Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: 2019-жыл үчүн ким отчет тапшырды?

2020-03-13 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: 2019-жыл үчүн ким отчет тапшырды?

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

2020-жылдын январь айынан февраль айынын этегине чейин ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Ош, Чүй жана Нарын облустарындагы 27 максаттуу муниципалитетинин ичинен 19 муниципалитеттин аймагында ЖӨБ органдары отчеттук чогулуштарды өткөрүштү.

ЖӨБ органдары жамааттын муктаждыктарын аныкташат, аларды чечүү жолдорун пландашат, жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүшөт, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн кошумча каражаттарды тартып келишет. Ушул аракеттердин топтому жана мына ушундай ырааттуулук ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат алдындагы чыныгы отчеттуулугунун белгиси болуп саналат.

“Шайлоочулардын тапшырыктары” кантип аткарылып, артыкчылыктуу көйгөйлөр кантип чечилип жатканы тууралуу ЖӨБ органдары жамаатка маалымат беришет. Ал эми муну кантип натыйжалуу жана сапаттуу жасаш керектигин ЭҮЖӨБОЖ Долбоору максаттуу жана максаттуу болбогон муниципалитеттерге үйрөтүп берди. Ошондой эле Долбоор ЖМБА иш-чараларын өткөрүү, Биргелешкен аракеттер пландарын даярдоо жана жергиликтүү бюджеттерди түзүү маселелерине да кайрылды. Жылдык пландардын ишке ашырылышы тууралуу жамааттарды кабардар кылуу маселелери боюнча жумушчу семинарлар буга чейин өткөндөрүнөн көп жагы менен айырмаланды: катышуучулар өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, буга чейинки мезгил үчүн отчеттук чогулуштарды талкуулашты, оң жана терс жактарын талдашты, кемчиликтерди жана ийгиликтүү чечимдерди өзгөчө белгилешти.

2020-жылдын февраль айынын аягына чейинки мезгил үчүн эсептегенде, жергиликтүү бийлик өз иши тууралуу отчет берген чогулуштарга жалпысынан 2500 адам, ар бир муниципалитетте 130 киши катышты. Катышуучулардын 39 пайызы аялдар болду. Чогулуштарга айыл өкмөтүнөн, мэриядан жана депутаттардан тышкары райондук администрация башчылары, райондук структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышып, чогулушка келген элдин суроолоруна жооп беришти.

ЖМБА иш-чараларынын жыйынтыктарын жарыялоо, коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, 2019-жыл үчүн Биргелешкен аракеттер планынын (БАП) аткарылышы боюнча отчет, 2021-жылга БАПтын жана Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын долбоорлорун даярдоо бардык чогулуштардын күн тартибинде турду. Чогулуштарда 2019-жыл үчүн БАПтын аткарылбаган себептери айтылды. Адатта БАП жергиликтүү бюджетте зарыл болгон акчанын жоктугунан же күтүлбөгөн кырдаалдан улам аткарылбай калат.

Бирок 2019-жылга БАПка кошулган маселелердин көбү чечилген. Мисалы, Долбоордун1 Чүй облусундагы 11 максаттуу муниципалитетинде 96 маселенин 73ү же 76% аткарылган. Калгандары келечектеги планга кошулган.

2019-жылы Чүй облусундагы муниципалитеттерде биргелешкен аракеттер пландарынын аткарылышы

Мирлан КАРЫМШАКОВ, Фрунзе айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы2: “2019-жылга карата Биргелешкен аракеттер планын (БАП) аткаруунун алкагында биз 195 адамдын (59 аял) катышуусу менен үч чогулуш өткөрүп, Социалдык-экономикалык өнүгүү планын даярдадык. Бул чогулуштардын жыйынтыгы боюнча 2019-жылы чечилиши керек болгон 10 артыкчылыктуу көйгөйдү аныктадык. Алардын ичинен сегиз маселени чече алдык. Бирок биз кошумча дагы беш жергиликтүү маанидеги маселени чечкенибизди белгилей кетиш керек. Бул беш маселе өткөн жылы артыкчылыктуу деп табылган эле. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Чалдабардагы №1 мектептин чатырын алмаштырдык (249 500 сом бөлүндү), 750 миң сомду муниципалитеттеги бардык мектептердин жана бала бакчалардын күнүмдүк муктаждыктарына багыттадык, Чалдабар айылындагы эки көчөдөгү канализациялык куурларды ремонттоп, таза суу менен камсыз кылдык, жалпы суммасы 150 000 сомго беш насос сатып алдык. 2020-жылы таза суу менен камсыз кылуу боюнча ишти толугу менен бүтүрөбүз, Чалдабар айылындагы чакан футбол аянтчасынын курулушу да бүтөт. Мындан тышкары планда 12 жергиликтүү маанидеги маселе бар. Алардын ичинен артыкчылыктуусу – Фрунзе айылдык аймагындагы бардык үч айылдын ички жолдорун оңдоп чыгуу”.

Үч облуста өткөн чогулуштардын отчеттук бөлүгү аяктагандан кийин катышуучулардан ар кандай мүнөздөгү көптөгөн суроолор түштү. Бирок бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундар үчүн таза жана сугат суу, ички жолдордун начар абалы эң  актуалдуу маселе экени белгилүү болду. Чүй облусундагы Кызыл-Туу муниципалитетинде жашоочулар Суу пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА) ишине нааразы болушту3.

“Биздин негизги экономикалык багытыбыз – кулпунай жана малина өстүрүү. Жаз да кирип келди. Бизде СПА менен келишим бар, бирок шарттарыбыз баары бир аткарылбай жатат. Анда мындай кызматташуу канчалык зарыл? Биз СПАны жоюп, сугат суу менен камсыз кылуу боюнча функцияларды район бийлигине өткөрүп берүүнү сунуш кылабыз”, – деп Кызыл-Туу аймагынын өкүлдөрү район башчысына кайрылышты. Аким райондук сугат система башкармалыгынын жетекчисине бул маселени карап чыгып, эки айдын ичинде жооп берүүнү тапшырды. 

Андан соң катышуучулар ЖӨБ органдарынын башчыларынын жылдык отчетторун канааттандырарлык деп тааныш керекпи же жокпу деген маселеге карата өз пикирлерин айтып, кызуу талкуу болду.

Отчеттук чогулуштар кубанычтуу жана жагымдуу учур менен коштолду – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору 2019-жылы өткөргөн конкурстардын жыйынтыктары боюнча байгелер тапшырылды4.

“Төрт конкурстун жалпы байге фонду 3 миллион 165 миң сомду түзүп, Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланды. Байге каражаттары ЖӨБ органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн жабдууларды сатып алууга багытталды. Төрт конкурста жеңүүчү жана байге ээси болгон муниципалитеттердин жалпы саны – 41, алардын ичинен 27си максаттуу, ал эми 14ү максаттуу болбогон муниципалитеттер (булар байгелерди өздөрү алып кетишти). Ошондой эле биргелешкен мониторинг жана баалоо топторуна (БМжБТ) бир жолку техникалык жардам катары бирден ноутбук берилди”, – деп айтты муниципалитеттер менен иштөө боюнча координатор Алтынай БУЗУРМАНКУЛОВА.

 

________


1 http://vap.kg/ru/geography/phase_2/

2 http://vap.kg/ru/press_room/news/full/1050.html

3 http://vap.kg/ru/press_room/news/full/1048.html

4 Кененирээк “Муниципалитет” журналынан окуй аласыз. №1 (99), 2020-жылдын январь айы.

 

Окшош материалы: