Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

«2022-жылга жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсу: Жеңүүчүлөр кимдер?

2021-12-17 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
«2022-жылга жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсу: Жеңүүчүлөр кимдер?

Жаңылыктар түрмөгүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун комдук байланыш боюнча адиси Н. ЖАМАНКУЛОВА даярдады.

2021-жылдын 15-октябрында Конкурстук комиссия “2022-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун жыйынтыгын чыгарды1.

Конкурс жөнүндө жобого ылайык, ага 2021-жылдын июнь-август айларында 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөргөн жана 2021-жылдын 15-августунан 17-сентябрга чейинки мезгил аралыгында толтурулган конкурстук өтүнмөлөрдү тапшырган Кыргыз Республикасынын ЖӨБдүн аткаруучу органдары катыша алмак. Конкурска республиканын бардык аймактарынан жалпысынан 45 өтүнмө түшүп2, алар коддолуп, Конкурстук комиссиянын кароосуна жиберилген.

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн “2022-жылга жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун жеңүүчүлөрүн тандоо боюнча Конкурстук комиссиянын курамына төмөнкү адамдар кирди:

  • МАМБЕТОВА А.М., Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү;
  • АЧИКЕЕВА Ч.Ч., Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси; 
  • НУРУМБЕТОВ С.Б., Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын жетекчиси;
  • АЙТБАЕВ Д.С., Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун эксперти.
  • МАМЫТОВ А.Т., “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун координатору.

Конкурстук комиссия ЖӨБ органдарынан келип түшкөн 51 (элүү бир) өтүнмөнү бирден карап чыгып, баа берип, мындай чечимге келди:

Төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “2021-жылга бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп табылсын:

  • Чүй облусунун Москва районунун Садовое айыл өкмөтүнө 300 000 сомго чейинки сыйлыкты ыйгаруу менен 1-орун;
  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүнө 250 000 сомго чейинки сыйлыкты ыйгаруу менен 2-орун;
  • Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө 200 000 сомго чейинки сыйлыкты ыйгаруу менен 3-орун;
  • Гендердик сезимталдуулукка өзгөчө мамиле жасагандыгы үчүн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө 270 000 сомго чейинки суммадагы сыйлык ыйгарылат.

Төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 55 000 сом өлчөмүндө кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылсын:

  • Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына;
  • Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнө;
  • Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;
  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айыл өкмөтүнө;
  • Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнө;
  • Токтогул шаарынын мэриясына;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айыл өкмөтүнө;
  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө;
  • Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айыл өкмөтүнө;
  • Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл өкмөтүнө;
  • Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айыл өкмөтүнө;
  • Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Терек айыл өкмөтүнө;
  • Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтүнө;
  • Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө;
  • Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кочкорбаев айыл өкмөтүнө;
  • Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Тор айыл өкмөтүнө;
  • Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл өкмөтүнө;
  • Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл өкмөтүнө;
  • Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Краснореченск айыл өкмөтүнө;
  • Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнө;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Октябрь айыл өкмөтүнө;
  • Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айыл өкмөтүнө;
  • Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айыл өкмөтүнө;
  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Абды Сүйөркулов атындагы айыл өкмөтүнө;
  • Каракол шаарынын мэриясына;
  • Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүнө;
  • Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө;
  • Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл өкмөтүнө;
  • Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл өкмөтүнө;
  • Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнө;
  • Кара-Балта шаарынын мэриясына;
  • Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айыл өкмөтүнө;
  • Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнө;
  • Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айыл өкмөтүнө;
  • Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сейдикум айыл өкмөтүнө;
  • Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айыл өкмөтүнө;
  • Кемин шаарынын мэриясына;
  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө.

Конкурс жөнүндө жобого ылайык2, акчалай сыйлыктар ЖӨБ органынын ишинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусун камсыздоого багытталган товарларды жана жабдууларды сатып алууга жумшалат.

ЖМК үчүн байланыш жолдору: Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси: 0555 / 0500 313-385, 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg

_______________

Конкурс 2021-жылдын апрель айында жарыяланган. Конкурстун уюштуруучусу – Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору. Конкурс КР Экономика жана финансы министрлиги менен КР ЖӨБ Союзунун катышуусу менен уюштурулду. Кененирээк маалымат алуу үчүн: https://myktyaimak.gov.kg/lg-help/investment-projects/investment-project?lang=kg&id=3

 https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=kg&id=203  

Окшош материалы: