Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жарандардын ЖӨБгө катышуусу: Борбордук Азия
Добуш берүү менен гана чектелбестен, демилгелүү бюджетке коомдук мониторинг кандай жүргүзүлөрүн да текшерүү. Өзбекстандын тажрыйбасы
Малика ИНАКОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун Өзбекстандагы өкүлү
2026-жылдын апрель айынын этегинде Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда жергиликтүү бюджеттердин коомдук мониторинги жана демилгелүү бюджеттин долбоорлору иш жүзүндө сыноодон өткөрүлдү. “Юксалиш” кыймылы EGED Программасынын колдоосу жана Өнүктүрүү саясат институтунун катышуусу менен Шахрисабз шаарынын, Нишаб жана Гүзар райондорунун маалелеринде тренингдерди уюштурду. Формалдык жактан бул мониторинг жана баалоо боюнча тренинг болчу. Бирок маңызын алып караганда, бул маанилүү башкаруу маселесин текшерүү болду: жергиликтүү жамааттар долбоорлорго добуш берүүгө гана эмес, ошондой эле акча кантип бөлүнөрүн, демилгелер кантип тандаларын, жумуштардын сапаты кантип текшерилерин жана жыйынтык үчүн ким жооп берерин түшүнүүгө даярбы?
ӨЗБЕКСТАНДАГЫ “АЧЫК БЮДЖЕТ” ПЛАТФОРМАСЫ – бул электрондук аспап, анын жардамы менен тургундар жана маалелер бюджеттик каражаттардын бир бөлүгүн бөлүштүрүүгө катыша алышат: демилгелүү долбоорлорду сунуштап, аларга добуш берип, канча акча бөлүнгөнүн, каражат эмнеге жумшалганын жана кандай чыгымдар пландалып жатканын көрө алышат. Платформада долбоорлорду ишке ашыруу боюнча документтер, анын ичинде жумуштарды кабыл алуу актылары да жайгаштырылат, бул аны добуш берүү үчүн гана эмес, жумуштун сапатына жана чыгымдардын ачыктыгына коомдук мониторинг жүргүзүү үчүн да колдонууга мүмкүндүк берет. Практика көрсөткөндөй, маалыматтын жеткиликтүү болгону катышууну кепилдебейт: көпчүлүк мааленин өкүлдөрү платформа жөнүндө укканы менен, тренингге чейин аны менен иштешкен эмес, ошондуктан окутуу, түшүнүктүү жол-жоболор жана калк менен үзгүлтүксүз иштөө маанилүү.
Расмий платформа: openbudget.uz. Бул Өзбекстандын “Ачык бюджет” порталы, андагы демилгелүү бюджет бөлүмү “Tashabbusli budjet / Ташаббусли бюджет” деп белгиленген.
Акыркы жылдары демилгелүү бюджет жана “Ачык бюджет” платформасы Өзбекстандагы жергиликтүү өнүгүү процесстерине калкты иш жүзүндө тартуунун эң көрүнүктүү мисалдарынын бири болуп калды. Система жашоочуларга өз маалелеринин артыкчылыктарын аныктоого түз катышууга, ал эми жергиликтүү бийлик органдарына бюджеттик каражаттардын бир бөлүгүн бөлүштүрүү маселелери боюнча калк менен ачык диалог түзүүгө мүмкүндүк берди. Дал ошондуктан бүгүнкү күндө ишке ашырылган долбоорлордун саны гана эмес, катышуу маданиятын, коомдук талкууну жана жыйынтыктарга биргелешип көзөмөлдү өнүктүрүү өзгөчө маанилүү болууда.
