Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкек Жарандык бюджетти онлайн толтуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда

2021-04-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Бишкек Жарандык бюджетти онлайн толтуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда

2021-жылдын 9-апрелинде Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесинде ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жарандык бюджетти түзө алышы үчүн веб-тиркеме боюнча тренинг өткөрдү. Тренингге Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин шаардык башкармалыктарынын, Бишкек шаарынын Свердлов, Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондорундагы финансы бөлүмдөрүнүн, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү катышты.

Тренингдин максаты – тренингдин катышуучуларын http://gb.minfin.kg негизинде Бишкек шаарынын Жарандык бюджетин түзүү үчүн веб-тиркеме менен тааныштыруу.

“Бишкек шаары, Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун флагманы катары, бүгүнкү маалыматтык жолугушууну өткөрүү демилгесин көтөрүп чыкканына кубанычтабыз. Ушул жылдар аралыгында баш калаанын Жарандык бюджетин иштеп чыгуу, муниципалдык менчикти башкарууну өркүндөтүү аркылуу Кыргызстандын шаарларында ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту жакшыртуу максатында ар кандай долбоорлордун алкагында мэрия менен ийгиликтүү кызматташтык. Бүгүн биз бул ишти улантуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, Бишкек шаарынын Жарандык бюджетин онлайн форматка өткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Ошондой эле Кыргызстандын бардык муниципалитеттеринин ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү Бишкекти үлгү катары кабыл алганы үчүн да бул маанилүү”, - деди Бекболот БЕКИЕВ, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – Долбоор) жетекчиси. Бул Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келатат.

Долбоордун тренери Азамат МАМЫТОВ катышуучуларды Жарандык бюджетти түзүүнүн укуктук негиздери менен тааныштырды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандык бюджетти түзүү методикасы менен кыскача тааныштырды. Катышуучулар www. gb.minfin.kg веб-тиркемесинин административдик жана колдонуучу бөлүктөрүнүн иштөө мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле жарандардан пикирлерди, сунуштарды жана сын-пикирлерди чогултуп, аларга андан ары жооп кайтаруу функциялары менен таанышышты.

Тренингдин практикалык бөлүгүндө катышуучуларга www.gb.minfin.kg веб-тиркемесинин төмөнкү функциялары көрсөтүлдү: байланыш жана жалпы маалыматтарды толтуруу, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн жылдар жана типтер боюнча бөлүштүрүлүшү, калктын жылдар боюнча артыкчылыктары жана жылдар боюнча бюджеттен тышкаркы инвестициялар. 

Буга кошумча тренингдин катышуучуларына жаңы электрондук ресурс сунушталды –– Кыргыз Республикасынын ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы.   

“Азыркы учурда донорлордун, өнүктүрүү долбоорлорунун, бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен түрдүү тараптар алдыңкы тажрыйбанын көптөгөн мисалдарын, методикаларын жана аспаптарын чыгарышууда, бирок алар топтолуп, жалпыланып жана талданбай жатат. Мындан улам ЖӨБ органдары үчүн керектүү маалыматты табуу кыйын болууда. Ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин демилгеси менен КР ЖӨБ Союзу жана Өнүктүрүү саясат институту биргеликте ушул Порталды түзүшкөн. Порталдын максаты – ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү актуалдуу, сапаттуу, жеткиликтүү жана алгылыктуу тажрыйбага туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Порталга үчүнчү деңгээлдеги домендик ат ыйгарылганы маанилүү окуя болуп калды”, - деди ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын адиси Элина САККАРАЕВА.

Э.САККАРАЕВА ошондой эле Портал өз аянтчасында ЖӨБ органдары үчүн ар кандай онлайн иш-чараларды жана конкурстарды   байма-бай өткөрүп турарын баса белгиледи. Тактап айтканда, учурда мыкты тажрыйбаларга конкурс өтүп жатат, анын жыйынтыгы ай сайын чыгарылып турат. Ошондой эле “2022-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусу” деп аталган конкурс да жарыяланды.

Иш-чаранын катышуучулары жарандык бюджеттин мазмунуна жана түзүмүнө оң баа берип, анын жеткиликтүүлүгүн белгилешти. Тренингдин жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаарынын Жарандык бюджетин түзүү үчүн веб-тиркемесин колдонууну мэриянын жетекчилиги менен макулдашып, зарылчылык келип чыкса, жетекчилик үчүн ушул сыяктуу кыскача презентация өткөрүү чечими кабыл алынды. 

 

Окшош материалы: