Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
27-мартта Бишкекте КР Экономика жана коммерция министрлиги EGED Программасынын колдоосу менен пресс-сессия өткөрдү.
Анда коомчулукка Кыргыз Республикасынын региондорун 2025-2030-жылдарга комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы №134 токтому менен бекитилген), ошондой эле аны ишке ашыруу тажрыйбасы сунушталды.
Программа расмий кабыл алынганга чейин программанын өзөгүн түзгөн башкаруунун усулдары бир катар райондордо пилоттук режимде сыналган. Алардын ичинен Нарын облусунун Ат-Башы району өзгөчөлөнүп, анда мамлекеттик программанын максаттары райондук деңгээлдеги Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП) аркылуу ишке ашырылган.
КР Экономика жана коммерция министрлигинин регионалдык өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек МАМАТОВ пресс-сессияда сөз сүйлөп, СЭӨП мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык максаттарды жериндеги реалдуу кырдаал менен байланыштырууга мүмкүндүк берген негизги механизм болуп саналарын баса белгиледи.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн райондор, шаарлар жана айылдык аймактар КР Экономика жана коммерция министрлиги бекиткен СЭӨПны даярдоонун методологиясынын негизинде өздөрүнүн өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга тийиш. Мамлекеттик программанын кабыл алынышына байланыштуу буга чейин бекитилген жергиликтүү СЭӨПлар Мамлекеттик программанын талаптарына шайкеш келтирилип жатат, ал эми мындай документтер жок болгон райондордо “нөлдөн” түзүлүүдө. Натыйжада, 2030-жылга карата өлкөнүн бардык аймактары бирдиктүү системага байланышкан пландоонун бирдиктүү аспаптарын пайдалануу менен макулдашылган түрдө өнүкмөкчү. Эми тармактык, ведомстволук программалар жана пландар жергиликтүүсү менен тыгыз байланышта болору өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп саналат.
Ат-Башы районунун акими Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ райондун СЭӨПсы кантип иштелип чыккандыгы тууралуу кеңири айтып берип, бизнес жана калк менен диалог СЭӨПнын өзөгүн түзгөнүн белгиледи. 2021-жылы жумушчу топ, ал эми 2022-жылы Координациялык кеңеш түзүлгөн. Келечекти биргелешип долбоорлоо процессине жарандык коомдун өкүлдөрү, дыйкандар, ишкерлер жигердүү катышты. Ар бир мекеме жана ар бир айыл өкмөтү өз багытына жооп берип, беш жылдык өнүгүү планын түзүп чыгышты.
“Биз бизнестин жана калктын конкреттүү көйгөйлөрү жана районду өнүктүрүү багыттары менен иштештик. 25 кишиден турган Координациялык кеңеш документти талкуулаш үчүн алты жолу чогулду. Фокус-топторго 50гө жакын адам, анын ичинде 30га жакын аялдар катышты. Коомдук угуулар да өткөрүлдү. Бул “кабинеттерде” эмес, коомчулук менен биргеликте түзүлгөн программа”, – деп белгиледи АБДЫКАДЫРОВ.
Ошондой эле ал белгилегендей, программа ишке ашырыла баштагандан тарта район “Органикалык аймак” статусун алып, кластердик принцип боюнча өнүгө баштаган. Туризм тармагында “Көл-Суудагы кыш”, “Кыргыз даамы”, “Кыргыз көчү”, “Кыргыз шырдагы” фестивалдары уюштурулуп, бул райондун туристтик потенциалын жандандырды. 2024-2026-жылдарга Иш-аракеттердин атайын планы инфраструктураны, кадрларды, экологияны жана туризмдеги кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын өнүктүрүүгө багытталган.
“Биз иштеп чыккан модель Ат-Башыдан башка аймактарга да туура келет. Ар бир аймак өзүнүн социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууда өзүнүн ички ресурстарын, географиясын, өнүгүү дараметин эске алууга, бизнестин жана коомдун сунуштарын угууга, аларды талкуулоого жана артыкчылыктуу багыттарды аныктоого тийиш”, – деп жыйынтыктады АБДЫКАДЫРОВ.
Белгилей кетсек, жергиликтүү (райондук жана муниципалдык) СЭӨПны иштеп чыгуунун жаңы методикалары 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасы түзгөн пландоо жана болжолдоо системасынын калкка эң жакын деңгээлдеги “пайдубалы” болуп саналат.
Мамлекеттик программа менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот: https://www.gov.kg/ky/npa/s/4628
Иш-чара EGED Программасынын техникалык колдоосу менен өткөрүлдү.
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Айтматов районунун СЭӨПсы: айыл чарбасындагы ишкерликти колдоо
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы Кыргызстандагы региондорду өнүктүрүүнү башкарууда жаңы методдорду киргизүүгө көмөк көрсөтөт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсы эки эсе өсүштү убада кылып жатат
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Алма, кокон гилас, алча чымындары менен күрөш: Кадамжай району СЭӨП аркылуу мөмө-жемиштердин экспортун көбөйтүүгө ниеттенүүдө