Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жарандардын ЖӨБгө катышуусу: Борбордук Азия
Натыйжалуу маалыматтык ишмердик адамдардын, бизнестин жана мамлекеттин жүрүм-турумун кантип өзгөртөт: Казакстандагы, Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы экономикалык реформаларга коммуникациялык колдоо
Айгүл БОЛОТОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун EGED Программасынын медиа компонентинин координатору
ЖӨБ органдары бул тажрыйбадан эмнелерди ала алышат: коммуникацияларга көбүрөөк көңүл буруу эл менен жакшыраак тил табышууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дурус жыйынтыктарына алып келет.
Эмне себептен адамдарга реформаларды жалпак тилде түшүндүрүш керек?
Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык реформалардын коммуникациясы бара-бара жөн гана маалымдоо менен чектелбей калды. Бүгүнкү күндө ал адамдарга өзгөрүүлөр алардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасир тийгизип жатканын, эмне үчүн тигил же бул чечимдер кабыл алынганын жана аларды иш жүзүндө кантип колдонсо болорун түшүнүүгө жардам берүүдө. Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын маалымдоо тажрыйбасы көрсөткөндөй, аудитория менен системалуу жана түшүнүктүү жүргүзүлгөн иш өзгөчө көп натыйжа берет.
Маалыматтык өнөктүктөрдүн төмөндө келтирилген мисалдары Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү улуттук өнөктөштөрдүн жана медиа уюмдардын – MediaNet Эл аралык журналистика борборунун (Казакстан), Өнүктүрүү саясат институтунун (Кыргызстан) жана Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борборунун (Өзбекстан) катышуусу менен “Экономикалык өнүктүрүү үчүн натыйжалуу башкаруу (EGED)” программасынын медиа компонентин ишке ашыруу тажрыйбасынын негизинде түзүлгөн.
Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, реформаларды натыйжалуу түшүндүрүү бир нече негизги принциптерге негизделет. Алар: дайындарды контент үчүн негизи катары колдонуу, татаал темаларды түшүнүктүү тилде жеткирүү, мультимедиалык форматтарды колдонуу жана аудитория менен диалогго багыт алуу. Дал ушул ыкмалардын айкалышы жөнөкөй маалымдоодон адамдарды тартууга өтүүгө мүмкүндүк берет жана реформаларды түшүнүүгө, коомдун көйгөйлөргө болгон кызыгуусунун өсүшүнө жана айрым учурларда адамдардын жүрүм-турумуна таасирин тийгизет.
КАЗАКСТАН: дайындар жана ачык талкуулар реформаларга болгон ишенимди азайтууга кандайча жардам берүүдө
Казакстанда маалыматтык өнөктүктөр жарандарга азык-түлүк коопсуздугу, салык саясаты, мамлекеттик сатып алуунун ачыктыгы жана суу ресурстарынын тартыштыгы жаатындагы стратегиялык көйгөйлөрдүн жана экономикалык реформалардын маанисин жана кесепеттерин түшүндүрүүгө багытталган. Контент социологиялык изилдөөлөрдүн жана эксперттердин пикирлеринин негизинде түзүлгөн, алар ачык онлайн дискуссиялар маалында талкууланган.
DEMOSCOPE: изилдөө коомдук диалог үчүн аспапка айланганда
DEMOSCOPE Коомдук пикирге ыкчам-мониторинг жүргүзүү бюросу жүргүзгөн социологиялык изилдөөлөрдүн сериясы реформалардын коммуникациянын өзөктүк аспаптарынын бири болуп калды. Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык 17 аймагын жана республикалык маанидеги үч шаарды – Астана, Алматы жана Чымкентти камтыган 4 тематикалык репрезентативдүү сурамжылоо жүргүзүлгөн.
Ар бир сурамжылоо экиден теманы жана жалпысынан төрт сезимтал багытты камтыды. Алар: азык-түлүк коопсуздугу, бюджеттик чыгымдардын ачыктыгы, суу ресурстарынын тартыштыгы жана салык реформасын кабылдоо.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары аналитика менен гана чектелип калган эмес. Алар пресс-релиз жана инфографика түрүндө казак жана орус тилдеринде таратылып, эксперттик талкуулар үчүн негиз болуп, аналитикалык басылмаларды даярдоодо колдонулган.
