Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдардын жаңы талаптарын кантип аткарып жатышат?

2020-03-13 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдардын жаңы талаптарын кантип аткарып жатышат?

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси 2019-жылы күчүнө кирген. Кодекс жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жергиликтүү бюджеттин каражаттарын жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарына шайкеш колдонууну талап кылууда. Бул талаптардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн ЖӨБ органдары ЖМБА-иш-чаралар комплексин (ЖМБА – бул жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо) ийгиликтүү колдонууда. Бул иш-чаралар комплекси жамааттын өкүлдөрүнө, эркектерге жана аялдарга, аймактагы түрдүү айылдардын, айыл ичиндеги түрдүү көчөлөрдүн өкүлдөрүнө, кирешеси ар башка жана түрдүү жумуштарда иштеген адамдарга, атайын муктаждыгы жана кызыкчылыгы бар адамдарга айылдагы жамааттын күнүмдүк турмушунда туш болгон көйгөйлөрдү чогуу талкуулап алууга жол ачат.

Бир нече жылдан бери ЭҮЖӨБОЖ Долбоору муниципалдык кызматчыларды жана депутаттарды, жергиликтүү активисттерди ЖМБА иш-чараларын өткөрүүгө, жамааттын талкууларга жигердүү катышуусун камсыз кылууга, артыкчылыктуукөйгөйлөрдү тандап алууга, бул көйгөйлөрдүн келип чыгуу себептерин талкуулап, аларды чечүү жолдорун табууга окутуп келди. ЖМБА усулдарын биринчилерден болуп Долбоордун максаттуу муниципалитеттери – Чүй, Ош жана Нарын облустарындагы 27 жамаат жана ЖӨБ органдары колдонушту. Муниципалитеттер алгачкы кадамдарын ӨСИнин эксперттеринин – ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистеринин жигердүү колдоосу жана катышуусу менен жасашты. Билим алып, тажрыйба топтогон сайын максаттуу муниципалитеттер өз кошуналары үчүн үлгү боло баштады. Долбоор райондун деңгээлинде ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө тажрыйбалуу кошуналарына иш сапарларын уюштурду. Ошону менен алар ЖМБА иш-чараларына катышып, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун тренингдеринде кесиптештери эмнелерди үйрөнгөнүн өз көзү менен көрө алышты. Ошентип, долбоордун иш-чараларына катышып, жер-жерлерде кесиптештеринин тажрыйбасын өздөштүрүп, “Муниципалитет” журналынан окуп, ЖӨБ Союзунун мүчөлөрү менен жолугушууларга катышып жүрүп Бюджеттик кодекс күчүнө кирген маалда жамааттар кайсы бир деңгээлде даярдыктан өткөндөй болушту.

2019-жылдын этегинде жана 2020-жылдын башында ЭҮЖӨБОЖ Долбоору максаттуу жана максаттуу болбогон долбоорлор үчүн жумушчу семинарларды уюштурду. Бул семинарлар жаңы бюджеттик циклге даярдануу, анын ичинде жамааттардын артыкчылыктарын аныктоо, аларды чечүү боюнча пландарды иштеп чыгуу, 2021-жылга бюджетти даярдоо үчүн өткөрүлдү.

Анара МУСАЕВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси, тренер: “Тренингдер ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитеттери үчүн өткөрүлүп, ага максаттуу болбогон муниципалитеттердин өкүлдөрү да тартылган. Мисалы, 2020-жылдын 15-январында Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылдык аймагында тренинг өткөн. Ага Фрунзе (Панфилов району), Ак-Башат жана Александровка (Москва району) өңдүү максаттуу айылдык аймактардын өкүлдөрү, Петровка, Курама жана Биринчи май өңдүү максаттуу болбогон муниципалитеттердин өкүлдөрү катышкан. Бул тренингди өткөн жылдын жыйынтыктарын чыгарууга арналган чогулуштардын жана угуулардын башында жыл сайын өткөрүп келатабыз. Тренингдер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугун жана жоопкерчилигин камсыз кылууга багытталган коомдук иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүдө мүмкүн болушунча көбүрөөк эффективдүүлүккө жетүү үчүн уюштуруучулар жасай турган иш-аракеттердин тартибин жана ырааттуулугун толуктоо максатында өткөрүлүп турат. Тренинг маалында биз катышуучулар менен чогуу жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн графигин түзөбүз. Ошондой эле Биргелешкен аракеттер планын (БАП), Социалдыкэкономикалык өнүгүү Программаларын (СЭӨП) ишке ашыруу боюнча отчеттук чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө кеп-кеңештерибизди беребиз. Даяр текшерүү барактары жана коомдук иш-чараларга ЧЕЙИН жана андан КИЙИН өтчү маалыматтык өнөктүктөрдүн планы биздин тренингдин жыйынтык продуктысы болуп калды. Айылдык чогулуштарды өткөргөндө биздин Долбоор бардык каалоочу муниципалитеттерге техникалык жардам көрсөтөт”.

 

Окшош материалы: