Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ош, Нарын жана Чүй облустарындагы жергиликтүү жамааттардын кандай муктаждыктары бар?

2020-03-12 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо боюнча иш-чаралар (ЖМБА иш-чаралары) 2019-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын февраль айына чейинки мезгил аралыгында 27 максаттуу жана 4 максаттуу болбогон муниципалитеттерде ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Талкууларга 5 088 тургун, анын ичинде 2 664 аял катышты:

  • Чүй облусу: 12 максаттуу жана эки максаттуу болбогон муниципалитеттерден 1632 катышуучу, анын ичинде 909 аял;
  • Нарын облусу: беш максаттуу муниципалитеттен 407 катышуучу, анын ичинде 206 аял.
  • Ош облусу: 10 максаттуу жана эки максаттуу болбогон муниципалитеттерден 3 049 катышуучу, анын ичинде 1 549 аял.

Роза СУРАНЧИЕВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси: “Чүй облусунда ЖМБА иш-чараларын өткөрүп жаткан учурда көп көйгөй айтылды. Бирок алардын ичинен артыкчылыктуусун тандап алууда жашоочулар айрымдарын тизмеден чыгарып салышты. Себеби бул маселелер ЖӨБ органдарынын компетенциясына кирбей турганын түшүнүштү. ЖМБА иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, 2020-жылы чечилиши керек болгон артыкчылыктуу маселелердин арасында, ЖӨБ органдарынын жана биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунунмүчөлөрүнүн баамында, мурдагыдай эле ички жолдордун начар абалы, мектептеги билим берүү үчүн шарттардын жоктугу жана таза суунун тартыштыгы алдыңкы саптарда турду. Аныкталган көйгөйлөр 2020-жылга Биргелешкен аракеттер пландарына (БАП) кошумча болуп киргизилди”.

ЖӨБ органдарынын жанан жергиликтүү активисттердин айтымында, аларга жергиликтүү маанидеги маселелерди чогуу чечүү жеңил болуп калды. ЖМБА методикасына ылайык, жарандардын көйгөйлөрдү аныктоо процессине катышуусу бул иш-чаралардын милдеттүү бөлүгү болуп эсептелинет. Себеби турмуш шартты жакшыртуу үчүн чечилиши керек болгон артыкчылыктуу көйгөйлөрдү жарандар өздөрү көрсөтүп берүүдө. ЖМБА иш-чараларына катышкан Ош жана Нарын облустарындагы элеттик муниципалитеттердин жашоочуларынын артыкчылыктуу көйгөйлөрү да ушундай эле. Ички жолдордун абалы начар; мектептеги жана мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттар начар; ичүүчү суунун сапаты начар же тартыш – мына ушул үч көйгөй жергиликтүү эл үчүн эң маанилүү деп аталган. ЖМБА иш-чараларынын уюштуруучулары ушундай чогуу талкуулардан кийин адамдар өздөрү курч деп эсептеген көйгөйлөрдү айткысы келе баштаганын, бул болсо элдин социалдык турмушуна да таасирин тийгизип жатканын белгилешти.

1-диаграмма. 2019-жылы өткөн ЖМБА иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Чүй облусундагы муниципалитеттердин артыкчылыктуу көйгөйлөрү

2-диаграмма. 2019-жылы өткөн ЖМБА иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Нарын облусундагы муниципалитеттердин артыкчылыктуу көйгөйлөрү

3-диаграмма. 2019-жылы өткөн ЖМБА иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Ош облусундагы муниципалитеттердин артыкчылыктуу көйгөйлөрү

Махабат МАМЫРОВА, Көк-Жар айылдык аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун төрайымы, ЖМБА иш-чарасынын катышуучусу: “Айыл өкмөтү менен чогуу алты айылдын ар биринде ЖМБА-сессияларын өткөрдүк. Таза жана сугат суунун тартыштыгынан тышкары жашоочулар өздөрү айтып чыккан артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн тизмесине бала бакчалардын аздыгы өңдүү маселе да кирген. Айылдык аймакта алты муниципалдык жана бир жеке бала бакча бар, ага 533 бала барат. Ошол эле маалда 700 наристе бала бакчага бара албайт, себеби ал жакта орун жок. Айрым ата-энелерде балдарын кошуна Найман айылдык аймагындагы бала бакчага жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар, бирок андайлар аз. Натыйжада же атасы, же апасы үйдө калып, бала кароого мажбур. Бул болсо үй-бүлөлүк капчыкка да терс таасирин тийгизип жатат”.

Жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын 2019-жыл үчүн Биргелешкен аракеттер пландарынын аткарылышы боюнча отчеттору чогулушта элге жарыяланды. ЖӨБ органдары уюштурган бул чогулуштар 2020-жылдын январь-февраль айларында жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү мамадминистрациялардын катышуусу менен өттү.

 

Окшош материалы: