Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Бюджет
Эффективдүү байланыштар күч-аракетти талап кылганы менен, мамилелерди бекемдөөгө жардам берет
Көптөгөн айыл өкмөттөрдө жыйындарды өткөрүү үчүн ушул күнгө чейин кадыресе шарттар түзүлө элек. Айрым муниципалитеттер жолугушуулар үчүн мектептердин жыйындар залын колдонуп, окуучулардын иш-чараларын үзгүлтүккө учуратса, башкалары анчалык туура келбеген бөлмөлөргө элди чогултуп келишет. Мындай учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен калктын ортосундагы эффективдүү байланыш жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Бирок кырдаал өзгөрүүдө, буга ЭҮЖӨБОЖ Долбоору олуттуу салым кошуп жатат.
Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүндө мындан эки жыл мурда жумушчу жолугушуулар иш жүзүндө “талаа шартында” өтчү. Залда баяндамачылар үчүн совет доорунан калган трибуна жана эскилиги жетип, адам отурса кыйшалаңдап турган отургучтар бар болчу. Чогулушка катышкандар бир нерсени жазып алышы керек болсо, дептерди тизесине коюп алып жазчу. Ынгайсыз болгону аз келгенсип, кышында бөлмөнүн ичи абдан суук эле.
Көк-Жар айылдык аймагы ири деп эсептелет, себеби бул жерде 25 миң адам жашаган Жийде, Борбаш, Көк-Жар, Каранай, Сарыканды жана Алашан деген алты айыл бар.
ЭҮЖӨБОЖ Долбоору киргизип жаткан жарандардын бюджеттик процесске катышуусунун принциптери ЖӨБ органдарынын жашоочулар менен тез-тез жолугушуусун талап кылат. Аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктап, биргелешкен иш-аракеттер пландарын түзүп, бюджеттерди талкуулап, айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештин отчетторун угуу зарыл.
Демилгелүү топ бир жолу ээнсиреген, ыңгайсыз залга чогулуп, имаратты оңдоп-түздөп, ЖӨБ органдары менен жарандардын өз ара аракеттенүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү сунуш кылышты. Кеңешип отуруп, акыры ЭҮЖӨБОЖ Долбооруна гранттык өтүнмө даярдаш керек деген чечим кабыл алынды.
Эми болсо, жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөн залда жолугушуулар күн сайын эң жакшы шарттарда өтүп турат. Бул жерде проектор, экран, телевизор, микрофондор жана үн күчөткүчтөр орнотулган. Сапаттуу презентацияларды сунуштап, керектүү нерселерди жазып алуу үчүн толук шарттар түзүлгөн. Отуругучтары жумшак болгон темир стулдар көпкө кызмат кылчудай.
“Башка айыл өкмөттөрү менен чогуу жыйын өткөрүш керек болсо, анда биздин залды колдонобуз. Бул жерде башка эл аралык долбоорлордун, уюмдардын иш-чаралары да ыңгайлуу шартта өтүүдө, – деди жергиликтүү кеңештин төрагасы Тойчубай ПИРМАТОВ. – Жабдуулар байланыштын заманбап ыкмаларын – онлайн форматта презентацияларды, жаздырылып алынгандарды, видеоберүүлөрдү колдонууга мүмкүндүк берет. Мунун баары маалыматтык түшүндүрүү иштеринин жана тренингдин сапатын жогорулатууга жардам берүүдө”.
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө элеттик клубдун ремонту тез арада чечүүнү талап кылган артыкчылыктуу маселеге айланган. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору айылдык чогулушта гранттык колдоо үчүн бир көйгөйдү тандап алууну сунуштаганда, чогулгандардын басымдуу бөлүгү клубдун ремонту үчүн добуш беришкен. Бул ишке Долбоор 1 млн. сом, ал эми айыл өкмөтү 150 миң сом бөлгөн. Клубда үн жабдуулары, ыңгайлуу отургучтар, чыгып сүйлөө үчүн кафедра, проектор орнотулган. “Азыр бардык коомдук иш-чаралар – чогулуштар, жолугушуулар, концерттер клубдун оңдолгон залында өтүп турат. Буга чейин мектептин жыйындар залын пайдаланып, мектептин жашоосуна, өзгөчө класстан тышкаркы сабактарга, маданий иш-чараларга тоскоолдук жаратчубуз”, – деп айтып берди айыл өкмөттүн бухгалтери Кылычбек ТЕМИРАЛИЕВ.
Ошол эле учурда кенен жана жакшы жабдылган залдар эле коомчулук менен байланыштын сапаттуу болушуна кепилдик бере албайт.]
Калк менен байланышты жөнгө салуу үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоору муниципалитеттерди керектүү ресурстар менен – материалдык жактан гана эмес, билим менен да камсыздап берди. Ошентип, ЖӨБ органдары үн күчөткүчтөрдү (рупорлорду), маалымат такталарын, плакаттардын үлгүлөрүн, проекторлорду жана экрандарды, компьютердик жана кеңсе техникаларын алышты, ал эми кызматкерлер болсо кесиптик этика, презентацияларды даярдоо жана эл алдында чыгып сүйлөө боюнча окуудан өтүштү.