Ачык бюджет ачык колдонуучуну күтөт
27-апрелде тренинг Шахрисабз мамлекеттик педагогикалык институтунун коворкинг-залында башталды. Катышуучулардын арасында маале комитеттеринин жетекчилери, аялдар кеңештеринин, жаштар комитеттеринин, шаардык билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү болду. Биринчи эле талкууда “Ачык бюджет” платформасы көпчүлүккө белгилүү болгону, бирок баары эле ага кирип, өз маалелеринин баракчалары менен таанышып, суммаларды, пландарды жана жумуштарды кабыл алуу актыларын көрбөгөнү анык болду. Бул ар кандай санариптик реформа үчүн маанилүү белги. Ачык платформа өзүнөн өзү эле ачык башкаруу дегенди билдирбейт. Дайындар жөн эле жайгаштырылбастан, жамааттардын кызыкчылыктарын коргогусу келген адамдарга түшүнүктүү да болушу керек.
Катышуучулар демилгелүү бюджеттин практикалык көйгөйүн ошол жерден эле көтөрүштү: адатта билим берүү жана саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүндөгү долбоорлор көп добуш алат, себеби мектептердин жана медициналык мекемелердин айланасында мугалимдерди, медициналык кызматкерлерди, окуучулардын ата-энелерин жана бейтаптарды мобилизациялоо оңой болот. Ал эми мааленин күнүмдүк көйгөйлөрүнө байланышкан демилгелер көп учурда добуш берүүдөн утулуп калат. Маале комитеттеринин жетекчилери долбоорлорду ишке ашырууга калктын катышуусу чабал болгонун белгилешти: тургундардын бир бөлүгү мамлекет көйгөйдү өзү чечет деп күтүшөт же жамааттын салымын биргелешкен жоопкерчилик катары эмес, “жогору жактан түшкөн” бир жолку жардам катары кабыл алышат.
Дал ушул жерде коомдук мониторинг техникалык жол-жобо эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мектебине айланат. Катышуучуларга мониторинг жүгүзүүнүн максаттары жана милдеттери, топтун иштөө принциптери, анын курамы жана милдеттери, ошондой эле “Светофор” системасын колдонуу менен төрт критерий боюнча баалоо методикасы түшүндүрүлдү. Мындай жөнөкөй аспап катышуучуларга абстракттуу түрдө тартышпастан, долбоордун абалын түшүнүктүү түрдө сыпаттоого жардам берет: кайсы жумуштар жакшы аткарылды, эмнелер суроо жаратууда, кайсы жерде тобокелдик бар жана кайсы жерде кийлигишиш керек.
Биринчи табылгалар: дайындар бар, бирок аны окуганды билиш керек
Катышуучулар “Ачык бюджет” платформасында конкреттүү мааленин баракчасын ачканы тренингдин өзгөчө таасирдүү учуру болду. Алар 2025-жылы канча каражат бөлүнүп, эмнеге жумшалганын жана 2026-жылга кандай пландар бар экенин көрүштү. Катышуучулардын бир бөлүгү үчүн кийинки жылга пландардын өзү күтүүсүз болду. Бул жарыяланган маалыматтарды жеринде текшерүү жана талкуулоо адаты болбосо, алар “көзгө илинбеген бойдон” калышы мүмкүн экенин көрсөтөт.
Жумуштарды кабыл алуу актыларын карап жатканда катышуучулар тынчсыздандырган бир деталды өздөрү байкашты: айрым учурларда кол жазмасы жана кол тамгасы окшош эле бир адам комиссиянын бир нече мүчөсүнүн ордуна кол коюп чыккан экен. Бул анчалык деле көзгө илинбеген учур, бирок ал коомдук мониторингдин пайдасын абдан так көрсөтүп турат. Формалдуу текшергенде документтер оңой өтүп кеткен жерде жергиликтүү катышуучу кунт коюп караса эле такташ керек болгон кырдаалды байкоого жөндөмдүү.
Тренингдин биринчи күнү аяктап калганда катышуучулардын суроолору кандай өзгөргөнү да маанилүү. Алар “мониторинг деген эмне?” деп эле эмес, “текшерүү жүргүзүү үчүн объектти ким тандайт, топ кандай негизде түзүлөт, анын курамын ким бекитет, иш планы керекпи?” деген суроолорду бере башташты. Бул катышуучулар мониторингди бир жолку акция катары кабыл албастан, аны башкаруу процесси катары көрө баштаганын билдирет.
