• маселени чечүү боюнча аракеттенүү планын иштеп чыгуу.
Кыргыз Республикасында ЭКБАны колдонуу жамаат өз жашоо шартына көзөмөлдү күчөтүүгө жарамдуу деген ишенимге негизделген. Бирок муну үйрөнүү үчүн жамааттарга узак убакыт бою мотивация жана колдоо керек. Бул айыл тургундарынын саламаттыгы мисалында кантип иштээрин көрөлү.
Бардык жамааттарда эле үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) жана фельдшердик-акушердик пункттар (ФАП) алгачкы медициналык-санитардык жардамды көрсөтөт. Ушундан улам өз саламаттыгын башкарууда жамаатка алгачкы колдоону камсыздоодо ҮДТ менен ФАП идеалдуу инструмент болуп бере алат. Кийин алар жарандардын саламаттыгын бекемдөөгө багытталган иштерде жамааттардын өнөктөшү болуп кала алат. Андыктан ЭКБАны өткөрүү боюнча иштер адегенде ҮДТ менен ФАПка “байланып” калган. Алардын жардамы менен жамааттар саламаттыкты бекемдөө маселелери боюнча адегенде өзүнүн артыкчылыктуу маселелерин анализдешкен. Ишти адамдар үчүн өзгөчө олуттуу болгон маселелер боюнча баштоо абдан маанилүү болчу. Ошондой гана кырдаалда алар өз убактысын жана күчүн сарптоого макул болушкан. Ошондой эле адамдардан алардын артыкчылыктуу маселелерин сурамжылоо учурунда ҮДТ менен ФАПтын ортосунда тең укуктуу өнөктөш мамилелер түзүлдү. Бул мамилелер сергек жашоого үйрөткөн мугалим менен аны уккан студенттин мамилесине такыр окшогон жок.
Анализ ЭКБАны (PRA) колдонуу менен өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында саламаттыкка таасирин тийгизген факторлор, көп кездешкен жана олуттуу дарттар аныкталды. ҮДТ жана ФАП ушундай анализди жүргүзүүгө көмөктөштү.
Адатта, анализ кошуна жашаган он адамдан турган топтордо жүргүзүлөт жана дээрлик бардык айылды камтыйт. ҮДТ менен ФАПтын кызматкерлерин ЭКБАнын (PRA) инструментин колдонууга үйрөтүү өзүнө айылдын тургундарына өнөктөш болууда кантип аракеттенүү керектигин үйрөтүү ыкмасын камтыйт. Анткени мындай дал ушундай мамилелер жамаат менен иш алып барууда негизги болуп эсептелет.
ЭЭКБАларды өткөрүүнүн натыйжасында Элеттик саламаттык комитеттер (ЭСК) – бул өз айылында саламаттыкты сактоо
боюнча иштерди координациялаган ыктыярчылар тобу. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын бардык облустарында 1517 ЭСК, алардын 70 пайызы бул облустардагы айылдарда иштеди. ЭСК 43 райондук саламаттыкты коргоо боюнча комитеттерде (РСК) топтолгон. 2010-жылы бул РСКлар биргелешкен ЭСКнын кызыкчылыктарын коргоо боюнча ЭСК Улуттук ассоциациясын (ЭСКУА) түздү. Айыл деңгээлинде ЭСК жамааттарды ооруларды алдын алуу, вакцинацияга байланыштуу маалымдоо иштерин жүргүзүп, анонимдүү аракетердин тобун түзүп,мончолорду уюштуруп, эмчек эмизүүнүн жана туура тамактануунун пайдасы тууралуу кабарлап, гипертония менен ооругандарды аныкташат.
2010-жылдан тарта ЭСК менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын байланыштары бекемдей баштады (мисалы, Нарын облусунда ЭСКнын 53 пайызы ЖӨБ менен тыгыз кызматташса, Таласта бул 68 пайызды түзгөн). Ошентсе да бул процесс азырынча көп деле активдүү жүргөн жок. Анткени ЖӨБнун бардык эле органдары ЭСКны теңата өнөктөш катары кабыл алууга даяр эмес. Анын үстүнө ЭСК ЖӨБга саламаттыкты сактоого байланыштуу суроо, сунуштары менен көп кайрылат. ЖӨБнун көпчүлүк башчыларынын баамында, бул нерселер алардын ыйгарым укуктарына кирбейт. Ошол эле учурда ЖӨБнун алысты көрө билген башчылары адамдардын саламаттыгы – жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүнүн башкы фактору экенин түшүнүп, ЭСК менен тыгыз кызматташууда. Мисалы, ЭСКнын долбоорлоруна өз үлүшүн кошуп, жада калса гранттар жөнүндө сөз болгондо каржылайт. Ошол эле учурда көпчүлүк ЭСКлар ЖӨБ менен коомдук демилгелер боюнча да кызматташат (мисалы, айылды тазалоо иштеринде).
Колдонуу практикасы – бюджеттик процесс
Калкты бюджеттик процесстерге катыштыруу максатында “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту ЭКБАнын сурамжылоо жана сессиялар өңдүү түрдүү инструменттерин жана ыкмаларын үч пилоттук айылдык аймакта – Ивановка (Чүй облусу), Ленин (Жалал-Абад облусу) жана Төрт-Күл (Ысык-Көл облусунда) – колдонду. Түрдүү ыкмалар менен жергиликтүү жамааттар кырдаалды иликтеп, көйгөйдү талдап, артыкчылыктуу маселелерин аныктады.
Жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана алар боюнча чечим кабыл алууга жамааттарды тартуу боюнча 51 иш-чара өткөрүлүп, ага 2068 адам катышты. Алардын 893ү аялдар.
Жамааттын муктаждыктарын биргеликте иликтөөнүн алкагында биринчи кезекте чечиш керек болгон негизги көйгөйлөр аныкталды.
Калктын керектөөлөрүн иликтөөнүн ыкмаларын билүүнүн артыкчылыгын толугу менен түшүнүү үчүн Өнүктүрүү саясат институту ЭКБАнын түрдүү варианттарын колдонуп көрүүнү чечти.
Ивановка айылдык аймагында: максаттуу аудитория - аялдар, жаштар, ишкерлер, дыйкандар, жумушсуздар, пенсионерлер, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү - үчүн сессиялар. Артыкчылыктарды жана себептерин аныктоо, кырдаалды жакшыртуу үчүн бирдиктүү аракеттерди пландоо үчүн калк жана активисттер менен жалпысынан 11 жолугушуу өттү. Аны менен кошо артыкчылыктарды аныктоо үчүн сурамжылоо жүрдү. Маанилүүсү, калктын көйгөйлөрүн жана артыкчылыктарын аныктоодо жолугушуулардын жыйынтыгы менен сурамжылоонун жыйынтыгы окшош натыйжаны көрсөттү.
Ленин айылдык аймагында: сурамжылоо жүргүзүлүп, андан кийин аныкталган көйгөйлөрдүн себептерин иликтөөдө жана аны чечүү үчүн план иштеп чыгуу үчүн эки жолугушуу өттү. Жолугушууда сурамжылоонун жыйынтыктары тастыкталды.
Төрт-Күл айылдык аймагында: артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү планын иштеп чыгуу үчүн 26 жолугушуу өттү. Төрт-Күлдө жолугушуулар эч бир социалдык топко байланбастан, айылдык аймакта жашаган калк менен өттү.
Эмесе, өзүнүн артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо менен жамааттар аны чечүү үчүн себебин, кесепеттерин жана чечүү жолун билүү үчүн анализдеп чыкты. Өзгөчө көңүл колундагы ресурстарга бурулду. Аткарылган иштин натыйжасында маселени чечүү боюнча бирдиктүү аракет планы иштелип чыкты. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандарды аралаштыруу үчүн демилгечи топтор түзүлдү. Демилгечи топторго жергиликтүү жамааттын лидерлери, айыл өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрү жана айылдык кеңештин депутаттары кирди. Демилгечи топтун ишин координациялоо милдетин айыл өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрү жана айылдык кеңештин депутаттары алды. Бул топтордун андан аркы иш-аракеттеринин ийгилиги жана туруктуулугу алардын нормативдик актыларда кандай жана кантип бекитилгендигинен көз каранды болот.
Жамааттардын иш формасын жана ыкмаларын жергиликтүү нормативдик укуктук акты менен аныктоо маанилүү. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана бюджеттик процесске калкты катыштырууну камсыздоодо ЖӨБ органдары менен демилгечи топтордун жана жергиликтүү жамааттардын ишине талаптар айылдык аймактын Уставына киргизилет деп күтүлүүдө.ЭКБА менен социологиялык сурамжылоолорду салыштыруу ЭКБА – иш-чаралар комплекси калктын бардык катмарларына жетүүгө жардам берет жана муну айылдык аймактын аппаратынын кызматкерлеринин күчү менен өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Сурамжылоо – коомдук пикирди сурап билүү процедурасы олуттуу илимий базага ээ. Заманбап илимий методикалар чындыкка көбүрөөк жакын болгон жыйынтыкты алууга шарт түзот. Социологиялык сурамжылоо жүргүзүү менен калктын орточо пикирин гана билбестен, ошол эле учурда сурамжылоого катышкандарды жаш курагына, профессионалдык, улуттук өзгөчөлүгү боюнча да бөлүп кароого болот. Бул болсо жаңжал учурунда зарыл болгон чечимди кабыл алууга жардам берет. Ошол эле учурда бул варианттын кемчилиги да бар – аны өткөрүү чыгымдуу. Анкетаны иштеп чыгуу жана калктын жообун алуу кыйын деле эмес. Бирок жоопторду анализдөө тажрыйбаны жана ресурстарды талап кылат. Бул нерселер ушул тапта жергиликтүү өз алдынча башкарууга жетишпей жатат. Андыктан бул эки ыкманы салыштыруудан кийин Өнүгүү саясат институту ЭКБА-иш-чараларын колдонууну туура көрдү. Ошол эле учурда практика көрсөткөндөй, ЭКБА ыкмасынын бир топ артыкчылыктары болгонуна карабастан, кемчиликтери да көп болгону аныкталды. Анда ошол артыкчылыктарына жана кемчиликтерине кененирээк токтололу.
ЭКБАнын артыкчылыктары жана кемчиликтери:
Артыкчылыктары:
• Сурамжылоого караганда калк үчүн да, ЖӨБ органдары үчүн да көбүрөөк көнүмүш ыкма;
• колдонууда жөнөкөйрөөк (жалпылаштырылган жыйынтыктар фасилитатор менен бекитилип, буга атайын даярдалган адистердин кереги жок);
• түз жолугушууларда жана жамааттык талкууларда калк өз артыкчылыктарын жана көрсөтүлгөн кызматтар боюнча ЖӨБ органдарынын ишине бааны ачык берет;
• бетме-бет баарлашууда алынган маалымат зарыл болгон өзгөчө жана индивидуалдык деталдар менен коштолот, ал эми сурамжылоо же анкета толтуруу учурунда бул мүмкүн эмес;
• жолугушуунун активдүү катышуучулары маселени талкуулоодо анын себептерин ошол замат аныктап, маселени чечүү жолун сунуш кылат. Жалпы эл алдында пикирин билдирүүгө аракет жасоо менен кийин маселени чечүүдө (кийинки аракеттерди иштеп чыгуу жана ишке ашырууда) активдүү катышуучу - кичи топтордун лидерлери аныкталат;
• жолугушуудагы баарлашуу маалымат алмашуунун, калк жана ЖӨБ органдарынын кайра байланышуунун жолу;
• баарлашууга жана кызматташууга эмоционалдык жактан даярдык, өз пикирин жеткирүү каалоосу жана суроолоруна жооп алуу аракети бийлик органдарына болгон ишеничти бекемдейт;
• аймактын аткаминерлеринин гана эмес, депутаттардын дагы катышуусу чечимдер муниципалитетте бир добуштан эле кабыл алынбай турганын көрсөтөт;
• депутаттардын катышуусу алардын жамаат алдындагы аброюнун жогорулатып, депутаттар да өз ролун жакшыраак түшүнүүсүнө түрткү болот;
• сурамжылоону даярдоо, анализдөө иштерине караганда бир топ аз чыгашалуу ыкма.
Ушундай олуттуу артыкчылыктарына карабастан белгилүү бир кемчиликтери да бар (практикадан аныкталган же болжолдуу):
• бардык иш-чараларда “дүжүр активисттердин” катышуусу;
• айылдык аймактын белгилүү бир аймагынын (айылдык аймактын борборунан алыс жакта жайгашкан жерлердин) каалоолору жана артыкчылыктары билинбей калышы мүмкүн;
• калк менен ушундай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу боюнча айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештин мотивациясы болбошу мүмкүн;
• калк менен эффективдүү жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештин өкүлдөрүнүн билими жана тажрыйбасы жетишсиз болушу ыктымал.
Жакыныраак карай келгенде жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтер уюштуруучулук мүнөзгө ээ болгонун жана алардын төмөнкүдөй оор эмес кадамдар менен жоюу мүмкүн экенин байкоого болот:
• ЖӨБ органдарын жана калкты ынандыруу жана окутуу;
• иш-чараларды биргелешип өткөрүү (үйрөтүү жолу менен билимин бекемдөө);
• калкты чечим кабыл алууга, анын ичинде бюджеттик процесске аралашууга көндүрүү:
ТАЛАПТЫ камсыздоо – жарандар өз укуктарын билет жана сапаттуу СУНУШ – ЖӨБ органдары эмне үчүн жана кантип дегенди билет жана калкты башкарууга тартат;
• калкты чечим кабыл алууга тартуу боюнча мыйзам тарабынан талапты күчөтүү (улуттук жана жергиликтүү деңгээлде). Кийинки кадамдар – айылдык жолугушуулар жана бюджеттик иш-чараларЭКБАнын жардамы менен жамаат артыкчылыктуу маселени аныктап, анын себептерин билгенден кийин түрдүү топтордун артыкчылыктары ортосунда чыныгы атаандаштык жүрөт. Башкача айтканда, аймактагы бир айылдын тургундары үчүн башкы артыкчылык таза суу болсо, башка айыл үчүн таштанды чыгаруу маселеси көйгөйлүү деп эсептелет. Же болбосо аялдар үчүн бала бакчада кошумча топ ачуу маанилүү болсо, ишкерлер үчүн бизнес жүргүзүү үчүн бош муниципалдык жерлерге инвентаризация жүргүзүү башкы орунда турат. Ал эми бюджет бирөө эле жана каражат жетишсиз. Андыктан аймактын жамааттары чечим кабыл алышы керек – кайсы маселени биринчи кезекте чечүү үчүн каражат бөлүү зарыл. Керектөөлөрдү иликтөө боюнча жолугушуулардан кийин жыйындар (чоң чогулуштар) өтөт. Мында жарандар кеңешип, кайсы маселени биринчи кезекте артыкчылык берүү керектигин чечишет.
Айыл-айыл, кварталдык жыйындар (чогулуштар) – калктын пикирин жалпылоонун жана артыкчылыктарды аныктоонун маанилүү кадамы. Жыйындар эффективдүү, ал эми аларды чечүү иши милдеттүү мүнөздө болуш үчүн тиешелүү нормативдик актта чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу иши ийне жибине чейин белгилениши керек. Анын ичинде чогулуштарды өткөрүү тартибин аныктап алуу зарыл; чогулушка аймактагы бардык бөлүктөрдүн тургундары (кыштактардын, кварталдардын, кичи микрорайондордун ж.б.) катышаарын тактоо керек; калктын пикирин билүү жана артыкчылыктарды аныктоо иши толук кандуу болгонун билүү үчүн калктын кайсы бөлүгү чогулушка катышышы керектигин тактоо керек.
Чогулуштар жарандык катышуунун биринчи баскычын – артыкчылыктарды аныктоо – жыйынтыктайт. Андан кийин белгилүү болгон артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча бирдиктүү иш жүрөт, буга коомдук угуулардан башталган иш-чаралардын жаңы комплекси камтылган. Бирок бул тууралуу биз “Муниципалитет” журналынын февралдагы санында айтып беребиз.