Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тажрыйбалуу практиктер билими менен бөлүшүүдө

2021-09-03 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Тажрыйбалуу практиктер билими менен бөлүшүүдө

2021-жылдын 13-августунда онлайн-иш-чара өтүп, ага катышкан жарандык коом уюмдарынын (#ЖКУ) өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештердин учурдагы депутаттары жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу тажрыйбасы менен алмашуу практикасын талкуулашты.

Тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараны ӨСИнин эксперти Айнура БАЛАКУНОВА ачып, COVID-19 вирусунун жайылышына байланышкан чектөөлөрдүн шартында жарандар менен ЖӨБ органдарынын өз ара байланышынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди. Вирустун айынан бир жылдан ашык убакыттан бери дээрлик бардык коомдук иш-чаралар онлайн режиминде өткөрүлүп келатат.

Онлайн иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын бюджеттик процесске катышуусу боюнча Чүй облусунун Садовое айылдык аймагынын тажрыйбасы менен таанышты. Бул айылдык аймак коомдук бюджеттик угууларды (#КБУ) COVID-19 менен болгон кырдаалды эске алып, онлайн жана оффлайн режиминде уюштуруп, өткөрүп келүүдө. Жергиликтүү кеңештин депутаты, 2022-жылга бюджеттин долбоорун талкуулоо үчүн өткөрүлгөн коомдук бюджеттик угуулардын уюштуруучусу жана модератору Анара АСАДОВА катышуучуларга көрүлгөн иш-аракеттер, угууларга ЧЕЙИН жана АНДАН КИЙИНКИ маалымат өнөктүгү, угуулар өткөн күнү коопсуздук чаралары жана www.gb.minfin.kg сайтында жарыяланган угууларды өткөрүү үчүн жаңы веб инструментти колдонуу жөнүндө айтып берди (бул тууралуу “Муниципалитет” журналынын ушул санындагы “Көңүл чордонунда” түрмөгүнөн окуй аласыз).

Андан кийин Кыргызстандын Аялдар КЭУ Форумунун директору Бермет СТАКЕЕВА жарандардын бюджеттик процесске катышуусун илгерилетүү боюнча КЭУнун тажрыйбасы менен бөлүштү.

Анын айтымында, Аялдардын бейөкмөт уюмдар форуму – бул аялдар уюмдары жана топтору сыяктуу институционалдык мүчөлөр менен иштеген тармактык уюм. Иштин негизги багыттары: гендердик теңчилик, аялдардын коомдогу ролун күчөтүү, аялдардын укуктарын коргоо жана илгерилетүү жана башка тиешелүү маселелер: “2020-2021-жылдары ар кандай иш-чаралардын алкагында биз 220 элеттик аялды шайлоого катышуу үчүн даярдадык. Алар 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоого катышкан. Өткөн шайлоонун жыйынтыгында 68 аял Түп, Кара-Суу, Ысык-Ата жана Тогуз-Торо райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаты болушту. Ийгилик 2006-жылы башталган “Аялдардын саясий процесстерге катышуусу” Программасынын колдоосу менен мүмкүн болду, бул программа бир нече багытты камтыйт: өнөктөштүктөрдү жана коалицияларды түзүү; калкты агартуу; көйгөйлөрдү жана муктаждыктарды талдоо, мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштар; жергиликтүү деңгээлде гендердик маселелерди илгерилетүү боюнча өнөктүктөр”.

Бермет СТАКЕЕВА ошондой эле Порталдын жана жарандык бюджет боюнча веб-тиркеменин презентациясынан кийин, алардын уюму аларды аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө тиешелүү баалуу жана пайдалуу маалыматтарды камтыган толук кандуу веб-ресурстар катары жарнамалап жатканын кошумчалады.

ӨСИнин эксперти Айнура БАЛАКУНОВА кошумчалагандай, ар бир адам Интернетте URL://www.myktyaimak.gov.kg дареги боюнча жайгашкан ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, “Мыкты ЖӨБ практикасы” конкурсуна катыша алат. Бул үчүн болгону тажрыйбаңызды сүрөттөгөн форманы толтуруп, Порталдын администраторуна жибериш керек.

Үчүнчү баяндамачы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун координатору Азамат МАМЫТОВ болду, ал “Жарандык бюджет веб багытындагы тиркеме катары: алгачкы жыйынтыктар жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын илгерилетүүдө КЭУ үчүн мүмкүнчүлүктөр” темасын сунуштады. МАМЫТОВ “2022-жылга жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсуна катышуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Иш-чаранын катышуучулары суроолорду берип, маалымат жана тажрыйба алмашып, талкууланган маселелер боюнча өз пикирлерин айта алышты. Бермет СТАКЕЕВА 2021-жылы жетинчи жолу басылып чыккан “Мен – жергиликтүү кеңештин депутатымын” жыйнагынын пайдасын баса белгиледи: “Бул эң сонун колдонмо. Ал жергиликтүү депутаттын ишинин гендердик аспектилери менен толукталгандыгы аны өзгөчө кылууда. Биз атайын бир нече нусканы сатып алып, депутат аялдарыбызга тараттык, алар бул жана башка басылмалар үчүн ыраазычылыктарын билдиришти”.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты тажрыйба боюнча адиси Элина САККАРАЕВА Порталды кыскача тааныштырып, анын максаттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндап берди. САККАРАЕВА катышуучуларды (КЭУ өкүлдөрүн) өнөктөш муниципалитеттерге эң жакшы тажрыйбаларды жазууга жардам берүүгө чакырып, аларды өлкөнүн ичинде да, анын чегинде да белгилүү кылууга чакырды: “Бардык аракеттер – добуш берүү, Порталда өткөрүлгөн конкурстарга, тренингдерге жана башка иш-чараларга катышуу каттоодон өткөндөн кийин толук жеткиликтүү болот. Порталдын YouTube каналында аны кантип колдонууну түшүндүргөн атайын видеолор бар”.

 

Окшош материалы: