок алар ошол аракеттери текке кетпегенине ынаныш керек”
Сапардын катышуучуларын таасирлендирген эң алгачкы нерсе – мектептин директору Илита Анатольевна Пактын бөлмөсүндө орнотулган видео көзөмөл системасы болду. Бул жабдуу мектепти жана анын айланасындагы аймакты көзөмөлдөп турууга, болуп жаткан окуялар тууралуу туура маалыматтын негизинде талаштуу кырдаалды чечүүгө жардам берет. Мектепте өзгөчө көңүл окуучулардын көркөм тарбиясына бурулат, окутуу үчүн шарт түзүүгө көп аракеттер жасалат. Мектептеги шарттар чындап эле жакшырып келатат. Буга ушул мектепте билим алууну каалагандардын саны жогору болгону далил. Ата- энелер жана окуучулар “буттары менен добуш берет”– 2007-жылы мектепте 304 окуучу билим алып жаткан, мектептеги кырдаалга жараша мамлекет ушул окуу жайды жаап коё таштаган. Эми алардын саны 1046га жетти. Директор Илита Пак сапардын катышуучуларына сүрөттөрдү көрсөттү, анда мектептин мурдагы жана азыркы абалы чагылдырылган. Ошентип катышуучулар мектеп канчалык өзгөргөнүн, ыңгайлуу, жылуу, чоң үйгө айланганын көрө алышты. Албетте мындай өзгөрүүлөр ата-энелердин колдоосу менен гана ишке ашты. Ата-энелердин ыктыярдуу жардамы 617 кишини бириктирген “Бактылуу биримдик” коомдук бирикмесине мүчөлүк акы чогултуу аркылуу топтолот. 2008-жылы түзүлгөн бирикме бүгүн мектепке көпчүлүк маселелерди чечүүгө жардам берүүдө: мугалимдердин эмгеги кошумча төлөнөт, класстар техника менен жабдылган, видео көзөмөл техникасы орнотулган, терезелер жалюзи менен корголгон. Ата-энелер ай сайын өзүнүн материалдык абалына жараша 40 сомдон 500 сомго чейин акча берип турат жана мектептин бүгүнкү абалын эске алганда бул бир топ эле акча болуп калгандай. Албетте ата-энелер ушул каражаттар кантип сарпталып жатканын ийне-жибине чейин билүүгө кызыкдар.
2011-жылга чейин мектеп жылдык жыйын өткөрүп, ал жерде жетекчилик мектептин чыгашалары боюнча отчет гана берип турчу. Бирок мындай маалыматтын өлчөмү ата-энелерди канааттандырчу эмес, андыктан маселени чечүүнүн жаңы жолдорун таап, жеткиликтүү жана эң негизгиси өз убагында маалыматты кеңири таратуу жолу менен ата-энелер менен диалогду жөнгө салуу зарыл болчу. Андыктан 2011-жылы мектеп ата-энелерге алар демөөрчүлүк жардам катары чогулткан ар бир тыйыны кантип сарпталып жатканы тууралуу маалымдоо үчүн коомдук угууларды өткөрүүнү чечти. Мектеп мындай ишчараны биринчи жолу өткөрүп жаткандыктан жетекчилик бир ай бою ага кылдат даярданды: ата-энелер,мугалимдер жана окуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүлдү; окуучулар жана ата-энелер мектептин бюджетин, үй-бүлөнүн бюджетин канчалык деңгээлде түшүнөрү изилденди. Даярдыкка 1-класстан 11-класска чейин бардык окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер катышты. Камкордук кеңеши акыркы окуу жылы үчүн каржылык отчетту иштеп чыкты; мектеп слайд-шоу даярдап, коомдук бирикменин кирешелери жана чыгашалары тууралуу толук маалыматты камтыган мектептин гезитин чыгарды. Бардык класстарда ата-энелердин чогулуштары жана класстык сааттар өттү; “Ачык эшик күнүнүн” алкагында ата-энелерге коомдук бирикменин каражатына мектепте жүргүзүлгөн өзгөрүүлөрдү көрсөтүштү. Мына ушундай кампаниянын соңунда коомдук угуулар өтүп, ага 180ден ашуун адам катышты: ата-энелер, 11-класстын окуучулары, Билим берүү борборунун өкүлдөрү,ММК, “Айкын бюджет үчүн” альянсы” КЮЛ.
Мектептин директору Илита Пак угуулардын жыйынтыгын мындайча баалады: “Биринчиден, ата-энелер коомдук бирикмеге төлөмдөрдү жөн эле бербегенине ынанды. Алардын каражаты натыйжалуу сарпталып жатканынын далилдери келтирилди. Экинчиден, ата-энелер деталдуу каржылык маалыматты угуп чыккандан кийин мектептеги жаңы өзгөрүүлөрдү колдошту. Анын ичинде, мектептин ичинде жана анын тегерегинде видео көзөмөлдү орнотуу; аймакты жана имаратты жашылдандыруу; класстарды жасалгалоо: терезелерди пластик терезелерге алмаштыруу, мугалимдерге жана техникалык персоналга материалды жардам көрсөтүү. Ата-энелерди ынандырууда окуучулардын жетишкендиктери, алардын түрдүү сынактарда жана олимпиадаларда жеңиши маанилүү жүйө болуп берди. Биз бул жетишкендиктер балдардан гана эмес, ошондой эл мектепте мугалимдер үчүн татыктуу шарттар түзүлгөндөн да, бүгүнкү күндө мектепте көпчүлүктү түзгөн жаш кадрларды тартуудан да көз каранды болгонун далилдей алдык».
Иш сапардын катышуучуларынын пландары
Мектептин бюджети боюнча КУ өткөрүү боюнча окутуу сапарынан кийин иш тажрыйбасы менен алмашуу боюнча анын бардык катышуучуларынын арасынан мектептин бюджети боюнча КУ өткөрүү ниетин 4 мектеп билдирди. Алар: Төрт-Күл айылындагы Мамбетов ат. орто мектеп (директору Б.Орозалиева),Төрт-Күл АА Темир-Канат айылындагы Темир-Канат о.м. жана Ленин айылындагы Гагарин ат. о.м. (директору А.Р.Абдулина), Ленин АА Жыгач-Коргон айылындагы Тажибаев ат. о.м. (директору Б.К.Кадырова). Төрт-Күлдүн 2 мектеби жана Ленин АА 2 мектеби бюджет боюнча Коомдук угууларга даярдык көрө баштады. КУ даярдыктын алкагында мектеп директорлору иш-чаралардын планын иштеп чыкты: мектептин педагогикалык кеңешин өткөрүштү, анда мугалимдер менен бирге КУга даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планын талкуулашты, милдеттерди бөлүштүрүп, жогорку калсстарда “Менин жергиликтүү өз алдынча башкаруум” темасына класстык саат өткөрүшүп, анда бюджет тууралуу жалпы маалымат,мектептин бюджети, жергиликтүү маанидеги иштер, АК жана АӨ ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар берилди. Класстык сааттарда мектептин окуучулары арасында “Мен жашаган аймак” темасына плакаттардын жана сүрөттөрдүн сынагы жарыяланды. Ата-энелер үчүн чогулуштар өтүп, анда ата-энелер комитетинин төрагасы мектеп бюджетинин айкындуулугу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Бишкек ш. мектептерине жана Ысык-Ата районунун мектебине уюштурулган сапар тууралуу айтып берди. Ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар арасында ата-энелердин, мугалимдердин жана окуучулардын керектөөлөрүн жана артыкчылыктарын аныктоо максатында социологиялык сурамжылоо өткөрүлдү. Ушул тапта анкеталар анализ жана алынган маалыматты иштеп чыгуу баскычында турат. Мектептин бюджети боюнча КУ уюштуруучулары 2010-2011-окуу жылы үчүн мектептин каражаттары кандай колдонулганы тууралуу маалыматты камтыган бюллетень чыгарууну пландаштырууда. Бюджет темасы менен мектептердин иш алып баруусу тууралуу биз журналдын кийинки санында айтып беребиз.