2013-05-31 / Жарандык катышуу
2013-жылдын жаз мезгили Ысык-Көл жана Жалал-Абад облус тургундарынын эсинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бюджеттик маалыматтын активдүү ачыкталышы менен эсинде калат.
2013-жылдын жаз мезгили Ысык-Көл жана Жалал-Абад облус тургундарынын эсинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бюджеттик маалыматтын активдүү ачыкталышы менен эсинде калат. Швейцария Өкмөтү каржылаган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоору менен кызматташкан бардык 13 пилоттук айылдык аймакта «2012-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы» аттуу коомдук угуулар өттү. Көпчүлүк айылдардын тарыхында алгачкы жолу адамдар муниципалдык каржыны башкарууну талкуулоого катышты.
Буга чейин эч качан ЖӨБ органдары элге мынчалык жакын болгон эмес. Угуулардын учурунда алар биринчи жолу жергиликтүү казынанын бардык сырларын толугу менен ачышты. Жердештеринин алдында акча эмнеге жана кантип коротулганын ачыкташты. Демилгелүү топтор (ДТ) өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүп, талкуунун мүнөзүн белгилешти. Дал ушул демилгелүү топтордун кийлигишүүсү менен баарлашуу конструктивдүүnмүнөзгө өттү. Катышуучулар ар бир маселени маңызына жараша карашты. Натыйжада жергиликтүү бийлик менен калк ортосунда керектүү, жандуу диалог болгонун баары белгилешти.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы КӨК-ТАШ айылдык аймагында (АА) угууларга жүздөн ашуун киши келди, алардын арасында үч демилгелүү топтон 21 катышуучу бар. Талкуу канчалык кызуу болгонун катышуучулар көтөрүп чыккан суроолордон улам билсе болот.
• Эмне үчүн «кирешелер» бөлүгүнүн эч бир жеринде «Казахмыс Голд» компаниясынан түшкөн акча көрсөтүлгөн эмес? Кайсы чыгашаларга алар сарпталды? Бул суроолорго жоопту баары уккусу келди.
• Айылдар арасында көпүрөлөрдүн ремонтуна жана курулушуна каражаттарды теңсиз бөлүштүрүүнүн себеби эмнеде? – деп башкалар сурады.
Натыйжада жергиликтүү бийликтин дарегине жарандардан 20дан ашык түрдүү сунуштар түштү. Алар: бала бакчанын курулушун баштоо, жаңы көпүрөнү куруу зарылчылыгы жана башка маселелер.
АРАЛ аймагындагы (Ысык-Көл облусунун Түп району) бюджеттик угууларга көбүрөөк адам келди –150дөн ашуун киши. Төрт демилгелүү топтон угууларга 60 адам катышты. Дал ошолор эң курч суроолорду узатышты: «Эмне үчүн жолдордун ремонтуна сарпталган чоң сумма чындыкка дал келбейт? Эмне үчүн биз коммуналдык муктаждыктарга караганда, маданият менен спортко көбүрөөк акча сарптайбыз?».
Эгерде айылдагы ички жолдордун ремонтуна чогултулган 622 миң сомдон болгону 125 миң сарпталса, транспорт үчүн канча салык чогултулду жана ал акча кайда кетти? Эмне үчүн иштин натыйжалары көрүнбөйт? Мына ушул суроолорду САКАЛДЫ аймагындагы (Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы) коомдук угууларга келгендер узатышты. Бул угууларга 11 адам катышып, аларды элүүсү – сегиз ДТ өкүлдөрү. Катышуучулар жооптуу адамдардан эмне үчүн электр кубаты (992 800 сом) жана жылуулук (көмүрдү сатып алуу – 363 460 сом) үчүн каражат мынчалык натыйжасыз сарпталып жатканы тууралуу жооп алгысы келишти. Алар келечекте мындай чыгымдарды катуу көзөмөлдөөнү, ушундан ары элде эч кандай күмөндүү ойлор пайда болбошу үчүн бюджеттин бардык бөлүктөрүндө «башка чыгымдар» беренесин кенен чечмелеп берүүнү сунушташты. Анын үстүнө мындай чаралар жергиликтүү бюджетти айкындуурак кылмак.
СУМСАР аймагындагы (Жалал-Абад облусунун Чаткал району) угуулар да төрт демилгелүү топтун активдүү катышуусу менен өттү. Алардын өкүлдөрү ремонт иштеринин сапаты жана торуктарды өткөрүү өңдүү маанилүү маселелерди көтөрүп чыгышты. Алар эмне үчүн капиталдык ремонттор бардык муниципалдык объекттерде эмес, мектептерде гана жасаларын түшүндүрүп берүүнү талап кылышты. Демилгелүү топтун мүчөлөрү бийликке кайрылып, мындан ары салыктар жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча калкка кеңири маалымат берүүнү сунушташты. Мисалы, жер салыгынан жана кыймылсыз мүлктөн кирешелер канча болду, фирмалар канча төлөйт, каржы кантип бөлүштүрүлөт.
ТОГУЗ-ТОРО аймагында (Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району) да уюштуруу процессине ДТ тартылганы үчүн коомдук угууларга жакшы даярданышты. Алар күн мурда өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматты калк арасында таратып, жергиликтүү казынадан ири көлөмдөгү каражат сарпталган объекттерде болушуп, аларга арналган сүрөт такталарын орнотушту. Мисалы, ошол сүрөттөрдөн Кош-Булак айылында насос кантип орнотулганын, ушул жана Додомол айылдарынын тургундары үчүн муниципалдык транспорт кантип уюштурулганын көрсө болот. Угууларда айыл өкмөт башчысынын отчетунан кийин ДТ өкүлдөрү 2012-жылы жасалган ишердин сапатын жана ага кеткен чыгашаларды тастыктап бере алышты.
Өзүңүз байкагандай, бара-бара демилгелүү топтор чечим кабыл алуу, айыл өкмөтүнүн ишин пландоо процессине катышкан көзгө илинген коомдук күчкө айланып, ЖӨБ аткаруу органынын ишин көзөмөлдөө жана баалоо маселелеринде депутаттык корпустун пикирлеши болуп баратат. Мында ДТ мүчөлөрү – ал эми алардын көбү карапайым тургундар – текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү ролун ойнобостон, айылдык кеңештердин депутаттарынын жана айыл өкмөттүн кызматкерлеринин жоопкерчилигин чогуу бөлүшүүдө.
Демилгелүү топтор ЭКБА өткөрүү учурунда аныкталган өз аймактарындагы айылдарда орун алган белгилүү бир көйгөйлөрдү чечүүдө балбан катары чыгышууда. Ар бир ДТ өз фокусу бар – бул же суу менен камсыздоо маселеси (таза жана сугат), же коомдук транспорт, же жолдордун абалы, таштанды чыгаруу, жаш муундун өнүгүүсү үчүн шарт түзүп берүү – бала бакчалар жана китепканалар. Белгиленген программаларды ишке ашыруу үчүн адатта иштин планын түзүүдөн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоонун көлөмүн аныктоодон башташат.
Көп нерсе жасалды, дагы бир топ иш бар. Бирок адамдардын ыраазы болуп-болбогонун кантип билсе болот? Эгерде жергиликтүү бюджеттен бир да сом бөлүнбөсө, жакшы кызматты талап кылган туурабы? Же тескерисинче жолдор ошол чуңкур жана тешик бойдон калып, акча укмуш сарпталсачы? Кеткен күчтү ким баалайт? Ушул суроолорго жооп издеп, калк менен иш жүрүүдө, жаңы схемалар иштелип чыгууда. Мына ушундай ийгиликтүү табылгалардын бири – демилгелүү топторду түзүү болду.
ЖАҢЫ-ЖОЛ аймагында (Жалал-Абад облусунун Аксы району) 31 адамдан турган 4 ДТ түзүлдү. Алардын арасында жергиликтүү кеңештин 12 депутаты, айыл өкмөтүнүн адистери, аймактагы бардык айылдардын өкүлдөрү бар. Демилгелүү топтордун катышуусу менен ЖӨБ органдары кыска убакыттын ичинде жолдорду оңдоп, мурда жөө да, машине менен такыр өтө албаган көпүрөнү жаңыртып, жаңы мектепте жылуулук системасын орнотушту. «Эгерде мурда биз бирде тиги, бирде бул көйгөйгө чуркап, аймактагы көйгөйлөргө жалпысынан карап жүрсөк, демилгелүү топтор түзүлгөндөн кийин кайсы багытта жолго чыгышыбыз керектигин, биринчи кезекте кандай маселелерди чечүү зарыл болгонун так билип калдык. ДТ аймактын чыныгы муктаждыктарын, жамааттын жана жергиликтүү бийликтин, тургундарынын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн билүүгө жардам берет. Менин баамымда, бүгүнкү күндө мындай топтор ар бир айылга зарыл», - деп айтат Аксы районундагы Жаңы-Жол аймагынын алдыңкы адиси жана долбоордун координатору Марат АКМАТОВ.
УЛАХОЛ аймагында болсо (Ысык-Көл облусунун Тоң району) калк менен байланышты үзбөй кармап турушат. Бул жерде 13-мартта үч демилгелүү топтун – «Жаштык», «Суучулар», «Коммуналдык чарбачылык» – өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү (жалпысынан 54 адам ДТ мүчөсү болуп эсептелет). Бул жолугушууда башкы маселе биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруу болчу.
ДТ артыкчылыктуу маселелерди чечүүгө бюджеттен акча гана талап кыла бербестен, жергиликтүү казынага кошумча каражатты тартууга да активдүү катышат. Мисалы, кичи гранттарды алууга долбоордук табыштамаларды иштеп чыгууга алардын катышуусу. Айыл үчүн 20 000 швейцар франкын (1 миллион сом) таап берүү мүмкүнчүлүгү көптөрдү шыктандырды. Сынак долбоорду ишке ашыруу учурунан бери жарыяланган жана дээрлик ошол учурдан тарта айылдын көйгөйлүү маселелерин аныктоо, БАП иштеп чыгуу, ДТ тизмелерин түзүү жана бекитүү, табыштамаларды даярдоо боюнча активдүү иштер башталган. Ага катышуу ар бир аймактын ичинде атаандаштык маанайын гана жаратпастан, адамдарды да бириктирди.
Буга байланыштуу Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Адылбек АЛЫМОВ буларды айтат: «Демилгелүү топтор – бул калкты мобилдештирүүнүн мыкты жолу. Аларга катышуу менен адамдар тажрыйбалары менен бөлүшүп, бири-биринен да үйрөнүп жатышат. Анткен менен алар ишти маселе толугу менен чечилгенге чейин ар бир команда жооп бергидей уюштуруш керек. Буга байланыштуу кандайдыр бир расмий документтерде ДТ ыйгарым укуктарын жана милдеттеринин чөйрөсүн аныктап алган туура деп эсептейм. Балким коомчулукка маанилүү болгон долбоорлорду ишке ашыруу үчүн демилгелүү топко жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү мүмкүнчүлүгү болуш үчүн ДТ базасында юридикалык жактарды түзүү вариантын карап чыгуу зарыл».
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ДТ алкагында ЖӨБ органдарынын калк жана депутаттык корпус менен кызматташуусунун мындай практикасы өз жемишин бере баштады. Акыйкаттык үчүн айта кете турган болсом, учурда иштеп жаткан ДТ ишинде бир топ кемчиликтер бар: пландуу иш алып барышпайт, кээде алардын ишине эксперттер жана адистер тартылбайт. Мунун баары тажрыйбасыздыктан, белгилүү бир билимдин жана шыктын жетишсиздигинен болууда. Бирок каалоо жана энтузиазм болсо, баарын жөнгө салуу мүмкүн..
Гүлайым ШАМШИДИНОВА,
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты
практика боюнча адиси