Кочкор районунун Кара-Суу айылдык аймагында байланыштын жаңы ыкмаларын колдонуу менен элди ашыкча кыйынчылыксыз жыйындарга чогултууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтып беришти. “Мурда кандай эле? Биз элге барган эмеспиз, эл да биздин чогулуштарыбызга келчү эмес. Адамдар “чогулушка катышпасам деле баары талкууланып, чечилип калат” деп ойлочу. Азыр окшош футболкаларды кийип алып, үн күчөткүчтүн жардамы менен элди чогултуп келебиз. Көчөлөргө плакаттарды илип чыгабыз. Ошентип, адамдар да ЖӨБдүн ишине көбүрөөк кызыга баштады. Эл бюджеттик угууларга өз каалоосу менен, ынтызар болуп катышууда”, - дейт кирешелер боюнча адис Нурбек МУКАНОВ. – Айыл өкмөттүн кызматкерлери презентацияларды даярдаганды үйрөнүштү, алар элдин алдына чыгып, баяндама жасоо үчүн мультимедиялык жабдууларды колдонуп жатышат. Биз маалымат жеткирүүнүн визуалдык ыкмалары бар болгонун билдик. Өзүбүздүн тажрыйбабыздан улам адамдар материалды графика түрүндө эң жакшы өздөштүрөөрүнө ынандык, себеби тексттерди, өзгөчө сандар менен толтурулган тексттерди окууга баары эле көнгөн эмес да. Ал эми бюджет эмнеден турганы, кандайча түзүлүп, акча кандай сарпталып жатканы диаграммаларда ачык көрүнүп турат. Ошентип, биздин чогулуштарыбыз алда канча жандуу, элге түшүнүктүү болуп, жарандардын кызыгуусун арттырып, айылдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жашоосуна жигердүү катышууга түрткү берди”.
ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү натыйжалуу байланыш күч-аракетти талап кыларын түшүнүштү, андыктан чогулуштарга бир нече күн калганда презентацияларды даярдашат. Айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери же кеңештин депутаттары гана эмес, демилгелүү топтордун мүчөлөрү да сүйлөй турган сөздөрүн алдын ала даярдап, репетиция жасашат. Муну менен баяндамачылар презентациянын форматына, сахнага, микрофонго жана аудиторияга көнө баштайт. Өзгөчө биринчи жолу эл алдында сүйлөй турган адамдар үчүн бул өзгөчө маанилүү, себеби репетиция толкунданбай, өзүн токтоо кармоого жардам берет.
Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылдык аймагындагылар сүйлөшүү жүргүзүү жөндөмү байланышты жөнгө салууда дээрлик негизги көндүмгө айланганын ырасташат: “ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун тренингдерине чейин биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албай турганыбызды такыр билчү эмес экенбиз”, – деп мойнуна алат жооптуу катчы Айнура БАЙГАЗИЕВА. – Көрсө, элди укчу эмес экенбиз. Негизинен өз пикирибизге, кырдаалды кандайча көрүп жатканыбызга таянып иштечүбүз. Эсимде, мен адамга “Эмнеге мынча көп сүйлөйсүң? Бийликтин көзү жетип эле турат!” деп кыйкырган күндөр да болгон. Ооба, ар кандай жашоочулар бар: баарын жакшы эле түшүндүргөндөй болосуң, бирок жарым сааттан кийин ошол эле нерсени кайра сурай беришет. Айтор, бизге ийкемдүүлүк жана сабырдуулук жетишпей жаткан. Ошондуктан, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун семинарларынан кийин баарыбыз “чоңойдук” десем болот: биз эми диалог жүргүзгөндү, ар кандай аудитория менен сүйлөшкөндү билип калдык”.
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен айыл аймактарынын сайттарын жана социалдык тармактардагы баракчаларын ачуу маалымдоонун жана коомчулук менен байланыш түзүүнүн дагы бир түрү болуп калды. Алардын айрымдары төмөнкүлөр: http://kok-jar-aimak.kg/, https://alamudun.kg/, http://grozd-aimak.kg/, http://aleksandrovka-aimak.kg/ru/, http://kochkorbaevaimak.kg, https://instagram.com/leninskiy_ail_okmoty?utm_medium=copy_link.
Дээрлик бардык айыл өкмөттөрдүн кире беришинде маалымат такталары орнотулган. Кээ бир муниципалитеттер корпоративдик электрондук почтасын ачышкан. Бир сөз менен айтканда, айыл өкмөтү өзүнүн негизги жана баалуу ресурсу – эл менен байланышты жакшыртуу үчүн колунда болгон бардык каражаттарды колдонууда. “Биз адамдар менен иштөө маданиятын үйрөнгөнүбүз маанилүү, ошол эле учурда бул өз ара аракеттенүү мыйзамга да шайкеш келет. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ыкмалары дүйнөлүк практикадан алынып, бирок биздин өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен даярдалганы көзгө урунат, – дейт Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бухгалтери Кылычбек ТЕМИРАЛИЕВ. – Эгерде ЖӨБ органдарынын кадрларын даярдоонун жана окутуунун расмий системасы Долбоор берген билимди берсе, анда көп нерсе өзгөрмөк. Ошондуктан, өлкөнүн ичинде кадрларды даярдоо жана тажрыйба алмашуу системасын өнүктүрүү зарыл”.