Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Гүлбара Аманкулова: “Дебаттар балдарыбыздын үнүн угууга жана алардын көйгөйлөрүнө өз убагында жооп кайтарууга жардам берет”

2023-02-28 / Чыр-чатактарды башкаруу
Гүлбара Аманкулова: “Дебаттар балдарыбыздын үнүн угууга жана алардын көйгөйлөрүнө өз убагында жооп кайтарууга жардам берет”

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун байланыш боюнча адиси

Гүлбара АМАНКУЛОВА көп жылдардан бери Токмок шаардык мэриясынын социалдык секторунун башкы адиси болуп эмгектенип келатат. Анын темасы – Токмоктогу укук бузган өспүрүм балдар. Жыл сайын шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуунун салттуу ыкмаларын камтыган иш-чараларды пландаштырып, өткөрүп келген: жашы жете электердин иши боюнча инспекторлор лекция окуп, мектептерде класстан тышкаркы сабактар өткөрүлчү. Бул иш-чараларда окуучулар пассивдүү катышуучу катары отурушчу. Лекциялар алар үчүн кызыксыз болуп, күтүлгөндөй жыйынтык берген эмес. Ал ортодо сандар өзгөрдү: 2020-жылы реестрде 47 укук бузуу катталса, 2021-жылы 41 болгон.  

“Мурда өспүрүмдөр арасында укук бузуу биздин шаарда эң башкы маселе болчу деп айта албайм, бирок, тилекке каршы, акыркы жылдары бул багытта өсүү тенденциясы байкалууда. Албетте, биз алар менен иш алып барчубуз, бирок көп деле майнап чыкпаганы көрүнүп турат. Кадимки иш-чаралар учурунда биз – улуулар эле сүйлөй берчүбүз, ал эми балдар болсо ... алардын үнү угулбай, жосундарынын себептери айтылбай, ал эми кыялдары жана каалоолору эске алынбай кала берчү”. Гүлбара АМАНКУЛОВА, Токмок шаардык мэриясынын социалдык секторунун башкы адиси.

Гүлбара бул кырдаалды чечүү жолдорун издеп жаткан чакта шаар мэриясы “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун 25 пилоттук муниципалитетинин бири болуп калды. Европа Биримдиги каржылаган бул долбоорду Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте International Alert уюму ишке ашырат. Долбоордун миссиясы жөнүндө билгенден кийин, шаар мэриясы өспүрүмдөр менен алдын алуу иштеринде жаңы ыкманы – дебатты сынап көрүүнү чечти. Мэрияга жардамга баяндамачылар – “ЖашTime” демилгелүү тобунун ыктыярчылары келишти.

“Окуучулардын процесске жигердүү катышканы – бул ыкманын артыкчылыгы. Талкууга түшкөн балдар өз жүйөлөрүн келтирип, маселени чечүүнүн жолдорун өздөрү сунушташат. Буга кошумча, дебаттар балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт. Аларга микрофон берүү менен биз биринчи кезекте кайтарым байланышты алабыз. Экинчиден, талкуунун сунуш кылынган формасынын алкагында – парламент жана оппозиция болуп, балдар көйгөйлөрдү чечүүнүн мыйзамдуу жолдорун издешет. Талашып-тартышуу процессине калыстар баа берип, керектүү учурларда түзөтүүлөрдү киргизип, упай берип жатканда пикирлерин жана жүйөлөрүн айтып турушат”. Кишимжан ЭСТЕБЕСОВА, Токмок шаарындагы биринчи дебаттык турнирдин уюштуруучуларынын бири.

2022-жылдын мартында Токмок шаарынын мэриясы “ЖашTime” демилгелүү кыймылынын ыктыярчылары менен биргеликте “Дебаттык клубдарды уюштуруу” аттуу чакан долбоорунун алкагында А.С.Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын базасында биринчи дебаттык турнирди өткөргөн. Ага шаардын 13 жалпы билим берүүчү мектебинен 15-17 жаштагы 30 мыкты окуучу катышкан. Дебаттык турнирдин жеңүүчүлөрү жана катышуучулары үчүн байгелер жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 25 миң сомду түзгөн.

