Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары элдин катуу абазын жакшыраак угушат

2020-09-02 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЖӨБ органдары элдин катуу абазын жакшыраак угушат

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору 2011-жылдан 2020-жылга чейинки мезгил аралыгында Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы жергиликтүү жамааттар жана ЖӨБ органдары менен иштешти. Долбоор жергиликтүү жамааттарга бюджетти башкарууга жигердүү катышууга, ал эми ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджетти элдин кызыкчылыгында, көбүрөөк натыйжалуу башкарууга жардам берип келди.

Долбоор аталган облустардын ар бир районунан бирден максаттуу муниципалитетти конкурстун негизинде тандап алган. Бирок Долбоор Кыргыз Республикасынын бардык ЖӨБ органдарына кандайдыр бир деңгээлде колдоо көрсөтүп келди. Максаттуу муниципалитеттерде ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жарандардын ЖӨБго катышуу Моделин киргизүүгө көмөктөштү. Бул Модель ЖӨБ органдарына жарандарды артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоого, жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишин биргелешип пландоого, жергиликтүү бюджеттерди жарандардын муктаждыктарына жараша бөлүштүрүүгө, ЖӨБ органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө жардам берди. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору иш алып барган облустардагы калган ЖӨБ органдарынын баары өнөктөш ЖӨБ болуп калды. Өнөктөш ЖӨБ органдары да ар кандай даражада колдоого ээ болушту. Буга кошумча долбоордун гранттык программаларына жана конкурстарына катышууга жол ачылды.

Долбоор тийгизген таасирди баалоо үчүн максаттуу жана өнөктөш муниципалитеттерде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарына өз-өзүнчө анализ жасалып чыкты. Жалпысынан изилдөө көрсөткөндөй, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору өз карамагына алган максаттуу муниципалитеттерде жакшы жагына өзгөрүүлөр тезирээк ишке ашкан.

Ал эми терс жагына өзгөрүүлөр жайыраак болгону байкалган. Төмөн жакта ЖӨБ органдарынын өнүгүүсүнүн жана жарандар менен өз ара байланыштын өз-өзүнчө өңүттөрү боюнча маалыматтар берилди. Бул маалыматтарды изилдеп жатканда максаттуу жана өнөктөш ЖӨБ органдары ортосунда олуттуу айырмалар бар болгону аныкталды. Ал эми изилдөөнүн калган маселелери боюнча олуттуу айырмачылыктар байкалган жок.

Бардык фронттордо иш жүрүүдө

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун таасири алдында жарандардын жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнө катышуунун салттуу формалары бир кыйла өзгөрдү: мыйзамдарда бекитилген формасынан жарандык катышуунун заманбап механизмдерине айланды. Жарандардын ЖӨБго катышуу механизмдеринин логикалык жактан бири-бирине байланган топтому Долбоордун көмөгү менен мыйзамдарда бекитилди (КР Бюджеттик кодекси, Өкмөт, Финансы министрлиги жана ЖӨБЭММА бекиткен типтүү документтердин жана жоболордун топтому). Мисалы, жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо, артыкчылыктуу көйгөйлөрдү иргеп алуу, аларды чечүүнү чогуу пландоо, бюджеттик процесске катышуу, биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү, жарандардын демилгелерин жергиликтүү бюджеттен каржылоо өңдүү бир топ механизмдер сиңип калды. 2012-жылдан тартып бардык механизмдерди өлкөнүн беш облусундагы (Талас жана Баткен облустарынан башкалары) 100дөн ашык муниципалитет колдонуп келатат. Долбоор жарандар менен ЖӨБ органдары ортосунда 250 миңден ашык жемиштүү байланыш түзүлгөнүн аныктады. Долбоордун тикелей таасири алдында ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги жана ачык-айкындуулугу бир кыйла күч алды. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору бул муниципалитеттерде бюджеттик маалыматтын жаңы форматтарын колдонуу практикасын жайылта алды. Мисалы, инфографика, бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү жана онлайн жарандык бюджет өңдүү форматтар көп колдонулуп жатат. 2019-жылы буларды Кыргыз Республикасындагы ЖӨБ органдарынын 71 пайызы колдонгон. Максаттуу ЖӨБ органдарында Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексинин мааниси дээрлик эки эсе – 32 баллдан 78 баллга чейин көтөрүлдү. Долбоордун гранттык программасынын таасири алдында ЖӨБ органдары инвестицияларды тартуу жана башкаруу көндүмдөрүн жакшырта алышты. Алар 129 жергиликтүү маселени чечип, муну менен жалпысынан 530 миң адамдын турмуш шартын оңдоп, 129 жумушчу орунду түзүштү. ЖӨБ органдарынын башында тургандардын кадрдык дарамети да өстү: ЖӨБ жетекчилери муниципалдык башкаруу жана жамаат менен байланыш түзүү көндүмдөрүн бир топ жакшыртышты, өтө чоң көлөмдөгү практикалык жана методикалык маалыматтарга ээ болушту (долбоор 20дан ашык тема боюнча жалпысынан 38 миң адамга тренинг өткөрдү).

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен ЖӨБ органдарынын укуктук жана институционалдык иш шарттары да оңолду: муниципалдык кызматчынын статусу жогорулады, квалификацияны жогорулатуу системасы түзүлдү, өкмөт өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды каржылоо зарыл болгонун мойнуна алды, мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдары ортосундагы ыйгарым укуктар иш жүзүндө бөлүштүрүлө баштады, ЖӨБдү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа түзүлүп, ишке ашырылып келатат, мыйзам долбоорлорун ЖӨБ органдары менен макулдашуу процесси жолго салынып келатат, жергиликтүү кеңештердин ишине административдик жана финансылык шарттар түзүлүүдө, ЖӨБ органдарын текшерүү жарым-жартылай иретке келтирилип калды ж.б. Ушунча жылдардан бери Долбоор ЖӨБдү өнүктүрүүнүн бардык өңүттөрү боюнча КР Президенттик аппаратына, КР Жогорку Кеңешине, КР Өкмөтүнө, Мамлекеттик кадр жана салык кызматтарына, Финансы, Экономика, Социалдык өнүктүрүү министрликтерине жана башка мамлекеттик органдарга көптөгөн кеп-кеңештерин берип келди; улуттук стратегиялык документтерде (өнүгүүнүн улуттук стратегияларында, ЖӨБдү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларда, бюджет аралык концепцияда, административдик-аймактык реформа боюнча концепцияда ж.б.) ЖӨБдүн кызыкчылыктары эсепке алынышына жетише алды.

Долбоор иш алып барган жылдар ичинде анын максаттуу муниципалитеттери өз райондорунда 11 жолу мыкты ЖӨБ органы деп таанылды, 70тен ашык муниципалдык кызматчы жана максаттуу ЖӨБ органдарынын жетекчилери “Муниципалдык кызматтын отличниги” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги” деген наамдарга ээ болушту.

1-диаграмма. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу жана өнөктөш муниципалитеттеринде ЖӨБ органдарына карата оптимисттик маанайдагы жарандардын үлүшүнүн динамикасы 

Максаттуу ЖӨБдүн жашоочулары өздөрүнүн ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрүнө көбүрөөк ишенип калышты

Максаттуу ЖӨБ органдары жарандардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына көбүрөөк жана дыкаат мамиле жасай башташына Долбоор абдан көп күч-аракет жумшады. Бул үчүн долбоор жарандарга өз үнүн жеткирүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн берди. Айталы, Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо механизмин киргизүү менен бул багытта жарандарга кеңири шарттар түзүлдү. Жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн аныктоо үчүн ЖӨБ органдары менен жарандар ортосунда 68 миңден ашык байланыш түзүлдү; жарандар Биргелешкен аракеттер пландарына өздөрүнүн 800гө жакын сунушун киргизе алышты. Жарандардын демилгелери жергиликтүү бюджеттер аркылуу кайсы бир даражада ишке ашты. Долбоор жарандардын ЖӨБ органдары менен байланыш түзүүнүн салттуу формасын – чогулуштарды жаңы деңгээлге чыгарды. Чогулуштар Жергиликтүү жамааттын Уставы менен регламенттештирилген. 2020-жылы да чогулуштарды максаттуу жана өнөктөш ЖӨБ органдары жигердүү түрдө өткөрүп келатышат.

2-диаграмма. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу жана өнөктөш муниципалитеттеринде ЖӨБ органдарына карата көңүл калуу жана кыжырдануу эмоцияларын сезген жарандардын үлүшүнүн динамикасы

Ошол себептен 2020-жылы ЖӨБ органдарына карата оптимисттик маанайда болгон жарандар ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитеттеринде башка өнөктөш аймактарга караганда көбүрөөк болду. 2012-жылы максаттуу муниципалитеттерде оптимисттик маанайдагы жарандардын саны бир кыйла аз болчу. Бирок 2018-жылга чейин максаттуу муниципалитеттерде ЖӨБго карата оптимисттик маанайдагы жарандардын саны эки эсе көбөйдү. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, өнөктөш муниципалитеттерде мындай маанайдагы жарандардын үлүшү болгону үчтөн бирин түзөт.

3-диаграмма. 2018-жылдан 2020-жылга чейинки мезгил ичинде Э+ЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу жана өнөктөш муниципалитеттеринде коррупцияны байкаган жарандардын үлүшүнүн динамикасы, пайыздар менен

ЖӨБго карата кыжырдануу жана көңүл калуу эмоцияларын сезген жарандардын үлүшүндө да ушундай эле көрүнүштү байкоого болот. Өнөктөш ЖӨБ органдарына караганда максаттуу ЖӨБ органдарында мындай маанайдагы жарандардын үлүшү тезирээк азайган. Бирок 2018-жылдан 2020-жылга чейинки мезгил аралыгында жарандардын ЖӨБ органдарын терс маанайда кабыл алуу динамикасында өнөктөштөргө караганда, максаттуу муниципалитеттерде начарлоо тезирээк болгон. Себеби жарандар ЖӨБ органдарынан көбүрөөк натыйжаны күтүшкөн. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун таасири да мындай үмүттүн пайда болушуна салым кошкон.

Жарандар максаттуу ЖӨБдө коррупция азыраак деп эсептешет

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулугу бир кыйла көбөйдү. Бюджеттик маалыматты жарыялоодо бул көрүнүш өзгөчө байкалууда. Ошондой эле Мамкаттоонун сайтына жайгаштыруу менен бардык ЖӨБ органдарында муниципалдык мүлккө байланышкан бүтүмдөр тууралуу маалымат ачык болуп калды. Долбоор ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулугун мындан ары да жогорулатуу үчүн саясий шарттарды түзүп берди. Бул үчүн “Ачык өкмөт” аттуу Улуттук иш-аракеттер планына бир нече тийиштүү маселени кошту.

Натыйжада ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитеттеринде айыл өкмөтүндө жемкорлуктун деңгээли өтө жогору деп эсептеген респонденттердин үлүшү 2012-жылдан бери азайып келатат. 2020-жылы мындай пикирдеги адамдардын саны 4,6 пайызга азайган. Өнөктөш муниципалитеттерде болсо айыл өкмөтүнө же мэрияга мындай баасын берген респонденттердин үлүшү 2020- жылы 0,8 пайызга гана азайган.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өнөктөш ЖӨБ органдарына караганда максаттуу муниципалитеттеринде бюджетти башкарууда (20 пайыздан 16 пайызга чейин) жана мамлекеттик сатып алуулар процессинде (13,3 пайыздан 10,4 пайызга чейин) коррупцияны байкаган жашоочулар аз болгон. Ошол эле маалда өнөктөш ЖӨБ органдарында бул көрсөткүчтөр өстү: бюджетти башкарууда (17,2 пайыздан 18,4 пайызга чейин) жана мамлекеттик сатып алуулар процессинде (9,6 пайыздан 12,5 пайызга чейин) коррупцияны байкаган жашоочулар көбөйгөн.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу жана өнөктөш муниципалитеттеринде дагы бир тенденция байкалууда: жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө маалыматтын көлөмүнө жана сапатына канчалык ыраазы болгонуна баа берип калышты. Толугу менен ыраазылардын катары калыңдап, жарым-жартылай ыраазы болгондордун жана бул суроого жооп бере албагандардын саны азаюуда. Ошону менен катар ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өнөктөш муниципалитеттерине караганда, максаттуу ЖӨБ органдарында маалыматка толугу менен канааттангандардын үлүшү тезирээк көбөйүп жатат. Айталы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө маалыматка толугу менен ыраазы болгондордун үлүшү 2018-жылга салыштырмалуу 2020-жылы эки эсе көбөйгөн. Өнөктөш муниципалитеттерде болсо бул көрсөткүч үчтөн бирге гана көбөйдү.

Ошондой эле ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитеттеринде ЖӨБ органдарынын иши коомчулук үчүн ачык деп эсептеген жарандардын үлүшүндө өсүш көбүрөөк байкалууда. 2018-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде бул көрсөткүч максаттуу ЖӨБдө 22 пайызга, ал эми өнөктөш ЖӨБдө болгону 14,3 пайызга өскөн.

Жарандардын башкарууга катышуу деңгээли максаттуу ЖӨБдө сакталып калды, бирок жалпы өлкө боюнча бул деңгээл түшүп кетти

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖӨБ органдарына тийгизген тикелей таасиринин натыйжасында 49 (100%) максаттуу жана 298 (элеттик ЖӨБ органдарынын жалпы санынан 66%) өнөктөш ЖӨБ органы жарандардын артыкчылыктуу муктаждыктарын бюджетинде эсепке ала башташты. Жарандарды бюджеттик процесске тартып, алардын муктаждыктарын эсепке алуу боюнча милдеттүү талап биринчи жолу КР Бюджеттик кодексинде белгиленген. Натыйжада бюджеттик угууларды өткөргөн ЖӨБ органдарынын саны 2016-жылга салыштырмалуу 19 эсе көбөйдү. Ошентип, 2016-жылы угууларды 17 ЖӨБ органы, же 4 пайызы гана өткөрсө, 2019-жылы угууларды 330 ЖӨБ органы, же дээрлик 70 пайызы өткөрдү. Жамааттын муктаждыктарын аныктап, аларды жергиликтүү өнүктүрүү программаларына кошуу боюнча талаптар КР Экономика министрлиги бекиткен программаларды иштеп чыгуу методикасына кирди.

Ошентип жалпы Кыргызстан боюнча жарандардын бюджет боюнча коомдук угууларга катышуу деңгээлинде төмөндөө байкалды. Бирок ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитеттеринде бул көрсөткүч 2020-жылдагы тарыхый жогорку чекте (20 пайыздан ашык) сакталып калды. Өнөктөш ЖӨБ органдарында угууларга катышуу деңгээли 2 пайызга түшүп, Кыргызстан боюнча орточодон төмөн деңгээлден да түштү. Бирок максаттуу ЖӨБ органдарында угууларга катышуунун деңгээли олуттуу деле түшкөн жок, болгон жарым пайызга гана азайды.

Максаттуу ЖӨБ органдарында угуулардын катышуучуларынын арасында аялдардын үлүшү көбөйгөнүн белгилей кетүү зарыл. Өнөктөш ЖӨБ органдарында бул көрсөткүч, тилекке каршы, азайды.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу да, өнөктөш да ЖӨБ органдарында бюджет боюнча гана эмес, ошондой эле тарифтер, кызмат көрсөтүүлөр жана жергиликтүү маанидеги башка маселелер боюнча чогулуштарга, коомдук угууларга жарандардын катышуу деңгээли да өсүп жатат. Бирок ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун таасири менен пайда болгон бул өсүштө сапаты жагынан чоң айырма бар: максаттуу муниципалитеттерде жарандардын катышуусунун натыйжа берген түрлөрү барган сайын популярдуу болуп жатат. Айталы, жөн гана маалымат алып, же пикирин айтып кала турган чогулуштар эмес, ЖӨБ органдарынын чечимине чындап таасирин тийгизе алган иш-чаралар (мисалы, угуулар, акча бөлүнчү долбоорду даярдап, тандай турган чогулуштар) көбүрөөк суроо-талапка ээ болуп турат. Мунун бир логикалуу түшүндүрмөсү бар: ЭҮЖӨБОЖ Долбоору максаттуу муниципалитеттерге жарандардын катышуусунун дагы да жемиштүү түрлөрүн киргизүүгө жардам берип жатат. Ушулардын алкагында жарандар ЖӨБ органдарынан кайтарым байланышты алып, алардын муктаждыктары жана каалоолору эсеп алынып, өзгөрүүлөр да болуп жатканын көрүшүүдө.

