Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

COVID-19 пандемиясынын шартында Швейцариянын жардамы: Нарын, Чүй жана Ош облустарындагы 33 муниципалитетте жашаган 5 061 муктаж үй-бүлө жана ЖӨБ органдары 6 миллион сомдон ашык суммага гуманитардык жардам алышты

2020-09-02 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
COVID-19 пандемиясынын шартында Швейцариянын жардамы: Нарын, Чүй жана Ош облустарындагы 33 муниципалитетте жашаган 5 061 муктаж үй-бүлө жана ЖӨБ органдары 6 миллион сомдон ашык суммага гуманитардык жардам алышты

Кошумча маалымат алуу үчүн Нургуль Жаманкулова, ӨСИнин маалямат саясаты боюнча адисине njamankulova@dpi.kg э-дареги аркылуу кайрылсаңыз болот.

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында 29 айылдык аймакка жана Кемин шаарына жардам берилди1. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү (SDC) каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) аткарат. Көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 6 млн. 571 миң 480 сомду түздү. “Швейцария элинин колдоосу менен Долбоор Чүй, Нарын жана Ош облустарынын аймагында жайгашкан 33 муниципалитеттеги (27 максаттуу жана 6 өнөктөш) 5 061 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөттү. ЖӨБ органдарына көмөк көрсөтүүнүн алкагында элге гуманитардык жардам таратылды, ал эми айыл өкмөтүнө мэрияга каттагандарга, ЖӨБ органдарынын кызматкерлерине антисептиктер тапшырылды. Гуманитардык жардам азык-түлүк баштыгы түрүндө берилди. Ал баштыкка ун, макарон, кумшекер, гречка, коюу сүт, чай, өсүмдүк майы салынган. Гумжардамды ЖӨБ иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА), Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Өнүктүрүү саясат институту ачык конкурс өткөрүп сатып алган2”, – деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ.

Берилип жаткан жардамдын ачык-айкындуулугун жана даректүүлүгүн камсыз кылуу максатында жериндеги айыл өкмөттүн/мэриянын буйругу менен комиссиялар түзүлдү. Бул комиссиялардын курамына айыл өкмөтүнүн/мэриянын өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) мүчөлөрү, жергиликтүү жамааттардын активисттери киришти. Комиссиялар гуманитардык жардамды кабыл алууга жана аны тизме боюнча муктаж адамдарга таратып берүүгө тикелей катышты. Муктаждардын тизмеси түзүлүп жатканда буга чейин башка булактардан жардам алган адамдар бар экени эсепке алынды.

“Гумжардам алгандардын тизмесине негизинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар, жону жука үй-бүлөлөр кирди. Долбоордун жардамы менен биз аларга ушундай оор мезгилде колдоо көрсөтө алдык”, – деп айтты Бурана айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери, гумжардамды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын мүчөсү Айнура СЕЙДАКМАТОВА.

Ар бир үй-бүлө 1200 сомдун тегерегинде азык-түлүк баштыгын алды. Бул баштыкка негизинен жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн товарлары жана азык-түлүктөрү кирди. Азык-түлүк баштыгын алган муктаж жашоочулар, аларга кошулуп айрым айыл өкмөт башчылары да пандемия маалында ушундай колдоо көрсөтүп жаткан донорго ыраазычылыгын билдиришти.

СЫЧЕВА Юлия, 38 жашта, Баатыр эне, Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой ААнын тургуну: “Менин жети балам бар, аларды өзүм багып жатам. Жакында эле жолдошумдан айрылдым. Донордун бул жардамы өз убагында келди”.

Нарын облусундагы Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы САТАРОВ Эркин буларды айтты: “Коронавирус пандемиясынын кесепеттери баарыбызга терс таасирин тийгизди. Мисалы, биздин айылдык аймакта карантин маалында кирешесинен ажырап, жардамга муктаж болуп отурган адамдардын саны кескин көбөйдү. Ушундай оор кезеңде биздин муниципалитетке колдоо көрсөтүп жаткан мамлекеттик органдардын жана түрдүү демөөрчүлөрдүн катарында швейцариялык “Элдин үнү” долбоору да бизге чоң жардам берди. Бул долбоордун жардамы менен биз дагы 48 үй-бүлөнү азык-түлүк менен камсыздай алдык. Муниципалитетибиздин атынан Швейцариянын Өкмөтүнө жана Долбоордун аткаруучусуна терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”.

***

Швейцария Өкмөтү бир нече жылдардан бери Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп келатат. 1994-жылдан тартып Швейцария Кыргызстанга 400 миллиондон ашык швейцар франкын (болжол менен 28 миллиард сом) техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам түрүндө берди. Толугураак маалыматты сайттан таба аласыз: https://www.eda.admin.ch/bishkek

 

________________


1 Долбоордун максаты – ЖӨБ органдарына коомдук каражатты азыркыдан да ачык-айкын жана натыйжалуу башкарууга үйрөтүү, жарандардын муктаждыктарын жана артыкчылыктарын эсепке алуу менен чечим кабыл алуу процессине жарандардын катышуусун күчөтүү. Долбоор тууралуу толук маалыматты алуу үчүн: www.vap.kg

2 http://dpi.kg/ru/about/tenders/full/143.html

 

Окшош материалы: