Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (159) 30 Январь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Борбор азиялык иденттүүлүк – жарандык коомдун милдети. Өнүктүрүү саясат институту Өзбекстанда өткөн Жарандык коомдун жумалыгына катышты

2025-01-30 / Борбордук Азия. Келечек
Борбор азиялык иденттүүлүк – жарандык коомдун милдети. Өнүктүрүү саясат институту Өзбекстанда өткөн Жарандык коомдун жумалыгына катышты

Надежда ДОБРЕЦОВА, ӨСИнин башкаруу төрайымы, "Муниципалитет" журналынын башкы редактору ("Юксалиш" кыймылынын маалыматтык материалдарын пайдалануунун негизинде)

Аптанын биринчи күнүндө Борбордук Азиянын Жарандык коомунун форуму өттү. Форум көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө, регионалдык кооперацияны жана чөлкөмдөгү өлкөлөр ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди тереңдетүүгө багытталган. Форумга аналитикалык борборлордун 100дөн ашык эксперти катышты. Жумалык жарандык коомдун өнүгүүсүн бекемдеп, мамлекет менен жарандардын өз ара байланышын тереңдетип, ошондой эле коомдук көйгөйлөрдү чечүүдө жарандык коомдун ролун жана маанисин баса белгилөө үчүн маанилүү платформа катары кызматын аткарды.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн “Юксалиш” кыймылынын төрагасы, Мыйзам чыгаруу палатасынын комитетинин төрагасы Бобур БЕКМУРОДОВ жаңы Өзбекстанда жарандык коом социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүчү күч гана эмес, ошону менен бирге демократиялык процесстерди өнүктүрүүдө жана калктын ар тараптуу бакубатчылыгын камсыздоодогу өзөктүк чынжыр экенин белгиледи. Бул жагынан алып караганда Жумалык жарандык коомдун өнүгүүсүн бекемдеп, мамлекет менен жарандардын өз ара байланышын тереңдетип, ошондой эле коомдук көйгөйлөрдү чечүүдө жарандык коомдун ролун жана маанисин баса белгилөө үчүн маанилүү платформа катары кызмат кылат.

Катышуучулар Борбордук Азияны демократиялаштыруу процессинде жарандык коомдун ролун, жергиликтүү өнүгүүгө жана реформаларды колдоого КЭӨЭУлардын салымын, мамлекеттик эмес коммерциялык эмес уюмдар менен мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы кызматташуунун натыйжалуу стратегияларын талкуулашты.

“Жарандык коомдун институттары өлкөнүн ичиндеги иштен тышкары элдик дипломатия аркылуу мамлекеттер менен коомдордун ортосундагы мамилелерди өркүндөтүүдө, позитивдүү имиджди жакшыртууда жана маданий байланыштарды орнотууда кандайдыр бир көпүрөнүн ролун аткарып жатышат, – деп белгиледи Эльдор ТУЛЯКОВ, “Өнүктүрүү стратегиясы” Борборунун директору. –  Маданий көргөзмөлөр жана билим берүү чөйрөсүндөгү студенттердин алмашуусу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө көмөктөшөт. Социалдык тармактарды жана онлайн платформаларды колдонуу коомдун кеңири катмарына жетүүгө мүмкүндүк берет. Жарандык коомдун институттары элдик дипломатиянын таасирин кеңейтүү менен мамлекеттик демилгелерди толуктайт. Форумду уюштуруу ошондой эле элдик дипломатияны ишке ашыруунун үлгүсү болуп саналат”.

Казакстандан, Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Тажикстандан келген катышуучулар кызматташуу үчүн жалпы чакырыктарды, мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап, ошондой эле жарандык демилгелерди өнүктүрүү артыкчылыктарын аныкташты. Коомдук уюмдардын туруктуулугу, социалдык-экономикалык өнүгүүдө жарандык сектордун ролу жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу маселелерине негизги көңүл бурулду.

Расмий ачылыш аземинин негизги бөлүгүндө Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн келген баяндамачылардын катарында Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА да сөз сүйлөдү.

