Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Долбоордун максаттуу муниципалитеттеринде Биргелешкен аракеттер планын (БАП) жана Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) иштеп чыгышты

2020-07-08 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Долбоордун максаттуу муниципалитеттеринде Биргелешкен аракеттер планын (БАП) жана Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) иштеп чыгышты

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

Биргелешкен аракеттер пландары (БАП) же Социалдык-экономикалык өнүгүү программалары (СЭӨП) ар кайсы мезгилдерде иштелип чыккан.

Биргелешкен аракеттердин планы – бул жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы диалогду куруу аспабы. Бул – жергиликтүү өнүгүүнү биргелешип пландоонун баштапкы аспабы. Ал көйгөйлөрдү классификациялап, стратегиялык багыттарды аныктоого жол ачат. Бул пландын ишке ашырылышы үчүн жоопкерчиликтин кайсы бир бөлүгүн жамаат өзүнө алганы – анын өзгөчөлүгү.

Жамаат менен ЖӨБ органынын биргелешкен аракети менен даярдалган БАП муниципалитеттин өнүгүү стратегиясынын же аны ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планынын бир бөлүгү боло алат. Ошондой эле БАП айыл өкмөтүнүн (мэриянын) же жергиликтүү кеңештин жумушчу планынын бир бөлүгү болуп, өнүгүү жана башкаруу боюнча башка пландарга курама же негизги бөлүгү катары кошулушу мүмкүн.

Айылдык аймактагы жергиликтүү жамааттын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП) – бул муниципалдык саясатты стратегиялык пландоонун аспабы. Ал расмий документ түрүндө даярдалып, ишке ашыруу мөөнөттөрү чектелүү болот. Бул Программа шаардык же айылдык кеңештердин тийиштүү актысы менен бекитилет.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун1 27 максаттуу жана төрт өнөктөш муниципалитетинин аймагында (Ош облусунун Найман жана Ленин айылдык аймактары, Чүй облусунун Аламүдүн жана Ленин айылдык аймактары) 2020-жылдын апрель айынан июнь айынын этегине чейин өнүгүүнү биргелешип пландоо процесси болду. Ага жарандар жана ЖӨБ органдары катышты. Натыйжада жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча Биргелешкен аракеттер пландары (БАП) (үч учурда тең – Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП)) даяр болот. Бул артыкчылыктуу көйгөйлөр жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоонун (ЖМБА) жүрүшүндө белгилүү болгон. Жамааттар 2021-жылы, ал эми кээ бир жерлерде 2020-2022-жылдары чечилиши керек болгон артыкчылыктуу көйгөйлөрдү тандап алышкан.

Ишке тартылган ЖӨБ үчүн СЭӨПны даярдоо процессинде жаңы нерсе – мурда программаларды иш жүзүндө бир жооптуу кызматкер даярдачу. Эми болсо аны жумушчу топ иштеп чыгат. Бул топ ЖӨБ органынын аймакты өнүктүрүү боюнча элесине гана таянбастан, ошону менен бирге ишкерлердин, аны менен катар айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн пикирине да таянат. Алардын пикирилерин эсепке алуу менен документтин мазмуну түзүлөт. Ошондой эле буга чейин СЭӨП негизинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, көбүнчө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга багытталчу. Эми болсо муниципалитеттер келечеги бар, жергиликтүү экономикалык өнүгүү дарамети байкалган стратегиялык багыттар боюнча өнүгүүнү пландаштырууда. Мисалы, биринчи кезекте инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү реалдуу болгон, калк арасында ишкерлер демилге көтөргөн багыттар каралат. Айталы, Александровка айыл өкмөтү жемиш тазалоочу жана сактоочу жайларды өнүктүрүүнү колго алайын деп чечти. Себеби бул багытта жашоочулар демилге көтөрүп чыгышкан – чакан аянтчада жөнөкөй, жабдылбаган жемиш сактоочу жай ачылган эле. Эми ЖӨБ органдарынын жардамы менен аны заманбап талаптарга жооп берген ишканага айландырса болот. СЭӨПта жеңил конструкцияны орнотуу үчүн имарат жай, жер бөлүп берүү, электр жарыгы менен камсыздоо өңдүү колдоо көрсөтүү чаралары да каралат. Үчүнчү өзгөчөлүгү – жергиликтүү бюджет корголгон беренелерди каржылагандан кийин канча болсо ошончо калат деген калдык принциби боюнча түзүлбөйт. Эми бюджет өңүгүү принцибине ылайык түзүлө баштайт. Башкача айтканда, канча болсо, ошону менен гана бөлүшпөстөн, өнүгүү үчүн зарыл болгон чыгаша пландалууда. Бул болсо жергиликтүү бюджетке бейформал таңсыктык мүнөздү берүүдө. Б.а., жеке сектордун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен таңсыктыкты жабуу булактары аныкталат.

“ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат алдындагы реалдуу отчеттуулугунун, ошондой эле жарандарды чечим кабыл алуу процессине тартуунун аспабына айланганы Пландын өзүнүн да, аны даярдоо процессинин да өзгөчөлүгү жана баалуулугу болуп калды. Бул процесске жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү катышты. Алар БАПты даярдоонун жүрүшүндө артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн пайда болуу себептерин гана аныктап чыкпастан, ошону менен бирге бул көйгөйлөрдүн айылдагы турмуш шартка келечекте тийгизчү таасирин, кесепеттерин болжолдоп, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон бардык жолдорун талкуулап чыгышты. ЖӨБ органдары менен маморгандардын, жеринде кызмат көрсөткөн коомдук уюмдардын өз ара байланышы; ЖӨБ органдарынын өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын аткарылышына бөлүнгөн каражат өңдүү бир топ маселелер да каралды. Жергиликтүү тургундардын пландоо процессине катышуусунун максатына жана маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Себеби жарандардын катышуусу бул көйгөйлөрдү жашоочулардын көзү менен көрүүгө, ошондой эле аларды эл менен чогуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. 27 муниципалитеттин ичинен үч айылдык аймак – Чүй облусунун Москва районундагы Александровка АА, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал АА жана Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар АА СЭӨПны, калгандары БАПты даярдап чыгышты”, - деп айтты ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖӨБ менен иштөө боюнча адиси Роза СУРАНЧИЕВА.

БАПтын структурасы 2019-жылдын этегинде жана 2020-жылдын башында өткөрүлгөн ЖМБА иш-чараларынын натыйжасында аныкталган көйгөйлөрдү сүрөттөп берүүдөн, бенефициарлардын санынан, максаттардан жана тапшырмалардан, иш-чаралардан, аткаруу мөөнөттөрүнөн, ресурстардан жана жооптуу адамдардан турат. Мындан кийин бардык иш-аракеттер бекитилген документтерге ылайык жасалмакчы.

БАПтын жана СЭӨПнын долбоорлорун макулдашуу максатында ар бир муниципалитетте маалыматтык өнөктүктүн алкагында жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү менен талкуулар өткөрүлөт. Уюштуруучулардын айтымында, бул жылы жашоочулар өз сунуштарын жана ой-пикирлерин “Вотсап” аркылуу жибере алышат. Ошондой эле YouTube каналында БАПтын презентациясы жайгаштырылды (#БАП), жашоочулар ал жерге да пикир жаза алышат. Мындан тышкары айыл өкмөтүнүн же мэриянын имараттарында атайын куту болот, ага да сунуштарды таштап койсо болот.

 

_______________


 

Окшош материалы: