Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Шербек Досуевич Досуев

2023-10-04 / ЖӨБ үчүн консультациялар
Шербек Досуевич Досуев

Консультанттар тууралуу маалыматты Нургүл ЖАМАНКУЛОВА даярдады

Консультант кызмат көрсөткөн жер:

Ысык-Көл жана Чүй облустары

Консультанттын иш чөйрөсү:

  • айылдык аймактардын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу;
  • жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу;
  • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин жана стандарттарын иштеп чыгуу;
  • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү;
  • муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри;
  • муниципалдык ишкананын өндүрүштүк программасы;
  • аймакты көрктөндүрүү программалары;
  • ичүүчү сууга жана катуу тиричилик калдыктарына (КТК) экономикалык жактан негизделген тарифтерди эсептөө;
  • муниципалдык заказды эсептөө;
  • муниципалитеттер аралык кызматташтык;
  • коомдук жана бюджеттик угуулар;
  • жарандык бюджет;
  • муниципалитеттерди окутуу, коучинг.

ЖӨБ органдары менен иштөө тажрыйбасы жана маанилүү жыйынтыктары

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну пландоо чөйрөсүндө:

  • Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу, Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая Поляна айылдык аймактарына муниципалитеттер аралык кызматташуу боюнча консультацияларды берүү аркылуу катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсү жакшыртылды (2019-2022-жылдары);
  • Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылдык аймагында Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри (ММБР) иштелип чыкты (анын ичинде муниципалдык мүлккө инвентаризация жүргүзүлдү, салыштырылды жана тизмеси түзүлдү, ошондой эле ММБРны айылдык кеңеш бекитти, 2021-жылы);
  • 2022-2024-жылдарга калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын эске алып, жеткиликтүү жергиликтүү ресурстарды көрсөтүү менен Ысык-Көл облусунун Оргочор жана Светлая Поляна айылдык аймактарынын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу процессин башкаруу;
  • Ысык-Көл облусунун Б. Мамбетов айыл аймагынын Эшперов айылында балдар аянтчасын куруу үчүн донордук уюмдан 500 миң сом суммасында гранттык колдоо алууга көмөктөшүү;
  • Алты айылдык аймактын (Жети-Өгүз, Липенка, Ырдык, Ак-Дөбө, Оргочор жана Светлая Поляна) ортосунда муниципалитеттер аралык кызматташтыкты уюштурууда консультациялык жардам көрсөтүлдү, анын натыйжасында атайын техника сатып алынып, жолдорду оңдоо боюнча график иштелип чыгып, ички жолдорду күтүү жана пайдалануу үчүн тариф бекитилди;
  • Инклюзивдүү өнүгүүнүн өңүттөрүн эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мыкты программасына жарыяланган конкурста Светлая Поляна АА жеңишке жетти (47 ЖӨБ органынын ичинен).

Окуу чөйрөсүндө:

  • төмөнкү маселелер боюнча коучинг (окутуу, консультация берүү, пилоттук муниципалитеттерди практикалык коштоо): кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде өткөрүлүп берилген кызмат көрсөтүүлөр, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри жана кошумча тизмеги, жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагындагы кызмат көрсөтүүлөр);
  • кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана көрсөтүү боюнча муниципалитеттер аралык кызматташтык (МАК);
  • мониторинг (биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору, мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн ыкмалары, ички мониторинг, баалоо, тышкы мониторинг ж.б.);
  • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги, стандарттары жана административдик регламенти;
  • кызмат көрсөтүүгө жүйөлүү тарифтерди эсептөө;
  • жыйынтыкка багытталган бюджеттерди эсептөө;
  • кызмат көрсөтүүлөр боюнча технологиялык карталарды даярдоо;
  • бюджеттер аралык өз ара аракеттенүү, муниципалитеттердин финансылык сабаттуулугу;
  • мамлекеттик сатып алуулар;
  • гранттык каражаттардын өздөштүрүлүшүнө мониторинг жүргүзүү, грант берүүчүлөргө сүрөттөөчү жана финансылык отчетторду даярдоо.

Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу чөйрөсүндө:

  • Лидерлерди жана жергиликтүү активисттерди муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө коомдук мониторинг жүргүзүү технологияларына окутуу.
  • Жергиликтүү активисттерди коомдук угууларды өткөрүү методикасына окутуу.
  • Жамааттардын муктаждыктарын биргелешип изилдөө жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо.

Байланыш үчүн:

Мобилдик телефон: (+996) 500 888 289 (WhatsApp)

Электрондук почта дареги: sherbados@gmail.com

Facebook: Шербек Досуй