Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Төлөк айылынын аялдары бала бакчаны оңдото алышты

2021-02-08 / Москва районунун портрети
Төлөк айылынын аялдары бала бакчаны оңдото алышты

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Төлөк АА.

Төлөк АА 230 үй кожолугу жашаган бир айылдан турат. Муниципалитет Бишкектен 80 км алыстыкта орун алган. Аймакта 1420 адам, анын ичинде 728 аял (51%) жашайт. Улуттук курамы: кыргыздар. Жергиликтүү бюджет 2,8 млн. сомду түзөт. Муниципалдык менчикте 8 кыймылсыз мүлк объектиси турат.

КӨЙГӨЙ: аялдар биригип, колдоого ээ болушту

2019-жылдын июнь айында Төлөк айылынын жаш энелери демилгелүү топ түзүп, кырдаалды талдап, бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүү жана кайра ачуу боюнча долбоордун планын иштеп чыгышты. Демилгелүү топ жергиликтүү өз алдынча башкаруунун колдоосуна ээ болду. Мисалы, Төлөк жергиликтүү кеңеши айыл өкмөтүнүн аппаратынын сунушу менен, бала бакчаны калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 306 000 сом бөлүп берген. Андан кийин республикалык бюджеттен 2 577 000 сом суммада дем берүүчү грант алууга мүмкүн болду. Бул каражатка төмөнкүдөй иштер бүткөн: дубалдарга жана шыптарга капиталдык ремонт жасалды, эшик жана терезе блоктору алмаштырылды, жылуулук, суу менен жабдуу жана канализация системалары орнотулду, бакчанын фасады оңдолуп, бактын аймагы тосулду. Андан соң долбоорду Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын Өнүктүрүү фонду колдоп берип, 1 100 000 сом бөлүнүп берилди. Бул акчага керебеттер, шейшептер жана идиш-аяк, ашкана шаймандары, муздаткыч жана кир жуугуч машиналар сатылып алынды. Жергиликтүү жамааттан 300 000 сом өлчөмүндө демөөрчүлүк каражат чогултулуп, ал акчага жабдуулар (компьютер жана принтер) жаңыртылып, балдар аянтчасы (дөбө, селкинчектер, каруселдер) курулган. 

ЖЫЙЫНТЫК: 80 бала мектепке чейин билим алышууда

Бардык жумуштар 2019-жылдын июнь айынан 2019-жылдын сентябрь айына чейинки мезгил аралыгында бүттү. COVID-19 пандемиясына байланыштуу бала бакча 2020-жылдын сентябрь айында өз ишин баштады. Ошентип 80ге жакын бала толугу менен оңдолгон бала бакчада заманбап шарттарда билим алып, мектепке даярдана башташты.

Социалдык натыйжалуулугу. Жайыт комитетинин төрагасы, Жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин төрагасы Абдыбек ТАЯТАЕВ: “Эки неберем бар. Бала бакчага бара баштагандан бери алар бийлегенди, сүрөттү кооз тартканды, ыр окуганды үйрөнүштү. Алар орус тилин да үйрөнүп алышкан экен. Бул үчүн тарбиячыларына ыраазычылыгымды билдиремин”. Бердигул атындагы мектептин мугалими Күмүшай АБДЫКЕРИМОВА: “Мугалим катары белгилеп кетсем, мурда балдар мектепке бир тамганы билбей келчү, алар коомго аралашууга даяр эмес эле. Алар бала бакчаларга барып, мектепке чейинки билим алган курбуларынан бир топ артта болушчу. Алар окуу процессинен коркушчу, теңтуштары менен тил табыша албай, мектепке чейинки курактагы баланын негизги көндүмдөрүн билишчү эмес. Эми бул маселе чечилди жана балдардын келечеги жакшы болот!”.

Экономикалык эффективдүүлүгү. Төлөк АӨ башчысы Эвертбек МАМАТОВ: “Жергиликтүү бала бакча оңдолгондон бери айрым аялдар кошуна район борборлоруна жана шаарларга барып, иштеп келе башташты. Себеби эми балдарымды кимге калтырам деп башы оорубайт. Калган аялдар болсо үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл буруп, күйөөлөрүнө айыл чарба иштеринде кол кабыш кылып калышты. Бул жергиликтүү тургундардын экономикалык бакубатчылыгын кыйла көтөрдү”. Төлөк айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Назгүл КУТМАНБЕКОВА: “Акыры биргелешкен аракеттердин натыйжасында биздин бала бакча калыбына келтирилди. Менин беш балам бар, эне катары биздин айылда бала бакча кайрадан иштей баштаганына, дагы кошумча 11 жумуш орун пайда болгонуна жетине албай турамын. Эми балдарыбыз мектепке даяр болуп барышат”.

ЧЫГЫМДАР

Долбоордун жалпы наркы 5 283 000 сомду түздү, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен 1 306 000 сом, дем берүүчү грант катары 2 577 000 сом, Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын Өнүктүрүү фондунан 1 100 000 сом жана демөөрчүлөрдөн 30 000 сом бөлүндү.