Жалпысынан материалдардын төрт топтому даярдалып, ЖМКлардын жана эксперттердин 5000ден ашык дареги боюнча жиберилген. Бул кеминде 76 басылманы камсыз кылып, жалпысынан 721 миңден ашык адам камтылды, бул болсо пландалган көрсөткүчтөрдөн кыйла ашып кетти.
Мындай ыкманын негизги натыйжасы – экономикалык темалар адамдардын чыныгы тажрыйбасынын призмасы аркылуу талкуулана баштады. Азык-түлүк коопсуздугуна тиешелүү маселелер – күнүмдүк чыгымдар аркылуу, салык реформасы – кирешелерге жана бизнеске тийгизген таасири аркылуу, ал эми суунун тартыштыгы – региондор жана экономиканын келечеги үчүн тобокелдиктер аркылуу.
Аудиториянын кызыгуусун арттырууга видео, инфографика, социалдык тармактар үчүн материалдар, ошондой эле эксперттер жана коомдук пикирдин лидерлери менен кызматташтык да жардам берди. Натыйжада коммуникация маалыматтын булагы гана эмес, ошону менен бирге талкуулоо үчүн мейкиндикке да айланды.
Онлайн-талкуулар: татаал темаларды түшүнүктүү тилде кантип талкуулаш керек
DEMOSCOPE изилдөөсүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин өткөрүлгөн эксперттик онлайн-дискуссиялар өзгөчө ролду ойноду. Алар сандар менен тааныштыргандан тышкары, адамдарга экономикалык өзгөрүүлөр алардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасир тийгизерин түшүндүрүүгө да жардам берди.
2026-жылга КНСтин ставкасын 12 пайыздан 16 пайызга чейин жогорулатууну караган салык реформасы өзгөчө талкууланган темалардын бири болду. Көпчүлүк тургундар реформаны биринчи кезекте баалардын өсүшү, үй-бүлөлүк бюджетке жана чакан бизнеске түшкөн кошумча жүк менен байланыштырып келишкен. DEMOSCOPE изилдөөсүнүн маалыматы боюнча, сурамжылоого катышкандардын дээрлик 78% чыгымдар көбөйгөнүн сезип жатканын билдиришкен.
Талкууларга бизнестин өкүлдөрү, экономисттер, салык консультанттары жана “Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасынын мүчөлөрү катышты. Алар өзгөрүүлөр бааларга, иш менен камсыз кылууга, чакан жана орто бизнестин ишине жана калктын кирешесине кандай таасир тийгизерин талкуулашты.
“Бүгүнкү күндө адамдар экономиканы макрокөрсөткүчтөр боюнча эмес, финансылык коопсуздукту сезип жатышабы, тапкан кирешесине кадимки жашоосун уланта алабы дегенге карап баалап калышты. Эгерде реформа жүргүзүлүп жаткан маалда жарандардын 65% жашоосунун деңгээли начарлайт деп күтүшсө, анда “бул реформа өзүнө каршы иштеп жаткан жокпу?” деген суроо туулат”, – деп белгиледи Саясий-экономикалык талдоо борборунун жетекчиси Рахимбек АБДРАХМАНОВ.
Мындай талкуулар жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жигердүү чагылдырылганы маанилүү. Талкуудан кийин медиада 25тен ашык макала чыгып, тема коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Адамдар макалаларды окуп гана тим болбостон, ошону менен бирге аларды жигердүү талкуулап, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, суроолорду узатып жатышты.
Мындай ыкма татаал экономикалык реформаларды да түшүнүктүү тилде талкуулап, ар кандай топторду – мамлекеттик органдарды, бизнести, эксперттерди жана карапайым тургундарды диалогго тартууга болорун көрсөттү.
Суу жана ресурстар: татаал теманы кантип элге түшүнүктүү кылса болот?
Казакстанда суу ресурстарынын тартыштыгы жана сууга аяр мамиле жасоо боюнча маалыматтык өнөктүк өзүнчө багыт болуп калды. Тема экологиялык гана эмес, ошону менен бирге айыл чарбасына, аймактардын өнүгүшүнө жана калктын жашоо сапатына тикелей таасирин тийгизген экономикалык көйгөй катары да каралды.
Долбоордун алкагында DEMOSCOPE изилдөөлөрү, эксперттик талкуулар, социалдык тармактарда жана мейкиндикте маалыматтык өнөктүк жүргүзүлдү. Чыккан макалаларда суунун тартыштыгынын себептери, ресурстарды натыйжасыз пайдалануунун кесепеттери жана сууну сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы түшүндүрүлгөн.
Аудиториянын көбүрөөк бөлүгүнө жетүү үчүн онлайн форматтар гана эмес, ошону менен бирге офлайн-аспаптар да колдонулду, мисалы, коомдук транспортко жана шаардык аянттарга маалыматтык постерлер илинди. Буга кошумча материалдарды жайылтууга блогерлер жана эксперттер да тартылып, бул теманы кеңири аудиторияга түшүнүктүү кылууга мүмкүндүк берди.
Суу ресурстарынын маселелерин талкуулоо калк бул темага абдан кызыгарын көрсөттү. Колдонуучулар суунун тартыштыгына, ирригациялык системалардын абалына жана инфраструктурага түшкөн жүктүн өсүшүнө байланышкан өз тажрыйбалары менен жигердүү бөлүшүп жатышты.
Жалпысынан алганда, Казакстандын тажрыйбасы көрсөткөндөй, салык реформасы, мамлекеттик чыгымдар, азык-түлүк коопсуздугу же суунун тартыштыгы сыяктуу татаал темалар реалдуу мисалдар, түшүнүктүү сандар менен берилип, эксперттердин, бизнестин жана жарандардын өздөрүнүн катышуусу менен ачык талкууланса, көбүрөөк адамдарга жетет.
КЫРГЫЗСТАН: түшүнүктүү коммуникация адамдарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга кандайча жардам берүүдө
Кыргызстанда коммуникация адамдардын жана бизнестин күнүмдүк жашоосу менен тикелей байланышта болгон конкреттүү реформаларды жана өзгөрүүлөрдү түшүндүрүүгө багытталган. Экономиканы бюрократиядан арылтуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана административдик жол-жоболорду кыскартуу маселелери көңүл чордонунда болду.
Татаал нускамалардын ордуна видеолор жана анимациялар
Негизги форматтардын бири түшүндүрмөлөрдү берген анимациялык роликтер жана подкасттар болуп, аларда жаңы сервистер кантип иштей турганы жана жарандарга кандай мүмкүнчүлүктөрдү берери жөнөкөй тил менен түшүндүрүлгөн.
Айрым материалдар электрондук нотариатка, e-Апостиль сервисине, юридикалык жактарды онлайн каттоого, Myizam.kg платформасына, Юстиция үйлөрүнүн ишине, кайрылууларды берүүнүн механизмине жана коомдук талкууларга (“Коом талкуу”) арналган.
Негизги басым “бул сен үчүн кантип иштейт” деген суроого жасалган. Видеолорду, анимацияларды жана социалдык тармактарды колдонуу татаал жол-жоболорду кабылдоону жеңилдетип, санариптик сервистерди пайдалануу үчүн тоскоолдуктарды азайтууга жардам берди.
Буга кошумча реформалардын кеңири темалары – экономиканы бюрократиядан арылтуу, саламаттыкты сактоо системасындагы өзгөрүүлөр, санариптик чечимдерди киргизүү жана Zero Plus реформасы подкасттар жана маектешүүлөр аркылуу талкууланды.
Маалымдоодон сервистерди колдонууга чейин
Коммуникация коомдун көңүлүн көйгөйлөргө көбүрөөк бура алган Казакстандан айырмаланып, Кыргызстанда ал колдонуучулардын иш-аракеттерине – санариптик кызмат көрсөтүүлөргө кызыгуунун өсүшүнөн тартып, санариптик каналдар аркылуу жарандардын мамлекеттик органдар менен жигердүү өз ара байланышына чейин тикелей таасирин тийгизди.
КР Юстиция министрлиги видео нускамалар жана түшүндүрмө берүүчү материалдар чыккандан кийин жарандар электрондук сервистерди кантип колдонсо болорун жакшыраак түшүнүп калганын белгиледи. Түшүнүктүү видеолордун жардам менен бир типтеги кайрылуулардын саны азайып, ал эми жарандардын өздөрү санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча колдоно башташты.
“Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун жана электрондук сервистерди пайдалануунун негизги маселелерине байланышкан бир типтеги кайрылуулардын саны азайганы байкалууда”, – деп белгилейт КР Юстиция министрлигинин коммуникация боюнча консультанты Жылдыз ЖОРОЕВА.
“114” ишеним телефону, электрондук нотариат жана санариптик сервистер тууралуу материалдар өзгөчө кызыгууну жаратты. Мисалы, ишеним телефону тууралуу видео 27 миңден ашык жолу көрүлдү. Колдонуучулар суроолорду жигердүү узатып, сервистердин ыңгайлуулугун талкуулап, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдү “Түндүк” платформасы менен интеграциялоону сунушташты.
Ошол эле маалда коммуникацияны күчөтүү кошумча кыйынчылыктар бар болгонун да аныктады. Кайрылгандардын саны көбөйгөндүктөн мамлекеттик түзүмдөргө кошумча жүк түшүп, бул ички процесстерди ыңгайлаштырууну жана кайтарым байланышты күчөтүүнү талап кылды.
Реформаларды түшүндүрүү үчүн КР Юстиция министрлиги ЖМК менен жигердүү түрдө түз иш алып барды. Мисалы, “Министр менен бир күн” форматы колдонулуп, анын алкагында журналисттер юстиция министри Аяз БАЕТОВду бир күн коштоп жүрүп, реформаларды ишке ашыруу процесси менен иш жүзүндө тааныша алышты.
Программага радиодо түз эфир, ЖМК менен жолугушуулар, Юстиция үйүнө баруу, Zero Plus реформасын талкуулоо жана жаңы Юстиция үйлөрүнүн курулушу боюнча аймактар менен видео байланыш кирди. Жолугушуулардын жүрүшүндө Юстиция министрлигинин жетекчилиги жана тиешелүү адистер бюрократиядан арылтуу, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик сервистерди көрсөтүү системасындагы өзгөртүүлөрдүн максаттарын түшүндүрүп беришти.
Мындай формат ЖМКларга реформаларды расмий билдирүүлөрдүн деңгээлинде гана эмес, мамлекеттик органдардын күнүмдүк ишинде да көрүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле учурда бул реформаларды талкуулоону калк жана аймактар үчүн кыйла түшүнүктүү кылууга жардам берди.
Кыргызстандын тажрыйбасы кызмат көрсөтүүлөр, документтер жана санариптик сервистер боюнча жашоочулар менен күн сайын байланышта болгон муниципалитеттер үчүн айрыкча маанилүү. Мындай учурларда түшүнүктүү коммуникация ишенимге жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуунун ыңгайлуулугуна тикелей таасирин тийгизет.
ӨЗБЕКСТАН: дайындар менен иштеген журналистика коомдук суроо-талапты кантип калыптандырат
Өзбекстанда маалыматтык өнөктүк дайындардын негизинде коомдук талкууну түзүүгө багытталган. Аналитикалык журналистиканын жана дайындар менен иштөөнүн өнүгүүсү миграция, аймактардын ортосундагы теңсиздик, иш менен камсыз кылуу жана социалдык чыгымдар темаларын көңүл чордонуна алып чыгууга мүмкүндүк берди.
Медиакселератор: журналисттерди дайындар менен иштегенге кантип үйрөтүштү
Бул процессте дайындарга негизделген журналистиканы өнүктүрүүгө жана аналитикалык кон-тенттин сапатын жогорулатууга багытталган медиа акселератор маанилүү ролду ойноду.
Ага социалдык-экономикалык темалар менен иштеген журналисттер, редакторлор жана экономикалык серепчилер катышты. Акселератордун алкагында алар дайындар менен иштегенди, статистиканы талдаганды, жүйөлөрдү даярдаганды жана татаал темаларды кеңири аудиторияга түшүнүктүү форматтарга өткөргөндү үйрөнүштү.
Ички миграция, аймактардын ортосундагы теңсиздик, мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугу, сатып алуунун ачыктыгы жана социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк маселелери көңүл борборунда болду.
Адамдар көйгөйлөрдүн себептерин качан талкуулай башташат?
Дайындардын жана эксперттик баалоонун негизинде даярдалган, Өзбекстандагы ички миграция жана аймактык теңсиздик жөнүндө макала оозго алынган материалдардын бири болду.
Макалада калктын аймактардан кетүүсүнүн экономикалык себептери, иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендиги жана борбор калаанын инфраструктурасына барган сайын көбүрөөк күч келип жатканы түшүндүрүлгөн.
Макала коомчулуктун назарын бура алды: ал жалпысынан 590 миңден ашык жолу окулган, анын ичинде Kun.uz сайтына, Telegram’га жана YouTube’га чыккан.
Макала талкууга жем таштап, ага 800гө жакын пикир жазылган. Колдонуучулар миграцияга, кирешеге жана жумуш издөөгө байланышкан жеке тажрыйбалары менен бөлүшкөн. Пикир жазгандар аймактардын ортосундагы теңсиздик, ресурстардын баары борбор калаада топтолгону, жумуш орундарын түзүп, аймактарды өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу маселелерди көтөрүштү.
Маанилүүсү, талкуу эмоционалдык реакция менен эле чектелип калган жок. Адамдар көйгөйдүн өзүн гана эмес, анын өзөгүн – миграцияга кетүүгө себепчи болгон жагдайларды, расмий көрсөткүчтөргө ишенбөөчүлүктү жана саясаттан күтүп жаткан өзгөрүүлөрдү да талкуулай башташты.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бул мисал дайындар менен иштөө жана көйгөйлөрдү ачык талкуулоо коомдук нааразычылыкты себептер жана ыктымалдуу чечимдер жөнүндө предметтик сүйлөшүүгө өткөрүүгө жардам берерин көрсөтүүдө.
Басылмалар качан медианын чегинен чыгат?
Дагы бир талкуу жараткан макала бала бакчаларда тамактанууну аутсорсинг системасына өткөрүүгө жана тендердик сатып алуулардагы көйгөйлөргө арналды.
Макала социалдык тармактарда жана ЖМКда кызуу талкууланып, Өзбекстандын Коррупция менен күрөшүү агенттигинин көңүлүн бурду. Жыйынтыгында маселе коомдук кеңештин талкуусуна коюлду, ошондой эле тамак-аш тармагындагы тендердик сатып алууларга кошумча текшерүү жүргүзүү сунуштары берилди.
Макалалар чыккандан кийин көйгөйлөр ЖМКда гана эмес, мамлекеттик органдардын жана эксперттердин деңгээлинде да талкуулана баштады.
Бул тажрыйба ЖӨБ органдарына эмнелерди көрсөтүүдө?
Казакстандагы, Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы экономикалык реформаларды коммуникациялык коштоо тажрыйбасы көрсөткөндөй, адамдарга реформалар жөнүндө маалымат берүү менен эле чектелип калбастан, алар эмне үчүн керек экенин жана күнүмдүк турмушка кандай таасирин тийгизерин жакшылап түшүндүрүү маанилүү.
Өзгөрүүлөр жөнөкөй тил менен, реалдуу мисалдар аркылуу түшүндүрүлүп, суроолорду узатуу мүмкүнчүлүгү берилгенде, ишенбөөчүлүк азайып, ал эми адамдардын кызыгуусу жана тартылуусу артат.
Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн өзгөчө маанилүү. Муниципалитеттер адатта биринчилерден болуп кызмат көрсөтүүлөр, тарифтер, жер, көрктөндүрүү, документтер же санариптик сервистер боюнча жашоочулардын маселелерине туш болушат.
Ал тургай жөнөкөй аспаптар – кыска видео-роликтер, социалдык тармактардагы баракчалар, ачык талкуулар жана тургундардын суроолоруна жооптор – бийлик органдарынын ишин түшүнүктүү жана ачык кылууга жардам берет. Демек, ишенимди жогорулатып, өзгөрүүлөрдүн жана реформалардын айланасындагы чыр-чатактардын жана түшүнбөстүктөрдүн санын азайтат.











