Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Нургүл Мамасадыковна Акимова

2023-10-02 / ЖӨБ үчүн консультациялар
Нургүл Мамасадыковна Акимова

Консультанттар тууралуу маалыматты Нургүл ЖАМАНКУЛОВА даярдады

Консультант кызмат көрсөткөн жер:

Бишкек шаары.

Консультанттын иш чөйрөсү:

  • муниципалдык менчикти башкаруу;
  • жергиликтүү бюджетти түзүү;
  • социалдык кызматтардын, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин адистерин окутуу жана консультация берүү.

ЖӨБ органдары менен иштөө тажрыйбасы жана маанилүү жыйынтыктары:

  • Бишкек мэриясында адис, юрист, Киреше саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары, Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштөө тажрыйбасы бар;
  • Бишкек ш. МАБнын аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына административдик укуктарды өткөрүп берүү боюнча реформаны жүргүзүүгө катышуу (2007-2008-жылдары);
  • Бишкек шаарынын мэриясындагы түзүмдүк өзгөрүүлөр (2008-жылы);
  • жигердүү жарандар менен биргеликте жергиликтүү салыктарга жана төлөмдөргө мониторинг жана талдоо жүргүзүү, анын натыйжасында Бишкек шаарынын бюджетин 8 эсе көбөйтүүгө салым кошулду (2007-2008-жылдары);
  • Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин санариптештирүү боюнча реформаны өткөрүүгө катышуу (2014-2015-жылдары);
  • Бишкек шаарынын муниципалдык заказ программасынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетин пайдалануу боюнча муниципалдык ишкананын аналитикалык отчетунун формасынын автору (2014-2015-жылдары);
  • Бишкек шаарынын саламаттык сактоо системасынын материалдык-техникалык базасынын керектөөлөрүн аныктоо боюнча иштин автору (2018-жыл).

Байланыш үчүн:

Мобилдик телефон: (+996) 998 755 018

Электрондук почта дареги: akimova0901@gmail.com

Facebook: https://www.facebook. com/nurgul.akimova/