Кеш маалеси: асфальт ишенимдин предмети катары
28-апрелде мониторинг тобу Кеш мааласине барды. Мааледе 8 көчө, 678 короо бар жана 3923 тургун жашайт. Демилгелүү бюджеттин конкурсунун жыйынтыгы боюнча маале үчүнчү орунду ээлеп, төрт көчөнүн жолуна асфальт төшөөгө каражат алган. Топтун катышуучулары мааленин жетекчиси Аскар УРАИМОВдон долбоорду ким демилгелегенин, добуш берүү кандай өткөнүн, добуштардын санын көбөйтүү үчүн кандай чаралар көрүлгөнүн, бөлүнгөн каражаттар жетип-жетпегенин жана иштин сапаты кантип көзөмөлдөнгөнүн сурашты.
Жооптор так болду: каражат жетти, жумуштар мөөнөтүнөн мурда бүттү, сапатты жерине барып, жолдун абалын баалаган акимиаттын инженери текшерди. Андан соң катышуучулар көчөнүн эки тургунун кепке тартышты. Экөө тең жаңы жолдун жыйынтыгына жана сапатына ыраазы экенин тастыкташты. Ошол эле учурда мониторинг мактоо сөздөрү менен эле бүтүп калган жок. Дагы көйгөйлөр бар экени аныкталды: 3 чакырым жолго, башкача айтканда, мааленин дагы төрт көчөсүнө асфальт төшөлүшү керек, ошондой эле газ өткөрүү маселеси да курч турат.
Бул мисал мониторингдин логикасы туура экенин көрсөткөнү менен маанилүү. Мониторингдин милдети – кемчиликтер бар болсо, аларды сөзсүз табуу жана кооз отчет түзбөө. Милдет – жыйынтыкты тастыктоо, сапатты текшерүү, жашоочуларды угуу жана кийинки кадамды белгилөө. Жергиликтүү башкаруу үчүн бул “жумуштар аткарылды” деген аныктамадан алда канча пайдалуу болот.
Мааленин акчасы: акча аз, үмүт көп
Жолдорду көрүп чыккандан кийин топ Кеш маале комитетинин имаратына барышты. Имарат жаңы, иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. 2026-жылдын биринчи кварталында жер жана кыймылсыз мүлк салыгынын 10 пайызы 6 миллион сум болду. Анын 2 млн. суму мааленин аймагына гүлдүн көчөттөрүн сатып алууга, 4 млн. суму мониторлорду сатып алууга сарпталган. Келечекте видеокөзөмөл камераларын орнотуу, ал эми учурдагы көйгөйлөрдү чечкенден кийин муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү, мисалы, чатырларды оңдоо, үйлөрдү актап-сырдоо пландалууда. Маале комитетинин жетекчиси мааленин карамагында калган каражаттын үлүшүн 10 пайыздан 15-30 пайызга чейин көбөйтүүнү сунуш кылды.
Бул жерде жергиликтүү деңгээлдеги башкаруу дилеммасы жакшы көрүнүп турат. Бир жагынан, анчалык көп болбосо да, бул түшкөн акча көрктөндүрүү, жарыктандыруу, коопсуздук өңдүү конкреттүү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет. Экинчи жагынан, тургундар күтүп жаткан иштердин тизмеси алда канча кеңири болуп чыкты. Ал тизмеде жолдор, газ, муктаждарга жардам, үйлөрдү оңдоо, коопсуздук, социалдык колдоо бар. Ошондуктан коомдук мониторинг каражаттардын туура чыгымдалышына гана эмес, ресурстар жетиштүү болгонуна жана артыкчылыктарга да карашы керек. Эгерде акча аз болсо, анда ар бир чечим түшүнүктүү жана жүйөлүү болгону өзгөчө маанилүү.
Мектеп добуш берүүнүн кыймылдаткычы катары
Катышуучулар Дустлик маалесиндеги №14 орто мектепте болушту. Мектептин директору, шаардык кеңештин депутаты Закир ХАМИТОВ бюджеттин алты демилгеси жөнүндө айтып берди. Анын ичинен эки демилге мааленин муктаждыктарына – жолду оңдоого жана стадион курууга, төртөө мектепти өнүктүрүүгө багытталган: 40 интерактивдүү такта, парталар жана тактайлар сатып алынды, жылытуу системасы толук оңдолду жана эки күнөсканасы бар окуу-тажрыйба тилкеси даярдалды. Күнөскананын долбооруна 30 миллион сум бөлүнүп, бадыраң, мандарин, апельсин, кулпунай жана малина өстүрүү пландалып жатат. Сапардын жүрүшүндө катышуучулар окуучулар интерактивдүү такта менен иштеген ачык сабакка да катышты.
Бул мисал тренингдин башында катышуучулар айткан ойду тастыктайт: мектептер колдоо издегенде, аны тез эле таба алышат. Алардын уюшкан коомдоштугу – мугалимдер, ата-энелер, окуучулар, бүтүрүүчүлөр бар. Ошондуктан мектеп долбоорлору адатта добуш берүүдө ийгиликтүү болот. Бул көйгөй эмес: мектеп чындыгында эле мааленин жашоосунун чордону болуп саналат. Бирок демилгелүү бюджетти өнүктүрүүдө уюштуруу базасы күчтүү мекемелер артыкчылыкка ээ болгондо, мааленин анчалык “катуу чыкпаган”, бирок маанилүү көйгөйлөрү каржылоо таппай калган учурга жол бербөө маанилүү.
Ипак йоли жана Хоз Ховуз: ар кандай маалелер – ар башка керектөөлөр
Ипак йоли маалесинде 14 көп кабаттуу үй жана 638 батир бар, бул жерде 2 545 адам жашайт. Маале комитетинин жетекчиси Мавлюда ЮЛДАШЕВА салыктык түшүүлөрдүн 10 пайызы жылына 10 млн. сумду түзөрүн билдирди. 2025-жылы бул каражат маале комитетинин имаратынын кадастрдык документтерин тариздөөгө жана планшет сатып алууга жумшалган. Ал эми 2026-жылы видеокөзөмөл камераларын орнотуу пландалууда. “Ачык бюджет” платформасы боюнча добуштар жетпей калгандыктан мааленин долбоорлору уткан эмес. Ошол эле маалда негизги коммуналдык көйгөйлөр – суу, таштанды чыгаруу, электр менен жабдуу – жалпысынан чечилди, ал эми мындан аркы пландар китепкананын жана спорт комплексинин курулушуна байланыштуу, бирок комплекс үчүн азырынча жер участогу бөлүнө элек.
Шахрисабздын эски бөлүгүндө жайгашкан, мурда кол өнөрчүлөр жашаган, ал эми бүгүнкү күндө жыгач усталары иштеген Хоз Ховуз маалесиндеги көрүнүш таптакыр башкача. Маале комитетинин имараты 1974-жылы курулган, жети кызматкердин баары бир кабинетте отурушат. Мааледе 13 көчө, 515 короо жана 2 840 тургун бар. Маале комитетинин жаңы имаратынын курулушу, 200 метр көчөгө асфальт төшөө жана видеокөзөмөл камераларын орнотуу негизги көйгөйлөр катары аталды. Чайканада отурган аксакалдарды кепке тартканда алар дагы бир маанилүү маселени – жол кырсыктары көп болгон кооптуу кесилишти кошушту; “светофор орнотулганы менен, бул көйгөйдү чече алган жок” дешет аксакалдар.
Бул эки мисал эмне себептен мониторингди документтерди текшерүү менен гана чектеп коюуга болбой турганын тастыктоодо. Бир мааледе китепкана жана спорттук инфраструктура жөнүндө ойлонсо болот, башкасында комитет үчүн иш бөлмөсү жана жол кыймылынын коопсуздугу биринчи орунда турат. Мониторингдин бирдей формасы салыштырууга жардам берет, бирок корутундулар ар бир аймактын чыныгы абалын эске алууга тийиш.
Гузар району: тренингден жарандык көзөмөлчүнүн ролуна чейин
29-апрелде окуу Гузар районундагы “Сунбула” окуу борборунда уланды. Тренингге маале комитеттеринин аялдар кеңешинин жана жаштар комитетинин өкүлдөрү, райондук жана облустук кеңештердин депутаттары, мектептин директору, саясий партиялардын өкүлдөрү жана жергиликтүү гезиттин журналисти катышты. Катышуучулар демилгелүү бюджет байкаларлык жыйынтыктарды бергенин белгилешти: мектептер оңолуп, стадиондор өнүгүүдө, акыркы он жылдыкта биринчи жолу жолдорго асфальт төшөлүп жатат.
Тренингде ролдоштурулган оюн өзгөчө пайдалуу болду. Ар бир катышуучу мониторинг тобунун мүчөсү, тренер – маале комитетинин жетекчиси болуп, оюнга катышты. Топтун мүчөлөрү объектти тандап, төрт критерий боюнча суроолорду даярдап, андан соң “Светофор” системасы боюнча бааларды коюп чыгышты. Ушундан кийин катышуучулар пикири менен бөлүшүп, кайсы жерде кыйынчылыктар болгонун жана эмнени өзгөртүү керектигин талкуулашты. Мындай формат маанилүү: коомдук мониторингди лекция менен эле өздөштүрүүгө болбойт. Аны “баштан өткөрүш керек” – суроо узатып, жоопту угуп, фактыны пикирден ажырата билип, баа коюп, эмне себептен мындай баалаганын түшүндүрө алышы керек.
Катышуучулардын бири мындай иш-чаралар убакытты алып, негизги иштен алаксытышы мүмкүн экенин туура эле белгиледи. Жооп катары тренинг окуу-практикалык мүнөзгө ээ болгону, ал эми чыныгы шарттарда айына бир жолу болжол менен бир саатка созулган мониторинг иш-чарасы пландалып жатканы түшүндүрүлдү. Бул – маанилүү тактоо. Коомдук көзөмөл системасы кошумча оор жүккө айланбастан, жергиликтүү башкаруунун кадыресе ыргагына киргизилгенде гана иштей баштайт.
Нишан району: мониторинг документтерди гана эмес, жыйынтыкты да текшерет
Коомдук мониторингди иш жүзүндө сыноо 2-майда Кашкадарыя облусунун Нишан районунда уланды. Мониторинг тобу Пахтаобод маалесинде болду, бул жерде демилгелүү бюджеттин алкагында №31 мектептин жанында жабык чакан футбол аянтчасын куруу долбоору ишке ашырылган. Долбоор “Ачык бюджет” сезонунун жеңүүчүлөрүнүн бири болуп, тургундар жаңы спорт объектиси тез эле мааледеги балдардын жана жаштардын арасында суроо-талапка ээ болгонун белгилешти.
Мониторингдик сапардын жүрүшүндө катышуучулар долбоорду “Светофор” системасынын төрт критерийи боюнча баалашты. Ал критерийлер: ачык-айкындуулук, тургундардын катышуусу, акчаны пайдалануунун натыйжалуулугу жана жыйынтыктын сапаты. Мааленин жетекчилиги тургундар добуш берүүгө жигердүү катышканын, ал эми долбоор тууралуу маалымат жана документтер баары үчүн жеткиликтүү болгонун тастыктады. Ошону менен бирге талкуу көрсөткөндөй, курулушту көзөмөлдөөгө калктын катышуусу азырынча чектелүү бойдон калууда. Дал ошондуктан катышуучулар долбоорлорду добуш берүү баскычында гана эмес, аларды ишке ашыруу учурунда да коштоп жүрө турган, маалеге караштуу туруктуу коомдук мониторинг топторунун зарылдыгы жөнүндө маселени өзүнчө көтөрүштү.
Айрыкча, жерине баруунун өзү маанилүү болду. Ал долбоордун формалдуу аякташы менен анын чыныгы сапатынын ортосундагы айырманы көрүүгө мүмкүндүк берди. Жалпысынан алганда, катышуучулар бир катар практикалык кемчиликтерди белгилеп, аларды түзөтсө болорун айтышты. Ошол эле маалда тургундар объект жигердүү колдонулуп жатканын, ал эми кемчиликтердин бир бөлүгү жарандардын подрядчыга кайрылуусунан кийин четтетилгенин баса белгилешти. Бул мисал коомдук мониторинг кемчиликтерди аныктаган аспап катары гана эмес, тургундардын, подрядчылардын жана жергиликтүү бийликтин ортосундагы туруктуу кайтарым байланыш механизми катары да маанилүү экенин көрсөттү.
Муниципалдык башкаруу үчүн сабактар
Шахрисабз, Нишаб жана Гузар райондорунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, Өзбекстанда демилгелүү бюджет өзгөрүүлөрдүн чыныгы аспабына айланды. Адамдар жолдор оңдолуп, мектептер, стадиондор курулуп, жабдуулар сатып алынып, айланасы көрктөндүрүлүп жатканын көрүшүүдө. Бирок бул системаны өнүктүрүүнүн кийинки этабы – бул көбүрөөк долбоорлор жана көбүрөөк добуштар гана эмес. Кийинки этап – көбүрөөк түшүнүү, ишеним жана жоопкерчилик.
Биринчиден, калкка жана мааленин өкүлдөрүнө ачык дайындарды колдонгонду үйрөтүш керек. Маалыматты порталга жайгаштырып коюу менен эле иш бүтпөйт. Жергиликтүү тургундар, депутаттар, аялдар кеңештери, жаштар комитеттери, журналисттер жана мааленин жетекчилери долбоорду таап, суммасын көрүп, макамын текшерип, жумуштарды кабыл алуу актысын ачып, туура суроолорду узата билиши керек.
Экинчиден, коомдук мониторинг түшүнүктүү жана туруктуу болууга тийиш. “Светофор” системасы, төрт критерий, тургундардын арасында сурамжылоо жүргүзүү, объектти кароо, документтерди текшерүү жана кыскача корутунду – бул атайын билими жок адамдар үчүн көзөмөлдү жеткиликтүү кылган иштердин айрымдары гана. Ошол эле маалда методология эксперттер гана эмес, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү да пайдалана ала тургандай жөнөкөй болушу керек. 2026-жылдын апрель айында программанын алкагында мындай колдонмо методология Кашкадарыя облусунда, анын ичинде Шахрисабз, Нишан жана Гузар райондорунда сынала баштады.
Үчүнчүдөн, мониторинг кемчиликтерди гана таап чыкпастан, пландоону жакшыртууга да жардам бериши керек. Эгерде маале добуш ала албаганы үчүн эле утпаса, анда тургундарды көбүрөөк тартуунун үстүнөн иш алып баруу зарыл. Эгерде долбоор сапаттуу аткарылып, бирок жанындагы көчөлөр асфальтсыз калып жатса, анда бул келечектеги артыкчылыктарга кириши керек. Эгерде жумуштарды кабыл алуу актыларына формалдуу түрдө эле кол коюлса, комиссиялардын ачыктыгын күчөтүү зарыл. Эгерде тургундар кооптуу кесилиш көйгөй жаратып жатканын айтып чыкса, анда мониторинг “долбоор аяктады” деп гана эмес, “жаңы чыккан көйгөйдү чечиш керек” деп белгилөөгө тийиш.
Негизги тыянак жөнөкөй: ачык бюджеттин жергиликтүү колдонуучусу жигердүү болгондо гана ал чыныгы жыйынтыкка жеткирет. Дайындарды окуп, суроолорду берип, жыйынтыкты текшерип, артыкчылыктарды талкуулай алган маале акырындык менен жергиликтүү өнүгүү жана чечимдерди кабыл алуу процесстеринин жигердүү катышуучусуна айланат. Курулган жол же сатып алынган жабдуулар гана эмес, жамааттын ишениминин, жоопкерчилигинин жана өз келечегине таасир этүү жөндөмдүүлүгүнүн өсүшү муниципалдык деңгээлдеги эң маанилүү жыйынтык болуп эсептелет.











