Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

№ 9 (179) 23 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Демилге чечимге айланганда: жергиликтүү кеңештердин ченем жаратуу процессинде аял-депутаттар

2026-09-26 / ЖӨБдө аялдардын лидерлиги
Демилге чечимге айланганда: жергиликтүү кеңештердин ченем жаратуу процессинде аял-депутаттар

Салия АКУЛОВА, БАЖБАнын долбоорлор боюнча менеджери

Депутаттык демилгенин жыйынтыгы эмнелер болушу керек – кайрылуубу, жолугушуубу, иш-чарабы же жаңы эрежелерди бекиткен, каржылоону караштырган жана аткаруу үчүн милдеттүү болгон жергиликтүү кеңештин чечимиби? Жергиликтүү кеңештин депутаты үчүн бул маселе принципиалдуу мааниге ээ. Тургундардын кызыкчылыктарын коргоо – бул алардын көйгөйлөрүн билүү жана аларды жыйындарда көтөрүп чыгуу дегенди гана билдирбейт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын негизги функцияларынын бири – ченем жаратуу: жергиликтүү маанидеги маселелерди жөнгө салган жана жамааттын турмушундагы конкреттүү өзгөрүүлөр үчүн укуктук негизди түзгөн чечимдерди кабыл алуу. Депутаттык ишмердиктин дал ушул өңүтү “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын (БАЖБА) жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары менен ишинин негизги багыттарынын бири болуп калды. Долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту менен кызматташтыкта ХЕЛЬВЕТАС ишке ашырууда. Ченем жаратуу көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча иштер 2025-жылы башталып, 2026-жылы практикага өзгөчө басым жасоо менен улантылды: мыйзамдарды жана жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды даярдоонун жол-жоболору менен жөн гана таанышып чыкпастан, тургундардын көйгөйүнөн баштап, жергиликтүү кеңештин чечим кабыл алышына чейин жолду өз алдынча басып өтүш керек эле.

Жөн гана окутуу эмес,  сессияга чейин коштоо

2026-жылдын 3-4-мартында долбоордун алты сынамык районунун аял депутаттары үчүн “ЖӨБ органдары үчүн ченем жаратуу” аттуу эки күндүк вебинар өткөрүлдү. Катышуучулар ченем жаратуу ишинин мыйзамдык негиздерин, жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын, токтомдордун долбоорлорун даярдоо этаптарын, документтердин түзүмүнө коюлган талаптарды, аларды кароонун жана кабыл алуунун тартибин, ошондой эле долбоорлорду иштеп чыгуудагы адаттагы каталарды талкуулашты.

Бирок иш муну менен эле аяктап калган жок. Марттан баштап аял депутаттар туруктуу негизде эксперттик колдоо ала башташты. Практикалык онлайн-воркшоптордо жана апта сайын өтүп турган консультацияларда алар өз демилгелери менен иштешти: көйгөйдү туюндурушту, токтомдордун долбоорлорун даярдашты, алардын юридикалык жактан тууралыгын текшеришти, түшүндүрмө материалдарды жана жүйөлөрдү жеткире иштеп чыгышты, туруктуу комиссияларда жана жергиликтүү кеңештердин сессияларында талкуулоого даярданышты.

Мындай мамиле салттуу кыска мөөнөттүү окуудан принципиалдуу түрдө айырмаланат. Аял-депутат чечимди өз алдынча демилгелөөгө, аны даярдоого жана жергиликтүү кеңештин жыйынында кароого чыгара алуу тапшырмасын алган.

Жыйынтыктар биринчи жарым жылдыкта эле пайда болду. Июнь айынын этегине чейин 13 онлайн семинар, 40ка жакын жеке жана топтук консультациялар өткөрүлдү. Жергиликтүү кеңештердин токтомдорунун долбоорлору иштелип чыкты, аялдар туруктуу комиссияларга жана сессияларга өз демилгелерин сунушташты. Эң байкаларлык жыйынтык болду: жергиликтүү кеңештер 11 токтомду кабыл алышты, алардын авторлору жана демилгечилери аял-депутаттар болду. Бул документтердин ар биринин артында конкреттүү көйгөйдү аныктоодон жана чечимдин долбоорун даярдоодон тартып, аны талкуулоого, сүрөөгө жана кеңештин сессиясында кабыл алууга чейинки жол турат.

Бирок бул документтердин артында кандай жергиликтүү маселелер турганы сандын өзүнөн алда канча маанилүү.

Тургундардын кайрылуусу бюджеттик чечимге айланганда

Ноокен районунун Д.Садырбаев айылдык аймагында ички жолдордун абалы көптөн берки көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Тургундар жазында жана күзүндө чуңкурларга, ылайга, ал эми жайында чаңга даттанышчу. Айрыкча, мектептерге, бала бакчаларга, банктарга, ишканаларга жана башка объектилерге жетүү үчүн күн сайын колдонулган К.Нурбаев жана А.Осмонов көчөлөрүн оңдоо маселеси курч турду.

Д.Садырбаев айылдык кеңешинин депутаттары Назира ТАШТЕМИРОВА жана Гүлүмкан ТАЖИКУЛОВА кесиптештери менен биргеликте тургундардын кайрылууларын чогултуп, айыл өкмөтүнө кайрылып, жолдорду текшерип чыгууга катышып, ремонт жасоо зарыл деген негиздеме даярдашты. Бирок каржылоону алуу үчүн бул жетишсиз болчу: маселени жергиликтүү кеңештин чечимин кабыл алуу жол-жобосунан өткөрүү талап кылынды.

Окуу учурунда алган билимин аялдар конкреттүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонушту. Чечимдин долбоору туруктуу комиссиялар, айыл өкмөтүнүн адистери жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен талкууланып, тургундардын сунуштары эске алынды.

Ошол замат эле кесиптештер колдоп кеткен жок. Депутаттар жолдорду текшерүүнүн жыйынтыктары, тургундардын кайрылууларынын жана көчөлөрдүн абалынын калктын коопсуздугуна, ден соолугуна жана социалдык объектилерге жеткиликтүүлүгүнө тийгизген таасири тууралуу жүйөлөрдү сунушташты. Талкуулардан кийин депутаттардын басымдуу бөлүгү демилгени колдоп беришти.

Натыйжада кеңеш кабыл алган бюджеттик чечимде К. Нурбаев көчөсүнө асфальт төшөө үчүн 7 565 100 сом каралды. Кийинчерээк К. Нурбаев жана А. Осмонов көчөлөрүндөгү ички жолдордун эки чакырымына асфальт төшөө бюнча долбоор даярдалды.

Бул кейсте депутаттын ченем жаратуу ишинин маңызы айрыкча жакшы билинип турат: тургундардын көйгөйү чечимге, ал эми чечим бюджеттик каржылоого айландырылды.

Бир жолку демилгеден  туруктуу жергиликтүү саясатка чейинки жол

Такыр башка мисал: Ак-Суу районунун Кыдыр-Аке айылдык аймагы.

Бул жерде аялдар менен жолугушууларда укуктук сабаттуулук, зомбулуктун алдын алуу, психологиялык жана эмоционалдык жүк, ошондой эле элеттик аялдардын эмгегин таануу маселелери дайыма көтөрүлүп жатты. Кыдыр-Аке айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Кымбат ШАЙМЕРГЕНОВА башка аял депутаттар менен биргеликте тиешелүү чараларды жергиликтүү ченемдик укуктук актыда бекитүүнү сунуштады.

Документти даярдоодо татаал практикалык маселени – каржылоо механизмин аныктоону чечүү зарыл болду. Натыйжада долбоорго жергиликтүү бюджеттин каражаттарын өнөктөштөрдүн жана демөөрчүлөрдүн ресурстары менен айкалыштырууга болот деген пункт киргизилди.

2026-жылдын 5-июнунда жергиликтүү кеңеш №43 “Кыдыр-Аке аймагындагы элеттик аялдардын укуктарын коргоо, алардын коомдогу ролун жогорулатуу, алардын психикалык саламаттыгына кам көрүү жана Элеттик аялдардын күнүн майрамдоо жөнүндө” токтом кабыл алды.

Документ жыл сайын Элеттик аялдардын күнүн өткөрүү, укуктук агартуу, зомбулуктун алдын алуу, психологиялык колдоо жана элеттик аялдардын салымын таануу боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн укуктук негизди түздү.

Ушул өндүү ыкманы Барскоон айылдык кеңешинин депутаты Акылай АСАНАЛИЕВА колдонду. Жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды даярдоо боюнча окуудан кийин ал токтомдун долбоорун жана иш-чаралардын планын даярдап, демилгени айыл өкмөтү, туруктуу комиссиялар жана аялдар кеңеши менен талкуулап, долбоорду сессияда өзү тааныштырды.

2026-жылдын 6-апрелинде кеңеш тиешелүү токтом кабыл алып, Элеттик аялдардын күнүн беш жыл бою жыл сайын өткөрүп турууну бекиткен. Натыйжада өзүнчө иш-чара катары кала бериши ыктымал болгон окуя жыл сайын бюджеттик каржылоо мүмкүнчүлүгү менен жергиликтүү бийликтин туруктуу чечимине айланды. Баса, токтом кабыл алынгандан кийинки биринчи иш-чара Барскоон айылдык аймагынын үч айылынын 1500дөн ашык тургунун камтыды.

Ченем жаратуу аймакты өнүктүрүүгө да көмөктөшөт

Депутаттык демилгенин предмети канчалык кеңири болушу мүмкүндүгүн дагы бир мисал тастыктай алат.

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Зарема УРДОЛОТОВА өз өнүмдөрүн көрсөтүү үчүн аянтчага жетпей жаткан элеттик усталардын жана кол өнөрчүлөрдүн абалына көңүл бурду. Ошол эле учурда аймактын маданий салттары, улуттук ашканасы жана кол өнөрчүлүгү туризмди өнүктүрүү үчүн ресурс катары дээрлик пайдаланылбай жатат.

Фестиваль өткөрүүнүн баштапкы идеясы бара-бара жергиликтүү ченемдик актынын долбооруна айланды. Документ туруктуу комиссиялардын сунуштарын эске алуу менен жеткире иштелип чыгып, 2026-жылдын 2-майында жергиликтүү кеңеш “Tamyr Fest” фестивалын өткөрүү жөнүндө №179 токтомду кабыл алган. 18-июнда өткөн фестивалга Жети-Өгүз районунун ар кайсы айылдарынан миңге жакын аял катышып, кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер, салттуу ашканалар, этномаданий тажрыйбалар жана улуттук оюндар көрсөтүлдү. Элеттик чеберлер өз өнүмдөрүн таанытуу үчүн аянтчага ээ болушту, ал эми демилгенин өзү бир эле маалда аялдардын лидерлиги, маданий мурас, жергиликтүү экономика жана аймактын туристтик дарамети өндүү маселелерди байланыштырды.

Бул фестиваль аял-депутаттар негизинен аялдарга тиешелүү же социалдык маселелер менен гана алектенишет деген кеңири тараган түшүнүктү жокко чыгарган маанилүү мисал болуп калды.

Тажрыйба башканы көрсөтүүдө. Аялдардын демилгелери жолдорго жана бюджетке, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө, зомбулуктун алдын алууга, ден соолукка, маданиятка, туризмге, чакан өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жарандардын катышуусуна тиешелүү болуп жатат.

Жергиликтүү кеңеште аялдардын өкүлчүлүгү – бул жергиликтүү бийликтин ишинин ичиндеги өзүнчө күн тартиби эмес. Бул аймактарды өнүктүрүү маселелеринин бардык өңүттөрү боюнча чечимдерди кабыл алууда аялдардын катышуусу, ошол эле маалда жергиликтүү саясатта дайыма эле жетиштүү чагылдырылбаган калктын топторунун муктаждыктарын көбүрөөк жеткирүүгө да мүмкүндүк берет.

Долбоорду жазуу – иштин жарымы гана

Аял-депутаттардын практикалык тажрыйбасы дагы бир маанилүү нерсени көрсөтүүдө: ченем жаратуу – бул юридикалык техника гана эмес. Долбоор токтомго айланышы үчүн депутат маселе жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына киреби же жокпу, мына ушуну аныктап, укуктук негизди таап, мүмкүн болгон финансылык кесепеттерин ойлонуп, документти макулдашып, аны кызыкдар тараптар менен талкуулап, туруктуу комиссиядан өтүп, кесиптештеринин сын-пикирлерине жооп берип, демилгени сессияда тааныштырышы керек.

