Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Кыргызстандагы пробация кеңештери: жергиликтүү мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация органдарынын натыйжалуу өз ара байланышы
Тахмина АШУРАЛИЕВА, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) улуттук эксперти, укуктук эксперт *** Бул маалыматтык материал Европа Биримдигинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) “Бардыгы үчүн адилеттүүлүк: Кыргыз Республикасынын юстиция тармагына колдоо көрсөтүү: Пробация жана сот адилеттиги системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү” долбоорунун алкагында даярдалды. Долбоор Кыргыз Республикасындагы жазык сот адилеттиги системасын гумандаштырууга жана эл аралык стандарттарга, ченемдерге жана алдыңкы европалык тажрыйбага ылайык бул чөйрөдөгү реформаларды колдоого багытталган. Долбоордун алкагында жазык сот адилеттиги системасынын өкүлдөрүн – судьяларды, прокурорлорду, адвокаттарды, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын пробация маселелери боюнча окутууга колдоо көрсөтүлүп жатат. БУУ БКБ Өнүктүрүү саясат институтуна бул макаланы редакциялоого жана басып чыгарууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылыгын билдирет.
Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында пробация дагы эле жаңы тема бойдон калып жатат.
Пробация актуалдуу болгонун жана практикалык мааниси бар экенин акыркы беш жылда пробациянын кардарларынын санынын өсүшү тастыктап турат. 2025-жылы пробациянын кардарларынын саны Кыргызстандын ар кайсы айылдарында жана шаарларында жашаган 12 миңден ашык адамды түздү (КР Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин 2024-жыл үчүн жылдык отчетунун маалыматтарына ылайык), дал ошондуктан бул адамдарды коомго аралаштырууда, алардын кайрадан кылмышка баруусуна жол бербөөдө жергиликтүү мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары маанилүү ролду ойношот.
2017-жылдагы “Пробация жөнүндө” КРнын Мыйзамында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын күч-аракети менен түзүлүп жаткан Пробация кеңештерине, ошондой эле пробациянын кардарларын реабилитациялоо жана коомго аралаштыруу боюнча иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулганы да жөн жеринен эмес. Бул адамдардын жашоосуна ЖӨБ органдары да катышууда.
Пробация – бул комплекстүү процесс, анын жыйынтыгы ар түрдүү мамлекеттик органдардын – юстициянын гана эмес, ошону менен бирге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүгүү органдарынын да салымына көз каранды. Ошондой эле Пробация кеңештери аркылуу жарандык коом, бизнес жана ЖӨБ органдары бул процесске тартылууда. Процесстин бардык катышуучуларынын пробациянын маңызын, анын түрлөрүн, максаттарын жана милдеттерин, пробациянын кардарларынын социалдык адаптациясынын жана коомго аралашуусунун маанисин түшүнгөнү маанилүү.
Бул макала регионалдык бийлик органдарынын жетекчилеринин, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн пробациянын кардарларын колдоонун бирдиктүү ыкмаларына карата маалымдуулугун жогорулатууга, пробация чөйрөсүндөгү ведомстволордун ортосундагы өз ара байланышты бекемдөөгө, ошондой эле пробациялык көзөмөлдө болгон адамдарды коомго кайрадан аралаштыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет. Макала шаарлардагы жана райондордогу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын социалдык маселелерди көзөмөлдөгөн өкүлдөрүнө, шаарлардын вице-мэрлерине жана райондордун акимдеринин орун басарларына, айыл өкмөт башчыларынын орун басарларына жана алардын жооптуу катчыларына даректелет.
"Пробация" деген эмне?
“Пробация” сөзү латын тилиндеги “probatio” деген сөздөн келип чыккан, ал “сыноо мөөнөтү” дегенди билдирет жана соттук жазанын мөөнөтүн кийинкиге калтыруу практикасында тарыхый тамыры бар.
Жалпак тил менен айтканда, пробация – жаза баскан адамдын (укук бузгандын) өз күнөөсүн жана көйгөйлөрүн түшүнүп, оңолушуна, жашоодо туура жолду табуусуна жардам берүүнүн ыкмасы. Башкача айтканда, айрым кылмышкерлерди ошол замат эле түрмөгө отургузуунун кажети жок, аларга жашоосун өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилсе болот. Эреже катары, пробация төмөнкү шарттарды сактоону талап кылат: ал адам жаңы кылмышка барбашы керек жана өкүмдө сот атайын аныктаган шарттарды аткарууга тийиш. Мындай шарттарга мисалы, тиешелүү дарылоо курсунан өтүү, сот тыюу салган жерлерге барбоо, келтирилген зыяндын ордун толтуруу, пробация органы чакырар замат келүү жана башкалар кириши ыктымал.
Расмий тил менен айтканда, пробация – бул мамлекеттин социалдык-укуктук институту, ал пробациянын кардарлары жеке социалдык- укуктук программаларга катышканда аларга карата мамлекеттик мажбурлоо, коомдук таасир этүү чараларынын комплексин колдонот. Бул социалдык-укуктук программалар инсанды социалдык жактан изилдөөгө негизделип, пробациянын кардарларынын жүрүм-турум түзөөгө, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык көмөк көрсөтүүгө жана аларды коомго кайрадан аралаштыруу максатында чара көрүүгө багытталат.
Пробация институту кандай тапшырмаларды аткарат?
Пробация институту эки негизги максатка жетүүгө жардам берет. Алар: кылмышкерлерди реабилитациялоо жана кайрадан кылмыш жасоо ыктымалдуулугун азайтуу.
Пробациянын алкагында реабилитациялоо укук бузган адамдарды калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого багытталып, соттолгон адамды коомдон обочолобостон түзөөгө жана коомго кайтып келүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.
Коомго кайра аралаштыруу жазаны өтөгөндөн кийинки жашоого ыңгайлашууга жардам берет. Ал жазасын өтөп келген адамдын коомго аралашуусуна көмөктөшүп, кайрадан кылмышка баруусун алдын алып, ага колдоо көрсөтөт.
Пробациянын милдеттери:
- коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазык жазаларын жана жазык-укуктук таасир этүү үчүн мажбурлоо чараларын аткаруу;
- укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жазалардын түрлөрүн аткаруу;
- белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган адамдарга, ошондой эле жазаны аткаруусу кийинкиге калтырылган адамдарга көзөмөл жүргүзүү;
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Айтматов районунун СЭӨПсы: айыл чарбасындагы ишкерликти колдоо
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы Кыргызстандагы региондорду өнүктүрүүнү башкарууда жаңы методдорду киргизүүгө көмөк көрсөтөт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсы эки эсе өсүштү убада кылып жатат