Жергиликтүү бюджеттин же тышкы жардамдын эсебинен каржылана турган долбоорлорду даярдоого же тандоого жарандардын катышуусун алып карасак, мында Долбоордун таасири өзгөчө байкалат. Муну бир себеп менен түшүндүрүүгө болот: ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Биргелешкен аракеттер пландарын киргизүү жолу менен ЖӨБ органдарынын ишинин даректүүлүгүн олуттуу түрдө күчөтүүгө жардам берди.

Себеби мындай пландардын арты менен ЖӨБ органдары иш-чараларды конкреттүү топторго, көчөлөргө ж.б. негиздүү түрдө байлай башташты. Жыл сайын жарандар менен ЖӨБ органдарынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында жергиликтүү жамааттардын 100-150гө жакын курч көйгөйү ушул пландар аркылуу чечилип келатат. Ошондой эле пландар ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин пландоо жаатындагы көндүмдөрүн да жакшыртууга жардам берүүдө. Чоң-Алай АА башчысы Тайирбек ЖАЙЧИБЕКОВ буларды белгиледи: “Биргелешкен аракеттер планы ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджеттерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берди. Себеби бюджеттеги каражаттар буга чейин болуп келгендей, пландалбаган, чукулунан чечилчү иштерди жасоого сарпталбай калды. План орто мөөнөттүү пландоо ишин жеңилдетип жатат. Себеби элдин катышуусу менен бир нече жылга артыкчылыктуу көйгөйлөрдү алдын-ала тандап алуудабыз. Айыл өкмөтүнүн ичинде да иш иретке келди, анткени кызматкерлер соңунда кандай максаттарга жетиши керектигин көрүп калышты”. Жамааттарды биргелешкен пландоо ишине катыштыруу менен ЖӨБ органдарынын инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү бир кыйла кеңейди. Айталы, 2018-жылы Чүй облусунда ЖӨБ менен жамааттын биргелешкен аракетинин натыйжасында 129 миллион сом тартылды. Бул демек, биргелешкен планды каржылоо үчүн зарыл болгон каражаттын 74% башка булактардан келди дегенди билдирет. Биргелешкен аракеттер планынын статусун жогорулатуу максатында 2019-жылы ЭҮЖӨБОЖ Долбоору элдин муктаждыктарын эсепке алган планды расмий Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына оодара баштады. Муну КР Экономика министрлигинин Методикасына адаптациялоо менен ишке ашырды.

Максаттуу ЖӨБдүн жашоочулары күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргү ээ болушту

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жергиликтүү жамааттарга тийгизген тикелей таасири жарандык катышуунун салттуу формаларын бекемдөөгө жардам берди: айылда жергиликтүү көйгөйлөрдү чечиш керек болгондо демилгелүү топтор дайыма эле түзүлө калчу. Бирок Долбоор демилгелүү топтордун статусун жолжоболоштурууга жардам берип, демилгелүү топтор койгон маселелерге ЖӨБ органдары жооп кайтара ала тургандай өз ара байланыштын формаларын конкреттештире алышты. Айталы, топторду түзүү, алардын өз ара байланышынын тартиби, бюджеттик процесске катышуу аркылуу көйгөйлөрдү чечүү ыкмалары, өнүгүү жолдорун ЖӨБ органдары менен биргелешип пландоо – мунун баары Жергиликтүү жамааттын Уставында бекитилип, биринчи жолу укуктук негизге ээ болду. 2014-жылга чейин уставдарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттенмелери ар башкача чечмеленип келди, кээде колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген учурлар да болду. Ошол себептен Долбоор Кыргызстанда түрдүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын теңдештирүүгө жардам берди. Муну Долбоор Уставдарды мыйзамдарга шайкеш келтирүү жолу менен ишке ашырды. Ошондой эле уставга жамаат мүчөлөрүнүн башка мыйзамдарда жазылбаган укуктарын колдонуу механизмдерин да кошту (мисалы, жергиликтүү кеңештин ачык сессиясына катышуу укугун колдонуу механизми). Натыйжада ар бир максаттуу ЖӨБ органында орточо 35 активист (баары болуп 1700 адам) дээрлик 190 демилгелүү топко биригип, ЖӨБ органдары менен чогуу маселелерин чече алышты. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жарандардын ЖӨБго катышууга болгон Конституцияда бекитилген укугуна практикалык маани бере алды. Себеби Демилгелүү топтор жарандык катышуунун башкалардан айырмалуу “мектеби” болуп, көптөгөн жергиликтүү активисттерге өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк бар болгонуна ишенүүгө жардам берип, жергиликтүү өз алдынча башкарууда өзүн көрсөтө алуунун жаңы ыкмаларын тартуулады (максаттуу ЖӨБ органдарында демилгелүү топтордун 500гө жакын катышуучусу жергиликтүү кеңештердин депутаты, муниципалдык катчы, биргелешкен монито- рингдин катышуучусу болуп, өз аймагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик органдардан сыйлыктарды алышты).

7-диаграмма. Максаттуу жана өнөктөш ЖӨБ органдарында жарандардын катышуу формаларынын деңгэлиндеги өсүш, пайыздар менен

Долбоор жарандардын өз демилгелерине жергиликтүү бюджеттен колдоо алуу мүмкүнчүлүгүн нормативдик жактан аныктап берүүгө көмөктөштү – бул “Жергиликтүү демилге” аттуу механизмди расмий түрдө бекитүү жолу менен ишке ашты. Жергиликтүү жамааттардын жоопкерчилиги да көбөйдү, жарандар көптөгөн маселелерди чечүүгө катышууга даяр болуп калышты: 2012-жылга салыштырмалуу 2019-жылы жергиликтүү демилгелерди ишке ашырууга карата жамааттардын активдүүлүгү дээрлик үч эсе, тагыраак айтканда 31 демилгеден 100 демилгеге чейин көбөйдү. Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу жана өнөктөш муниципалитеттеринин жашоочуларынын өз шаарынын же айылынын коомдук иштерине катышуу деңгээли 2020-жылы деле өзгөргөн жок. 2018-жылга салыштырмалуу азыр дээрлик 65 пайызды түзөт. Бул демек 9 пайызга көп дегенди билдирет. Бирок өнөктөш ЖӨБго салыштырмалуу максаттуу муниципалитеттерде коомдук турмушка катышуунун практикалык тажрыйбасына ээ болгондордун саны тезирээк өсүүдө. Айталы, 2015-жылга салыштырмалуу максаттуу муниципалитеттерде коомдук иштерге буга чейин катышкан жарандардын үлүшү 20 пайызга көбөйгөн. Ал эми өнөктөш муниципалитеттерде болгону 11 пайызга гана өсүш байкалган.

8-диаграмма. Коомдук иштерге катышкан жарандардын үлүшүндө өсүш динамикасы

Өз шаарын же айылын көрктөндүрүү боюнча иштерге катышууну каалагандардын катары калыңдап жатат. Айталы, 2020-жылы катышууга даярдыгын тастыктагандардын үлүшү 70 пайыздан көп болуп, 2018-жылга салыштырмалуу 9,7 пайызга өскөн. Атүгүл шаарды же айылды көрктөндүрүү боюнча жумуштарга иш жүзүндө катышып калган жарандардын саны да көбөйүп, 2020-жылы 36,7 пайызды түздү. Максаттуу ЖӨБдө көрктөндүрүү иштерине өзү катышкысы келген жарандардын көп болгонун мындай деп түшүндүрсө болот: ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жардамы менен ЖӨБ органдары инвестицияларды тартуу жана башкаруу көндүмдөрүн жакшырта алышты; 530 миң адамдын турмуш шартын оңдоп, 129 көйгөйлүү маселени чечишти, 129 иш ордун түзүштү. Долбоор Кыргыз Республикасынын бийлиги жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрү үчүн прецендент түзүп берди – Долбоор өлкө тарыхында биринчи жолу гранттык программаны жергиликтүү бюджеттер аркылуу ишке ашырды. Мындай кадам гранттык каражаттардын максаттуу сарпталышына көзөмөлдү бир топ күчөтүүгө шарт түздү. Мында мамлекеттик сатып алуулардын катаал жолжоболору колдонулду. Ошол эле кезде ЖӨБ оргадары бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы инвестицияларды башкаргандыда үйрөнүп жатышты.