– Жарандык коомдун жумалыгынын ачылышына Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунун жогорку деңгээлин баса белгилей кетиш керек. Парламенттин жетекчилери, юстиция министри коом менен жолугушууга келип, жарандык коомдун өнүгүүгө кошкон салымы жана ролу тууралуу айтып беришти. Бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрү үчүн өтө маанилүү билдирүү, ал коом менен бийликтин өз ара мамилелеринде негизги агымды түзөт. Өнүктүрүү саясат институту алектенип жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул жашоонун чыныгы “кездемеси”, адам төрөлгөн, билим алган, үй-бүлө курган, өзүн өркүндөткөн жана өзүнүн жеке жана үй-бүлөлүк максаттарына жеткен чөйрө. Жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде айрым жамааттардын деңгээлинде да, Борбордук Азия регионундагы трансчек аралык деңгээлде да КЭУлардын салымына чоң муктаждык бар.

Мамлекеттик эмес коммерциялык эмес уюмдардын Улуттук ассоциациясынын төрагасы Камолиддин ИШАНХОДЖАЕВдин мамлекетти түптөөдө жана улутту өнүктүрүүдө жарандык коомдун ролу тууралуу сөздөрүнө көңүл бургум келет. 

Бобур БЕКМУРОДОВ жарандык уюмдардын жаратман дараметин так баалады. Бул эки маанилүү жобонун өнүгүүсүндө КЭУлар (КЭӨЭУ) өз өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө кандай салым кошуп жатканы процесстин бардык катышуучуларына түшүнүктүү болушу үчүн жарандык коомдун салымын баалоо зарылдыгына токтоло кетиш керек. Кыргызстанда биз бул салымды эсептеп чыктык: КЭУлар экономиканын чыныгы тармагы болуп калды, алар өлкөнүн ИДПсына 2 миллиард сомго жакын салым кошот, бул болсо ИДПнын 0,4 пайызын түзөт жана суу менен жабдуу секторунун (ИДПнын 0,3%), экинчи чийки затты алуунун (ИДПнын 0,2%), мейманкана бизнесинин (ИДПнын 0,2%) үлүшү менен салыштырууга болот. Бул тармак 17 миң жумуш ордун түзөт, бул мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санына туура келет. КЭУлардын Борбордук Азия чөлкөмүнүн деңгээлинде өз өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө кошкон салымына берилген мындай баа сектордун маанисин айкыныраак түшүнүүгө гана жол ачпастан, ошону менен бирге жарандык уюмдардын жаратман дараметин натыйжалуу пайдалануу менен көптөгөн социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекетке өнөктөш катары КЭУларга ишенимдүү таянууга мүмкүндүк берет. Коммерциялык эмес сектордун ИДПга кошкон салымын баалоо ошону менен бирге жарандык активисттер жана уюмдар өздөрүнүн негизги ролун – мамлекет, жеке сектор жана үй-бүлө толуктай албай жаткан өнүгүүдөгү боштуктарды канчалык деңгээлде толуктап жатканын түшүнүүгө шарт түзөт.

Жарандык коомдун салымын баалоонун натыйжасында биз анын реформаларды “колдоо инфраструктурасын” – өнүгүүнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес, ички жана тышкы өнүктүрүү акторлорунун өз ара байланыш системасын түзөөрүн көрөбүз. Бул акторлор тигил же бул чөйрөсүндө мамлекеттик кайра түзүүлөрдү  иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процесстерине көп пландуу (эксперттик, коммуникациялык, техникалык, финансылык) колдоону камсыз кылат. “Акылдуу” мамлекет ийкемдүүлүк, мобилдүүлүк, инновациялар талап кылынган, бирок рыноктук, коммерциялык дарамети болбогон багыттар боюнча жарандык коомго жардам сурап кайрылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү көз карашынан алганда КЭУлардын жаратман күч-аракеттерин колдонуу үчүн бир нече өзөктүк багыттарды бөлүп кароого болот.

Биринчиден, бул билимди башкаруу системасы. Жамааттардын деңгээлинде күн сайын ар кандай билимге жана көндүмдөргө чоң суроо-талап пайда болууда, алар адатта расмий билим берүү системасы аркылуу жайылтылбайт, ал тышкы чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы талап кылган ийкемдүүлүк деңгээлине ээ боло албайт. Заманбап дүйнө кандай альтернативаларды сунуштоодо? Мурда китепканалар, бардык курактагы адамдар үчүн ийримдер, “Билим” коому болгон. Бирок бүгүнкү күндө бул жакынкы чөйрө жана социалдык тармактар. Алар ар дайым эле адамдардын керектөөлөрүнө жооп катары сапаттуу, коопсуз контентти сунуштай беришпейт. Бул процесске кийлигишип, контентти башкарып, адамдарга “маяктарды” жана багыттарды берүү керек. Билимди башкарууну КЭУлар жасай алышат жана жасоого тийиш. Буга ошондой эле дайындарды топтоштуруу, жалпылоо жана талдоо, тарыхый тажрыйба жана институционалдык эс тутум – өнүгүү саясатын өркүндөтүү үчүн ушул жыйындыны колдоно ала турган мамлекеттик органдарды кошо алганда, баарына жеткиликтүү билимдин жыйындысын түзүү милдети кирет.

Экинчи өтө маанилүү багыт – бул мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жергиликтүү жамаат ортосундагы диалогдун мыйзамдуу формасы. Бул диалог – бул туруктуу өнүгүп келе жаткан мамлекет үчүн зарыл процесс, себеби ал борбор менен өзүнчө алынган жамааттын өз ара мамилелеринде дайыма болуп турган кызыкчылыктардын кагылышуусу өңдүү көйгөйдү чечет. Кызыкчылыктардын кагылышуусу сөзсүз болот, ал борбордук мамлекеттин жамааттар менен болгон мамилесинин бир тарабынын көрүнүшү, бирок ал ошол эле маалда чыр-чатак мыйзамдуу диалог аркылуу башкарылат деген шартта прогресстин кыймылдаткычы, стимулдаштыруучусу же жакшы жакка өзгөрүү триггери болуп саналат. Бул маанисинен алып караганда Өзбекстан Республикасынын Президентинин Махаллалар Ассоциациясын түзүү жөнүндө Жарлыгы чөлкөм үчүн маанилүү окуя болуп калды, ал диалогдун мыйзамдуу формасы түзүлгөнүнөн кабар берет. Жарлыкта адамдын, үй-бүлөнүн жана мамлекеттин ортосундагы “көпүрөнүн” өтө даана элеси берилген, махалла ошол көпүрө катары чыгат. Ошол эле учурда диалогдун формасын түшүнүүнүн трансформация процесси да маанилүү, себеби ассоциация коомдук уюм катары буга чейин иштеп келген махалла министрлигинин ордуна түзүлгөн. Бул министрликтен ассоциацияга өтүү борбордук бийлик менен жамааттардын ортосундагы коомдук диалогдун зарылдыгын жана мыйзамдуулугун таануу дегенди билдирет. Кыргызстанда тарыхый процесстер башкача өнүгүп келген, өлкөдө муниципалдык ассоциация – Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу эбак эле түзүлүп, ийгиликтүү өнүгүп келе жатат. Коңшу өлкөлөрдүн эки муниципалдык ассоциациясы тынчтыкты куруу жана экономикалык өсүш маселелеринде жаратман потенциалды күчөтүү үчүн жамааттар ортосундагы чек ара байланыштарын өнүктүрүү максатында өнөктөштүктү жана кызматташтыкты жөнгө салууда.

Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин Сенатынын төрагасынын биринчи орун басары Содик САФОЕВдин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы туура эмес атаандаштык синдромун жеңүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сөздөрү актуалдуу болуп турат: “Бул өзгөчө зыяндуу синдром. Борбордук Азиядагы ар бир өлкөнүн тагдыры жана өсүп-өнүгүүсү коңшу өлкөлөрдүн ийгиликтери жана көйгөйлөрү менен тыгыз байланышта экендигин түшүнүшүбүз керек. Казакстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда адамдар канчалык жакшы жашаса, Өзбекстанда да жашоо ошончолук жакшы болот. Ошону менен бирге биз чөлкөмдөгү лидерлик жөнүндө жаңы контекстте сүйлөй башташыбыз керек. Бүгүнкү күндө лидерлик гегемония эмес, бул өзүнүн импе-ративдерин жана таасирин таңуулоо. Бүгүнкү күндө лидерлик – бул идеяларды, демилгелерди сүрөө, аларды ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билүү, ынандыруу, кызыктыруу, жол көрсөтө билүү. Чөлкөмдү өнүктүрүүнүн өзөктүк фактору болуп борбор азиялык иденттүүлүктү калыптандыруу эсептелет жана бул процессте жарандык коом өзгөчө ролду ойнойт. Биздин тилибиздин тамыры гана бир болгондон тыш-кары, көптөн бери, миңдеген жылдар бою бирдиктүү мейкиндик – экономикалык, маданий, руханий, ал эми кээде саясий мейкиндик болуп келгенбиз. Бул биримдикти баамдоо, ага кайтып келүү буга чейин биздин тарыхыбызда болуп келгендей эле Борбордук Азияны өнүгүү мезгилине алып келет”.

САФОЕВ мырза сөз кылган борбор азиялык иденттүүлүк суроо-талапка ээ жана актуалдуу. Эгерде Борбордук Азиянын калкы 100-150 миллион адамга жетсе, анда бардык өбөлгөлөр болот – чөлкөм эл аралык аренада маанилүү өнүгүү субъектиси болуп калат. Ар бир өлкө өз-өзүнчө болсо, буга жетүү мүмкүн эмес, бирок өлкөлөрдүн жыйындысы үчүн бул кыйла эле реалдуу. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элдеринин чындыгында эле тарыхый жалпылыгы жана окшоштуктары бар: каада-салттары, баалуулуктары, ашканасы, тили жана башкалар окшош. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн маданий байлыгы Борбордук Азия элдеринин иденттүүлүгүн билдирет, бирок аны тагыраак сүрөттөп, туюндуруп, негиздеп, идеологияга киргизүү зарыл. Ал эми жалпы келечекти башкача тарыхый перспективада карап, он эмес, отуз, элүү жана жүз жыл алдыга умтулуу менен өлкөлөрүбүздүн ар бир жашоочусуна жеткириш керек. Регионалдык контексттин же регионалдык иденттүүлүктүн олуттуу бөлүгү чексиз сандагы “майда” деталдардан, күнүмдүк тиричиликтен, үрп-адаттардан, салттуу жана жаңы билимден, жеке байланыштардан турат. Бул жерде жарандык коомдун ролу олуттуу болот, себеби көптөгөн “билинер-билинбес” байланыштарды мамлекеттик программага киргизе албайсың жана мамлекет маданий чөйрөдө инсандык деңгээлде болуп жаткан мындай көп процесстерди көп жакшы башкара албайт.

Дагы бир маанилүү багыт – жаштар жана жамааттар ортосундагы байланыштар. Горизонталдык сектордук бирикмелерди, мисалы, чек арага чектеш жерлердеги жаштар платформаларын, Фергана өрөөнүндөгү шаарлардын платформаларын түзүү идеясы үстүндө эле жатат, мында шаар бийликтерин гана эмес, ошону менен бирген бизнести, жарандык коомду, жаштар топторун бириктирүү мүмкүн болот.

Өзбекстандагы Жарандык коом жумалыгынын чөлкөмдөгү башка өлкөлөр үчүн негизги билдирүүсү – жарандык коом менен мамлекеттин ортосундагы диалог маанилүү, аны ишке ашырса болот жана мамлекеттик саясаттын максаттарынын бири болуп саналат. 

Экинчи билдирүү – жергиликтүү жамааттар менен борбордук бийликтин ортосундагы диалог улуттук да, регионалдык да деңгээлде маанилүү, бирок жарандык коомдун катышуусу менен натыйжалуу болот. 

Үчүнчү маанилүү билдирүү – чөлкөм катары биздин келечегибиз жарандык коомдун чоң катышуусу менен регионалдык да, суб-улуттук да платформалардын деңгээлинде түзүлүшү керек. Ал олуттуу регионалдык тармактардан – жаштардан, климаттык жана башка тармактардан баштап, чакан жамааттык уюмдарга чейин болушу керек.

Баяндаманын толук текстин шилтеме боюнча өтүп таба аласыз: