Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Медиаторлор ЖӨБ органдарына жана жарандарга чыр-чатактарды чечүүгө жардам беришүүдө

2023-02-28 / Чыр-чатактарды башкаруу
Медиаторлор ЖӨБ органдарына жана жарандарга чыр-чатактарды чечүүгө жардам беришүүдө

Гулсина Кожоярова, Улуттук медиация борборунун программалык директору

Медиаторлор кимдер жана алар кандай иш алып барышат?

Жөнөкөй сөз менен айтканда, медиаторлор – бул чырдашкан тараптар менен байланышып, талаш-тартышты чечүүгө же чыр-чатакты жөнгө салууга жардам берген ортомчулар. Бирок медиация зыян тийгизбей, натыйжалуу болушу үчүн бул адистер атайын билимге ээ болушу керек. Ошондуктан “Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык медиаторлор – бул жогорку билими бар, медиация боюнча атайын окуудан өткөн жана медиатор статусу ыйгарылганы жөнүндө күбөлүк алган адистер.

Адатта медиаторлордун ишин адвокаттардын, юристтердин иши менен чаташтырышат. Бирок медиатордун иши адвокат менен юристтин ишинен айырмаланат – медиатор чыр-чатактуу кырдаалды мыйзамдын призмасынан гана карашат. Талашып-тартышкан тарапты угуп, ал уккан маалыматын укуктук ченемдер менен салыштырып, талашты чечүүнүн жолдорун мыйзамдарда издейт. Мисалы, кошуналар өз ара чырдашып, кошуналарынын бири экинчисинен тосмону 50 сантиметрге жылдырууну талап кылып жатат дейли. Мыйзамга ылайык, эч ким башка бирөөнүн мүлкүнө кол салууга укугу жок жана юрист мындай сунушун берет: бул арыз менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко короо-жай участогунун чек арасын калыбына келтирүү жөнүндө доо менен кайрылыш керек.

Медиатор бул талашты угуп чыгып, тараптардын кайсы кызыкчылыктары жана керектөөлөрү бузулганын, коңшусу чындыгында эмнеге умтулуп жатканын аныктоого аракет кылат. Талашка 50 сантиметр жер эмес, башка жагдайлар себеп болушу мүмкүн: кошунасы бакубат жашаганы үчүн жини келип, ушул үчүн өч алгысы келип жатат деген вариант бар. Башка бир вариант – доогерге чукул арада акча керек, мындан улам ал компенсация алып, каражат маселесин чечип алгысы келүүдө; үчүнчү вариант – талашып жаткан адамга жер анчалык деле маанилүү эмес, ал болгону өз чындыгын жеткиргиси келип жатат, мындан улам кечирим сурап коюу жетиштүү болушу ыктымал; төртүнчү вариант – тосмонун тышкы көрүнүшү жакпашы мүмкүн, мындай учурда аны сырдап коюу жетиштүү болот. Чыныгы мотивдердин, талашкандардын кызыкчылыктарынын негизинде медиатор талашты чечүүнүн ар кандай жолдорун сунуш кыла алат.

Медиаторлор ЖӨБ органына чыр-чатакты башкарууда кандайча пайдалуу боло алышат?

Айылдын жашоочулары өз көйгөйлөрү жана талаш-тартыштары менен алгач айыл башчысына барышат, эгерде маселеси чечилбесе, анда айыл өкмөтүнүн башчысына барышат. Талаш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде чечилбеген учурда гана жаран укук коргоо органдарына (сотторго, милицияга, прокуратурага) кайрылууга аргасыз болот.

Бул көйгөйлөрдүн арасында убакытты жана психология, конфликтология жаатында атайын билимди талап кылган чыр-чатактар да болот, мындай билим ЖӨБ органдарынын адистеринде болбошу мүмкүн. Ошондуктан, эгерде ЖӨБ органы медиатор менен туруктуу негизде кызматташса, анда бул чыр-чатактарды алгачкы баскычында чечүүгө жардам берет. Натыйжада көптөгөн үй-бүлөлөр сакталат, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу процесси жөнөкөйлөтүлөт, жерди пайдаланууга байланышкан көптөгөн талаштар тезирээк чечилет. Коңшулардын ортосунда көп кездешкен чыр-чатактарды медиатор аркылуу чечүү натыйжалуу болмок, себеби мамилени калыбына келтирүүгө болот. Адамдар бири-бири менен тил табыша алганда, ар кандай чыр-чатактарды чече алышат.

