Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Борбордук Азия. Келечек
Кыргызстан – Өзбекстан: Экономикалык журналистика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын (EGED) алкагында Өзбекстан Республикасынын Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борбору (ЗЖӨБ) менен кызматташтыкта долбоорду ишке ашыра баштады (https://mjdc.uz).Бул кызматташтыктын алкагында эки уюм “Санариптик каражаттар аркылуу коомдук көзөмөл” долбоорун ишке ашыруунун үстүндө иштешет. Долбоордун негизги максаты – мамлекеттик сектордун саясатын ишке ашыруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу, медианын бул ачык маалыматтар (ачык дайындар) менен иштөөсүн жакшыртуу, коомдук кызыкчылыкты жогорулатуу жана коомдук көзөмөл жүргүзүүгө шыктандыруу аркылуу жетишилет.
«“Санариптик каражаттар аркылуу коомдук көзөмөл” – бул өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалардын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатып, коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган демилге. Биз Өзбекстан Республикасынын Улуттук социалдык коргоо агенттигинин, Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин жана Финансы министрлигинин атынан биздин ыктымалдуу улуттук өнөктөштөрүбүздүн колдоосуна жана жигердүү катышуусуна үмүт артып турабыз”, – деди ЗЖӨБнын директору Саида СУЛАЙМАНОВА.
Программа Өзбекстандын журналисттерине үч чөйрөдө экономикалык өнүгүү маселелерин чагылдырууну жакшыртууга жардам берет:
-
майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу чөйрөсүнө, анын ичинде аларды ишке орноштурууга тоскоол болгон факторлорду жана бул чөйрөдө мамлекет жүзөгө ашырган чараларды талдоо;
-
мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугу, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу маселелерин кошуп алганда, мамлекеттик финансыны башкарууну реформалоо;
-
мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгы жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу механизмдери жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө коомчулукка маалымат берүү.
“Коомдук көзөмөлдү күчөтүү, экономикалык реформалардын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу, маалымат алуу укугун камсыз кылуу жана жеке кесиптик көндүмдөрдү жакшыртуу процессине катышуу үчүн долбоорго журналисттер, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү (Өзбекстан Республикасында – КЭУӨЭУ), ЖМК чөйрөсүндөгү эксперттер жана жергиликтүү жамааттар тартылат”, – деп кошумчалады ӨСИнин башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында төмөнкү иш-чаралар пландаштырылган:
- дайындар жана экономикалык журналистика боюнча акселератор (журналисттер үчүн дайындар менен иштөө, аларды талдоо жана визуалдаштыруу, экономикалык темаларды чагылдыруу боюнча интенсивдүү тренингдерди өткөрүү);
- контентти түзүү үчүн ментордук колдоо көрсөтүү (тажрыйбалуу журналисттердин макалаларды жана репортаждарды даярдоодо, маалыматтарды талдоодо жана жеткирүүдө жаш адистерге насаатчылыгы);
- маалыматтык өнөктүк (майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу, мамлекеттик финансы жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы реформалар жөнүндө коомчулукка маалымдоо үчүн актуалдуу жана пайдалуу материалдарды даярдоо жана жайылтуу);
- мамлекеттик органдар, КЭӨЭУлар жана жеке сектор менен биргелешкен иш-чаралар (сессиялар, коомчулуктун суроо-жооптору, маалыматты ачуу жана коомдук пикир менен таанышуу).