Ченем жаратуу иши боюнча окуу материалдарында бул процесс долбоорду демилгелөөдөн жана иштеп чыгуудан баштап талкуулоого, кабыл алууга, жарыялоого, ишке ашырууга жана андан кийин мониторинг жүргүзүүгө чейинки ырааттуу цикл катары каралат. Ошондуктан ченемдик укуктук актылар менен иштөө бир эле учурда саясий лидерликтин мектеби болуп калууда. Аялдар жүйөлөрдү келтиргенди, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндү, депутаттык корпустун алдында чыгып сүйлөгөндү, ЖӨБ органы жана туруктуу комиссиялар менен өз ара байланыш түзгөндү, демилгенин айланасында колдоо тапканды үйрөнүп жатышат.

“Мен үчүн эң маанилүү жыйынтык – окуудан кийин өз билимиме ишеним пайда болду. Эми комиссиянын жыйындарында маселелерди талкуулап жатканда чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын жүйөлөрдү келтирип негиздеп берип, колдонуудагы мыйзамдарга шилтеме бере алам”, – деп белгиледи Бакай-Ата районунун Биримдик айылдык кеңешинин депутаты Гүлсара СООРОНКУЛОВА.

Токтом – процесстин аягы эмес

Дагы бир маанилүү көндүм – кабыл алынган ченемдик укуктук актыны акыркы жыйынтык катары эмес, чечимди аткаруунун башталышы катары көрүү.

Бакай-Ата айылдык аймагында “Элеттик аялдардын психикалык ден соолугуна кам көрүү жана зомбулуктун алдын алуу жөнүндө” токтом кабыл алынгандан кийин 2026-2030-жылдарга аялдарды колдоо механизми түзүлгөн. Айыл өкмөтүндө 25 аял катышкан йога сабактары туруктуу негизде өткөрүлө баштады, беш аял психологдун консультациясына жазылышты. Каралган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүндү.

Д.Садырбаев аймагында бюджеттик чечимдер кабыл алынгандан кийин жолдорду оңдоо боюнча документтер айыл өкмөтүнүн аткаруусуна өткөрүлүп, жергиликтүү кеңеш анын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү улантты.

Дал ушул жерде депутаттык иштин толук цикли көрүнөт: көйгөйдү угуу, чечимди сунуштоо, ЧУАнын долбоорун даярдоо, колдоо табуу, кабыл алынышына жетишүү, аткарылышын камсыз кылуу, жыйынтыкты көзөмөлдөө.

Катышуудан таасир этүүгө чейинки жол

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кабыл алынган он бир токтом – бул олуттуу сандык жыйынтык. Бирок, балким, депутаттык практиканын өзүн сапаттык жактан өзгөртүү андан да маанилүү. Аялдар жергиликтүү кеңештердин жыйындарына катышып гана тим болушпайт. Алар өкүлчүлүктүү органдын негизги ыйгарым укуктарынын бири – ченем жаратууну – тургундардын суроо-талаптары менен иштөөнүн практикалык аспабы катары колдоно башташат.

Депутат көйгөйдү белгилеп гана тим болбостон, аны юридикалык жактан жүйөлүү чечимдин долбооруна которуп, аны туруктуу комиссиядан жана сессиядан өткөрүп, кесиптештери үчүн жүйөлөрдү таап, чечимди бюджет менен байланыштырып, андан кийин аткарылышын көзөмөлдөй алса, анын саясий катышуусунун сапаты да өзгөрөт. Ал тургундардын кызыкчылыктарын көздөгөн өкүл катары гана эмес, ошону менен бирге жергиликтүү саясаттын автору да болуп калат.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбооруна катышкан аял-депутаттардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, ченем жаратуу жөнүндө билимдер жергиликтүү кеңештин чечимдерине айланганда гана чыныгы мааниге ээ болот. Ал эми ар бир мындай чечимдин артында көнүгүү же долбоордун көрсөткүчү эмес, конкреттүү жол, жергиликтүү кызмат көрсөтүү, бюджеттик сап, тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк же өзүнчө демилге аяктагандан кийин дагы иштей бере турган эреже турат.