“Ынтымактуу жашоо” долбоору иш алып барган муниципалитеттердин ЖӨБ органдарынын башчылары жергиликтүү өз алдынча башкарууга караштуу медиация кызматтарын түзүүнү жакшы идея деп эсептешет. Медиаторлор үй-бүлөлүк чатактарды жана кошуналардын ортосундагы талаштарды чечүүгө натыйжалуу жардам бере алышкан. 

Бир эле тема боюнча ар кандай көз караштагы адамдардын олуттуу саны үчүн жалпы чечим табуу максатында медиаторлорго кайрылса болот. Мисалы, ЖӨБ органы суу менен камсыздоо боюнча инновациялык долбоорду ишке ашырууну же туризмди өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартууну каалайт дейли, ал эми жашоочулардын бул демилгелерге карата мамилеси ар башка: кимдир бирөө айылдын аймагына сырттан башкалардын келишине каршы болсо, дагы бирөө баарына суу жетпей калат деп коркушу ыктымал. Мындай учурда медиаторлор конструктивдүү талкууларды өткөрүүгө жардам берет, себеби алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, фасилитация ыкмаларына үйрөтүлгөн, бул тереңде жаткан кызыкчылыктарды аныктоого же коркуу сезимин азайтууга, чыңалууну басаңдатууга жана мунаса вариантты табууга жардам берет.

Медиаторлордун сыры – алар конструктивдүү баарлашуунун атайын ыкмаларына үйрөтүлгөн, көпчүлүк адамдар кадимки жашоодо бул ыкмалардын күчүн унутуп калышат, ушундан улам конфликтогендер деп аталган нерсе келип чыгат. Медиаторлор жамааттардын жашоочулары үчүн баарлашуу маданияты, эмоцияларды башкаруу, талаштарды конструктивдүү жол менен чечүү боюнча окутуучу иш-чараларды өткөрө алышат.

Муниципалдык жерди ижарага алууга байланышкан чыр-чатакты медиация жолу менен чечүүнүн мисалы

Шаарлардын биринин муниципалдык мүлк башкармалыгы жана жерди ижарага алган адам бир пикирге келе алышкан эмес: ижарачынын муниципалдык жерди ижарага алган мөөнөтү аяктап калган, бирок ал мөөнөттү узартууну каалаган эле. Чыр-чатак эс алуу паркында жайгашкан 400 чарчы метр жерден улам келип чыккан, бул жерде ижарачы аттракциондорду орноткон болчу. 

Ижара мөөнөтү бүткөнүнө карабастан ижарачы жерди бошотуп бербей, башка өлкөдө жүргөнүн, жер участогун бошотууга убактысы болбогонун айтып келген. Шаардык муниципалдык мүлк башкармалыгы ижарачыга карата кескин чараларды көрүү үчүн адегенде райондук сотко кайрылайын деген, бирок убакытты үнөмдөө максатында жергиликтүү медиация кызматына кайрылган.

Медиатор талаштын тараптары менен иш алып барып, медиация жол-жобосун колдонуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн. Медиация ийгиликтүү жүргүзүлүп, медиациялык макулдашуу түзүлгөн. Анын шарттарына ылайык, ижарачы макулдашылган мөөнөттө (ижарачыга убакыт керек болчу) өз эсебинен аттракциондорду бузууга жана чыгарып кетүүгө, ошондой эле ижара келишимине ылайык, жер участогун калыбына келтирип, Шаардын муниципалдык мүлк башкармалыгына өткөрүп берүүгө милдеттенген. Өз кезегинде Шаардын муниципалдык мүлк башкармалыгы ижарачынын белгиленген мөөнөткө чейин жерди талаптагыдай абалга келтирүү боюнча милдеттенмесине макул болуп, жерди ижарачыдан кабыл аларын айткан.

Кошуналардын ортосундагы чыр-чатакты медиация жолу менен чечүүнүн мисалы

Айбек 27 жашта, бойдок, атасы менен жашайт. Кошуналардын айтымында, жигит ашыкча эле өзүмчүл болуп чоңойгон. Ал музыканын үнүн катуу чыгарып угат, кошуналарынын тынчын алып, достору менен теннис ойнойт. Айбектин кошунасы Таалай 48 жашта, анын ДЦП менен ооруган кызы бар, өзүнүн кан басымы көтөрүлүп турат.

Бир жолу Таалай Айбекке келип, музыканын үнүн басаңдатууну өтүнүп, буга чейин да бир нече жолу ушуну суранганын эсине салган. Айбек “эмне кылыш керектигин өзүм гана билем” деп орой жооп кайтарып, экөө жакалаша кетишкен. Натыйжада Таалай денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. 

Эртеси күнү эмне болгонун түшүнүп, Айбек туура эмес кылганын мойнуна алып, кошунасына кечирим сурап барган. Бирок Таалайдын туугандары аны менен сүйлөшкүсү келбей, укук коргоо органдарына кайрыларын айтышкан. Айбек кырдаал канчалык олуттуу болгонун баамдай баштаган, себеби бул иш милицияга жетип, кылмыш иши козголсо, тагдырына балта чабылмак. Чыр-чатакты чечип, кырдаалды жөнгө салуу үчүн Айбек өз районундагы Медиация кызматына кайрылган. Медиатор жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тараптар элдешип, Таалай укук коргоо органдарына арыз жазган жок, ал эми Айбек кошуналардын каалоолорун жана коомдук эрежелерди эске алууга милдеттенди.

Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнүн чыр-чатагын медиация жолу менен чечүүнүн мисалы  

Нуржан мураска алган батирди бошотууга байланышкан маселени чечүүгө жардам берүү өтүнүчү менен шаарлардын биринин Медиация кызматына кайрылган. Медиаторго кайрылуу кеңешин достору беришкен эле.

Медиация кызматына кайрылган учурда Нуржан мураска калган батири бар болсо да, майып уулу жана небереси менен беш жылдан бери ижарага алынган батирде жашап жаткан. 

Күйөөсү экөө чогуу сатып алып, кийин мурас келишими боюнча улуу баласына берилген батирде Нуржандын мурдагы күйөөсү жашап жаткан. Тун уулу каза болгондон кийин батир Нуржанга мураска өткөн. Аягы көрүнбөгөн уруш-талаштардан, чыр-чатактардан, ур-токмоктон улам Нуржан уулу жана небереси менен үйдөн чыгып кеткен эле. 

Медиатор менен маалыматтык жолугушуудан кийин Нуржан маселени медиациянын жардамы менен чечүү ниетин билдирди. Медиатор талаштын экинчи тарабы – Турар менен байланышып, аны жолугушууга чакырып, Нуржан маселени чечүү үчүн кайрылганын айткан. Ошондой эле ага медиация жол-жобосу жөнүндө толук маалымат берилген. Белгилүү болгондой, медиация эки тараптын тең ыктыярдуу катышуусу менен гана медиациянын принциптерин сактоо менен ишке ашат. Экинчи тарап маалымат алгандан кийин маселени чечүүдө медиацияны колдонууга макулдугун берген. 

Медиатор талаштын таржымалы менен таанышып чыккандан кийин керектүү маалыматтарды алган.

Биргелешкен жолугушуулар медиатордун жардамы менен чыр-чатаксыз жана эмоционалдык чыңалуусуз өткөн. Медиациялык иштин жүрүшүндө тараптар мунасага келип, бири-бирин кечирип, эки жакты тең канааттандырган бир пикирге келишкен. Түзүлгөн медиациялык макулдашууга ылайык, Турар 10 күндүн ичинде мурдагы жубайына жана оорулуу уулу менен небересине батирди бошотуп берүүгө, башка үйгө көчүп кетүүгө макул болгон. Батирдеги буюмдардын баары кала берет, ал болгону курулуш иштери үчүн сатып алынган курулуш материалдарын чыгарып кетет жана мындан ары Нуржандын тынчын албайт. Өз кезегинде Нуржан Турардын курулуш материалдарын алып кеткенине каршы болбойт. 

Беш жыл бою майып уулу жана кичинекей небереси менен ижарага алынган батирлерде жашап жүргөн Нуржан чатак ушундай жыйынтык менен чечилгенине кубанып отурат.