Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эпидемиядан коргонуу – бул сергек жашоо, бири-бирине кол сунуу жана айылда жакшы ФАПтын болушу

2021-02-08 / Москва районунун портрети
Эпидемиядан коргонуу – бул сергек жашоо, бири-бирине кол сунуу жана айылда жакшы ФАПтын болушу

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Целина АА.

Целина АА 280 үй кожолугу жашаган бир айылдан турат. Муниципалитет Бишкектен 80 км алыстыкта орун алган. Аймакта 1792 адам, анын ичинде 882 аял (49%) жашайт. Айылда көп улуттун өкүлдөрү жашашат. Жергиликтүү бюджет 2,9 млн. сомду түзөт. Муниципалдык менчикте 13 кыймылсыз мүлк объектиси турат.

КӨЙГӨЙ: көзгө көрүнбөгөн, белгисиз жоонун чабуулу

2020-жылдын март айында өлкөдөгү башка көптөгөн муниципалитеттердей эле Целина айылдык аймагы да COVID-19 эпидемиясына биринчи жолу туш болду. Ар бир жашоочу коркунучту жон териси менен сезип, илдет каалаган жерден, каалаган учурда илешип аларын билип калды. ЖӨБ органдарында жана жарандарда көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөшүү тажрыйбасы болгон эмес.

ЧЕЧИМ: биримдик жана өз ара колдоо

Райондо карантин киргизилгени жарыяланган күндүн эртеси, 2020-жылдын март айында Целина аймагынын жаштар комитети өз демилгеси менен айылдын кире беришине өткөрмө бекеттерди орнотуп чыгышкан. Күнү-түнү нөөмөттө тургандарды жашоочулар өз күчү менен ысык тамак менен камсыз кылып турушту. Акча чогултуп, ага айылдын бардык көчөлөрүн дезинфекциялоо үчүн 150 кг хлор сатып алынды. Техниканы болсо жергиликтүү дыйкандар беришкен. Коронавируска каршы коргонуу үчүн зарыл болгон санитардык ченемдерди сактоо зарылдыгы жөнүндө үн күчөткүч аркылуу тынымсыз айтылып турду. Жергиликтүү демөөрчү бир рулон марли сатып берип, эки келин беш күндүн ичинде үйдө отуруп 2000 беткап тигип беришти. Бул беткаптар аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана пенсионерлерге таратылган. Аймакта коронавирус пандемиясынын “биринчи толкуну” учурунда илдет менен катталган бир да адам болгон жок. Бирок “экинчи толкун” оор сыноо менен келип, көпчүлүгү ооруп калышты. Мына ушундай оор мезгилде аймак тургундары өзүн жоготуп койгон жок. Жалпыга маалымдоо каражаттарында бул инфекция адамдын өпкөсүн жабыркатары, өлкөдө адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн медициналык жабдуулар жетпей жатканы тууралуу кабарлар желдей тарады. Муну уккан элеттиктер үч күндүн ичинде 70 000 сом топтоп, ал акчага кычкылтек концентраторун жана пульс өлчөгүчтү, 2 санариптик термометрди ж.б. сатып алышты. Эпидемиянын учурунда кычкылтек концентратору айылдагы беш адамдын өмүрүн сактап калды. Айылда дарыкана болбогондуктан, ал эми дары-дармектер маселеси курч тургандыктан, Целина айыл өкмөтү чукул арада 46 000 сомго дары-дармек сатып алды. Кесиби боюнча дарыгер жергиликтүү тургун Хасан ЧАЛАБАЕВ муктаж болгондордун бардыгына жардам көрсөтүп жүрүп, натыйжада өзү да катуу ооруп калган. Айылдаштары ага колдоо көрсөтүп, сакайып кетишин тиленип отурушту. Целина аймагынын клуб башчысы Жазгүл УМУРАЛИЕВА: “Мен COVID-19 менен ооруп калдым, бирок жеңил түрүндө оорудум. Эки жума бою өзүмдү обочодо кармап, үйдөн дарыланып чыктым. ФАПтын фельдшери туура дарылоону дайындады, мен айыгып кеттим, анткени медициналык жардам мага өз убагында көрсөтүлгөн. Менден башка үй-бүлөмдө эч ким ооруган жок. Айыл өкмөтү жарандардын колдоосу менен айылда бардык керектүү дары-дармектердин болушун камсыз кылганынын натыйжасында ушундай жыйынтык болду деп ойлойм”.

Социалдык натыйжалуулугу. Пандемия шартында эл күч-аракеттерин бириктире алды. Тагдырдын сыноосу ар бир үй-бүлөнүн башына түшүп, жакындарын жоготкондор да болду. Баары колунан келишинче бири-бирине жардам берип, айыл өкмөт башчысы менен тыгыз иштешти. Кыз-Моло айылындагы ФАП башчысы Айнура ТУРДУБАЕВА: “Ошол оор учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун колдоосунун аркасында бардык жумуштарды өз убагында жасап турдум. ФАПка ошол заматта эле антисептиктерди, самын жана тазалоочу каражаттарды, анын ичинде хлорду ж.б. бөлүп беришти. Мындан тышкары ФАПка транспорт бекитип беришти. Андан кийин кычкылтек концентраторун алып келип, анын жардамы менен айылдын беш тургуну аман калышты. Буга кошумча эски лампа көптөн бери иштебей тургандыктан ФАПка кварц лампасы сатылып алынган. 2021-жылы ФАПты оңдоо пландалууда, бул иш аягына чыгат деп ишенем”.

Административдик натыйжалуулугу. ЖӨБ органдары менен элдин ортосунда өз ара мамиле оңолуп, бири-бирине болгон ишеним арта баштады. Айыл өкмөтүнүн башчысы адатта башка айылда жашайт, бирок ушул оор мезгилде ал күнү-түнү жумуш ордунан жылбай отурду. Ошол эле учурда айыл өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери аралыктан иштөөгө жөнөтүлүп, ал айыл өкмөтүндө дайыма жалгыз болгон. ЖӨБ органы элдин салымын баалап, жарандардын пикирин көбүрөөк уга баштады. Ошондуктан 2021-жылдын бюджетин түзүп жатканда айыл тургундарына жергиликтүү ФАПты оңдоо зарылдыгы жөнүндө сунуштар келип түшкөн. Натыйжада ушул максаттарга 2021-жылдын бюджетинде 100 000 сом каралган.

Экономикалык натыйжалуулугу. Айыл аймагы дотацияда турат, ошондуктан калктын салымы менен жергиликтүү бюджеттин акчасын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, алар аймактагы башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Мындан тышкары калк көйгөйлөрдү чечүүдө жогорку оперативдүүлүктү көрсөттү. Эгерде биз жергиликтүү бюджеттин эсебинен керектүү шаймандарды жана материалдарды Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу алсак, убакыттан уттуруп калмакпыз. Адамдар өлүм менен өмүрдүн ортосунда турган чакта бул өтө чоң мааниге ээ эле.

ЧЫГЫМДАР

Жергиликтүү бюджеттен жалпы чыгым 146 075 сомду түздү. Жергиликтүү тургундар чогулткан каражаттын суммасы 100 000 сом болду.

АЛЫНГАН САБАКТАР: эпидемиядан коргоо – бул сергек жашоо, өз ара жардамдашуу жана айылдагы жакшы ФАПтын болушу

Целина айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Динара КАЗЫБАЕВА: “Биздин айыл көп улуттуу, бул жерде республиканын башка аймактарынан көчүп келген этникалык кыргыздар бар. Биз өздөштүргөн биринчи жана эң негизги сабак – COVID-19 глобалдык пандемиясына каршы күрөштүн күчү элдин ынтымагында жана биримдигинде экен. Экинчи сабак – ар кандай сыноолорго ар дайым даяр болуп, сергек жашоо образын сактап, бул үчүн Айылдык ден соолук комитеттеринин түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек. Үчүнчү сабак – айылдык ФАП ар дайым иштеп турушу керек экен. ФАП оңдолуп, керектүү каражаттар жана дары-дармектер менен жабдылууга тийиш экен. Ошондуктан жергиликтүү бюджеттен жыл сайын милдеттүү түрдө ФАПтын күнүмдүк ремонтуна каражат бөлүнүп турушу керек жана биз муну муниципалитеттин келечектеги пландарына киргиздик”.