“Биз окуучулар сынчыл ой жүгүртүүсүн колдонуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, укуктарын жана милдеттерин билүү менен өз көз караштарын билдирип, аны негиздеп, зарыл болгон учурда аны коргой алышы үчүн аларга микрофон бердик. Дебат аркылуу биз шаардын жашы жете элек жарандарынын укук бузууларынын себептерин аныктап, түшүнүп, келечекте алардын алдын алууга умтулдук”. Гүлбара АМАНКУЛОВА, Токмок шаардык мэриясынын социалдык секторунун башкы адиси.

Дебаттык турнир аяктагандан кийин катышуучулар өздөрүнүн алгачкы тажрыйбасынан алган таасирлери менен бөлүшүп, практика баштапкы тренингдердеги теория учурундагыдан такыр башкача болгонун белгилешти.

“Дебат түшүнүгү мен үчүн жаңы эмес, бирок мен биринчи жолу катышып жатам. Сезимдерим менен бөлүшө турган болсом, эки анжы пикирде турам, бирок бир нерсени түшүндүм – дебаттар аркылуу тигил же бул маселеге болгон мамилеңди жүйөлүү себептер менен бекемдеп, так жана сабаттуу жеткирүүгө болот экен. Баяндамачы теманы-резолюцияны жарыялап жатып, бизге ой жүгүртүүгө багыт берди, ал эми тебмейкер упайларды санап жатып, биздин ой жүгүртүүбүздүн жүрүшүнө да таасирин тийгизип, улам түзөтүп турду. Бүт процесс белгиленген эрежелер менен өтүп, убакыт катуу көзөмөлдөндү. Бул бизге оюбузду топтоп, ыкчам ойлонуп, пикирибизди так айтууга жардам берди”. Эвнир САВИНОВ, Токмок шаарынын №1 орто мектебинин окуучусу. 

Эми мэрия шаардын ар бир мектебинде дебат клубун уюштуруп, өткөрүлгөн дебаттардын таасири астында жашы жете электер арасында укук бузуу учурларынын динамикасын көзөмөлдөп турууну пландаштырууда. Биринчи дебаттардын катышуучулары 4-апрелде өткөн экинчи айлампага катышышты, андан кийин алар өздөрү шаардык мектептерде жаңы ачылган дебаттык клубдардын бардык катышуучуларын окутушмакчы. Буга кошумча долбоордун алкагында мэрия социалдык чыр-чатактарды болтурбоого, калк арасында тынчтыкты бекемдөөгө жана чыңдоого багытталган бир катар иш-чараларды өткөрдү, алардын ичинен жыл сайын өтүүчү “Биздин жашообуздагы чыр-чатактар” шаардык форумун жана “Коопсуз каникулдар” форумун баса белгилесе болот. 

“Үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча биз жашы жете электердин арасында укук бузуулардын 18 учурун аныктадык. Албетте, бул – жыл үчүн көрсөткүч эмес, бирок биз үмүтүбүздү үзбөй, бул багытта ишти улантып жатабыз. Ар кандай профилактикалык иш-чараларды өткөрүү менен биз балдарыбыздын жана өспүрүмдөрүбүздүн маанайы оң жагына өзгөргөнүн көрүп жатабыз. Дебаттарга катышкан же жөн гана алар жөнүндө түшүнүккө ээ болгон өспүрүмдөр кичүүлөргө үлгү болууда. “Ынтымактуу жашоо” Долбоорунан берилген гранттык каражаттарга биз шаардык дебаттык клубдун ишинде колдонула турган оргтехниканы (ноутбук, проектор, экран, колонкалар ж.б.) сатып алдык. Ошондой эле чакан долбоорубузга “Менин Токмок шаарым” деп аталган басылманы тарттык, алар долбоорду ишке ашыруу процессин чагылдырып турушмакчы. Планыбызда облустук жана республикалык дебаттык турнирлерге катышуу каралган”.  Г. АМАНКУЛОВА.