Максаттуу ЖӨБдү гендердик теңдик

Жалпысынан ЖӨБ органдарынын жоопкерчилик чөйрөсү – жергиликтүү маанидеги маселелер – жамааттын бардык жашоочуларына даректелген. Ошол себептен формалдуу түрдө аларды гендердик жактан нейтралдуу деп тааныса болот. Бирок иш жүзүндө ЖӨБ органдары аялдар менен эркектердин тең укуктуулугуна таасирин тийгизе алышат.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ЖӨБ органдарынын ишинин жыйынтыгында гендердик теңдик үчүн шарттарды түзүп берүүгө умтулуп келди. Долбоор муну гендердик шарттарды Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо механизмине киргизүү жолу менен жасоого умтулду. Бул механизмде квота белгиленген – катышуучулардын бери дегенде 30% бир жыныстын өкүлү болушу керек. Натыйжада артыкчылыктуу маселелерди аныктап, ЖӨБдүн ишин пландоого катышкан аялдардын саны көбөйдү: 2012-жылы 35 пайызды түзүшү керек болсо, 2019- жылы бул көрсөткүч дээрлик 50 пайызга жетти. Долбоордун таасири менен ЖӨБ органдары аялдардын артыкчылыктуу муктаждыктарына реакция жасап, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча Биргелешкен аракеттер планына гендердик өңүтү бар иш-чаралардын 47 пайызын киргизди (мектептер, бала бакчалар, ичүүчү суу, маданият, көчөлөрдү жарыктандыруу, сейил бактар ж.б.).

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору гранттык программа аркылуу аялдардын абалына максаттуу түрдө таасирин тийгизип келди: гранттык долбоорлордун 68% гендердик өңүтү бар маселелерди чечүүгө багытталган (87% Ош облусунда); 27 миң аял гранттык долбоорлордон пайда тапты (жалпы санынан 51%); гранттык долбоорлор түзгөн иш орундарынын 43 пайызын аялдар ээлешти. Мындай жыйынтыкка жетүү үчүн долбоор өтүнмөлөрдү баалоо системасына атайын талапты киргизген – артыкчылыктуу көйгөйдү аныктоого катышкан аялдардын саны жана үлүшү өтүнмөдө көрсөтүлүшү керек.

“Жергилктүү демилге” конкурсунда аялдардын демилгелери байгелүү орундардын 50% ээлеп, 154 демилгенин ичинен 80 демилге финансылык колдоого ээ болду. Баса, өз демилгелерине кошо-каржылоо издөөдө эркектерге караганда аялдардын аракетинен көбүрөөк майнап чыкты. Аялдар эркектерге салыштырмалуу үчүнчү жактан тартылган каражатты орточо 6 пайызга көбүрөөк колдонот.

Аялдардын өздөрү болсо, долбоорлорго катышып, үнүн жеткирүүнүн, өзүн көрсөтө алуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Айталы, демилгелүү топтордун курамындагы аялдардын үлүшү өсүп жатат: 2012-2015-жылдары 36% болсо, 2016-2020-жылдары 43 пайызга чейин өстү. Көптөр жергиликтүү кеңештин депутаты болуп, кызматта өсүшкө жете алса, башкалары биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунда ишин улантып кетишти. Мисалы, мониторинг жүргүзгөн топтордо аялдардын үлүшү 37 пайыздан 44 пайызга чейин көбөйдү. Аялдар “Жергиликтүү демилге” конкурсу аркылуу өздөрүн көрсөтө алышты. Конкурска жиберилген өтүнмөлөрдүн 54% аялдар жазып жиберишкен. Боролдой айылдык аймагында жашаган кондитер Лариса КУСОВА 2015-жылга чейин жергиликтүү активист катары ЖӨБдү абдан көп сындап келген эле. Ал өзү да бир нерсени өзгөртүүгө жөндөмдүү болгонун түшүнчү эмес. Долбоордун колдоосу менен Лариса жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маңызын түшүнүп, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына аттанууну чечти. Төрт жылдын ичинде ал жамааттын эрежелерин бузгандарды тартипке келтирип, көпүрөнүн курулушун баштоону талап кылып, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы катары аярлуу топтордун көйгөйлөрүн жигердүү түрдө чечип келатат.

 

 

Окшош материалы: